Москва Украинага согуш ачкандан бери Орусия тарапта согушкан өзбекстандыктарга мекенинде абакка кесүүнүн ордуна шарттуу жаза чегериле баштады. Бул жараян учурда Өзбекстан менен Украинанын жарандык активисттеринин көңүл чордонунда турат.
10 украин аскерин өлтүргөнү үчүн "эркиндиги чектелди"
2024-жылдын 4-декабрында Анжиян шаардык кылмыш соту Украинада орус аскерлеринин катарында согушкан өзбекстандыкка "эркиндигин чектөө" чечимин чыгарган.
Анын аты эч жерде айтылган эмес. Бирок Gazeta.uz басылмасынын маалыматы боюнча, 39 жаштагы Т.А. 2023-жылы апрелде сезондук жумуш издеп Москвага барып, ал жактан Орусиянын Коргоо министрлигине жалданып, Украинадагы согушка жөнөтүлгөн.
Келишимдин шарттарына ылайык, ага айына 450 миң рубль (болжол менен 4500 доллар) "маяна" сунушталган, бирок чындыгында анжияндык Т.А. эки жолу 150 миң рублдан (1500 доллар) гана алган, андан кийин төлөмдөр токтогон.
Ал Украинанын Шахтёрск жана Бахмут шаарларында орус аскерлеринин катарында согушкан.
"2023-жылдын июль айынын аягында ал Украинанын Шахтёрск жана Бахмут шаарларына жөнөтүлүп, тажиктер жана башка чет элдиктерге кошулган. Сотто айыпталуучу 2023-жылдын ноябрь айына чейин согушта 10дон ашык украин аскерин өлтүргөнүн мойнуна алды", - деп жазат Gazeta.uz басылмасы.
Өзбекстандык жигит ошондой эле согуш майданындагы "жигердүү" ишмердүүлүгү үчүн орус аскерлеринин чалгындоо бөлүгүнө которулганын, андан кийин беш ай Луганскидеги согуштук операцияларга катышканын айкан.
Т.А. 2023-жылдын 31-декабрында Өзбекстанга кайтып келген маалда камакка алынган.
Анжиян шаардык кылмыш сотунун судьясы Отабек Мамажонов ага Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү жана 154-1-беренесинин 1-бөлүгү, тактап айтканда, "жалданмачылык" жана "чет өлкөдө аскердик кызмат өтөө" беренеси менен төрт жыл эки айга "эркиндигин чектөө" жазасын берди.
Байкоочулар "эркиндигин чектөө" жазасы үй камагынын бир түрү экенин, соттолгон адамды аймактан чыгып кетүү, түнү сыртка чыгуу сыяктуу айрым укуктардан гана ажыратарын белгилешүүдө.
Негизинен Анжияндын тургуну "жалданмачылык" беренеси боюнча 5 жылдан 10 жылга чейин, экинчи берене менен 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн эле.
Соттук отурумда айыпталуучу өзүнүн аракетин материалдык абалынын начардыгы жана үй-бүлөнүн жалгыз уулу экени менен түшүндүрдү. Сот жеңилдетүүчү жагдай катары күнөөсүн моюнга алууну эске алып, аны 4 жыл 2 айга эркинен ажыратты.
"Өзбекстандын сотторунун өкүмдөрү атайын операцияга окшош"
Бул Украинадагы согушта орус армиясынын катарында согушкан Өзбекстандын жарандарынын өз мекенинде шарттуу түрдө жаза алган биринчи окуя эмес.
2024-жылдын июль айында Каракалпакстандын 23 жаштагы тургуну "согушка барууга аракет кылган" деп соттолгон. Ал жигит орус аскерлери тарапта согушууну пландап, бирок оюнан кайтып, Өзбекстанга келген. Сот жеңилдетүүчү жагдайларды эске алып, аны "жалданмачылык" беренеси боюнча үч жылга эркинен ажыраткан.
Ошол эле жылдын сентябрь айында "Вагнер" жеке аскердик компаниясында кызмат өтөгөн 48 жаштагы Өзбекстандын жараны төрт жылга эркинен ажыратылган. Сотто ал "артка кайтууга болбойт, согушта өлүшүң мүмкүн" деген эскертүү алганын жашырган эмес. Кийин ал киши акчага муктаж экенин айтып, согушка барууга макул болгон.
Былтыр жыл аягында Өзбекстандын Фергана облусунун Куштепе районунун 22 жаштагы тургуну да Орусиянын армиясынын катарында согушка барганы үчүн "жалданмачылык" беренеси менен беш жылга шарттуу кесилген. Сотто өзбек жигит материалдык абалы оор болгондуктан жана Орусиядан депортациялоо коркунучунан улам согушка барууга макул болгонун билдирген.
Белгилей кетсек, Өзбекстандын бул жарандарынын баары Орусия тарапта согушкан.
