Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:50

Борбор Азия

ишемби 1 Февраль 2025

Календарь
2025-ж., Февраль
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
27 28 29 30 31 1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 1 2
USAID кыргызстандык жеткинчектерге 285 миң китеп тартуулаган.
USAID кыргызстандык жеткинчектерге 285 миң китеп тартуулаган.

АКШнын президенти Дональд Трамп 20-январда "АКШнын тышкы жардамына кайра баа берүү жана уюштуруу жөнүндө" жарлыкка кол коюп, тышкы каржылоону 90 күнгө токтотуу чечимин кабыл алган. Бул жарлыктын Кыргызстанга кандай таасири бар? Кыргызстандыктар АКШдан кандай жардам алат?

Трамптын жарлыгы, токтогон долбоорлор

Таласта бир топ жылдан бери жаштар менен иштеген коомдук уюмдун жетекчиси Бектур Медетов учурда ал иштешип жаткан долбоорлор токтотулганы тууралуу кат алган. Ал долбоорлор аркылуу аймактагы коомдук уюмдарга жана муниципалдык ишканаларга жардам берип келген.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жардамы менен ишке ашып жаткан долбоор убактылуу токтоп калганына ал тынчсызданып жатат:

Бектур Медетов
Бектур Медетов

"Эки долбоор бар болчу, экөө тең Трамптын жарлыгынын негизинде үч айга токтоду. Келишим үзүлдү. Алардын бирөө коммерциялык эмес уюмдарга юридикалык маселелер, салык саясаты боюнча кеңеш берүү болчу. Экинчиси Кара-Буура айыл өкмөтүнө карашуу айылдардын таштандысын чыгарууну уюштурууга көмөктөшүү болчу. Мага ошол жарлыктын негизинде келишимдер токтотуларын айтышты. Эми уланабы же уланбайбы, белгисиз болуп жатат".

20-январда АКШнын ишке жаңы киришкен президенти Дональд Трамп "АКШнын тышкы жардамына кайра баа берүү жана уюштуруу жөнүндө" жарлыгына кол коюп, 90 күн тышкы каржылоону токтотуу чечими кабыл алынган. Ал жарлык кандайча ишке ашары тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Тэмми Брюстун түшүндүрмөсү мекеменин сайтына жарыяланган.

Анда акыркы үч айда чет өлкөгө көрсөтүлүп жаткан каржылоонун натыйжалуулугу жана АКШнын кызыкчылыгына төп келер же келбеси кайра каралып чыгары жазылган.

“Мамлекеттик катчы Марко Рубио айткандай, “биз сарптаган ар бир доллар, каржылаган ар бир программа жана ишке ашырган ар бир саясат үч жөнөкөй суроого жооп бериши керек: Ал Американы дагы коопсуз кылабы? Ал Американы күчтүрөөк кылабы? Американын бакубаттуулугун арттырабы?”, - деп айтылат Тэмми Брюстун 26-январдагы билдирүүсүндө.

Быйыл Кыргызстанга канча каражат каралган?

АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтындагы маалыматка таянсак, 2025-жылы Кыргызстан үчүн жалпысынан 39,6 миллион доллар суралганы жазылып турат.

Ал сумманын негизги бөлүгү болгон 24,3 миллион долларды Европага, Евразияга жана Борбор Азияга жардам программасынын алкагында берүү пландалып жаткан.

Бул каражатты экономиканы өнүктүрүүгө, билим берүү жана социалдык кызмат сапатын жакшыртууга, демократияны бекемдөөгө, адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого жумшоо мерчемделген.

Ошондой эле Глобалдык саламаттык сактоо программасы аркылуу 12 миллион доллар бөлүнөрү, анын 6 миллион доллары кургак учук илдетине каршы күрөшүүгө, 6 миллион доллары инфекциялык ооруларды алдын алууга суралган.

Ал эми калган каражат коопсуздукту камсыз кылууга, терроризмге жана маңзаттын жайылышына каршы күрөшүүгө коротулары жазылган.

Медицинага жардам

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева Кыргызстандын медицина тармагына АКШнын жардамы чоң экенин айтып, ал өлкө каржылаган долбоорлор боюнча маселе жарала электигин билдирди:

"Биз азырынча Глобалдык фонддон силерди каржылоону токтоттук деген билдирүү ала элекпиз. Бирок кайсы бир бөлүгү токтоп калабы, азырынча белгисиз. Албетте, көпчүлүк фонддордун акчасын Америка берчү. Биздин долбоор боюнча үч жылга келишим түзүлгөн, алар келет. Андан кийинкисине суроо жаралып калышы ыктымал. Азырынча бизде эч нерсе токтой элек. Акыркы жылдары АКШнын USAID уюмунун кургак учукка каршы күрөшүүгө багыттылган долбоорлору көп болчу".

USAID агенттиги Кыргызстанга берген медицина каражаттарын кабыл алуу учуру. 11.03.2020
USAID агенттиги Кыргызстанга берген медицина каражаттарын кабыл алуу учуру. 11.03.2020

Саламаттык сактоо жаатындагы эксперт Айбар Султангазиевдин айтымында, аталган эл аралык уюм ВИЧти алдын алууга жана кургак учукка каршы күрөшүүгө көп каражат бөлүп келди. Ал соңку жагдай азыр таасирин бербесе да мамлекет өзү каржылоого даяр болушу керек деп эсептейт:

Айбар Султангазиев
Айбар Султангазиев

"Улуттук фтизиатрия борбору, СПИД борбору кыйналып калышы мүмкүн. Анткени аларга кошумча айлык берилчү, бул токтоп калат. Ал жок болгондон кийин ал жактагы дарыгерлер жумуштан кетип калышы мүмкүн. Менин оюмча, бул каражат такыр эле токтоп калышы да мүмкүн. Ошондуктан жетишпеген, сөзсүз керек болгон дарыларды мамлекет караштырып, каражат бөлүшү керек".

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнүн ар кайсы тармактарын өнүктүрүүгө багытталган жүздөгөн долбоорлорду ишке ашырып келет. Уюм 1992-жылдан бери өлкөнүн өнүгүшү үчүн жалпысынан 600 миллион доллардан ашуун жардам көрсөткөн.

Аталган уюм Кыргызстандын айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу жаатында ар түрдүү долбоорлорду жана программаларды ишке ашырып, көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн колдоп келет.

Айыл чарбага таасири кандай?

Мурдагы айыл чарба министри, "Мөмө" ассоциациясынын башчысы Тилек Токтогазиев АКШ бийлигинин соңку чечими анын жазгы талаа жумуштарына кедергисин тийгизип жатканын айтууда.

Тилек Токтогазиев
Тилек Токтогазиев

"Мөмө" ассоциациябыз менен USAIDдин программалары бар эле, анын бүт баары жазгы жумуштарга байланыштуу эле, азыркы мезгилге өтө маанилүү болчу. Азыр ал жактан каражат токтоп калганы жазгы иштерге чоң коркунуч салып турат. Өзгөчө үрөн, жаңы технология алуу жагынан коркунуч болуп турат. Бул үч айдан кийин кайра баштаса ага деле ыраазы болобуз, бирок негизги мезгилди өткөрүп жиберип жатабыз".

Кыргызстанда USAID уюмунан сырткары АКШнын Улуттук демократиялык институт (NDI) жана Эл аралык республикалык институт (IRI) уюмдары да иштейт. Алар негизинен демократиялык баалуулуктарды жайылтууга, мамлекеттик органдардын эффективдүү иш алып барышына көмөктөшүп келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев аталган уюмдар өлкөдө парламентаризмдин түптөлүшүнө салымы зор экенин айтууда:

Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

"Эл аралык уюмдардын Кыргызстанга жардамы эгемендик алган жылдардан бери көп болду. Мисалы, ошол эле USAID айыл чарба тармагына тамчылатып сугаруудан баштап, саламаттыкты сактоо тармагында ооруканалардагы дары-дармек сактаган муздаткычтарды USAID сыяктуу уюмдар алып берген. Ошондой эле миграция тармагына көп каражат салып, өкмөттөн кетчү каражаттын бир топ бөлүгүн көтөрүп берген учурлар болду. Ал үчүн кыргыз өкмөтү рахмат айтышы керек деп ойлойм".

Маданият жана билим берүү

АКШнын USAID эл аралык өнүктүрүү агенттиги соңку жылдары эл аралык Интерньюс уюму менен биргеликте өлкөнүн маданият жана журналистика тармагына да көңүл бөлүүдө.

