Парламент чек ара келишимин колдоду. Кыргыз-тажик чек арасы кандай чечилди?
27-февралда Жогорку Кеңештин беш комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишим, эки өлкө ортосундагы жолду пайдалануу жана суу чарба, энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуунун долбоорлорун жактырылды. Депутаттарга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди.
Шерине