
Соңку жылдары орусиялык "Яндекс" компаниясы Борбор Азиянын дээрлик бардык өлкөлөрүндө такси рыногунда монополистке айланды. Кыргызстанда, Казакстанда же Өзбекстанда ал тармакта реалдуу атаандаштык жок. Бирок компания коңшу Тажикстандын рыногун багындыра алган жок. Кеп маркетинг маселесинде эмес.
"Орусиялык инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылуу"
2017-жылы Бишкектин тургундарына бир-эки апта болсо да машинасы люкс, бирок тарифи эконом такси кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилген эле. Орусиянын "Яндекс.Такси" компаниясы Кыргызстандын жүргүнчү ташуу рыногуна ошондой "кычыраган шаан-шөкөт" менен кирген.
Бүгүнкү күндө ал Кыргызстанда жүргүнчү, жүк ташуу жана тамак-аш жеткирүү боюнча үстөмдүк кылган компания гана эмес, саясий, болгондо да эң жогорку деңгээлдеги талкуунун чордонуна айланды.
31-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолукканда Кыргызстанды "Киргизия" деп атаган Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин "орусиялык компанияга" кысым көрсөтүлүп жатканын айткан. Жолугушуу Алматыда Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйыны алкагында өткөн. Орус өкмөтүнүн башчысы компанияга коюлган дооматтарды негизсиз деп атаган.
"Мыйзамсыз, кээде опузалоо болгон конкреттүү фактылар Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык нотасында белгиленди. Кыргызстандын жетекчилиги биздин компанияларга административдик басымды токтотушун, орусиялык инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздашын сурайбыз", - деген Мишустин.
Ал "Яндекс.Таксини" ачык атабаса да, коомчулук кайсы компания тууралуу сөз болуп жатканын дароо түшүнгөн.
Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Мишустиндин айтканына байланыштуу буларды белгилеген:
“"Яндекс" Кыргызстанда таксинин пайызын эбегейсиз көтөрүп алганын, монополист болгонун, ошол эле учурда такси айдоочуларга пайдасы тийбей жатканын айткам. Бирок жыйынтык чыкпай жатканынан Орусияда мурда-кийин чоң кызматтарда жүргөндөрүнүн бизнеси экенин сезгем. Биздин күч органдары “Яндекс” боюнча чара көрө баштаганда, алар орус бийлигине кайрылышкан окшойт деп ойлоп калгам. Биз эгемен өлкөбүз. Алардын айтканын көрсөтмө эмес, сунуш катары кабыл алышыбыз керек. “Яндекс” Кремлге жакын адамдардын бизнеси деп угуп жүргөм, Мишустиндин билдирүүсүнөн кийин буга ишенип калдым. Ошондуктан орус өкмөт башчысынын дооматы 50-60% “Яндекске” тиешелүү деп айта алам”, - деген Акаев.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) былтыр 29-ноябрда ири өлчөмдө салыктан качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу "Яндекс.Такси" ишканасынын жана анын өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү жүргүзгөнүн маалымдаган.
"Монополияны жөнгө салуу кызматы бир нече жолу көргөн чараларга карабастан, "Яндекс. Такси Корп" (компания Кыргызстанда ушундай аталыш менен катталган) жана анын өнөктөштөрү такси айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышкан, буга байланыштуу такси кызматы жасалма түрдө кымбаттап кеткен", - деп айтылган билдирүүдө.
"Яндекс" айтылган айыптарды четке кагып, компания мыйзам чегинде иш жүргүзүп, салыктарды толугу менен төлөп жатканын билдирген.
Тинтүү кандай аяктаганын жана тергөө кайсы баскычта экенин УКМК ошо бойдон кабарлаган эмес. "Яндекстин" басма сөз кызматы "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстандын салык кызматы текшерүү жүргүзүп жатканын жана компания ага бардык керектүү маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк бергенин билдирди.
"Иштөөгө мажбурбуз"
ЯндексGo Кыргызстанда маалымат сервиси жана тиркеме (агрегатор) катары белгилүү. Анын өзүнүн такси паркы, машиналары же айдоочулары жок. Аталган сервис айдоочулар менен кызматташкан жергиликтүү өнөктөштөр менен иштейт.
ЯндексGo жүргүнчүлөргө тиркеме аркылуу такси чакыруу мүмкүнчүлүгүн берет. "Комфорт" тарифи боюнча Бишкекте айдоочу "Яндекске" 17%, такси компаниясына 3% берет. "Эконом", "Минивэн" жана "Бирге" тарифтери үчүн комиссиясы бир пайызга төмөн. Аймактарда болсо бирдиктүү 10% ставка менен иштешет. "Яндекс" компаниясы бул тарифтер эки жылдан бери өзгөрө элек деп ынандырууда.
Ошол эле маалда социалдык тармактардын колдонуучулары өзгөчө суук түшкөндө такси кескин кымбаттап кетерин айтып келишет. Бирок баага айдоочулар да, кардарлар да таасир эте албайт.
"Яндекс" компаниясы "Азаттык Азия" редакциясынын суроосуна жооп кылып, акыркы төлөнчү баага жол кире, бара турган жерге чейинки аралык, жол жүрүү убактысы жана линиядагы бош унаалардын саны таасир этерин билдирди.
"Эгерде такси менен кетүүнү каалагандардын саны айдоочулардын санынан бир топ ашып кетсе, системадагы баа убактылуу жогорулайт, ошондо биз тиркемеде чагылган белгисин көрөбүз. Бул чара бизге көбүрөөк айдоочуларды жумушка тартууга, суроо-талап менен сунушту тең салмактуулукка алып келүүгө жана бааларды нормалдуу деңгээлге кайтарууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат компаниянын жазуу түрүндөгү жообунда.
"Яндекс.Такси.Корп" корпорациясынын кеңсесиндеги былтыркы ноябрдагы тинтүү айдоочулардын топтолуп калган нааразылыгынын сыртка чыгышына түрткү болду. Алардын 50 чактысы митингге чогулуп, сервистин комиссиясын төмөндөтүүнү талап кылышкан.
"Мисалы, айдоочу бир айда 120 миң сом тапса, анын 26 миңин "Яндекске", 4 миңин таксопаркка берет. 30 миң сомун компания алып коюп жатат", - деген акцияга катышкан айдоочулардын бири Анжела Касымова.
Алар өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, "Яндекс" алуучу комиссияны 7% чейин төмөндөтүүнү талап кылышкан. Акцияга чыккандарга компаниянын атынан эч ким жооп берген эмес. Алигиче алынган комиссиянын көлөмү да өзгөргөн жок.
Акыл "Яндексте" сегиз жылдан бери таксист болуп иштейт. Анын айтымында, такси чакыруу жана жеткирүү кызматы - сезондук иш, кышында талап төмөндөп кетет. Бирок Акыл бул таңкыстык быйыл айрыкча сезилип жатканын айтат.
"Тапкан акчабыз кыйла азайды. Aдамдар көбүнчө өз машинасы менен жүрө башташты окшойт. Анын үстүнө таксисттердин саны да көбөйдү. Көбү бөлүп-бөлүп же лизингге кореялык машинелерди сатып алып келишти. Анын баары таксиге чыкты. Атаандаштар көбөйдү. Буга чейин "Комфорттон" күнүнө 4000-4500 сом (45-51 доллар) тапсак, азыр 2500-3000 сом (28-34 доллар) таап калдык", - дейт таксист.
Акыл колдон келсе ишин алмаштыргысы келерин, бирок реалдуу жумуш чыкпай жатканын айтат.
"Биз иштөөгө мажбурбуз", - дейт ал.
Келдим, көрдүм, айласыздан макул болдум
2024-жылы Монополияны жөнгө салуу кызматы ЯндексGo компаниясын Кыргызстандын такси рыногундагы монополист деп атаган. Андан бери компания баш калаадагы жана бир катар аймактардагы бардык атаандаштарын базардан сүрүп чыгарды. Бул кандайча болгонун Баткен облусунун тургундары баамдай алышат, анткени аталган компания ал жакта былтыр гана иштей баштады.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул такси кызматы буга чейин колдонгон ыкмасы менен азыр аталган аймактын да такси базарын багындыруу аракетинде. Азыр Баткенде такси акысы салыштырмалуу аз, болжол менен 50-60 сом. Ал эми айдоочулар бонус алышат. Жергиликтүү такси кызматтары мындай атаандаштыкка туруштук бере албайт.
Кыргызстандык экономист жана ишкер Азамат Аттокуров бийлик "Яндекстин" ишмердигине кийлигишүүсү керектигин белгилейт.
""Яндекс" жырткыч сыяктуу иштейт, бул базар ыкмасы эмес. Борбор Азиянын базарларына киргенде ал 20%-30% демпинг жасап, айдоочуларга чоң бонус берет. Анан эл көнүп калганда бааны көтөрүп салат. Кийин жергиликтүү такси кызматтарын сатып ала башташат. Акырындык менен рынокто монополистке айланат. Монополияга каршы мыйзамдарга алар да баш ийип, комиссиясы катуу чектелип турушу керек. Кар, жамгыр, тыгын сыяктуу себептер менен тарифтерди көтөрүү аларга пайда алып келбеши үчүн бардыгы ачык болушу зарыл. Ал жерде баа ачык-айкын эмес коюлуп, акча таксисттердин эмес, "Яндекстин" чөнтөгүнө түшүп жатат", - дейт Аттокуров.
Бир кезде Бишкекте абал башкача болчу. 2011-жылы "Смарт-Такси" кантип ишке киргизилгени айрымдардын эсинде. Анда деле кардарлар таксини тиркеме аркылуу чакырышчу. Буюртма бир эле убакта 10дон ашык такси кызматына түшүп, кардарга эң жакын айдоочу жөнөтүлүп турган.
Бул долбоордун авторлорунун бири Мурат Калмырзаев. Комиссиядан жакшы киреше тапканын жашырбаган ишкер жүргүнчү ташуу рыногундагы азыркы абал ич жылытарлык эмес экенин айтат.
""Яндекс" бардыгын өзүнүн бренди менен алып чыкты, эми [башка кызматтар] алар үчүн иштөөгө аргасыз. Албетте таксопарктар киреше табышат. Бизде бир аз башкача мамиле болчу. Ар бир таксопаркка алардын өзүнүн бренди менен тиркеме жасадык, бирок система жалпы болчу. Муну менен биз ишканаларды "муунтпай", алардын бири-бири менен атаандашуусуна шарт түздүк. Алардыкындай [Яндекстикиндей] комиссия сыяктуу нерселер түшүбүзгө да кирген эмес. Биз белгилүү бир сумма, бир канча сом эле алчубуз. Бишкектин стандарты менен жакшы акча тапчубуз. Булардын азыр алып жатканы тоноо сыяктуу эле", - дейт Калмырзаев.
Бүгүнкүдөй шартта жергиликтүү компаниялар орусиялык гигант менен теңтайлаша албай турганын айткан ишкердин пикиринде, кандайдыр бир атаандаштыкты түзүү үчүн алар биригип, өз кызматын ишке киргизиши керек.
"Бирок бул абдан кыйын болот. "Яндекс" жөн эле басып коёт. Анткени ал миллиарддар менен иштейт", - деп жыйынтыктады ишкер.
Калмырзаев бизнесин "Яндекс" Кыргызстандын рыногуна кире электе эле сатып жиберген. Социалдык тармактарда "Смарт-Такси" компаниясынын акыркы посту 2018-жылы жазылган.
Өзбекстанда жана Казакстанда да "дээрлик" монополист
Казакстан
Казакстанда "Яндекстин" тарыхы 2009-жылы башталган. Анда ал издөө жана музыка угуу кызматы катары иштеген.
2016-жылы компания кеңири маркетинг өнөктүгүн жүргүзүп, 2020-жылдардын башында жүргүнчү ташуу рыногунда, айрыкча ири шаарларда үстөмдүк кыла баштаган.
Өлкөгө башка да ири эл аралык оюнчулар кирген. Бирок алар "Яндекске" туруштук бере албай же бутуна тура албай ишин токтотушкан.
2014-жылы Казакстандын рыногуна белгилүү эл аралык Uber компаниясы кирген. Үч жылдан кийин анын Орусия, Казакстан, Азербайжан, Армения, Беларус жана Грузия өлкөлөрүндөгү иши "Яндекс.Такси" менен бириккени жарыяланган. Келишимден кийин Uber Казакстандагы ишин жаңы кожоюндун башкаруусунда уланткан.
Казакстандын жолдорунда, өзгөчө чакан шаарларында жергиликтүү такси кызматтарынын машиналарын да көрүүгө болот, бирок алар азыр араң жан багып келет. Социалдык түйүндөрдөн казакстандыктар бул жагдайга нааразылыгын билдирип калганын көрүүгө болот.
"Мен "Яндекс такси" боюнча монополияга каршы кызматка арыз жазгым келет. Tажатты. Сентябрда баа көтөрүлгөн, бирок сапаты такыр эле жакшырбай койду. Акыркы эки жыл ичинде такси кызматынын баасы орточо 1,5-2 эсе өстү. "Яндекстин" атаандаштары такыр жок", - деп жазды алматылык Татьяна соцтармактагы баракчасына.
Казакстандын монополияга каршы мекемеси "Яндекс" боюнча буга чейин чара көргөн. 2023-жылы декабрь айында Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттик текшерүү жүргүзгөндөн кийин компанияны "таксопарктын ишин кассалык аппараттын программалык камсыздоосуна техникалык колдоо кызматтарын таңуулоо жолу менен координациялаган, тийиштүү маалыматты берген эмес" деген негизде административдик жоопко тарткан. Натыйжада "Яндекс.Такси" Казакстандын санариптик экосистеманы колдоо боюнча мамлекеттик фондуна ыктыярдуу түрдө 3 миллиард теңге төлөп берген.
Мындан тышкары, монополияга каршы төмөнкүдөй комплаенс макулдашылган: таксиде жүрүүнүн базалык наркынан эки эсе ашкан буйрутмалар үчүн комиссиядан баш тартуу; айдоочулар үчүн кошумча бонустук программа; тариф түзүүнүн ачыктыгын жогорулатуу; талап көп учурда жол кире наркын төмөндөтүү үчүн жаңы тариф киргизүү жана машина ичине балдар үчүн кресло орнотуу. Суроо-талап өтө күчөгөндө тарифтерди үч эседен ашык жогорулатууга чектөө коюлган.
Өзбекстан
Өзбекстанда да "Яндекс" бир нече жылдын ичинде дээрлик бүт рынокту ээлеп алган – бул сервис 2018-жылы Ташкентте иштей баштаган. Бүгүнкү күндө ал бардык ири шаарларда иштейт.
Өлкөнүн Салык комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылы Өзбекстанда тиркеме аркылуу өз алдынча жүргүнчү ташыган айдоочулардын саны дээрлик жарым миллионго жеткен. Басымдуу көпчүлүк үчүн таксиде иштөө - каражат табуунун кошумча жолу.
Учурда туруктуу иштеген 13 миң (2,6%) таксист бар. Алардын бири ташкенттик 52 жаштагы Мастура. Ал соңку бир нече айдан бери "Яндекс.Таксиде" иштеп жүрөт. Акчалай жардамдашып турган уулу былтыр каза болуп калгандан кийин ал таксиге аргасыздан келген. Тиричилик кылуу үчүн ижарага машина алып, таксист болгон.
Мастура жумуштун катаал шартына нааразы, бирок башка айласы жок экенин айтат.
"Биз, айдоочулар, 20% комиссия төлөйбүз, ал эми иштөө үчүн лицензияны өз каражатыбызга сатып алабыз. Анын баасы жылына 400 000 сум (30 доллар). Экинчиден, артыкчылыктуу зоналар боюнча көйгөйлөр бар. Мисалы, тиркемеде "кызгылт көк" болуп, тарифи жогору көрсөтүлгөн район буюртманы кабыл алгандан кийин "жашыл" болуп калат, ал төмөнкү тариф дегенди билдирет. Бул нааразылык жаратат. Мен шарттардын ачык жана адилетүү болушун каалайм", - дейт Мастура.
2023-жылы Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комитетинин чечими менен ЯндексGo такси базарында "үстөмдүк кылган" компаниялардын тизмесине киргизилген.
Ал кезде аталган такси кызматы жалпы рыноктун 86,3% пайызын ээлеп калган. Ошол эле учурда ондогон жергиликтүү такси кызматтары 15% ашчу эмес.
2023-жылы октябрда Өзбекстандын Салык комитети Голландияда катталган Ridetech International B.V. компаниясынан (ЯндексGo кызматынын өкүлүнөн) Өзбекстанда каттоого турууну талап кылган. Ошол жылы 1-декабрда ЯндексGo "Yandex Go UZ" деген ат менен юридикалык каттодон өткөн.
Салык комитетинин маалыматы боюнча, ЯндексGoнун Өзбекстандагы жалпы кирешеси 2021-2022-жылдары 1,06 триллион сумду (81 миллион доллардан ашык) түзгөн.
Салык комитетинин басма сөз кызматы өткөн жылы ноябрда билдиргендей, 2024-жылдын биринчи он айында "Яндекстин" төлөмдөрүнүн көлөмү 125 миллиард сумду (Борбордук банктын курсу менен 9,75 миллион доллар) түзгөн, буга чейин жылына 100 миллиард сум төлөнөрү божомолдонгон.
Тажикстанда "мыйзамдан тышкары"
Тажикстандын маселеси такыр башкача. Сары-кара түстөгү таксилер коңшу өлкөнүн базарын багындырмак түгүл, кире да алган жок.
2023-жылы февралда компания Тажикстанга кирүү ниетин расмий билдирген. Ошол эле жылы 15-февралда баш калаа Дүйшөмбүдө "Яндекс.Такси" онлайн сервиси иштей баштаган.
Тиркеме тажик, орус жана башка тилдерде болору, "Эконом", "Комфорт", "Комфорт+" тарифтерине жараша жол кире 10 сомониден башталары (бүгүнкү курс боюнча 1 доллардан аз) маалымдалган.
"Яндекс.Таксинин" КМШ боюнча өнүктүрүү директору Кирилл Свинцов компания тажик рыногуна "өлкөдө Интернеттин темпи жогору, жаштары көп, эли инновацияларга жана ыңгайлуу чечимдерге ачык болгондуктан" киргенин айткан.
"Биздин тиркеме онлайн режимде унаанын кыймылын көрсөтөт, сиз сапардын деталдарын көрүп, айдоочу менен байланыша аласыз, досторуңузга же үй-бүлө мүчөлөрүңүзгө такси чакырып бере аласыз. Келечекте бул жерде дагы башка кызматтарды өнүктүрүүнү пландап жатабыз", - деген Свинцов.
Бирок эртеси, 16-февралда Тажикстандын баш калаасында жүргүнчү ташууну уюштурууга жооптуу "Душанбенаклиётхадамотрасон" мамлекеттик ишканасы орусиялык компаниянын "баш калаада иштөөгө уруксаты жок" деп жарыялаган.
Дагы бир күн өткөндөн кийин, 17-февралда Дүйшөмбү шаарынын мэриясы бул онлайн кызматтын иши мыйзамсыз экенин билдирген. Кечке жуук калаанын Жол кайгуул кызматы ЯндексGo менен жүргүнчү ташыган айрым айдоочулар кармалганын кабарлаган. Милиция ошондой эле бул кызмат расмий катталбагандыктан Тажикстанда мыйзамсыз иштей баштаганын белгилеген.
Бир жумадан кийин Тажикстандын Транспорт министрлиги түшүндүрмө берип, ЯндексGo бул өлкөдө диспетчердик кызмат көрсөтүүгө да укугу жок экенин билдирген.
"Формалдык жактан алып караганда, мэрия менен Транспорт министрлигиники туура. Мыйзамга ылайык, бул онлайн кызмат адегенде каттоодон өтүп, бардык процедуралык маселелерди чечип, лицензия алгандан кийин гана ишин башташы керек болчу", - деп билдирди "Азаттыкка" Дүйшөмбү шаарындагы такси кызматтарынын биринин коопсуздук кызматынын башчысы болуп бир нече жыл иштеген, комментарий берүүгө макул болгон, бирок атын атагысы келбеген булак.
Бирок чындыгында, анын айтымында, Тажикстанда көзөмөлдөөчү органдар жүргүнчү ташуу тармагын олуттуу текшербейт деле.
"Мыйзамга толук шайкеш келиш үчүн такси кызматы кадимки таксомотордук ишкана болушу керек. Анын өзүнүн өндүрүштүк базасы, диспетчердик кызматы, медициналык көзөмөлү болушу талап кылынат. Бирок керектүү кишилерге берчүсүн берип, лицензия алып, онлайн тиркеме аркылуу такси кызматын көрсөтүүнү уланта бере аласыз. Машинанын техникалык абалын эч ким текшербейт, медициналык көзөмөл жок. Баары формалдуу түрдө жасалат. Бизде айдоочулар базага үч күндө бир келип, керектүү уруксат кагазын алып, кете беришет. Машинасын өздөрү тейлеп, өз каражатына оңдошот", - дейт такси кызматтарынын биринин мурдагы кызматкери.
Анын пикиринде, ЯндексGo боюнча маселенин негизги себеби башка - өлкөдөгү жүргүнчү ташуу бизнеси менен байланышкан таасирдүү адамдардын жеке кызыкчылыктары болушу мүмкүн.
"Мэрия да, Транспорт министрлиги да [мыйзамдын сакталышына] көңүл бурбайт. Ал эми ЯндексGo боюнча дароо реакция кылышты. Алар дайыма бул тармакты башкалардан коргоого аракет кылышат", - дейт маектеш.
Атын атабоону суранган тажикстандык дагы бир таксист өлкөдө бул жаатта абал дал ушундай экенин ырастады.
"Машинаны мен өзүм сатып алып, Дүйшөмбү мэриясынын талабына ылайык өз каражатыма боёттум, бардык комиссиялардан өтүп, компания менен келишим түзүүгө бардым. Алар мага канча төлөшүм керектигин айтышты, мен сумманы бердим. Акча таап, үй-бүлөмдү багышым керек болчу. Кирешенин 10% компания кармап калат, мен ай сайын жол баракчасын жана башка төлөмдөрдү төлөйм", - деди ал.
Баш калаа Дүйшөмбүдөгү "Атлас такси" компаниясынын директору Тахмина Бахронова "Яндекс" компаниясы Тажикстандын рыногуна кирбей калганына сүйүнгөнүн жашырбайт.
"Ал күчтүү атаандаш. Бизде учурда шаарда 13 таксомотордук ишкана иштеп, алар калктын суроо-талаптарын толук канааттандырып жатат. Өзүбүздүкү турганда сырттан бирөөнүн эмне кереги бар?! Ооба, айдоочуларга нааразылык көп, бирок "Яндекс" бул көйгөйдү чечпейт. Аларды эч ким өнүккөн өлкөлөрдөн алып келбейт", - деди Бахронова.
Ал ошондой эле такси тармагындагы баа саясатына көңүл бурууда.
""Яндекс Такси" башка өлкөлөрдө иштеп жаткан баа саясаты боюнча бизде иштөө мүмкүн эмес. Алардын баалары ийкемдүү, баары эске алынган: кардар убактысын, тарифин тандай алат. Бизде бирдиктүү тариф бар, аны монополияга каршы кызмат бекитет – биринчи үч километр 10 сомони (1 доллардан аз) деп бекитилген, андан кийин ар бир километр 3 сомони. Биз бул саясатты өзгөртө албайбыз", - дейт такси компаниясынын директору.
Яндекстин кожоюну ким?
Яндекс Кыргызстандын такси рыногуна Нидерландда каттоодо турган кезде кирген. Бирок бүгүнкү күндө ЯндексGo (2020-жылдан бери "Яндекс.Такси" деп аталат) – бул накта орусиялык бизнес.
2022-жылы июнь айында Яндекстин негиздөөчүсү Аркадий Волож Евробиримдиктин санкциялык тизмесине киргизилген, андан кийин ал компаниядагы бардык жетекчилик кызматтарын таштап, эл аралык долбоорлордо иштеп кеткен. 2023-жылы августта Волож Украинадагы согушка каршы билдирүү жасап, Орусиянын Украинадагы аракеттерин айыптаган. 2024-жылы мартта Евробиримдик ага каршы санкцияларды алып салган.
2024-жылдын башында Yandex N.V. (Нидерланд) өзүнүн орусиялык бизнесин инвесторлор тобуна саткан. Жаңы ээси "Консорциум.Первый" фонду болуп калган. Ал компаниянын 81% көзөмөлдөйт. Анын курамына "Яндекстин" топ-менежерлери (35%), ишкер Александр Чачава (25%), ЛУКОЙЛ мунай компаниясы (15%) жана анча белгилүү эмес эки структура (15% жана 10%) кирген.
Кыргызстандык экономист жана ишкер Азамат Аттокуров Борбор Азия өлкөлөрү пайда болуп келе жаткан монополияга байланыштуу маселелерди биргелешип чечиши керек деп эсептейт.
"Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда келишимдер болсо жакшы болмок. Тиркеменин төлөмүн 10% чейин чектөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү керек. "Яндекс" менен таксисттерден тышкары таксопарк маселеси да бар. Алардын комиссиясы 1%-1,5% ашпоого тийиш. Мындан тышкары, тилектештик болушу керек: башка такси кызматтарынын кооперативдери түзүлүшү зарыл. Алар ири кызматтарды негиздеши керек. Кардарлар арасында да жергиликтүү таксинин кызматынан пайдалануу тилектештиги болгону туура", - дейт Аттокуров.
"Яндекстин" басма сөз кызматы компаниянын Казакстандагы, Өзбекстандагы жана Тажикстандагы иши тууралуу суроолорду жоопсуз калтырды.