Маселен, аймактагы журналисттерди окутуп, заман талабындагы көндүмдөрдү үйрөтүүдө. Мындан сырткары, улуттук "Манас" театры менен иштеп, "Билим айтыш" долбоорун негиздеген.

Нурбек Талантбек уулу
Нурбек Талантбек уулу

"Жаңы сунуштап жаткан долбоорлор токтоп калды. 90 күндөн кийин билинет деп жатат. Негизи мен үч уктасам да USAID, Интерньюс уюмдары маданиятка, Манаска, айтышка көңүл бурат деп ойлогон эмесмин. Американын саясатын ырда, муну кыл деген бир дагы сөз болгон жок. Тең ата сүйлөшүп, учурда биз утушта баратабыз. Бизге аябай чоң пайда алып келди. Көп жардам беришти. Уч жылдын жүзү болду иштешип жатканыбызга", - деди "Манас" театрынын жетекчиси Нурбек Талантбек уулу.

"Билим айтыш": Төкмөлөр тил маселесин көтөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:13 0:00

Ошондой эле аталган уюмдун “Окуу керемет!” долбоору Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып келет. Өлкөдөгү жалпы мектептердин 75% камтыган долбоордун максаты башталгыч класстарда окууну жана математиканы окутуу сапатын жогорулатуу болуп саналат.

АКШнын USAID уюму да, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да соңку чектөөлөр боюнча коомчулукка расмий билдирүү тарата элек.

"Биз суранган жерге жардам берсе"

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШ бийлигинин соңку кадамын кубаттай турганын айтууда. Анын пикиринде, айрым программалар эскирип, актуалдуулугу жоголгон.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

"Албетте, эл аралык уюмдарга баарына ыраазыбыз. Алардын кызматташуусун, жаңы технологияларды, ыкмаларды, жолдорду көрсөтүп жатканын ыраазычылык менен кабыл алабыз. Учурда USAIDдин программалары токтотулуп турса, муну да түшүнүү менен кабыл алабыз, керек болсо колдойбуз. Анткени бизде дагы кандайдыр бир пикирибиз бар. Бир канча программа 30 жыл мурун актуалдуу болсо, азыр жок. Мындан ары улуттук мамлекет, өкмөт, өзүбүз бул жерден жардам бериңиз деп сурансак, ошол жерге жардам берсе, а калганына киришпей койсо болот эле".

АКШнын эл аралык жардам сайтындагы маалыматка караганда, 2024-жылы АКШ Кыргызстанга 38,4 миллион доллар бөлгөн.

Кошмо Штаттарда кабыл алынган соңку чечимдер “болочокто андай жардам биротоло токтойт” дегенди билдирбейт.

АКШнын президенти Дональд Трамптын жарлыгында жазылгандай, эгер кайсы бир жардам программасынын Американын тышкы саясатына канчалык шайкеш келери каралып бүтсө, ал программа 90 күнгө жетпей деле кайра калыбына келиши мүмкүн. Ал эми болочоктогу жаңы жардам программаларына Мамлекеттик департаменттин же ал дайындаган мекеменин макулдугу талап кылынат.

Мындан тышкары мамлекеттик катчы Марко Рубио адам өмүрүн чукул сактап калуу багытында иш алып барган гуманитардык программаларга долбоорлорун убактылуу улантууга уруксат берген.

Mектеп окуучулары Бишкектин Жеңиш аянтында "Манас" эпосун айтууда. 15-май, 2023-жыл.
Mектеп окуучулары Бишкектин Жеңиш аянтында "Манас" эпосун айтууда. 15-май, 2023-жыл.

Борбор Азия өлкөлөрүндө түпкүлүктүү элдин -ов, -ова деген мүчөлөр жалганган фамилияларындагы орус тилине мүнөздүү мындай суффикстерден арылуу жараяны бир нече жылдан бери уланып келет. Бирок тескери көрүнүш да байкалууда. "Азаттык Азия" редакциясы чөлкөмдөгү жагдайдын чоо-жайын изилдеди.

Өзбекстан

"Биз өз тамырыбызды таанымайынча жана улуттук сыймыкты сезмейинче эч качан өнүкпөйбүз", - деген эле 2020-жылы Өзбекстандын Журналистика жана массалык коммуникация университетинин ректору. Ал мындай жүйө менен атын Шерзод Тажиддинович Кудратхожаевдан Шерзодхон Тожиддинхон угли Кудратхожага өзгөрткөн.

Советтер Союзунун курамындагы башка өлкөлөрдөгүдөй эле Өзбекстанда да ысымдардын салттуу жазылышына кайтуу тенденциясы өлкө 1991-жылы эгемендик алгандан кийин башталган.

Самарканддагы Амир Темирдин күмбөзү. Өзбекстан, 29-ноябрь, 2019-жыл.
Самарканддагы Амир Темирдин күмбөзү. Өзбекстан, 29-ноябрь, 2019-жыл.

1995-жылы кабыл алынган "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамга ылайык, "Өзбекстан Республикасында жашаган жарандар улутуна карабастан өз атын, атасынын атын, фамилиясын улуттук жана тарыхый салттарга ылайык жазууга укуктуу".

Бул тартип Министрлер кабинетинин токтому менен жөнгө салынат. Документке ылайык, фамилияны өзгөртүүгө башка себептер менен катар соттун чечими, аты-жөнүнүн "кулакка жагымсыз" угулушу же "улутуна шайкеш келбегендиги" себеп болушу мүмкүн.

Токтомго ылайык, аты-жөнүн өзгөртүүнү каалаган жаран документтердин толук топтомун чогултуп, Жарандык абалдын актыларын катоо органдарына (ЗАГС) кайрылып, 340 миңден 680 миң сумга чейин (болжол менен 26-52 доллар) мамлекеттик алым (пошлина) төлөшү керек.

Бул жол-жобо салыштырмалуу жөнөкөй көрүнгөнү менен, тагыраагы, кагаз жүзүндө ушундай болсо да, байкоочулар Өзбекстанда фамилияны жапырт өзгөртүү жок экенин айтууда. Бул тенденция көбүнчө жаңы төрөлгөн балдарга ат коюуда колдонулуп жатат. Өзбектер адатта атасынын атын коштоп "-вич" жана "-овна" дегендин ордуна "угли" жана "кизи", башкача айтканда "уулу" жана "кызы" деп көрсөтөт.

Ысымдардын орусташуусунан арылууга жогорку кызматта отургандар деле анча ынтызар эмес (бул тенденция Тажикстандан башка бардык Борбор Азия өлкөлөрүнө мүнөздүү). Алсак, өкмөткө жакын (ал мурдагы президент Ислам Каримовдун, биринчи премьер-министр, андан кийин президент болгон Шавкат Мирзиёевдин басма сөз кызматында иштеген), Өзбекстандагы жогорку окуу жайлардын биринин ректору Шерзодхон Кудратхожа өзүнүн ысымындагы орусча суффикстен арылууну чечкен саналуу аткаминерлердин бири гана.

Ташкент, Өзбекстан. Архив.
Ташкент, Өзбекстан. Архив.

Ташкенттик блогер Сардор Салим Өзбекстанда бул маселеде дагы эле көп бюрократиялык жана убаракерчилик бар деген пикирде. Ошондуктан ал документтерде өзү Салимов бойдон калып, балдарынын атын жаңы үлгүдө жаздырган.

Блогердин айтымында, ысымдарды орусчадан арылтуу процесси "жарандык улутчулдук" менен тыгыз байланышта. Өзбекстанда бул идеяны негизинен "светтик интеллигенция" колдойт жана, Сардор Салимдин ою боюнча, алар азчылыкты түзөт.

"Өлкөдө жарандык улутчулдук зарыл деңгээлге көтөрүлө албай, 1990-жылдары токтоп калган. Калктын басымдуу бөлүгү динге жакын", - дейт Салим. Ал ошондой эле диний көз караш сөзсүз түрдө улуттук өзгөчөлүккө кайтуу дегенди билдирбейт деген пикирин айтты.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Илхамовдун айтымында, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөй эле Өзбекстанда да ата-тегине кайтуу тенденциясы соңку жылдары, айрыкча Орусиянын Украинадагы согушунан кийин күчөгөн. Изилдөөчү бул согуш постсоветтик мейкиндикте деколонизация процессин күчөттү деп эсептейт. Муну менен катар ал мындай өзгөрүү "уруулук өзгөчөлүк" эң көп сакталган өлкөлөрдө байкалат деди.

"Өзбекстандын аймагында болгон шаар цивилизациясы улуттук өзгөчөлүктү олуттуу түрдө жок кылууда", - деди Илхамов.

Казакстан

Казакстанда эгемендиктин алгачкы жылдарында фамилияны өзгөртүү кеңири жайылганын президенттин 1996-жылдын 2-апрелиндеги "Этникалык казак жарандарынын фамилиясын жана атасынын атын каттоого байланышкан маселелерди чечүү тартиби жөнүндө" жарлыгы жарым-жартылай далилдейт.

Жарлыкта бул документ "Казакстандын жарандарынын фамилиясын жана атасынын атын казак тилинде жазуу тажрыйбасын казак элинин калыптанган тарыхый салттарына шайкеш келтирүү боюнча көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен" кабыл алынганы айтылат.

Алтыбакан тепкен балдар. Чымкент, 25-март, 2015-жыл.
Алтыбакан тепкен балдар. Чымкент, 25-март, 2015-жыл.

Жарлыкта "улуту казак жарандар казак тилине мүнөздүү эмес аффикстерди алып салуу жолу менен фамилиясынын жана атасынын атынын жазылышын өзгөртүүгө укуктуу, бирок фамилиясы менен атасынын атынын түпкү негизи сакталышы керек" деп айтылат.

Казакстандык актёр Бауыржан Мухамедулы Советтер Союзу тарагандан кийин жарандарга акырындык менен казак тилинде документ алууга мүмкүнчүлүк бериле баштаганда атасынын атына катталып алган. Ал Совет өкмөтү таңуулаган эрежелерден кутулууга шашылганын жашырбайт.

"Орустарда да мындай эреже болгон эмес. Алардын фамилиялары кесипке же үй-бүлө башчысына байланыштуу. Мисалы, Федоров болсо, чоң атасынын аты Федор. Мындай акылсыздык Советтер Союзунда гана болгон", - дейт Мухамедулы.

Мындай пикирди казакстандык журналист, PR адис, Казакстан Журналисттер союзунун мүчөсү Газиза Узак да колдойт. Анын айтымында, Совет бийлигинин тушунда сырттан таңууланган жоболордун максаты "улут менен тилди бир идеологиянын астында бириктирүү" болгон.

"Негизи бул да ассимиляциянын бир бөлүгү болгон. Ал кезде документ берилгенде фамилиялар кандай жазылганын баарыбыз билебиз. Казактардын фамилиясы ар дайым алардын ата-теги же уруусу ким экенин, мисалы [муундар ортосундагы] терең байланышты көрсөтүп турган. Бирок алардын баарына автоматтык түрдө орусча суффикс кошулгандан кийин түпкү мааниси өзгөргөн", - дейт Газиза Узак.

Ал казак жазуучусу, Экинчи дүйнөлүк согуштун баатыры Бауыржан Момышулынын позициясынан шыктанганын айтат. Узактын айтымында, Совет доорунда баатырдын фамилиясын "Момышев" деп өзгөртүү аракети бир нече жолу болгон, бирок Бауыржан Момышулы буга жол берген эмес.

Газиза өзү 2012-жылы фамилиясындагы "-ова" суффиксин алдырып салган.

Бауыржан Момышулы (оңдо) жана жазуучу Мухтар Ауэзов.
Бауыржан Момышулы (оңдо) жана жазуучу Мухтар Ауэзов.

"Мен казак элинин тарыхын сыйлаган, салт-санаасын баалап, казактын үрп-адатын карманган үй-бүлөдө төрөлүп-өскөм. Ошондуктан фамилиямды өзгөртүү идеясы бир топ убакыт мурда эле пайда болгон. Орус тилинде "Ғ" тамгасы жок болгондуктан мен кичине кезимден эле атымды туура эмес айтканын угуп чоңойгом. Эгерде тамгага басым туура эмес коюлса, жөндөлүшү туура эмес айтылса көңүлүмө тиет эле. Атамдын атасынын атын да болушунча өзгөртүп айтышчу. Мунун баары мага катуу тийчү", - дейт Газиза.

Казак журналисттин айтымында, фамилиясын өзгөртүү өзгөчө кыйынчылык жараткан эмес.

"Калкты тейлөө борборуна кайрылгам, алар тез эле баарын өзгөртүп салышты. Жакшы жери, буга чейин жазылган башка документтерди өзгөртүүнүн кереги жок экен", — деди ал.

