Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:17

Хусилер Израилге, АКШ Йеменге сокку урду


"Бен-Гурион" эл аралык аэропортуна кеткен жол хусилердин соккусунан кийин. Тел-Авив, 4-май 2025-жыл
"Бен-Гурион" эл аралык аэропортуна кеткен жол хусилердин соккусунан кийин. Тел-Авив, 4-май 2025-жыл

АКШда террордук уюм деп таанылган Йемендеги хуси козголоңчулары Санаа шаарына жана айланасына урулган 10го жакын сокку үчүн Вашингтонду айыптады. Анын алдында Иран колдогон топ АКШнын өнөктөшү болгон Израилди бутага алып, бир дүрмөт Тел-Авивидеги эл аралык аэропортко тийген.

Хусилердин Saba кабар агенттиги кабарлагандай, баш калаадагы бир көчө жана аэропортко кеткен жол аткыланды. Козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактын саламаттыкты сактоо мекемеси 14 киши жараланганын маалымдады. Хусилер 2014-жылы Санаа шаарына басып алышкан. AFP агенттигинин кабарчысы калаада жарылуулардын добушу угулганын айтты.

Йемен: Санаа шаарына сокку урулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:38 0:00

Апрелдин аягында хусилер АКШнын соккусунан шаардын сегиз тургуну жараат алганын, бир нече башка аймак да бутага алынганын маалымдашкан.

Йемендин Саада провинциясына АКШнын соккусунан кийин. 29-апрель 2025-жыл
Йемендин Саада провинциясына АКШнын соккусунан кийин. 29-апрель 2025-жыл

Газада согуш башталгандан бери радикал топ палестиналыктарга тилектештик иретинде деп, Израилди жана Кызыл деңиздеги кемелерди ракета, дрондор менен аткылап келди. Тилкеде эки айлык жарашуу жарыяланганда козголоңчулар чабуулдарын токтоткону менен мартта Израил Газага жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды өткөрбөй койгондон бери кемелерге сокку урууну жандантарын эскерткен.

Буга жооп катары Кошмо Штаттардын аскерлери 15-марттан тарта дээрлик күн сайын козголоңчулардын жайларын бутага алып келатат.

Жекшембиде хусилер Израилдин аймагына урулган сокку үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Ракеталар Тел-Авивдин "Бен-Гурион" аэропортунун терминалына кеткен жолго тийген. Израилдин маалымат каражаттары төрт киши жарадар болгонун, дагы экөө баш калкалоочу жайга бараткан маалда жабыркаганын жазышты. Бир нече авиакаттам убактылуу токтотулду.

Израилдик аскерлер ракетаны атып түшүрүү аракетинен майнап чыкпаганын билдиришти.

Козголоңчу топтун басма сөз катчысы Яхья Сареа Израилдин аэропортторун, асырысе "Бен-Гурионду" аткылоону улантышарын эскертти.

Хусилердин соккусунан жабыркаган кеме. Кызыл деңиз, 12-июнь 2024-жыл
Хусилердин соккусунан жабыркаган кеме. Кызыл деңиз, 12-июнь 2024-жыл

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху хусилерге жана аларды колдогон Иранга жооп кайтарыларын айткан:

"Биз аларга каршы чечкиндүү чара көрөбүз, Ирандын көрсөтмөсү жана колдоосу менен аракеттенгенин эстен чыгарбоо зарыл. Коопсуздугубузду камсыздоо, натыйжалуу жооп кайтаруу жана Иранга мындайга чыдап отура бербейбиз деген эскертүү берүү үчүн бар аракетибизди жумшайбыз”.

5-майдагы пресс-конференцияда Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаэи хусилердин соңку чабуулуна Тегерандын тиешеси жоктугун билдирип, айыптоолорду четке какты:

“Ирандын дарегине айтылган айыптоолор жана бизге артылган дооматтар негизсиз жана элдин көңүлүн региондогу маанилүү көйгөй болгон Газадагы жана Палестинадагы геноцидден башка жакка бурууну максат кылат”.

Мунун алдында, жекшембиде Ирандын коргоо министри Азиз Насирзадех Ислам жумуриятына каршы согуш башташса, АКШнын жана Израилдин базалары, куралдуу күчтөрү өңдүү стратегниялык жайлары бутага алынарын эскерткен.

Аэропортко урулган соккуга чейин Израилдин армиясы такоолдогу “он миңдеген аскер” куралдуу күчтөргө чакырыларын бышыктаган. Бул – АКШ жана Еврошаркетте террордук деп эсептелген ХАМАС радикал тобуна каршы 19 айлык согушту кеңейтүү максатында жасалууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG