Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:44

Кырсык

Тилек Осмонов менен ​​​​​​​Эрлан Жунушалиев учурда Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүндө бир палатада жатат. Бишкек. 2024-жыл.
Тилек Осмонов менен ​​​​​​​Эрлан Жунушалиев учурда Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүндө бир палатада жатат. Бишкек. 2024-жыл.

Казакстандын Актау шаарындагы учак кыйроосунан аман калган Ринат Асанов, Тилек Осмонов жана Эрлан Жунусалиев Бишкекке жеткирилди. Жабыркагандарды мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурулган. Экөөнүн абалы туруктуу, үчүнчүсү жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Тилек Осмонов менен Эрлан Жунушалиев учурда Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүндө бир палатада жатат. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Мээси чайкалып, колу сынган Тилек Осмонов Казакстанда ооруканада жатканда "Азаттыкка" чакан интервью берген эле.

Тилек Осмонов.
Тилек Осмонов.

“Өзүбүздү жакшы сезип калдык. Үйгө келдик дегенде эле жакшы болуп калдык окшойт. Азыр эми агаларыбыз (дарыгерлер) дарылап, баарын карап беребиз деп жатышат”, - деди Тилек.

Эрлан Жунушалиев белинен жараат алып, мээси чайкалган. Ал учак кыйраганда бели мертингенин байкаган эмес экен.

Эрлан Жунушалиев
Эрлан Жунушалиев

“Жерге катуу урунганда бир канча убакыт эсибизди жоготуп коюптурбуз. Өзүбүзгө келип, дароо Ринат Асанов инибизди издей баштадык. Ал кыпчылып калыптыр. Эсин жоготуптур. Тилек досумдун колу сыныптыр. Шок абалында Ринатка жардам беребиз деп курду чечип, көтөрө калайын дегенде белим ооруду. Анан дарыгерлер замбилге салып, дароо биринчи жардамды көрсөтүштү. Азыр жакшы болуп калдык буюрса”.

Белиндеги жараатына карабастан, Эрлан өз алдынча басып, кыймылдай алат.

Дагы бир жабырлануучу Ринат Асановдун абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ал учурда жандандыруу бөлүмүндө. Ринат көзүн ачып, эсине келген. Бейтаптын абалы боюнча дарыгерлер кеңешме өткөрүп, дарылоо ыкмаларын аныкташты.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улукбек Кулукеев бейтаптын акыбалы тууралуу буларды айтты:

Улукбек Кулукеев
Улукбек Кулукеев

“Баш мээси чайкалган. Бетинин жумшак ткандары жанчылган. Мээсине кан куюлган. Абалы туруктуу оор. Кудай буйруса жакшы болот. Азыр жандандыруу бөлумүндө дарылап жатабыз. Өпкөсүнүн эки тарабында кабыргасы сынган. Өпкөсүнөн жараат алган. Жанчылган десек болот. Ал жакка трубка коюлуп, ичиндеги ашыкча аба сыртка чыгарылган. Анан бул жакка которулуп келгенден кийин биздин дарыгерлердин катышуусунда кеңешме өткөрүп, анализдерин кайрадан алып, кайра рентгенге тарттырып, бардык текшерүүлөрдөн өткөрүп жатабыз”, - деди дарыгер.

2024-жылдын 25-декабрында Бакудан Грозныйга учкан Азербайжандын учагы Актау шаарында кыйрап, 67 адамдын 38и набыт кеткен. Аман калгандардын арасында үч кыргызстандык болгон.

Учак кырсыгынан жабыркагандар Бишкекке жеткирилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00

Азербайжан Орусияга үч талап койду

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Казакстанда кулап түшкөн "Азербайжан аба жолдору" компаниясына караштуу Embraer 190 учагы Орусиянын аймагында аткылоого дуушар болгонун билдирди.

Анын сөзүнө караганда, 27-декабрда Азербайжан Орусия тарапка авиакырсыкка байланыштуу өз талаптарын жеткирген. Алар: кечирим суроо, күнөөнү моюнга алып, күнөөлүүлөрдү жазалоо жана жабыркагандарга кенемте төлөп берүү.

29-декабрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев AzTV телеканалынын суроолоруна жооп берди. Маек Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортто жазылган.

"Азербайжан аба жолдору" компаниясынын учагы Актауда кыйраган окуяга токтолуп, Алиев "Орусия тарап бул маселени жабууга аракет кылып жатат, бул, албетте, эч кимге абийир алып келбейт", - деп билдирди.

Алиев "биздин учагыбыз атайын атып түшүрүлгөн эмес" деп баса белгиледи.

"Албетте, бул жерде кандайдыр бир атайын террордук акт жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан өз күнөөсүн моюнга алуу, дос өлкө деп эсептелген Азербайжандан өз убагында кечирим суроо жана муну коомчулукка жеткирүү - булардын баары көрүлүшү керек болгон чаралар жана кадамдар эле. Тилекке каршы, алгачкы үч күн биз Орусиядан маанисиз версиялардан башка эч нерсе уккан жокпуз”, – деп айткан президенттин сөзүн Trend.az басылмасы келтирет.

Илхам Алиев.
Илхам Алиев.

Ал кошумчалагандай, учак Грозный шаарына жакын жерде тыштан соккуга дуушар болуп, дээрлик башкарууну жоготуп койгон.

"Албетте, акыркы версия кара кутуларды ачкандан кийин белгилүү болот. Бирок алгачкы версиялар да жетиштүү негиздүү жана фактыларга таянат. Фактылар болсо мындай: Азербайжандын жарандык учагы Орусия аймагында, Грозный шаарынын жанында сырттан зыян тарткан жана дээрлик башкарууну жоготкон. Биз ошондой эле биздин учак радиоэлектрондук күрөш каражаттары менен башкарылгыс абалга келтирилгенин билебиз. Бул учакка келтирилген биринчи зыян. Ошол эле учурда жерден ок атуунун натыйжасында учактын куйрук бөлүгү да катуу жабыр тарткан. Дароо эле, ошол эле күнү биздин делегация Актау шаарында видеоматериалдарды уюштуруп жатканда, коомчулук да бул маселе боюнча маалымдалган. Фюзеляжда тешиктердин болушу, албетте, ким тараптан болгону белгисиз куштар менен кагышуу жөнүндөгү алгачкы айтылган версия толугу менен күн тартибинен алынып салынганын көрсөтөт. Балким, учак зыян тартканда, ага сокку урулганда, учкуч муну куштардын учак менен кагышуусу катары кабыл алышы мүмкүн. Анткени, балким, эч кимдин оюна да келген эмес, биздин учакты достук өлкөдө жерден аткылай турганын. Бирок, тилекке каршы, Орусиянын айрым чөйрөлөрү бул версияны карманып калууну чечишти. Бизди капаланткан жана таң калтырган учурлардын бири - Орусиянын расмий түзүмдөрү кандайдыр бир газ баллонунун жарылышы жөнүндө версияларды көтөрүшкөнү. Башкача айтканда, бул орус тарабынын маселени жаап-жашырууну каалаганын ачык көрсөттү, жана бул, албетте, эч кимге урмат алып келбейт", - деп билдирди Алиев.

Ал ошондой эле "бул ачык фактыларды тануу жана жашыруу аракеттери акылсыздык" экенин белгиледи.

Trend агенттигинин маалыматына караганда, Илхам Алиев Азербайжан телеканалына берген интервьюсунда буларды кошумчалады:

"Биз орус тарапка өз талаптарыбызды ачык айттык. 27-декабрда бул талаптар расмий түрдө орус тарапка жеткирилди. Алар эмнеден турат? Биринчиден, орус тарабы Азербайжандан кечирим сурашы керек. Экинчиден, өз күнөөсүн моюнга алышы керек. Үчүнчүдөн, күнөөлүүлөр жазаланып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек, жана Азербайжан мамлекетине, жабыр тарткан жүргүнчүлөргө жана экипаж мүчөлөрүнө компенсация төлөнүшү керек. Булар биздин шарттар. Алардын биринчиси кечээ эле аткарылды. Башка шарттарыбыз да кабыл алынат деп үмүттөнөм. Бул шарттардын баары адилеттүү. Мында кандайдыр бир өзгөчө талаптар же маселелер жок, бул эл аралык тажрыйбага жана нормалдуу адамдык жүрүм-турумга негизделген. Мына ушундай. Дагы бир жолу айтам, Азербайжан коомчулугу маселенин бардык тараптары жөнүндө маалымдалат жана маалымдалып жатат. Мен келтирген шарттар, албетте, сиздер аркылуу коомчулукка жеткирилет, жана мен дагы бир жолу айтам: биздин шарттар кабыл алынат деп үмүттөнөм", – деди Алиев.

Ал бул талаптар 27-декабрда расмий түрдө Орусия тарапка жеткирилгенин кошумчалады.

28-декабрда Кремл билдирүү таратып, анда Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевден "Азербайжан аба жолдору" учагынын кыйроосу боюнча кечирим сураганын жарыялаган. Путин бул окуяны "трагедиялуу инцидент" деп атап, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айткан.

Кремл тараткан билдирүүгө караганда, Путин учак "Грозный шаарынын аэропортуна бир нече жолу конууга аракет кылганын" айткан.

"Шаар бул маалда Моздок жана Владикавказ менен биргеликте украин дрондорунун чабуулуна дуушар болуп, Орусиянын абадан коргонуу системалары алардын мизин кайтарып жатканы" Кремлдин билдирүүсүндө белгиленет. Бирок учактын кулашына эмне себеп болгону ал жерде айтылган эмес.

“Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш кодексинин 263-беренеси (аба транспорту эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн алгачкы иш-аракеттери жүрүп, жарандык жана аскердик адистер суракка алынууда. Азербайжандын Башкы прокуратурасынын эки кызматкери учурда Грозныйда иш алып барып, Орусиянын Башкы прокуратурасы жана Тергөө комитетинин өкүлдөрү менен кызматташууда. Ошондой эле Орусия, Азербайжан жана Казакстандын адистери Актау шаарынын аймагында катастрофанын себептерин иликтөөдө биргеликте иштеп жатышат” деп айтылган Кремлдин маалыматында.

Путин 29-декабрда Алиев менен дагы бир жолу сүйлөшкөнү маалымдалды.

 Азербайжан: Учак кырсыгына "тышкы кийлигишүү" себеп болгон
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

Казакстандын Актау аймагында учагы кыйраган Azerbaijan Airlines компаниясы учактын кыйроосуна “сырттан физикалык жана техникалык кийлигишүү” баштапкы себеп болгонун билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG