Жыйынга парламенттин төмөнкү комитеттеринин мүчөлөрү катышты:
- Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук комитети, Конституциялык мыйзамдар комитети,
- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети,
- Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети,
- Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети,
- Транспорт боюнча комитети.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан - Тажикстан мамлекеттик чек арасы боюнча бир келишим, эки макулдашуунун долбоорун депутаттардын талкуусуна сунуштады.
Алар: кыргыз-тажик чек ара келишим, жол пайдалануу жана суу-чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча макулдашуунун долбоору.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны тактоодо эки тараптын кызыкчылыгы эске алынганын жана мурдагы эки ача пикирлер боюнча мунаса табылганын билдирди:
"Эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталгандан тартып тажик тарап чек араны тактоодо 1924-1927-жылдагы материалдар менен иштөөнү карманып келген. Ал эми кыргыз тарап 1991-жылдын 8-декабрындагы “Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин түзүү жөнүндө” келишимдин, 1991-жылдын 21-декабрындагы Алматы декларациясынын жана “КМШ мамлекеттеринин эгемендүүлүктү сактоо, аймактык бүтүндүк жана чек аралардын кол тийбестиги тууралуу” Москва декларациясына негиз кылып, кыргыз-тажик чек арасын жазууну сунуштаган. Башкача айтканда, эки мамлекет эки түрдүү документтер менен тактоону сунуштап келишкен. Мындан улам тараптар чек аранын калган бөлүгүн тактоодо бирдиктүү чечимге келе албастан, сүйлөшүүлөрдүн кийинки 10 жыл аралыгында, 2011-2021-жылга чейин бир да метр чек ара тилкесин тактай алышкан эмес. 2021-жылдан тартып эки мамлекеттин өкмөттүк делегациялары чек араны тактоо иштерин жигердүү улантып, талаа-изилдөө жана камералдык жумуштарды жүргүзүүнүн натыйжасында төмөнкүдөй жыйынтыкка жетиштик".
Ташиевдин маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар тарабынан бекитилген. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Дал ушундай сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү мунаса келип, бир катар аймактарды алмашууга барганын Ташиев кошумчалады:
"Лейлек району боюнча мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн жөнгө салууда Тажикстан Республикасынын Кайрагач участогунан Кыргыз Республикасынын пайдасына 155 га жер жана 35 га Кайрагач анклавынын жерлери алынды. Жалпы аянты 190 га. Ордуна Кыргыз Республикасынын Сада (21 га), Раззаков участогу (23,5 га), Селкан (4 га), Майты (7 га), Пролетарск (12,5 га), Улак-Жай (15 га), Ак-Арык 7 га) участокторунан жалпы 90 га жана Баткен районунун Кара-Бак участогунан 65 га берилди. Бардыгы 155 га берилди. Ошондой эле Тажикстан Республикасынын Кайрагач анклавынын ордуна Майты участогунан 35 га жер берилди. Жалпы берилген аянт 190 га. Биз алардан 190 га алдык, 190 га бердик".
Аркадагы автожол менен “Достук” базары тажиктерге берилип, ордуна 25 га жер алынды
Мындан сырткары Камчыбек Ташиев Лейлектеги бир катар обьекттер боюнча мунаса чечим табылганын билдирди:
"1991-жылдагы чек ара сызыгы Худжан - Арка - Канибадам автожолунун тең ортосунан өткөндүгүнө байланыштуу тажик тараптын сунушу менен бул автожол толугу менен жана “Достук” жайма базары (3 га жер) кошуна тарапка калтырып жазылды. Бул калтырып жазылган жерлердин аянты 12 га жерди түздү. Жолдун биздин чек ара тараптагы ортосу жана жайма базар ар дайым жаңжал болгондо күйүп кете турган, алар тарапта жолдун наркы бетинде турган 3 га гектар “Достук” базары бар эле – ошонун бардыгы 12 га экен. Анын ордуна тажик тараптан эки эсе көп жер аянтын алдык. Башкача айтканда, Лаккон участогунан 25 га сугат жер кыргыз тараптын пайдасына алынды. Эмне үчүн? Себеби, биз аларга “бул деген базар, коммерциялык жер, ал жерде адамдардын дүкөндөрү жана башкалары болгон, акча таап турган, экинчиден, жол деген бул өзөк, жол деген чоң нерсе, жөн эле аянт эмес” деп көндүрүп отуруп, алардан эки эсе көп жер аянтын алдык".
УКМК төрагасы Кара-Бак - Лаккон участогунан кыргыз тарап пайдаланып келген 200 га жер аянты тажик тарапка калтырылып, ордуна тажик тараптан 200 га, анын ичинен Кара-Бак - Лаккон жана Курук-Сай участогунан сугат жерлер кыргыз тарапка өткөнүн кошумчалады.
“Головной” суу бөлүштүрүү курулмасы тең бөлүндү
Камчыбек Ташиев буга чейин жаңжал болгон "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы боюнча чечим кабыл алынганын билдирди.
“Головной” деген суу бөлүштүрүүчү курулмасынын (биз тараптан “Ак-Суу” деп, алар тараптан “Исфара” деп айтылат) Ак-Суу - Исфара дарыясынын нугунда жайгашкан плотинасынын 3 суу дарбазасынын затворуна тең жарымына, башкача айтканда дарыянын нугу менен мамлекеттик чек ара сызыгын өтүүсү белгиленгендигине байланыштуу кыргыз тараптын пайдасына төмөнкү участоктор жазылды. Себеби, 1989-жылкы кыргыз-тажик тарап сүйлөшкөндө эле “Головнойду” ортосунан бөлүп өтөбүз деп сүйлөшкөн. Бирок биз аны караган, тааныган жокпуз. Ак-Суу суусу башынан баштап ортосунан бөлүнүп келе жатат. Бөлүнүп келатып эле биздин “Головнойго” келгенде бөлүнбөй калып атат. Алар “ортосунан бөлөбүз” деп атат, биз “жок, бөлбөйсүңөр” деп атабыз. Ошентип эки жылдай талашып жүрдүк окшойт. Талашып жүрүп, акыры “эгерде бөлө турган болсок, анда бизге компенсация бересиңер” деп, ошол жерден үч люкту 1,5 люктан кылып бөлдүк, жарымы бизге калды, жарымын аларга бердик. Ошонун эсебинен (1,5 люк үч-төрт метр жер болсо керек) биз кайсы жерлерди ынандырып алдык? Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак участогунан 500 га жер алдык, ал жер өтө конфликттүү жер болчу".
Достук, Көк-Терек, Таш-Тумшук... Бир катар калктуу пункттар алмашылды
Мындан тышкары Катта-Туз аймагынан да 150 гектар жер кыргыз тарапка өткөнүн, бул жайдагы мунай скважиналары да тең бөлүштүрүлгөнүн белгилүү болду. Баткен районунан жалпы 142 гектар жер, анын ичинде 91 гектар жерди ээлеген Достук айылы тажик тарапка өттү.
"Баткен облусунун Баткен районунун жана Согд облусунун Исфара районунун ортосундагы туташ эмес, чересополосный (аралашып кеткен) жерлерди өз ара жөнгө салууга жетиштик. Натыйжада Баткен районунун Достук айылынын тургундарынын жер үлүштөрү менен 91 га жери, Масейиттин жери (8,3 га), Көк-Терек айылы (17,5 га жер), Таш-Тумшук айылы (20,1 га жер) жана Дача участогундагы 5 га жер үлүштөрү – жалпы аянты 141,9 га жер Тажикстан Республикасына калтырып жазылды. Башкача айтканда, биз 142 га жерди тажиктерге бердик. Эми мунун ордуна эмнени алдык? Анын ордуна Исфара районунун Сомониён айылын алдык (18,4 га), Дахма участогун алдык (3,1 га), Хожа-Аъло айылынын бир бөлүгүн алдык (21,5 га), Гавсуар участогун алдык (2,7 га), Миң-Булак участогун алдык (42 га багы менен) жана Лаккон участогунун бир бөлүгүн (55 га) алдык. Жалпысынан 142,7 га жер Кыргыз Республикасына калтырып жазылды".
Ташиев Достук айылы боюнча бир катар талкуулар болгонун, жыйынтыгында Достук айылындагы жаңы салынган үйлөргө компенсация катарында 30 га суу баскан жер Лаккон участогунан алынганын кошумчалады:
"Биз Достук айылын биз жаңыдан куруп чыкканбыз, Достук айлында биздин жаңыдан курулган үйлөр бар, чек ара заставабыз бар, аны да кошуп берип атабыз, ушуга компенсация кылып бересиңер” деп шарт коюп, 30 га жер алдык. Менимче, үйлөрдү бузса, курса боло берет, бирок жер баасыз экенин билесиздер. Ошондуктан 30 га жерди суулуу жерден, Кара-Бак айылынын жанынан алдык. Ошол элди ал жерге көчүрүп, мамлекет тарабынан Достук айылынын элине ар бирине кайрадан үй салып беребиз", - деди УКМК төрагасы.
