Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:11

Борбор Азия

Кыргыз-тажик чек арасы: Достуктун тургундары эмне дейт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:10 0:00

Кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө тараптар бир катар жер тилкелерин алмашканы белгилүү болду. Айрым эксперттер узак жылдар талаш-талкуунун чордону болуп келген чек араны мындай алмашуулар аркылуу чечпесе, чекит коюлушу кыйын экенин айтып жатышат. Ал тапта жергиликтүү элдин өзү кандай пикирде?

Достук - район борбору Баткенден 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара-Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган.

2022-жылы да чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып, атайын план менен кайра курулуп, түптөлгөн. Социалдык мекемелер, мектеп баары жаңыланган.

Айылдагылар кыргыз-тажик чек арасын тактоо маалында айылдын тагдыры кандай чечилгенин кечээ гана угушту.

Достук айылы. Баткен.
Достук айылы. Баткен.


27-февралда чек ара келишим каралган парламент комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны тактоодо алмашуу болгонун, анын ичинде Баткендеги Достук айылы бар экенин билдирген.

Ал Достукка байланыштуу бир катар талкуулар болгонун, жыйынтыгында жаңы салынган үйлөргө компенсация катарында 30 га суулуу жер Лаккон участогунан алынганын кошумчалады:

"Биз Достук айылын биз жаңыдан куруп чыкканбыз, Достук айлында биздин жаңыдан курулган үйлөр бар, чек ара заставабыз бар, аны да кошуп берип атабыз, ушуга компенсация кылып бересиңер” деп шарт коюп, 30 га жер алдык. Менимче, үйлөрдү бузса, курса боло берет, бирок жер баасыз экенин билесиздер. Ошондуктан 30 га жерди суулуу жерден, Кара-Бак айылынын жанынан алдык. Ошол элди ал жерге көчүрүп, мамлекет тарабынан Достук айылынын элине ар бирине кайрадан үй салып беребиз", - деди УКМК төрагасы.

Парламент жыйынындагы маалыматтан кийин айыл эли өз ара бул маселени талкуулап жатканын айыл башчы Адалат Айтбаева "Азаттыкка" билдирди:

Адалат Айтбаева.
Адалат Айтбаева.

“Бир эле биздин Достук айылынын кызыкчылыгы эмес, бул мамлекеттик деңгээлде чечилип жатат. Элдин кызыкчылыгы, элдин тынчтыгы үчүн ушундай болду деп ойлойм. Себеби, биз кайра-кайра оор күндөрдү баштан өткөрүп, мындай күндөрдөн биз да тажадык. Тобокелге салып жашоонун кереги жок да. Мен өзүм ойлойм бул туура эле чечим болду. Анткени бул кыргыз мамлекетинин, жалпы элдин кызыкчылыгын эске алып ушундай чечим болду. Элдин маанайы да жакшы эле. Кечээ өзүм да элди аралап түшүндүрүп сүйлөштүм. Албетте, ар бири киндик каны тамган жерге ичи ачышып, тызылдашат. Тызылдасак да бизге биринчи тынчтык керек. Ичибиз ачышканы менен эми бул тагдыр, кыргыз элибиздин тынчтыгы болуп жатат”.

Достук айылынын ордуна Тажикстандын Лаккон аймагынан жер аянты мындан тышкары айылды жаңыдан курулганы эске алынып кенемте катары дагы 30 гектар суулуу жер кошумча алынганы кечээги парламенттеги жыйында айтылган.

Парламент чек ара келишимин колдоду. Кыргыз-тажик чек арасы кандай чечилди?
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:39 0:00


Азырынча бул айыл тургундары үчүн кайсыл жерде айыл түптөлөрү айтыла элек. Бирок биз ай талаада калбайбыз, мамлекет камкордукка алат деп ишенип турабыз деп коушмчалайт айыл башчы.

“Буюрса убакыт өтүп, бизге ушундай, мындан да жакшы кылып үйлөрдү куруп беришсе анан айтышаар чыккыла деп. Азырынча биз ошону күтүп эле эч ким эч кандай дүрбөлөнгө түшпөй эле тирилигибизди, жашообузду улантып жашап жатабыз азыр. Мамлекет бизди эч качан талаага таштап койбойт. Анткени бул алмаштыруу мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ишке ашып жатат. Бизди камкордукка алат. Кудай кааласа, Камчыбек Ташиев өзү айтып жатат бизге мындан да жакшы кылып, шарттары менен үйлөрдү куруп беребиз деди. Биз ошон үчун ичибиз жылып, ыраазы болуп эле турабыз".

Бирок айрым тургундар бул чечим тууралуу мурдараак кабардар кылса жакшы болмок деген пикирде.

Достук айылында учурда 70тей үйдүн көпчүлүгү бош турат десек болот. Анткени ички миграцияда жүргөндөр да көп. Буга чейин айылдыктар чек аранын айынан бир топ оор күндөрдү баштан кечирдик дейт айыл башчы Адалат Айтбаева.

“Биз кайра-кайра урушту көрдүк. Башыбыздан оор күндөрдү өткөрдүк. Үйүбүз күйдү. Кайра анан ушундай жакшына кылып президентибиз демилгелеп кичинекей шаарчага айлантып, үйлөрдү, социалдык объектилерди бардык шарттары менен куруп берди. Биз азыр ошол үйлөрүбүздө жашап жатканбыз. Мурда үйлөр күйгөнгө чейин шартыбыз начар эле. Ошол окуядан кийин бардык шарттар түзүлдү эле. Мектеп, ФАП, бала бакча баары".

Достук.
Достук.


Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын тактоодо чакмак түрүндө аралашып, талаштын очогу болгон бир топ калктуу конуштар алмашылганы белгилүү болду.

Жергиликтүү эксперттер узак жылдар талаш-талкуунун чордону болуп келген чек араны чечүү кескин чечимдерсиз мүмкүн болбосун айтып жатат. Алдыда жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүрүшү керек деп эсептейт алар.


ЭКСПЕРТТЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Калктын жыштыгы боюнча дүйнөдөгү алдыңкы орундарды ээлеген Фергана өрөөнүндөгү чек ара маселесине чекит коюлганы турат.

Өрөөндөгү үч өлкө - Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан үчүн чек ара маселеси дайыма курч болуп келген. Соңку жылдардагы куралдуу жаңжалдар бүтүндөй Борбор Азияны сестенткен.

Ушундай шартта чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси, географ Саламат Аламанов кыргыз-тажик чек арасынын такталышын бүтүндөй чөлкөм үчүн маанилүү окуя деп сыпаттайт.

Ал кыргыз-тажик чек арасынын тактоодо элге, өзгөчө жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү экенин айтууда:

Саламат Алманов.
Саламат Алманов.

Аты аталган жерлер илгертен эле көйгөйлүү тилкелер болчу. Ошону тактап, чечип алганыбыз дурус болду деп эсептейм. Чек аралар такталгандан кийин эки тараптын калкына тынч жашоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Чек арага байланыштуу чечимдерди сындаган адамдар чыгат. Эки тараптан тең болот. Бул күтүлгөн эле нерсе. Ошон үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элге далилдеш керек. “Бул жерди кошуналарга берүүгө макул болдук, бирок анын ордуна ушул жерди алдык” деп көрсөтүп бериш керек. Мындай учурда “эмне үчүн биздин райондон жер берип, башка районго алып берди” деген суроо чыгат. Элге жакшы түшүндүрүш керек. Бул жерде айылдын, райондун чек арасы эмес, мамлекеттин чек арасы чечилди.

"Азаттык": Сиз айтып өткөндөй Баткен районундагы Достук айылы жана Ворух анклавы боюнча ар түркүн пикирлер айтылып жатат. Албетте, азыр эч ким документтерди көрө элек. Болгону УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айткандарынан маалымат алып жатабыз. Алмашылган жерлер боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Ар кайсы жердин кандайча чечилгенин ошол жерде жашаган элге түшүндүрүү керек. Ворух анклавына кайсыл жер берилгенин, анын ордуна кайсыл жер алынганын көрсөтүп бериш керек. Достук маселесин дагы так көрсөтүш керек. Сапаты, аянты, керектүүлүгү боюнча так айтыш керек. Депутаттардын алдынан өткөрүү бир маселе. Биздин тажрыйбада эл менен иштешүү керек деген оюм бар да.

Саясий илимдердин доктору Эмилбек Жороев чек аранын чечилишин колдоп, бирок стратегиялык тилкелерге кылдат мамиле кылуу керектигин айтууда.

Эмил Жороев
Эмил Жороев

Дүйнөдө, биздин чөлкөмдө дагы саясий кырдаал чыңалып турганда, ар кандай кооптуу процесстер болуп жатканда чек аранын чечилбей жатышы биз үчүн жакшы эмес көрүнүш эле. Камчыбек Ташиевдин сөзүнө таяна турган болсок, көптөгөн аймакта жер алмашуу, бири-бирине кадам таштоо, орток пикир табуу аракети болгон. Эки тараптын ортосунда талаштуу тилкелер көп болчу. Эгерде “чек ара маселесин чечебиз” дегенге бекем турган болсок, “чечпесек болбойт” деген түшүнүк болсо, анда кандайдыр бир компромисстерге даяр турушубуз керек болчу. Чек араны чечүү математика сыяктуу эмес. Бир гектар жерге же болбосо 10 гектар жерге баа берип, таразага сала албайбыз. Кайсыл тарап көп алды, кимиси аз алды дегенге да так жооп болбойт. Көзгө илинген теңсиздиктер эле болбосо кайсыл бир жерден алып, кайсыл бир жерден баш тартышыбыз керек экенин түшүнүшүбүз керек. Эң негизгиси стратегиялык маанилүү болгон жол, суу үчүн, келечекте жолубуз торолуп, өнүгүү мүмкүнчүлдүктөргө доо кетип калбашы үчүн сүйлөшүүлөр керек".

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев болсо “Азаттыкка” кыска комментарий берип, чек араны тактоодо эки тарапта тең ар кыл пикир айткандар болорун белгилейт:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Мен бир нерсеге макул болдум. Эки тарап тең “биз уттук” деп айта албайт. Менин билишим боюнча, Тажикстанда деле бийлигин тилдеп жатышыптыр. Казактар менен чек ара чечилгенде дагы Назарбаевди “кыргыздарга жер бердиң” деп айыпташкан. Бул жакта Бакиевге доо койгондор болгон".

27-февраль күнү Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйыны өтүп, анда кыргыз-тажик чек ара келишим, жол пайдалануу жана суу-чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча макулдашууну депутаттар жактырган.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар тарабынан бекитилген. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталганын өкмөт өкүлдөрү билдирүүдө.

Азырынча чек ара келишими тууралуу тажик бийлиги деталдуу маалымат бере элек.

Чек аранын такталбаганы буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатакка себеп болгон. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болуп, адам өлүмү менен коштолгон.

Спорт каарманы: Көзү азиздерди шыктандырган Гүлназ
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:06 0:00

“Азаттык” радиосу “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” деген сынагына көрсөтүлгөн талапкерлер менен тааныштырууну улантат. Алардын бири Кыргызстандагы Көзү азиздер федерациясынын негиздөөчүсү, паралимпиаданын катышуучусу Гүлназ Жүзбаева. Жүзбаеваны Би-Би-С дүйнөлүк кызматы 2020-жылдагы эң таасирдүү жана үмүт жараткан 100 айымдын катарына кошкон. “Азаттык” буга чейин Гүлназ Жүзбаева тууралуу Парижде атайын көрсөтүү тарткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG