УКМКнын тергөөчүсү анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арыз берип, райондук сот аны 25-апрелде канааттандырган. Ушул эле күнү бул иш боюнча айып тагылган дагы бир шектүү С.В.Т. аттуу адам да үй камагына чыккан. Ал Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкери экени кабарланган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өткөн апталарда Ошто “жалданмачылыкка” айыптап төрт кишини кармаган.
Кармалгандардын бири Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин. Дагы бири журналист, Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина экени белгилүү болгон.
Андан тышкары С.В.Т. жана В.В.А. аттуу дагы эки адам кармалган. Булардын бири Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкери экени белгилүү болсо, орусиялык маалымат каражаттары төртүнчү шектүү Виктор Васильев экенин жазышты.
Ошентип, “жалданмачылык” иши боюнча Сергей Лапушкин менен Виктор Васильев камакта жатат. Биринчи май райондук соту алардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча сотко арыз түшпөгөнүн билдирди.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин – “Жалдануучулук” деген айыптын биринчи бөлүгү “Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу” кине коюлду.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-апрелде төрт шектүүнүн тең бөгөт чарасын карап, 17-июнга чейин камакка алган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланган. Анда тергөө шектүүлөрдү үй камагына чыгарса болот деп жыйынтык чыгарганы айтылган.
"Тараптар учурда Кыргызстан менен Орусияны бирдей тынчсыздандырып жаткан маселелерди талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө “Россотрудничествонун” штаттан тышкаркы кызматкерлери тарабынан жасалган укук бузуулар жоопсуз калбайт деген бирдиктүү пикирге келишти. Ошондой эле “Россотрудничествонун” штаттан тыш кызматкерлеринин – Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзам бузуу аракеттеринин оордугун карап чыгып, тергөө алардын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү мүмкүн деп чечти", - деп жазган “Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов Фейсбукка.
Жолугушуу тууралуу УКМК да, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да расмий комментарий берген эмес. Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалган шектүүлөрдүн бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз түшпөгөнүн билдирген.
Оштогу жалданмачылык иши боюнча маалымат коомчулукта талкууга түшүп, орусиялык маалымат каражаттары кеңири чагылдырган эле. Бул ишке Алардын кармалышы боюнча “Россотрудничество” агенттигинин башчысы Евгений Примаков Телеграм-каналына билдирүү жазган.
“Бул чагым. Натальяны чыгарып алабыз. Биз өзүбүздүкүлөрдү таштабайбыз. Жыйынтык чыкты: ал натыйжалуу жана жагымсыз болот”.
Васильевдин талкууга түшкөн иши
Андан тышкары Бишкектин Биринчи май райондук соту С.В.Т. жана В.В.А. аттуу дагы эки адам кармалганын билдирген. Булардын бири Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкери экени кабарланган.
Орусиялык маалымат каражаттары төртүнчү шектүү Виктор Васильев экенин жазышты. Орусиядагы бийликке жакын медиалар аны “эксперт” жана “саясат таануучу” деп мүнөздөштү.
Бирок буга чейин орус тилиндеги көз карандысыз медиа долбоорлор Васильевдин аты чуулгандуу иштерде аталып жүргөнүн жазышкан.
Васильев өзүн африка таануучу жана политтехнолог катары тааныштырып, “Жылмаябыз жана кол булгалайбыз” (Улыбаемся и машем) аттуу Телеграм-каналы аркылуу макалаларын, билдирүүлөрүн жарыялап турган. АКШнын Мамлекеттик департаменти бул каналды Африкадагы дезинформация тараткан негизги түйүндөрдүн бири деп жарыялаган. Мындан эки апта мурда ал СОЦИОСОФТ.ТВ орусиялык Ютуб-каналына курган маегинде ал дээрлик жарым жылдан бери Африкада жашап жатканын билдирген. Анын кандай жагдайда Кыргызстанга келип калганы азырынча белгисиз.
Мурда Виктор Луковенко деген ат менен белгилүү Васильев 2011-жылы “Орус маршы” учурунда шри-ланкалык 58 жаштагы жаранды өлтүргөнү үчүн 11 жылга кесилгенин “Медуза” басылмасы жазды. Беш жылдан кийин шарттуу түрдө бошотулуп, кийин фамилиясын өзгөрткөн. Басылма Васильев “Вагнер” аскердик компаниясынын жетекчиси, маркум Евгений Пригожиндин түзүмдөрүнө тиешеси бар экенине да токтолгон.
Пригожиндин өлүмүнөн кийин ал Африкадагы Буркина-Фасо мамлекетинде Орусиянын таасирин арттыруу өнөктүгүн жүргүзгөнү басылманын макаласында айтылат.
Социалдык тармактар аркылуу пропагандалык маалымат таратуу схемасын түзгөн делген адамдын Кыргызстанга келишин коңгуроо катары кабыл алуу керектигин айткандар бар. Жарандык активист Урмат Жаныбаев буларга токтолду.
“Мындай кишилер Кыргызстанга жөн келбейт да. Алар бул жакка келгенден кийин коркунучтуу иш-аракеттерди уюштурушу мүмкүн. Алар башкарган “Салам Кыргызстан” деген Телеграм-каналда Орусияга каршы чыккан адамдарды каралаган билдирүүлөрдү жазышат. Мен жөнүндө да жазышчу. Мисалы, Кыргызстан башка өлкөлөр – Европа, Түркия, Казакстан же башкасы менен кызматташса, аны да каралап чыгышат. Алардын жазганына карасак, биз бир гана Орусия менен кызматташышуубуз керек экен”.
“Орус-украин радикалдуу демилгелери” долбоорунун алкагында Васильев бир катар Телеграм-каналдарды иштетип, бул аянтчаларда украин бийлигин сындаган билдирүүлөр чыгарып турганын “Досье” долбоору да жазган.
Буга чейин жергиликтүү “Политклиника” басылмасы Кыргызстанда Орусиянын пропагандалык маалыматтарын таратат делген бир катар Телеграм-каналдарды аныктап чыккан. "Тентек кыз”, “Салам Кыргызстан”. “Полит Ломбард”, “Две точки зрение” баракчаларын тизмектеген.
Медиа эксперт Илим Карыпбеков учурда социалдык тармактарда бул сыяктуу бир катар каналдар активдүү иш алып барып жатканын айтууда.
“Мурда Орусия ОРТ менен эле РТР каналына басым жасап келсе, азыр телеканалды улуу муундан башкасы көрбөй калган. Бүт интернетке өтүп кеткен. Ошондуктан азыр булардын интернет багыты боюнча каржылоосу аябай көп, ошого жараша пропаганда да ар кайсы жактан чыгып турат. Буга каршылык кылуу үчүн бизде баарын жаап салбай, адамдардын эркин сүйлөп турушуна мүмкүнчүлүк бериш керек. Эртең мени да тыйып коюшса, эч нерсе айтпай калам. Баарыбыз ушинтип сүйлөбөй калсак, Кремль өзүнүн баскынчылык саясатын жүргүзө берет”.
Васильев сыяктуу төрт адамдын кармалышы боюнча орусиялык маалымат каражаттарында түрдүү сын пикирлер да жарыяланып жатат.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Бакытбек Жумагулов Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгын эске салып, маселелер сүйлөшүү жолу менен чечилиши керектигин белгиледи.
“Орусия менен көп тармакта кызматташтыгыбыз тыгыз. Миграция болсун, энергетика маселелеринде. Ортодогу кызматташтыкка стратегиялык өнөктөш деген макам берилгенден кийин жаралган ар кандай көйгөйлөр сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек”.
Кыргызстан Украинадагы согуш башталганы бейтарап позицияда экенин айтып келет. Ошондуктан, кыргыз бийлиги бул согушка кайсы тарапта болбосун кыргыз жарандары катышса, кылмыш жообуна тартыларын эскерткен.
Буга чейин Орусиянын армиясынын катарында Украинада согушка катышкан үч кыргызстандык аныкталып, сот жообуна тартылган.
10-апрелде Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын кеминде 38и каза болгон.
Бирок ал адамдарды кимдер азгырып, согушка жөнөткөнү жөнүндө маалымат айтылган эмес.
Россотрудничество - Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) менен иштеп, чет жакта жашаган орусиялыктар жана эл аралык гуманитардык алака менен алектенген федералдык агенттик деп айтылып келет. Бирок ал Орусиянын пропагандасын жайылтат деген сындарга кабылган.
Азербайжан быйыл “Россотрудничество” уюмунун ишин токтотуп, “Орус үйү” деген өкүлчүлүгүн жапкан. Бул уюм Бишкек жана Ош шаарларында активдүү иштейт. Орусия Украинага 2022-жылдын февралында согуш ачкандан кийин “Россотрудничество” Евробиримдиктин жана башка бир нече мамлекеттин санкциясына кирген.
Шерине