Ворух анклавына 1 миң га жер берилип, ордуна Чоң-Алайдан жер алынды
Ворух анклавы боюнча да маалымат берилип, эгемендик алган жылдан бери тажикстандыктар анклавдагы 19 миң гектар жерди пайдаланып келгенин, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен бул аянт 14,5 гектарга азайганын билдирди. Ташиев мындан тышкары тажик тараптын өтүнүчү менен миң гектар жайыт жери берилгенин тактады. Анын ордуна Чоң-Алай районуна тажик тараптан 1000 га жайыт жер алынды.
"Билесиздер, тажик тарап “биздин Ворухта адамдар көбөйүп кетти, чек ара аныкталгандан кийин андан ары мурдагыдай пайдалана албайбыз, ошондуктан малыбызды бакканга ушул жерден бергиле” деп бизден 5 миң га жер сураган. Биз “Ворухтун тегерегинен 5 миң га бере албайбыз, анда Ворух өтө эле чоңоюп кетет” деп туруп, 1 миң га жер бердик. Малдарын бакканга жайыт жер бердик. Бирок ошол 1 миң гектарды кайра Чоң-Алайдын Караган-Сай деген жайыты бар, ошону алдык".
Төрт-Көчө бейтарап макамга ээ болду
Ташиев кыргыз тараптан Баткен-Лейлек, тажик тарап жактан Чоркух-Ворух жолу кесилишкен Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу макам берүү макулдашылганын айтты:
“Ошол Төрт-Көчө нейтралдуу макамга ээ болду. Ортодогу жолу 10 м, эки жагынан 15 метрден коопсуздук тилкеси кылып 40 метр жол нейтралдуу макамда болду. Башкача айтканда, ал жер тажиктердики дагы эмес, кыргыздардыкы дагы эмес. Эл аралык келишимдерде ошондой нейтралдуу макам деген маселе бар экен, ошентип колдоно беребиз. Эми “менин жолум” деп бирөө келип Төрт-Көчөнү ортосунан тосуп ала албайт. Төрт-Көчөгө чейин бардык коопсуздуктар каралды. Төрт-Көчө маселеси ушуну менен чечилди куда кааласа. Айтарга сөз көп, бул боюнча кийинчерээк айтам. Ушуга чейинки биздин чиновниктердин, мамлекеттик чоң жетекчилердин Төрт-Көчө боюнча жасап келген иштери чыккынчылык болгондугун мен дашы бир жолу айтып кетейин. Андан сырткары, мында Дача-Капчыгай жолун тажик тарап өздөрү куруп, өздөрү пайдаланат. Ал эми Миңөрүк-Самаркандек автожолун кыргыз тарап куруп, пайдаланат”.
Парламенттин алты комитетинин мүчөлөрү кыргыз-тажик чек ара келишимин талкуусуз эле жактырышты. Айрым депутаттар соңку чечимди тарыхый деп атап, бир канча жылдан бери чыр-чатакка себеп болгон маселелерге чекит коюлду деген үмүттө турат.
Депутат Султанбай Айжигитов жалпысынан соңку чечимдерди колдорун, бирок айрым тактоочу жагдайлар бар экенин билдирди:
“Ворухтун тегерегинде алар биздин 19 миң гектар талашсыз жерлерибизди ээлеп турушкан. Аны 14,5 гектарга түшүрдүк деп жатышат. Ушул жагы бир аз кемчилик сыяктуу болуп калыптыр. Жалпы караганда балким, ушул кемчилик менен башка жерден артыкчылык алдык”.
21-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.
Азырынча чек ара келишими тууралуу тажик бийлиги деталдуу маалымат бере элек. Тажикстандык эксперт (Негматулло Мисаидов) “Озоди” радиосуна маегинде чек ара чечилгенин кубаттады:
“Ким утту, же ким утулду деп талдоо кыйын. Бирок эгер эки өлкө ортосундагы чыр-чатак токтоп, эл эркин каттап, товар эркин жүгүртүлүп калса, анда эки тарап тең жеңишке жеткен болот. Эгер Ташиев айткан маалыматтарга таянсак, анда эң чырлуу маселелер чечилген экен”.
Өкмөттөгү айрым булактар март айында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга сапар менен келерин айтышууда. Ал сапардын жүрүшүндө чек ара, суу, жол пайдалануу боюнча документтерге кол коюлушу мүмкүн.
Шерине