Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

Борбор Азия

дүйшөмбү 10 Февраль 2025

Календарь
2025-ж., Февраль
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
27 28 29 30 31 1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 1 2
Тарыхый аталышын таппаган айылдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:33 0:00

Кыргызстандагы айылдар эмнеге Михайловка, Константиновка, Николаевка, Александровка, Петровка, Палтавка деп аталып калган? Анын тарыхый маани-маңызы барбы? Арадан 100 жылдан ашык убакыт өтсө да Орусиянын оторчулук саясатынын шары менен аталып калган кыргыз айылдарынын аты эмнеге өзгөрбөйт? Бул айылдардын тарыхый аталыштары кандай? Бул соңку учурда байма-бай көтөрүлгөн саясий маселеге айланды.

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын Анжиян облусунда кыз-келиндердин жумушта жоолук салынып, эркектердин жума намазга баруусуна чектөө киргизилип жатканы кабарланды. Ошондой эле эркектерди мажбурлап сакал-мурутун алдырган учурлар катталууда. Бирок мындай буйрук тууралуу расмий маалымат жок.

"Азаттыктын" өзбек кызматы - "Озодлик" радиосунун булактары билдиргендей, мындай тапшырма облус губернатору Шухрат Абдурахмановдун "көрсөтмөсү" менен билим берүү мекемелеринде жана мамлекеттик органдарда киргизилүүдө.

Өзбекстандын Баш мыйзамында өлкө "светтик мамлекет" деп жазылган. Дин мамлекеттен бөлүнгөн коңшу өлкөдө диний ишеним маселеси ар дайым өлкөнүн коопсуздук системаларынын катуу көзөмөлүндө болуп келген. Бул жагдай ар кандай сыпатталат. Айрымдар муну дин тутуу эркиндигин чектөө катары бааласа, экстремисттик агымдарга каршы күрөшүүнүн зарыл чарасы дегендер да жок эмес.

2019-жылы сентябрда президент Шавкат Мирзиёев диний кырдаалды жана диний коомчулукту көзөмөлдөө боюнча жашыруун жарлык чыгарган. Аны ишке ашырууга түздөн-түз тиешеси бар мекемелердин биринин кызматкери "Озодликке" берген документтин көчүрмөсүндө кийим-кече жана сырткы келбет маселеси баса белгиленген.

"Озодликтин" редакциясына Анжияндагы окуу жайлардын биринде жазылган аудио келип түштү. Анда Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин облустук башкармалыгынын жетекчиси Музаффар Мадазимов делген киши губернатордун буйругун мугалимдерге айтып берүүдө.

"Жоолук салынгандардын ар биринин тизмесин түзөсүң. 10 кишиге бирден, андан кийин ректор, кафедра башчы, директордун орун басарларына бирден жооптуу адамды дайындайсың. Үйлөрүно барабы же башка жолун табабы, кандай чаралар көрүлгөнү, кандай иштер аткарылганы тууралуу күнүмдүк отчёт берилет", - деп айтылат редакцияга келген аудиодо.

Шухрат Абдурахманов
Шухрат Абдурахманов

Облус губернатору Шухрат Абдурахмановдун диний көз караштарын ачык көрсөтүп жоолук салынган жана эркек кызматкерлердин жумуш убактысында жума намазга баруусуна жол бербөө боюнча оозеки буйругу чыккан. Жетекчилерге бул буйрук аткарылбаса "башы менен жооп берери" эскертилген.

"Мамлекеттен айлык алып атышабы, анда саат бирде (жума намазга - ред.) эч ким барбайт. Өзүңөрдөн баштагыла. Мен билем, ал жакка барган директорлор да бар, башкалар да бар. Бирок абал ушунчалык курчуп бараткандыктан, мен айтып коюшум керек. Коопсуздук кызматы алектенип жатат, колдорунда фамилиялары бар. Бул мектеп директорунун ушунча мугалими, ушунча окуучусу бар деп жатышат", - деп айтылат аудионун уландысында.

"Жогорудан келген саясий буйрук"

Мамлекеттик кызматкерлерге мындай эскертүүлөр берилген жыйындардын айрымдары аткаминерлердин, айрымдары болсо коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда өтүп жатканы айтылууда. "Озодликке" Анжиян районундагы мектептерден жана ооруканалардан келген билдирүүлөр аймакта бул жаатта күрөш чындап эле күчөгөнүн көрсөтүүдө.

"Мен төрөт үйүндө иштейм. 3-февралда өзүн "Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкеримин" деп тааныштырган жигит келип, жолугушуу өткөрдү. "Жоолукту хижаб сыяктуу салынгандар тез аранын ичинде чечип, аркасына бир байлам кылып байласын. Бул жогорудан келген саясий буйрук", - деди ал. Мындан тышкары умрага баргандардын маселеси көтөрүлдү. Алардын айрымдары Сириядан качкан согушкерлер менен байланышта болгону айтылды. "Алардын арасында дарыгерлер да бар" деди".

"Мен Анжиян районундагы мектепте мугалиммин. Алар бизге да келишти. Жумушун, окуусун убактылуу таштап, умрага кеткен мугалимдер жана студенттер бар экен. Жума күнү жумуш убактысында сабакты калтырып, намазга кеткендер да бар экен. Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери "биз күтпөгөн, ойлобогон адамдар ар кандай агымдарга кошулуп жатышат" деди. Бул канчалык чын экенин билбейм, бирок чоң жыйында айтылган кеп".

Анжиян мамлекеттик медициналык институтунун окутуучуларынын бири доценттерге жана профессорлорго студенттерге көзөмөлдү күчөтүү, сакал койгондордун тизмесин түзүп, аларды алдырып салуу тапшырмасы берилгенин айтты.

Расмий Ташкент муну облустук бийлик жана жергиликтүү аткаминерлер аркылуу ишке ашырып жатабы, же редакцияга келген билдирүүлөрдө айтылгандай, облус губернаторунун демилгесиби, муну "Озодлик" азырынча аныктай элек.

"Мен базарда иштейм. Биз дээрлик күн сайын көчөдөбүз. Милицияны да көрүп турабыз. Май куюучу жайларда намазканалар да ачык. Беймарал. "Жоолугуңду чеч" дегендерди жолуктурган жокмун", - дейт анжияндык келин.

Маалыматтарга караганда, мамлекеттик мекемелерде атайын текшерүүлөр күчөгөн. Мындай көрүнүштөр карапайым калк арасында көп байкалбаганы менен, сакал коюуга каршы рейддер утур-утуру болуп турат.

"Муну айтканым туурабы же туура эмеспи, билбейм. Мен анжияндыкмын, милиция күч менен кармап, алып келип, сакалымды алдырды. Бул канчалык туура? Алар муну кандай негизде жасап жатышат? Досумду да алып келип, сакалын алдырды. Бирок сакалыбыз узун эмес болчу. Эмне үчүн мындай кылып жатасыңар деп сураганыбызда, алар "терроризмге каршы күрөш" деп жооп беришти", - деди "Озодликке" 26 жаштагы жигит.

Дагы бир 40 жаштагы киши сакалчан кишилерди кармоону кандайдыр бир "миссияга" салыштырды.

"Шахрихан шаарында элди көчөдөн эле кармап атышат. Эгер каршылык көрсөтсөң, мажбурлашат. Ички иштер бөлүмүнө алып барып, алгач сакалчан сүрөткө тартып алышат. Сакалды алып, дагы сүрөткө тартышат. Анан сүрөттөрдү бир группага салышат. Кандайдыр бир "миссияны" аткарып жатышкандай. "Сакалымды албайм" десем, 4-5 кызматкер кармап турду, бирөө кырып салды", - дейт Анжиян облусунун тургуну.

Өзбекстандын Конституциясынын 35-беренесинде "ар бир жарандын абийир эркиндигине ээ жана өзү каалаган динди тутуу же тутпоо укугуна кепилдик берилет" деп жазылган. Бирок диний көз караштарды күч менен жайылтууга жол берилбеши керек. Бул өңүттөн алганда, эксперттер диний негизде жоолук салынууга тыюу салуу же жума намазга барууга чектөө киргизүү Конституцияны жана адам укуктарын бузуу катары сыпатталышы мүмкүн дешет.

Стив Свердлов
Стив Свердлов

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун Ташкенттеги, Алматыдагы жана Бишкектеги кеңселерин жетектеп иштеп келген адис Стив Свердлов бул маселеге олуттуу көңүл бурулушу керектигин айтат.

"Өзбек өкмөтү жоолук менен хижабга тыюу салуунун себептерин чанда гана түшүндүрөт. 2019-жылы Жогорку Сот Ташкент Ислам академиясынын студенти Луиза Муминжанованын ишин карагандан кийин, ал хижабын чечүүгө аргасыз болгон. Ушундай эле жагдай Анжиянда да болушу мүмкүн. Бул маселе өкмөткө ыңгайсыз, анткени президенттин кеңешчилеринин бири Акмал Саидов БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин мүчөсү катары эл аралык мыйзамдарды коргошу керек. Мисалы, никаб кийүүгө чектөө коюу айрым учурларда негиздүү болушу мүмкүн, бирок хижаб менен жоолукка тыюу салуунун так себептери түшүндүрүлбөсө, бул Өзбекстандын эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келет", - дейт Свердлов.

Жашыруун жарлыкты аткаруу жараяны улануудабы?

Президенттин 2019-жылдагы жарлыгына ылайык, Өзбекстанда дин саясаты жана аны ишке ашыруу милдети Министрлер Кабинетинин алдындагы Дин иштери боюнча комитетине жүктөлгөн. Комитеттин төрагасынын статусу Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басарынын кызмат орду менен барабар.

Аталган чечимге ылайык, мечиттердин имамдарынан жана жетекчилеринен тарта өлкөдөгү бардык бийлик органдары жана күч системалары "Дин иштери боюнча комитетке бардык керектүү маалыматтарды жана документтерди берип, диний кырдаал боюнча үзгүлтүксүз отчет берип турушу керек".

Жашыруун чечимдин көчүрмөсү.
Жашыруун чечимдин көчүрмөсү.

Президенттин жашыруун жарлыгында "социалдык-руханий чөйрөгө терс таасирин тийгизген" сегиз фактор көрсөтүлгөн. Алардын бири "аялдардын арасында улуттук образга, үрп-адаттарга диний өңүт берген, күнүмдүк турмушта адаттан тыш кийим-кечек" деп белгиленет. Мындан улам Анжияндагы чектөөлөр бул жашыруун чечимдин аткарылышынын бир бөлүгүбү деген суроо туулат.

Эмне үчүн мындай чектөөлөр зарыл? Алар коомдогу көйгөйлөрдү чечеби? Эмнеге Өзбекстанда жоолук орчундуу маселеге айланды?

Стив Свердлов өлкөдөгү чектөөлөр "коркутуу жолу" менен аткарылбашы керектигин баса белгилейт.

"Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, кээде диний иштерге кийлигишет. Мамлекеттик күзөт кызматы, молдолор, жергиликтүү аткаминерлер, бийлик өкүлдөрү, жада калса мектеп директорлорунун чектөөлөрү өзүм билемдикти күчөтүүдө. Мындай аракеттер көбүнчө тышкы коркунучтардан улам жасалат. Бийликти радикалдашуу жана баш аламандык тынчсыздандырат, бирок диний маселелер Конституциянын алкагында жөнгө салынышы керек. Калкка так мыйзамдар, түшүндүрмөлөр керек, бирок азырынча түшүнбөстүктөр бар. Өкмөт Өзбекстан дин тутуу эркиндигин кепилдеген Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактыга кол койгонун унутпашы керек. Кээ бир чектөөлөр болушу мүмкүн, бирок жума намазга тыюу салуу олуттуу суроолорду жаратууда. Мамлекет секуляризмди жайылтууну каалайт, бирок бул өлкөнүн маданиятына туура келбейт. Адамдардын мечитке барууга укугу бар, бирок дин тутуу эркиндиги кээде жеке жашоо чөйрөсүн гана эмес, коомдук жайларды да камтыйт. Жума намазы иш процессин үзгүлтүккө учуратса, чектөөлөр талкууланышы мүмкүн. Бирок толук тыюу салуу коомдо коркунучту гана күчөтөт. Эң негизгиси, элди коркутуу эмес, так түшүндүрмө берүү керек", - дейт Свердлов.

Өзбекстанда көптөн бери мектептерде жана мамлекеттик мекемелерде хижаб кийүүгө бейрасмий тыюу салынган. Ислам Каримовдун тушунда хижаб же хижабга окшотуп жоолук салынууга такыр уруксат берилбей, тынымсыз рейддер жүргүзүлүп турган. Мирзиёев бийликке келгенден кийин диний чектөөлөр жеңилдеп, жоолук салынгандардын саны өскөн. Бирок соңку кездери Анжияндагыдай сакал коюуга же жоолук салынууга тыюу салуу сыяктуу жагдайлар Каримовдун доорундагыдай элди кысымга алуу саясатынын уландысы катары каралууда.

Адистердин айтымында, өзгөчө Фергана өрөөнүндө түрдүү агымдардын тузагына түшүп калуу коркунучу күчөгөн. Ошондуктан Өзбекстанда диний үгүт иштерин көзөмөлгө алуу керектигин айткандар бар. Алардын бири өзбекстандык журналист Умида Ахмедова.

"Биз азыр 21-кылымда жашап жатабыз. Жакшы жагы да,жаман жагы да бар. Уурдаба, алдаба, жамандык кылба, ичкилик ичпе, тамеки тартпа, ата-энеңди сыйла деген сыяктуу диндин өтө жакшы жактары бар. Бирок ар кандай көйгөйлөрдүн саны да көбөйдү. Туура же туура эмес экенин билишпей, ар тарапта тентип жүрүшөт. Макул, эми кыздар оронушту. Ал өзүнүн ишеними. Эч ким мажбурлабашы керек. Эң жаман жери - мажбурланганы. Бирөөнү башыңды жап деп мажбурлаш да туура эмес, жоолугуңду чеч деген да туура эмес", - дейт Ахмедова.

Маалыматтарга караганда, өрөөндө иштегендердин, айрыкча мектептерде иштегендердин сырткы келбетине көбүрөөк көңүл бурулууда.

Наманган облусунун мектеп окуучулары үчүн атайын форма. 10-август, 2012-жыл
Наманган облусунун мектеп окуучулары үчүн атайын форма. 10-август, 2012-жыл

Өзбекстандын Министрлер Кабинетинин 2018-жыл, 15-августтагы токтомуна ылайык, мамлекеттик жалпы орто билим берүү мекемелеринин окуучуларын заманбап бирдиктүү мектеп формасы менен камсыздоо чаралары белгиленген. Бул документте: "Окуучулар окуу жайдын имаратынын ичинде, ар кандай иш-чаралардан тышкары, баш кийимсиз жүрүүгө тийиш", - деп жазылган. Бул чектөөлөр окуучуларга гана тиешелүү.

"Өкмөт фундаменталдык укуктарды чектөө боюнча кабыл алынган чечимдерди жазуу жүзүндө негиздеп бериши керек. 2021-жылы кабыл алынган "Дин жөнүндө" жаңы мыйзам узак жана татаал процесс болгон, бирок акыркы варианты бир топ катаал, Ислам Каримовдун доорундагы саясатты эске салат. Өзбекстан эл аралык стандарттарды сактоого аракет кылууда, бирок калктын басымдуу бөлүгүнүн терең диний ишениминен улам белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болууда. Эгер Анжиянда хижабга расмий түрдө тыюу салынып, коркутуулар болуп жатса, бул олуттуу кооптонууну жаратат. Бирок маселенин экинчи жагы да бар, акыркы жылдары никаб кийгени үчүн аялдар эле эмес, сакал койгон эркектер да айыпка жыгылган. Ошондуктан айрым учурларда чектөөлөр болушу мүмкүн, бирок хижаб же жоолук салынууга тыюу салуу кайсы бир аткаминердин оозеки буйругу менен болбошу керек. Ар бир аракетти өкмөт түшүндүрүшү керек. Мындай чектөөлөрдүн зарылдыгы түшүндүрүлбөсө, бул Мирзиёев өкмөтүнүн "жумшак мамиле саясатына" карама-каршы келет. Анжиянда чектөөлөрдүн кайра киргизилиши адам укуктарын бузуу болуп саналат", - деп жыйынтыктады сөзүн Стив Свердлов.

Бирок мындай чектөөлөр Анжиян облусуна гана тиешелүү эмес. Ушундай эле чектөөлөр Наманган жана Фергана облустарында бар экени айтылууда. Башка аймактарда, анын ичинен баш калаа Ташкентте укук коргоо органдары жоолукчан аялдарга жана сакалчан эркектерге каршы массалык рейддерди байма-бай жүргүзүп келет. Кээде аялдарды милиция бөлүмдөрүнө алып келип, хижабын чечүүгө мажбурлашса, эркектердин сакал-мурутун алдырышат.

Маселе чөлкөмдө да бар

Эл аралык Amnesty International жана Human Rights Watch уюмдарынын баяндамаларында "өзбек өкмөтү диний ишенимдерди басмырлоодо" деп сынга алынган эле.

АКШ Мамлекеттик департаментинин 2023-жылга карата дүйнөдөгү дин тутуу эркиндигинин абалы боюнча баяндамасында расмий Ташкент дин тутуу эркиндигин камсыздоо боюнча берген убадаларынын бир бөлүгүн аткарганы менен, көптөгөн убадалар али аткарыла электиги айтылат. Баяндамада 200гө жакын өлкөдө, анын ичинен Өзбекстанда дин тутуу эркиндигинин абалы талданган.

АКШ өкмөтүнүн эсеби боюнча, Өзбекстанда 35 миллион сунни жана 122 миң шия мусулмандар, 822 миң православ христиандар жана 540 миңден ашык башка диндердин өкүлдөрү жашайт.

31-январда Өзбекстандын парламентинин (Олий Мажлистин) Мыйзам чыгаруу палатасында "Жарандардын абийир эркиндигин камсыздоо жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылган. Кабыл алына элек документтин 3-беренесинин 14-бөлүмүндө "Жарандарга кандайдыр бир динге ишенгендигине же ишенбегендигине байланыштуу жеңилдиктерди берүүгө жана аларды ажыратууга жол берилбейт" деп жазылган.

Мыйзам долбоорунун 6-беренесинде "Мамлекеттик башкарууга тиешелүү чечимдерди кабыл алууга жарандар, жарандык коом институттары, ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрү кеңири тартылышы керек" деп белгиленген.

Негизинен кийим-кечек жана диний символдорго чектөөлөр Өзбекстанда гана эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да байкалат.

Үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан тарта Кыргызстанда никаб, бетти жаап турган паранжа кийүүгө мыйзамдуу түрдө тыюу салынган. Талапка баш ийбегендерге 230 доллар айып пул чегерилет. Тажикстанда никаб кийүүгө "улуттук баалуулуктарга карама-каршы келгендиктен" тыюу салынган.

Казакстанда 2009-жылдан бери мугалимдерге жана окуучуларга мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салынган. Бирок коомдук жайларда никаб кийүүгө расмий тыюу салынган эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG