Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Өкмөт башчы накталай рублдик операциялардын көлөмү азайганын айтты


Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Борбор Азиянын Капитал банкына” орус рубли менен операцияларды ишке ашыруу милдети жүктөлгөндөн кийин банк секторунда накталай рублдик операциялардын көлөмү кыскарып, бүдөмүк финансылык агымдардын тобокелдиги азайганын билдирди.

Өкмөт башчы акыркы жылдары Кыргызстанда чет өлкө валютасын накталай, анын ичинде рублди акча алмашуу бюролору аркылуу жүгүртүү кыйла өскөнүн, бул ишти жөнгө салуу үчүн “Капитал банк” орус рубли менен операцияларды ишке ашыруу милдетин алганын кошумчалады. Бул банк менен каражат которууларга чектөө коюлган эмес.

“Акча которууну Россия Федерациясында жайгашкан, санкцияларга дуушар болбогон россиялык каалаган банктар аркылуу жасаса болот. Кыргызстанда которулган каражат “Борбор Азиянын Капитал банкы” ААКтын каалаган филиалынан алса болот”, - деди ал.

“Керемет Банктын” тарыхы Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык “АзияУниверсалБанкка” барып такалат. Улуттук банкка өткөндөн кийин беш-алты жыл ортодо арсар абалда турган банктын 97,45% акциясын 2024-жылы март айында Финансы министрлиги сатып алган.

Ал эми маркум Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө таандык “Капитал банк” 2024-жылы мамлекетке алынган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Чыныбай Турсунбеков 2010-жылы Максим Бакиевге тиешелүү “Акылинвестбанкты” рейдерлик жол менен тартып алып, атын “Капитал банк” деп өзгөртүп койгонун айткан.

16-апрелде Молдовадагы IPN маалымат агенттиги “Капитал банк” жана ага молдован тектүү орус олигархы Илан Шордун байланышы тууралуу маалымат жарыялаган.

Анда АКШ Кыргызстандын “Керемет банкына” санкция салгандан үч айдан кийин “Капитал банк” санкцияга илинген орусиялык компаниялар, анын ичинде “Орусиянын аскердик банкы” деп эсептелген “Промсвязьбанк” менен иштешкен негизги каржы мекемеси болуп калганы жазылган.

Кыргыз бийлиги “Капитал банктын” орус ишканаларына Батыштын санкциясын кыйгап өтүүгө көмөктөштү деген маалыматты четке кагып, муну Кыргызстандын каржы системасын дискредитациялоого багытталган иш деп баалаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG