Жогорку Кеңештин алты комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдерди жактырды. Атайын кызмат төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны тактоодо эки тараптын кызыкчылыгы эске алынганын айтып, кайсы жерлер кимге өткөнү тууралуу кеңири маалымат берди. Түркиянын Стамбул шаарында АКШ менен Орусиянын элчиликтеринин ишин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Украинада Орусиянын чабуулунан дагы беш өмүр кыйылды. Кыргызстанда бир айда тогуз өспүрүм каза тапты. "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар көрсөтүүсү. 2025-жылдын 27-февралы.
Борбор Азия
бейшемби 27 Февраль 2025
Кыргызстанда февраль айынын ичинде эле беш өспүрүм өз жанын кыйды. Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, айрым депутаттар өкмөт алдын алуу иштерин күчөтүшү керектигин айтышты. Президент Садыр Жапаров Европа парламенттин депутаттарын кабыл алды. Жолугушууда “Социал-демократтар” партиясынын мүчөлөрүнүн кармалышы боюнча маселе көтөрүлдү. Эл аралык бир нече маалымат каражаттары жеке булактарга таянып, АКШ жана Украина кен байлыктар боюнча мунаса табышканын жазды.