"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Дүйнөдө кара майды ташуунун маанилүү коридору - Ормуз кысыгы бөгөттөлүп калганына бир айдан ашты. Жакынкы Чыгышта согуш тутангандан бери глобалдык энергетика сектору кризиске батып, мунай менен газ кымбаттады.
УКМКнын “коррупцияга каршы күрөш” жана эл арасында “кустуруу операциясы” деп таанылган өнөктүгүнөн ондогон ишкерлер жабыр тартканын айтып улам жаңы кайрылуулар чыгууда. Президент Садыр Жапаров УКМКга даттанган ишкерлердин арыздары каралып чыгарын убада кылды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, УКМКнын мурдагы төрагасынын иниси Шаирбек Ташиев жемкорлукка шектелип кармалганы 1-апрелде маалым болду. 18-мартта ИИМ "Кыргызнефтегаздагы" коррупцияга шектүүлөр кармалганын, башка да адамдар аныкталып жатканын билдирген.
Оштогу ишкерлердин чуусу президент Жапаровго чейин жетти. Ишкерлер айлап карызын алалбай, айрымдарынын иши токтоп калганына даттанышты. Ал ортодо турак-жайы бузулган жарандар кенемте талап кылып, мэриянын эшигин каккылап жүрүшөт. Миңдеген жаранга кенемтени ким төлөйт?
“Аю холдингин” негиздеген ишкер, Лондондо жүргөн Шаршенбек Абдыкеримовдун социалдык тармактарда жазган билдирүүлөрү кызуу талкууда. Ал жылдар бою түптөгөн бизнесинен кантип заматта кол жууп калганын, саясатка кантип аралашканын жазган.
Эмне себептен АКШ менен Иран ондогон жылдардан бери касташып келатат? Эксперттер куралдуу жаңжалдын жайылып кетүү коркунучун эскертүүдө. Согуштун экономикалык кесепеттери, качкындардын агымы өңдүү көйгөйлөр дүйнөгө, Борбор Азияга кандай таасир этиши мүмкүн?
Кыргызстандын акыркы беш жылдык тарыхында президент Садыр Жапаров менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди бөлүп кароого болбойт. Февралда саясий тандем ыдырап, Жапаров досу Ташиевди кызматтан алып, депутаттар биринин артынан бири мандатын тапшырып, министрлер, мэрлер жумуштан кетти.
Социалдык тармактарда тараган аудиодо аты аталган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын мурдагы башчысы, учурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызматтан кетти. Азырынча андай чечимдин себеби айтыла элек.
Орусиянын Камчатка жарым аралында эки метрден ашуун кар түшүп, үйлөрдүн экинчи кабатына чейин жетти. Петропавловск-Камчатский шаарында абал оор, чатырдан түшкөн кар эки адамды басып калды.
WhatsApp тайпаларда уландарды бирөө кемсинтип, ар кандай ыкма менен коркутуп жаткан видео тарады. Өспүрүмдөр мазакталып, видеого тартылган фактыны Бишкектин Свердлов райондук милициясы атайын журналга каттап, териштирүү жүргүзүүдө. "Азаттык" үрөй учурган окуяга тушуккан балдарга жолугуп келди.
Бишкекте дарыгер Айгүл Зибированын жакындары анын өлүмүндө күмөндүү жагдайлар бар экенин билдиришти. Алардын айтымында, Айгүл көз жумган маалда мурдагы жигити жанында болгон. Дарыгердин өлүмүнүн себеби катары асфиксия деген корутунду чыгарылган.
2025-жылда Жогорку Кеңештин депутаттары тарыхта биринчи ирет өзүн-өзү таратып, жаңы мыйзам менен кайра шайланып келишти. Бийликтин дарегине сын айткандарга кылмыш иши козголуп, камакка алуулар катталды. Узап бараткан жылдагы саясий тенденцияга сереп салабыз.
Бул жолку шайлоо Кыргызстандын эгемен тарыхындагы эң каражат көп коротулган парламенттик шайлоо болуп калды. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер үгүткө 1,5 млрд сом сарптаганын билдирди. Бирок айрым серепчилер каражаттар мындан бир нече эсе көп чачылганын айтышууда.
Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгып, парламентке кимдер депутат болуп келери дээрлик белгилүү болуп калды. “Азаттык” мандат ала турган 90 эл өкүлүнүн өтмүшү тууралуу маалымат даярдады. Ал тапта БШК №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын мыйзам бузуулардан улам жараксыз деп тапты.
Орус президенти Владимир Путинди Бишкекке расмий аткаминерлерден башка, бир нече ишкер-олигархтар коштоп келди. Алар Роман Абрамович, Муса Бажаев, “Промсвязьбанктын” башчысы Петр Фрадков жана башкалар. Бул үч адам тең эл аралык санкцияларга кириптер болгон, чуулгандуу ишкерлер.
АКШ менен Борбор Азия алакасында “жаңы доор” башталдыбы? Ак үйдө президент Трамп Борбор Азиянын беш лидери менен жолукту. Саммитте чөлкөмдүн айрым өлкөлөрү менен миллиарддаган доллар келишимдер түзүлдү. Трамп менен Жапаровдун бетме-бет кездешкени кыргыз-америка алакасынын өнүгүшүнө өбөлгө болобу?
2020-жылкы Октябрь окуяларына быйыл беш жыл болду. Анда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык ири митингдерге айланып, соңу бийлик алмашуу менен аяктаган. Иш жүзүндө өлкөдө үчүнчү ирет төңкөрүш ишке ашкан. Бул аралыкта анын себептери жана сабактары жөнүндө көп талкуулар жүрдү.
Украинада уруш башталган үч жарым жылдан бери Орусияда мигранттардын жашоосу мурдагыдан да оорлошкону баарыбызга белгилүү. Орус жергесинен чыгып кетүүгө аргасыз болгон мигранттардын айрымдары эми Европага карай жол алды. “Азаттык” Сербиядагы кыргызстандыктардын жашоосун көрсөтөт.
10-сентябрдан кийин Орусияда "кара тизмеде" калган кыргыз жарандарын эмне күтөт? Орус бийлиги мигрант балдардын 90 пайыздайын мектепке кабыл алган жок. Ата-энелер эми кайда барат? Кыргыз бийлиги жарандарын коргоо үчүн эмне кылышы керек?
Украинанын Харьков шаарында ракеталык соккудан бир адам набыт болду. АКШ Украина менен Орусия маселесинде чыдамы түгөнүп баратканын ишарат кылды. Кыргыз бийлиги "жергиликтүү банк орус ишканаларына Батыштын санкциясын кыйгап өтүүгө көмөктөштү" деген маалыматты четке какты.
Дагы жүктөңүз