![Рухшона Хакимова кыздары менен](https://gdb.rferl.org/0915389b-296c-4525-da63-08dd3bb47256_w250_r1_s.jpg)
5-февралда тажикстандык журналист Рухшона Хакимованын сегиз жылга кесилиши коомчулукту нес кылды. Анын 2,5 жаштагы жана 9 айлык кыздары таенесинде калды.
"Азаттык Азия" редакциясы "чыккынчылык" беренеси менен 8 жылга кесилген тажик журналисттин жакындары, кесиптештери жана туугандары менен маектешти.
"Кызымдын абалы кандай болду экен?"
"Кызым кандай жүрөт деп күнүгө сарсанаамын. Бүгүн жети күн (өкүм чыгып, камакка алынгандан кийин – ред.) болду. Анын кыздарына убал болду. Улуу кызы апасы жок кыйналат го деп ойлогом, кичүүсү жаман болуп атат. Кичүү кызы эмчекте болчу. Азыр тынбай ыйлап, "апалап" атат. Мен аны колумда терметип, түнкү саат үчтө гана уктатып атам", - дейт Максуда Шаропова көз жашын араң тыйып.
Ал тажикстандык журналист Рухшона Хакимованын энеси. 5-февралда баш калаа Дүйшөмбү шаарында жабык сот жараянында 31 жаштагы Рухшона сегиз жылга эркинен ажыратылып, камалган. Эмчектеги баласы бар болгондугуна байланыштуу журналист соттук териштирүү учурунда камакка алынган эмес.
Учурда Рухшонанын эки кызы 2,5 жаштагы Шахнура жана 9 айлык Шукронаны атасы, таене жана таятасы карап жатат.
Журналисттин күйөөсү соодагер. Ал маалымат каражаттарына маек курууга макул болгон жок. Ал эми Рухшонанын ата-энеси мурда англис тили мугалими болуп иштеп, азыр пенсияда. Атасы инсульт алып, 2-топтогу майыптыгы бар.
"Биздин атабыз Канибадам акимчилигинде иштеген (Рухшона Хакимованын үй-бүлөсү Согд облусунун Канибадам шаарында жашайт – ред.), жамааттын төрагасы болгон, аны элдин баары чынчыл, калыс адам катары билет. Биздин бүт үй-бүлөбүз мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн иштеп келген жана иштеп жатат, ошондуктан кызыбызга тагылган айыптар бизди нес кылды. Ал өз мекенине, мамлекетине каршы чыкпайт эле", - дейт Шаропова.
Өкүм жана сөйкө
5-февралда Рухшона "мамлекеттик чыккынчылык" боюнча күнөөлүү деп табылган. Бул өзгөчө оор кылмыш жана аталган берене менен айыпталган учурда жашы жете элек балдары болсо да жазасын жеңилдетүү мыйзамда каралган эмес. Журналисттин жакындары жана жактоочусу билдиргендей, ал күнөөсүн мойнуна алган эмес.
Хакимова учурда соттук отурум өткөн тергөө абагында камакта. Сот өкүмү чыккандан кийин журналисттин адвокаты Рухшонанын сөйкөсүн гана алып чыгып, унчукпай эле энесине тапшырган.
Рухшона Хакимовага каршы кылмыш ишин козгоо былтыр июнда Тажикстанда белгилүү инсандардын тобуна каршы мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети боюнча чуулгандуу ишти тергөө учурунда башталган. Бул тууралуу маалымат каражаттары ноябрь айында гана жазып чыгышкан.
Рухшона - айыпталуучулардын бири, Тажикстандын Социал-демократиялык партиясынын лидеринин биринчи орун басары Шокиржон Хакимовдун бир тууганынын кызы. Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы 2015-жылы мыйзамсыз деп табылгандан кийин Социал-демократиялык партия өлкөдөгү жападан-жалгыз оппозициялык партия катары эсептелип келген.
Белгилей кетсек, тажик бийлиги ишке "жашыруун" деген гриф койгон.
Айрым маалыматтарга караганда, кылмыш ишин козгоого журналисттин Кытайдын Тажикстанга тийгизген таасири тууралуу материалы себеп болгон. Анын маектештеринин арасында Шокиржон Хакимов жана Демократиялык партиянын мурдагы лидери, экс-депутат Саиджафар Усмонзода (төңкөрүш аракети боюнча дагы бир айыпталуучу, 27 жылга соттолгон) болгон.
"Ага дайыма ишенсе болот"
Рухшона журналистиканы үй-бүлөсүнүн каршылыгына карабай тандаган экен.
"Университетке тапшыруу маселеси көтөрүлгөндө, таякеси Технологиялык университеттин деканы болчу. Баары ага ошол эле университетке тапшыр деп кеңеш беришти. Бирок ал Тажикстан улуттук университетинин журналистика факультетинде окугусу келерин айтты. Ал бардык сынактарды өзү тапшырып, абитуриенттердин ичинен эң жогорку балл алды", - дейт апасы.
Рухшона биринчи курстан баштап өзү тандаган кесипке аралаша баштаган. "Ал тренингдерге катышып, ар кандай маалымат каражаттары менен кызматташкан" дейт кесиптеши жана журналистика факультетинде чогуу окуган курсташы.
"Биринчи курстан баштап эле маалымат каражаттарына макала жазып жүрдү. 2015-жылы биз бакалавр даражасын алдык, ал билимин магистратурада улантты", - деген курсташы аты-жөнүн айткан жок.
Тажикстандын Көз карандысыз ЖМКлар Ассоциациясынын башчысы Нуриддин Каршибоевдин айтымында, Рухшона анын көз алдында журналист катары калыптанган.
"Журналистикада 13 жылдан бери алектенсе, ошонун жарымынан көбүн чогуу иштедик. Мен Медиа кеңештин төрагасы болуп турганда ал менин жардамчым эле. Ал НАНСМИТ уюмуна "Жавонони Точикистон" ("Тажикстан жаштары") гезитинен келген. Ал өзүн аналитикада да сынап көргөн. Анын макалалары жергиликтүү маалымат каражаттарында гана эмес, Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) булактарында да жарыяланган. Ал фактчекингди жакшы билген, ар дайым жалган маалымат менен күрөшүүгө аракет кылган, эл аралык журналистиканын стандарттарын карманган жана пикирлердин тең салмактуулугун сактап материалдарды даярдачу", - дейт Каршибоев.
Рухшонанын атын атагысы келбеген дагы бир кесиптеши: "Ага ар дайым ишенүүгө болор эле. Куугунтуктан корккон айрым журналисттерден айырмаланып, ар кандай темада, анын ичинен саясий темада кызматташууга дайым даяр болчу", - дейт.
Kесиптештери Рухшона Тажикстандагы журналистиканын келечегине дайыма кабатырлыгын билдиргенин жашырышпайт. 2022-жылы бир нече журналист жана блогерлер соттолгондо, ал четте турбай, социалдык тармактарда аларды колдоо үчүн билдирүүлөрдү жарыялаган.
Ошондой эле тажик журналисттин жакындары ал кесипкөйлүгү үчүн куугунтукка кабылган күндө да көңүлү чөкпөгөнүн айтышат.
"Бир нече жыл мурун ал басылмалардын бирине араб тилин үйрөнүү борборлорунун жабылышы тууралуу макала жазганда, ага атайын кызматтардан телефон чалып, бул маселени ММКда көтөрүүнү ким тапшырганын сурап, жарыялангандан кийин түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Аны баары биринчи кезекте Шокиржондун (Шокиржон Хакимовдун – ред.) карындашы катары тааныйт. Бийлик анын үй-бүлөсүнө басым жасайт эле", - дейт Хакимованын кесиптеши.
#Ярухшона
ЖМКларда ага тагылган айып жарыялангандан кийин Рухшонанын көп достору, тааныштары аны менен байланышты үзгөн.
Бийлик анын батир алуу максатында чогултуп жүргөн 300 000 сомони (30 000 долларга жакын) акчасы бар банк эсебин жаап салган.
Сот жараяны жабык өткөндүктөн, прокурордун Рухшонаны 17 жылга эркинен ажыратууну сураганы гана белгилүү.
Өкүмдү чыгарган Тажикстандын Жогорку Сотунун төрагасынын биринчи орун басары Шавкат Лутфуллозода 13-февралдагы маалымат жыйынында "мамлекеттик чыккынчылык" боюнча беренеде жаза мөөнөтүн жеңилдетүү каралбаганын билдирди. Журналисттердин "Хакимова эмне үчүн сурамжылоо жүргүзгөндүгү үчүн гана кармалып, соттолду" деген суроосуна Лутфуллозода купуялуулукка шылтоолоп, айыптын чоо-жайын айтуудан баш тартты.
"Хюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюму тажик бийлигин Хакимовага козголгон ишти токтотууга чакырган. Уюмдун 29-январдагы билдирүүсүндө журналисттер өз ишмердиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керектиги белгиленет.
Уюмдун Борбор Азия боюнча адиси Сыйнат Султаналиева 5-февралда "Озоди" радиосуна берген маегинде:
"Журналисттер өз ишин аткарганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы керек, бийлик Хакимовага коюлган айыпты алып салып, аны үй камагына чыгарышы керек", - деди.
Султаналиева ошондой эле тажик бийлигин сөз эркиндигин урматтоого жана журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды.
Журналист сегиз жылга кесилгенден кийин адвокат Рухшонанын үй-бүлөсүнө берген жуп сөйкөсү тажик коому үчүн энесинен ажыраган эмчектеги балдардын символу болуп калды. Социалдык тармактарда #ямама #ярухшона хэштегдери менен өнөктүк башталды.
Туугандарынын жана досторунун айтымында, Рухшона өтө баласаак болчу.
"Ал кыздарын абдан жакшы көрөт, дайыма "менин эң сулуу кыздарым бар" деп айтат", - дейт журналисттин апасы Максуда.
"Рухшона абактан, жакындарынын чыккынчылыгынан же колундагы нерселерден ажырап калуудан коркчу эмес. Ал балдарынан ажырап калуудан катуу коркчу", — деп кошумчалайт курсташы.
Апасы камакка алынгандан кийин ымыркайы эмчек издеп, жасалма сүт ичпей атканын, азырынча шорпо ичип атканын таенеси айтты.
Журналисттин жакындары жазасын жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүп, өлкө жетекчилигине кат жазышкан. Ага азырынча жооп келе элек.