Украинадагы согуш башталгандан бери расмий Ташкент жарандарына чет элдик аскерлердин катарына кошулбоону эскертип келет. 2022-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы чет өлкөдөгү жарандарына мыйзамда мындай кылмыш менен 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын эскерткен.
Өткөн жылдын октябрь айында Өзбекстандын Казандагы башкы консулдугу мекендештерин чет өлкөдөгү аскерий операцияларга катышуудан оолак болууга чакырган. Бирок бул чакырык бир катар орусиялык саясатчылардын нааразылыгын жараткан.
Ал эми Өзбекстан менен Украинадагы активисттер Өзбекстандын соттору соңку жылдары Орусия тарапта согушкан жарандарга жеңилдетилген өкүм чыгара баштаганына көңүл бурушууда.
Журналист Мухрим Азамхужаев мындай жаза өзбектердин чет өлкөдөгү согуштук операцияларга катышуусун колдоо менен барабар экенин айтат.
"Алар чет мамлекетте айлап-жылдап жалданма кызматын өтөп, ал жактагы адамдарды өлтүрүп, үйлөрүн өрттөп, анан башын жерге салып, "үй-бүлөм оор абалда болчу, акчам жок болчу, кыйналып аткам" деп Өзбекстанга келишет. Анан болду. Айкөл өзбек соту ага согуш көрбөгөн атуул катары гүлдөгөн өлкөдө мындан ары да эркин жашоого мүмкүнчүлүк берет. "Орус армиясына кошул, Украинага каршы согуш, тапкан акчаң менен Өзбекстанда бактылуу жаша" деген атайын акцияга окшоп калды" деп жазат өзбекстандык журналист Телеграм каналына.
Жеңилдетүүчү жагдай
Украинадагы согушка катышкан өзбекстандык жалданма аскерлерге Өзбекстандын сотторунун жеңилдетилген өкүмдөрү украин коомчулугунун да көңүлүн бурбай койгон жок.
Алардын катарында "Украина – Борбор Азия" Телеграм каналынын автору, журналист Григорий Пирлик да бар.
"Жакында Өзбекстандын жараны Украинадагы согушка катышканы үчүн 4 жыл 2 айга эркинен ажыратылганы тууралуу маалымат мени кыжырдантты. Анда сот бул кишинин ишинде жеңилдетүүчү жагдайларды тапканы айтылган. Биринчиден, ал күнөөсүн мойнуна алып, укук коргоо органдарына өзү барган. Экинчиден, анын үч баласы бар экени айтылат. Келгиле, балдар жөнүндө сүйлөшөлү. Орусиянын Украинага каршы согуштук аракеттердин натыйжасында 13 миң украиналык бала ата-энесинин камкордугунан ажырап, 1070 бала жетим калган. Ал эми бул өзбекстандык киши өз өлкөсүн коргоп жүргөн 10 украин аскерин өлтүргөнүн мойнуна алган. Бул жоокерлер да бирөөнүн балдары, бирөөнүн ата-энеси болгон. Башкача айтканда, Өзбекстандын соту соттолуп аткан адамдын балдарын ошол адам өлтүргөн украиналыктардын балдарынан жогору койгон. Көрсө, адам чет мамлекетке акча үчүн келип, бул жерде адамдарды өлтүрүп, андан кийин Өзбекстанга кайтып барып, өкүнүп, бала-чакасы бар экенин көрсөтүп, шарттуу кесилиши мүмкүн экен да?" - деп жазат украин журналист Пирлик.
Анын айтымында, Өзбекстандын өкмөтү бул маселеге олуттуу көңүл буруп, өз жарандарын чет мамлекетте аскердик операцияларга жалданууга каршы өнөктүктү күчөтүшү керек.
Григорий Пирлик "Азаттыктын" өзбек редакциясы - "Озодлик" радиосуна курган маегинде Украинада колго түшкөн дагы бир өзбек жараны соттолуп жатканын эске салды.
"Өзбекстан этият мамиле кылууда"
Өзбек бийлиги Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон жарандардын саны тууралуу маалыматты расмий түрдө ачыктабайт.
Журналисттер Орусия тарапта согушка катышканы үчүн Өзбекстандын жараны биринчи жолу жоопко тартылганы тууралуу маалыматты 2023-жылы жаза баштаган.
Ошол жылдын октябрь айында Ташкент шаардык соту Ташкент облусунун Жогору чырчык районунун тургуну Илдар Хайруллинди "жалданмачылык" беренеси боюнча абакка кескен. Соттун чечимине ылайык, Хайруллин 2014-2015-жылдары Украинанын оккупацияланган Донецк облусундагы согуштук аракеттерге катышканы үчүн күнөөлүү деп табылган. Соттолгон жарандын жакындары ал согушка катышпаганын, жөн гана Орусиянын аймагында жүргөнүн айтканы менен Өзбекстандын соту аны беш жылга эркинен ажыраткан.
Коопсуздугу үчүн атын атабоону суранган ташкенттик эксперт соңку бир жылда Өзбекстандын соттору Украинадагы согушка катышкан жарандарга жеңилдетилген өкүмдөрдү чыгара баштаганынын себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү.
"Учурда Өзбекстандын соттору орус армиясынын катарына кошулгандыгы жана Украинадагы согуштук операцияларга катышкандыгы үчүн салыштырмалуу жеңил жазаларды колдонууда. Мыйзамда каралгандан жеңилирээк жазаны чегергендигинин негизги себеби Орусия менен өз ара өнөктөштүккө байланыштуу. Башкача айтканда, Өзбекстан бул маселеге этият мамиле кылууда. Реалдуу мөөнөттөрдүн ордуна шарттуу жазалар берилет. Бул Орусия менен кырдаал өзгөрсө, шарттуу жазаны реалдуу жазага алмаштыруу ыңгайлуу болушу үчүн жасалууда. Соттор кандай болгон күндө да саясатка кызмат кылат. Мисалы, Өзбекстандын жараны Ислам мамлекети террордук уюмдун катарында Сирия армиясына каршы согушса, ага да оор жаза берилери шексиз. Сөз Кылмыш-жаза кодексинин бир эле беренеси боюнча болуп жатат, болгону аткарылышы менен колдонулушу эки башка", - дейт эксперт.
Кыргызстан жана Казакстандагы жазалар
Орусия Украинага каршы согуш баштагандан бери Казакстан менен Кыргызстандын өкмөттөрү да өз жарандарына аскерий аракеттерге катышууга тыюу салган.
2022-жылдын сентябрь айында укук коргоо органдары, Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарына согуш жүрүп жаткан аймактарга барбоону эскерткен. Эгер жарандар башка өлкөнүн аймагында согуштук аракеттерге катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартылары мыйзамда жазылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) согушка катышкандар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси ("Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү") менен жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.
Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинде жалданма согушка азгыруу, каржылоо жана катышуу аракеттери үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Нарын облустук соту Бекназар Бөрүгул уулун 2023-жылы 7-декабрда беш жылга абакка кескен. Сот өкүмүндө айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алганы, Орусияда абакта кордук көрүп, аргасыздан бөтөн жердеги согушка кеткени жазылат.
Ал 2020-жылы Орусияга иштөө үчүн барып, "маңзат ташууга" байланыштуу айып менен 10 жылга кесилген. 2022-жылы 5-ноябрда абактан согушка тартылып, сегиз ай "вагнерчилердин" катарында жүргөн.
Нарын облустук сотунун маалыматына ылайык, президенттин 2024-жылдын 31-январындагы "Соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө" жарлыгы боюнча Бөрүгул уулунун беш жылдык жазасы төрт жыл, эки айга азайтылып, мунапыс берилген.
Ал эми 2023-жылы сот Аскар Кубанычбек уулун "Украинадагы согушка катышкан" деген жүйө менен 10 жылга эркинен ажыраткан. Бирок кийин Жогорку сот мурунку соттордун чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Сот Кубанычбек уулун 7 жылга эркинен ажыратып, бирок үч жылга шарттуу түрдө эркиндикке чыгарган. Кубанычбек уулу эркиндикке чыккандан кийин кайрадан Орусияга барып, Украинадагы согушка катышуу үчүн орус армиясы менен жаңы келишим түзгөнү кабарланган.
Байкоочулар Кыргызстанда мындай жеңил жазалар Кремлдин катуу кысымынан улам чыгып жатканын белгилешет.
Коңшу Казакстанда бул маселеге мамиле бир аз олуттуураак карагандай.
Жыл башында Казакстанда Улытау облусунун тургуну чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга катышканы үчүн 4 жарым жылга түрмөгө кесилген. Өкүмдү 14-январда Сатпаев шаарынын соту чыгарды.
Соттун материалдарына караганда, Украинада Орусиянын тарабында согушкан ал киши 2022-жылдын күзүндө Жезказган шаарынан чек аралаш Петропавлов калаасына кетип, андан ары Орусияга бет алган. Казак жараны "Вагнер" менчик компаниясынын (ЧВК) катарында согушканы аныкталган.
Ал 2023-жылдын июлунда Москвадан Астанага кайтып келген. Кабарга караганда, соттолуучу чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга билип туруп катышканын моюнуна алган.
Буга чейин "Азаттыктын" казак редакциясы Донбасста каза тапкан эки казакстандык тууралуу жазган. Алар да болжолу менен "Вагнерге" кошулган.
Казакстанда да чет өлкөлөрдөгү согушка катышуу үчүн сот жообуна тартуу каралган.
"Озодлик" радиосунун макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.