Газиза Узак казак ысымдарына жана фамилияларына кайтуу тенденциясы азыркы казак коомунда даана байкалып жатканын белгилейт.

"Улуттук аң-сезимдин ойгонушун көргөндө сыймыктанасың. Жаштар өзүнүн түпкү тегине кайтып келүүдө, бул жөн эле документ алмаштыруу эмес. Бул тамырыбыз менен байланышыбызды үзбөгөнүбүздү көрсөтүүнүн жолу. Бул биздин тамырыбызды, тарыхыбызды, тилибизди унутпай турганыбызды көрсөтүүнүн бир далили", - деди Газиза Узак.

Кыргызстан

Кыргызстанда улуттук түп-тамырга кайтуу темасы жакында парламент төрагасы фамилиясын өзгөрткөндө кызуу талкуулана баштады. Нурланбек Шакиев мындан ары Нурланбек Тургунбек уулу экенин жар салды.

Фейсбук баракчасында "Мен Тургунбектин уулумун, кыргыздын уулумун!" деп жазган саясатчы фамилиясын өзгөртүүнү көптөн бери кыялданып жүргөнүн айтты. Төрага мындай чечимдин себебин элдин каада-салтын, улуттук өзгөчөлүгүн сактоо аракети деп түшүндүрдү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча күч сынашып жаткан улуттук курама команданы кыргызстандык күйөрмандар колдоп жатышат. Астана, 9-сентябрь, 2024-жыл.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча күч сынашып жаткан улуттук курама команданы кыргызстандык күйөрмандар колдоп жатышат. Астана, 9-сентябрь, 2024-жыл.

Чехияда билим алып жаткан кыргызстандык студент Салима Капар да дал ушундай кыял менен жашаганын айтат. Ал 2021-жылга чейин Жетыбаева деген фамилия менен жүрүп, кийин атасынын атын алган.

"Кичинекей кезибизде "Сен кимдин кызысың?" деген суроону көп укчубуз. "Мен Капардын кызымын" деп жооп берчүмүн. Эл мени жана үй-бүлөмдү атам аркылуу билчү. Бирок менин фамилиям Жетыбаева болчу. Көбүнчө фамилиямды туура эмес жазып же туура эмес айтышчу. Аябай ачуум келет эле. Аты-жөнүбүздү кайра калыбына келтирүү – бул иденттүүлүгүбүздү сактап калууга карай маанилүү кадам", - дейт Салима Капар.

"Азаттык Азия" редакциясынын журналисттери маектешкен кыргызстандыктар өлкөдө фамилияны өзгөртүү жараяны абдан жөнөкөй экенин айтышты. Документтерди алмаштыруу үчүн Калкты тейлөө борборуна бир-эки жолу гана баруу керек. Жарандар арыз калтырууга, андан кийин жаңы паспорт жана фамилияны өзгөртүү тууралуу күбөлүк алууга барат.

Мындан тышкары, келечекте кыргызстандыктар өз фамилиясын, атасынын атын улуттук өзгөчөлүгүнө жараша жазууга мүмкүнчүлүктөрү кеңейиши мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү.

Деген менен Кыргызстанда парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, студент Салима Капар сыяктуу аты-жөнүн алмаштыгандар көп эмес. Статистикалык маалыматтарга караганда, өлкөдө аты-жөнүн, фамилиясын кайра орусташтыруу процесси байкалууда.

Фамилия алмаштыруу менен алектенген "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 2024-жылы 198 эркек жана 125 аял -ов жана -ев деген суффикстерди фамилиясынан алдырган. Ал эми фамилиясына бул суффиксти кошкондор алда канча көп: 3 миңден ашык. Бул көрүнүш тенденцияга айланып баратат. 2022 жана 2023-жылдары 870 киши фамилиясын улуттук негизде өзгөртсө, -ов(а) жана -ев(а) деп өзгөрткөндөр болжол менен 12 000ди түздү.

Байкоочулар муну кыргыз жарандарынын 2000-жылдары башталган Орусияга массалык миграциясы менен байланыштырууда. Орусияга акча табуу үчүн барган кыргызстандыктардын айтымында, ал өлкөдөгү мамлекеттик кызматкерлер үчүн "уулу", "кызы" деген терминдерди түшүнүү кыйын.

Ысык-Көл облусу, Кыргызстан, 25-октябрь, 2015-жыл.
Ысык-Көл облусу, Кыргызстан, 25-октябрь, 2015-жыл.

Кайрат "чет өлкөдө көйгөй болбош үчүн" деп фамилиясын өзгөрткөн кыргызстандыктардын бири. Ал башында Замирбек уулу болуп, бирок 2008-жылы фамилиясын Замирбеков деп өзгөртүп алган.

"Мен 9-классты аяктаганда фамилиябызды алмаштырууга мүмкүнчүлүк болгон. Ал кезде биздин класста кандайдыр бир мода бар эле, "уулунун" баары "-ов", "кызы" болгондор "-ова" болуп алган. Туугандарым, ата-энемдин баары чет өлкөгө чыксам паспортумда маселе жаралат дешти. Мектепте окуп жүргөндө бул нерселерди түшүнбөйсүң. Мен шаарды кой, райондун борборуна барып көргөн эмесмин. Баары чет өлкөгө паспорт алууда кыйынчылык жаратарын, кайсынысы фамилия, кайсынысы атым экени түшүнүксүз болорун айтышты. Ошондуктан өзгөрттүм", - деди Кайрат.

Тажикстан

Ушундай эле жагдай Борбор Азиянын дагы бир өлкөсү Тажикстанда да байкалат. Бул өлкөнүн жарандары да Орусияга иш издеп көп катташат.

Фамилиясы менен атасынын атын улуттук принциптерге ылайык жазуу тажрыйбасы 2007-жылы өлкөнүн президенти Эмомали Шарипович Рахмонов аты-жөнүн Эмомали Рахмон кылып өзгөрткөндөн кийин кеңири жайыла баштаган.

Курман айт намазы. Худжанд, Тажикстан, 15-июнь, 2024-жыл.
Курман айт намазы. Худжанд, Тажикстан, 15-июнь, 2024-жыл.

Көптөгөн тажик аткаминерлер президенттен үлгү алып, кийин муну карапайым жарандар улантышкан.

Алардын арасында мурдагы башкы прокурор Юсуф Рахмон (мурдагы Рахмонов), тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи (мурдагы Хамрохон Зарипов), юстиция министри Рустам Шохмурод (мурдагы Менглиев), Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин директору Абдуфаттохи Гоибтохит (мурдагы Саидов Фаттох Гоибович) бар. Мындай мисалдарды өкмөт мүчөлөрүнүн арасынан көп кездештирүүгө болот.

Бирок Кыргызстандагыдай эле, коңшу Тажикстанда да бул жараян тескери өнүгө баштаган. Орусияда каттоодо жана жумуш табууда кыйынчылыкка туш болгондон кийин чет өлкөгө иштегени кеткен тажик мигранттарынын көбү фамилиясын жана атасынын атын орусча жазууга өтүп кетишкен.

Орусия полициясы соода борборунда иштеген мигранттардын документтерин текшерүүдө. Новосибирск, 15-октябрь, 2024-жыл.
Орусия полициясы соода борборунда иштеген мигранттардын документтерин текшерүүдө. Новосибирск, 15-октябрь, 2024-жыл.

2014-жылы Тажикстандын башкы прокурору жаштардын басымдуу бөлүгү фамилиясын жана атасынын атын кайрадан орус тилинде жаздыра баштаганына тынчсыздануусун билдирген. Прокурор муну билим берүү тармагынын туура эмес иштеши менен байланыштырып, жаштардын мындай тандоосун "аң-сезимдин жана патриоттуулук сезимдин төмөндүгү" менен байланыштырган.

Тажик өкмөтү бул көрүнүш менен мамлекеттик деңгээлде күрөшө турган болду.

2020-жылы Тажикстанда аты-жөнүн жазууда орусча "-ов/-ова" жана "-вич/-овна" деген кошумчаларды колдонууга тыюу салган мыйзам киргизилген. Парламент мындай чечимди "улуттук аң-сезимди бекемдөө жана маданий өзгөчөлүктү коргоо" үчүн кабыл алганын билдирген. Ошондон бери Тажикстанда төрөлгөн ымыркайдын атына сөзсүз түрдө туулган жерин же улутун көрсөткөн "зод", "зода", "он", "ён", "пурдухт" жана "фар" деген тажик аффикстери коюла баштаган.

"Азаттык Азиянын" кабарчылары Болот Көлбаев менен Багдат Камашев даярдаган макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG