Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:07

Борбор Азия

бейшемби 16 Январь 2025

Календарь
2025-ж., Январь
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
30 31 1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31 1 2
Казакстан. 2020-жылдын 16-декабры.
Казакстан. 2020-жылдын 16-декабры.

Казакстандын баш калаасы Астанада дээрлик күн сайын митинг болуп турарын калаа акимчилиги расмий маалымдады. Алсак, былтыр ноябрда Астанада бери дегенде эле 120 митинг жана башка нааразылык акциясы өткөн делет. Бул күн сайын кеминде үч митинг, бир жөө жүрүш өттү дегенди билдирет.

Расмий документти таап, интернетке жарыялаган "Укуктук медиа борбор" уюмунун өкүлдөрү акимчиликтин мындай аракетин сынга алууда. Алар бул күндөрү белгиленген даректерде кандайдыр бир митингдер өткөнүнөн күмөн саноодо.

Астана акимчилигинин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, баш калаанын тургундары ноябрь айында күн сайын төрт жерде тынч жыйынга катышууга уруксат алышкан. Бирок анда канча адам катышканы, алтургай митингдерди, жүрүштөрдү ким уюштурганы тууралуу так маалымат жок. Документте иш-чаранын күнү, орду жана акимчиликтин жообу жазылган. Акимчилик митинг өткөрүү боюнча бир дагы кайрылууну четке какпай, митинг жана тынч акцияларды өткөрүүгө макулдугун бергени көрсөтүлгөн.

Ай сайын 120 митинг өтөбү?

Астанадагы "Укук медиа борбор" уюмунун жетекчиси Диана Окремова шаар администрациясынын мындай отчетун маалыматты бурмалоо катары сыпаттады.

"Ай сайын 120 митинг болот дешет, декабрь айында андай болгон жок. Январда деле. Балким тизме али даяр эместир. Акимчилик "олуттуу" иштемиш болуп, ушундай бурмалоого барып жатканы көрүнүп турат. Жомоктогудай эле нерсе болууда, "бардым, бирок каякка экенин билбейм, таптым, эмне тапканымды билбейм" дегендей. Алар жөн гана даталарды, даректерди, башкача айтканда, ай сайын бир эле тизмени жазып коюшат. Анан алар эл ушуга ишениши керек деп ойлошобу? Же биз эмне, тынч жыйындарды өткөрүү жагынан баары жакшы деп ишенишибиз керекпи?" - дейт астаналык юрист.

Акордонун жанындагы митинг. 17-ноябрь, 2023-жыл.
Акордонун жанындагы митинг. 17-ноябрь, 2023-жыл.

Расмий сайттагы маалыматта акция болгон же болбогону так жазылган эмес. Бирок ошол күндөрү башка жарандардын митинг өткөрүү талабына уруксат берилген эмес. Ошондой эле интернетте былтыр ноябрь айында Астанада өткөн кандайдыр бир пикет же митинг тууралуу маалымат жок.

Бул маселе боюнча "Азаттыктын" казак кызматы Астана акимчилигинин басма сөз кызматы менен байланышты. Мекеме бул боюнча Ички иштер башкармалыгы жооп берерин айтты. Кийин редакция менен байланышкан башкармалыктын өкүлү Мирас Абдырахман жыйында отурганын айткан. Ички саясат башкармалыгынын өкүлү азырынча жооп бере элек.

"Aкция өткөнүн көргөн эмесмин"

Астана шаарындагы "Калемгер" аллеясынан баштап Пушкин көчөсүнө чейинки аралыкта митинг же акция өткөрүүгө уруксат берилет.

"Азаттыктын" журналисти Таскын Болатулы дал ушул аянтка барып, жергиликтүү тургундарга "акимчилик кабарлагандай, былтыр ноябрда күнүгө митинг өттүбү?" деген суроосун узатты. Алардын көпчүлүгү аянтта иш-чара өтпөгөнүн айтышты.

"Мен бул жерден күнүгө өтөм, бирок акция өткөнүн же болот дегенин да көргөн эмесмин. Балдарымды күнүгө ушул аллеяга чыгарып, ойнотом". "Былтыр Абай көчөсү менен Пушкин көчөсүнүн кесилишинде 1-2 жолу митинг болду. Аялдардын укугун коргоого арналган иш-чара дешкен. Башка болгон жок. Ал эми "Калемгерлер" аллеясында бир да жолу өткөн эмес. Мен жакын жашайм. Болсо көрмөкмүн", - дейт астаналыктар.

Ал эми "Inucobo" жаныбарларды коргоо ассоциациясы социалдык тармактагы баракчасында 24-ноябрда митинг өткөрүүгө акимчилик уруксат бербегенин кабарлаган. Ошол эле күнү активисттер митинг боло турган "Жерүйык" аянтында эч кандай иш-чара болбогонун видеого тартып, ачыкка чыгарышкан.

Казакстандык жарандык активисттер 2023-жылы Украинадагы согуштун 500 күндүгүнө карата тынчтык митингин өткөрүүнү пландашкан. Бирок Астананын бийлиги буга да макул болбой койгон. Кийинчерээк калаа акими Жеңиш Касымбек өзү түшүндүрмө берүүгө аргасыз болуп, баш тартуу чечиминин артында саясий мотив жок экенине ынандырууга аракет кылган.

"Акимчилик формалдуу же башка негиздер менен баш тартпайт. Документтер, арыздар мыйзам чегинде каралат. Шаарда мындай иш-чараларды өткөрүүгө боло турган жерлер белгиленген. Демек, ошол учурда ал жер бош эмес болгон же документтер, башкача айтканда, маалымкат туура эмес болгон", - деди аткаминер.

Белгилей кетсек, коңшу Казакстанда 2020-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, акция өткөрүүнү каалагандар кеминде беш күн мурда жергиликтүү бийликке маалымкат жөнөтүүгө милдеттүү. Укук коргоочулар жана активисттер бийликтин мындай эрежесин мыйзамсыз жана "жарандардын тынч жыйын уюштуруу укугунан пайдалануусуна каршы талаптар камтылган" деп сындап келишет.

Президенттик шайлоону эркин жана таза өткөрүү талабы менен нааразылык акциясына чыккан оппозиция тарапкерлерин полиция кармап кеткен. Астана. 09-июнь, 2019-жыл.
Президенттик шайлоону эркин жана таза өткөрүү талабы менен нааразылык акциясына чыккан оппозиция тарапкерлерин полиция кармап кеткен. Астана. 09-июнь, 2019-жыл.

Акордо өлкөдө тынчтык митингге уруксат берилет деп ынандырганы менен нааразылык акциялары адатта камакка алуу менен аяктайт. Жалгыз чыккан пикеттер, социалдык тармактардагы билдирүүлөр үчүн да айып пул салынат. Ал эми митинг жарыяланган күндөрү шаарларда жол кыймылына чектөө киргизилип, уюлдук байланыш жана интернет жай иштеп калат.

Алсак, соңку бир канча жылдан бери 8-мартта Казакстанда аялдардын коопсуздугу маселесине арналган жөө жүрүштү өткөрүүгө уруксат берилбей келет. Адатта расмийлер жөө жүрүштү өткөрүү "коомдук тартипке коркунуч келтирет" деген жүйө менен уруксат бербейт.

Быйыл да абал өзгөргөн жок. Алматынын администрациясы 8marchkz активисттерине 8-мартта митинг өткөрүүгө уруксат бербегенин уюштуруучулар Инстаграм баракчасына жарыялашты. 13-январда алар Алматы шаарынын мэриясына 8-мартка карата митинг өткөрүү тууралуу билдирүү жана жөө жүрүш өткөрүү боюнча арыз жолдошкон.

15-январда митинг өткөрүүгө уруксат берилбей турганы жөнүндө жооп келген. Катта "коомдук тартип бузуу коркунучу бар" деген жүйө келтирилген.

Былтыр да казакстандык феминисттерге жөө жүрүш өткөрүүгө акимчилик уруксат берген эмес. Бирок 7-мартта расмий иш-чарага окшош "Аялдардын татыктуу жашоосу үчүн" митинги өткөн. Активисттер бир акцияга уруксат берип, экинчисине тыюу салуу менен бийлик "оюндун шарттарын акимчилик белгилейт" деген ойду айткысы келген болушу мүмкүн деп божомолдошту.

2022-жылдын башында Казакстанда социалдык талаптарды койгон тынч митингдер өлкө аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон.

Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев "чет жактан үйрөнүп келген 20 миң террорист ири шаар Алматыны басып алганын" айтып, күч органдарына аларды атууга буйрук бергенден кийин кеминде 238 адам өлтүрүлгөнү, алардын 19у укук тартибин коргоо органдарынын кызматкери экени маалымдалган.

Нааразылык акциясына чыккандар террористтер болгонун тастыктаган маалыматын бийлик алигүнчө жарыялай элек.

Екатеринбургда мигранттар кармалган изолятор.
Екатеринбургда мигранттар кармалган изолятор.

Жыл соңунда Орусиянын Екатеринбург шаарындагы рейдде полиция жүздөгөн мигранттарды кармаган. Алардын айрымдары эки аптадан бери убактылуу кармоочу жайларда отурушат. Мигранттардын айтымында, кармоочу жайлардын шарты катаал, сырттан тамак-аш киргизилбей, кадимки түрмөдөгүдөй эрежелер сакталат.

“Эч кандай тамак киргиздирбейт. Алар берген тамакты жегенге мүмкүн эмес”. Мындай пикирин убактылуу кармоочу жайга киргизилген тажикстандык мигранттардын бири билдирди.

Ал декабрдын аягында Екатеринбургдагы рейд учурунда кармалган. Дал ошол күнү мигранттын Орусиядагы каттоосу бүтүп, аны узартууга үлгүрбөй калган.

“Бизди бир суткадай полиция бөлүмүндө кармашты. 26-декабрда соттон кийин Кольцоводогу борборго алып келишти. Ал жерде орун жок экен. Ошондон улам убактылуу кармоочу жайга (ИВС) алып келишти. Биз бул жерде 15 күндөн бери отурабыз. Эки аптадан бери ысык тамак иче элекпиз. 29унан бери бардык тамак-ашка тыюу салынды. Ал тургай “роллтон” менен “доширакты” да жей албайбыз. Бир гана нан жеп жатабыз”, - деди ал.

Орусиядагы тажик мигранттар. Архивдик сүрөт.
Орусиядагы тажик мигранттар. Архивдик сүрөт.

“Азаттыктын” тажик кызматы менен сүйлөшкөн мигранттар түрмөдөгүдөй шартта кармалып, кызматкерлер аларга кылмышкерге жасагандай мамиле кылып жатканын баса белгилешет.

"Мен аларга тамак жейм дедим. Мага тез бышкан кесмени же деп айтышты. Бирок мындай тамакка чыдай албайт экенсиң. Айрымдарыбыздын үй-бүлөлөрү, жубайлары бул жакта жашайт. Алар самса, плов жасап алып келип жатышты Бирок кызматкерлер бизге алып кирүүдөн баш тартышты. Кызматкерлер бизге бул мигранттарды кармоочу жай эмес, түрмө экенин айтышты. Бирок “биз кылмышкер эмеспиз” дедик”, - деп билдирди дагы бир мигрант.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, миграциялык эрежени бузган чет элдиктер депортацияга чейин атайын борборлордо кармалышы керек. Бирок андай миграциялык борборлордо орун жоктугунан бул мигранттар полициянын убактылуу кармоочу жайларына жөнөтүлүп, кылмышкердей мамилеге туш болорун айтып жатышат. Алардын билдиргенине караганда, кармоочу жайлардын шарты катаал, сырттан тамак-аш киргизилбей, кадимки түрмөдөгүдөй эрежелер сакталат.

Жогорудагы тажик мигранттары Тажикстандын Екатеринбургдагы консулдугуна жардам сурап кайрылган. Консулдук алардын маселесин карап чыгууга убада кылды.

Ал эми Тажикстандын консулдугунун алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү Якубжон Умаров Орусиядагы мекендештеринин азыркы абалы тууралуу буларды билдирди:

"Кеңири масштабдуу рейддер жүргүзүлгөн учурларда кармалган мигранттар кармоочу жайга убактылуу гана жайгаштырылышы керек. Атайын борборлордо орун бошогондо, аларды ошол жакка которушат. Бул убактылуу гана чара. Мигранттардын маселеси чечилбей жатканына майрамдарга туш келгени да себеп. Бүгүн мен чет өлкөлүктөр кармалуучу миграциялык борборго кайрылдым. Ал жерде депортация боло тургандардын тизмеси даяр болгонун, жакын арада орун бошоорун айтышты. ИВСтерге чынында тамак-аш киргизилбейт. Бул ууланууну алдын алуу үчүн керек.”

Адатта Орусиянын расмий органдары мигранттар туш болгон мындай окуяларга комментарий бербейт. Убактылуу кармоочу жайларда отурган мигранттар орус бийлиги аларды депортациялоо боюнча чечимди тез арада кабыл алса дешет.

Мындай жабык жайларда Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары да бар экенин “Азаттыктын” тажик кызматы менен маектешкен мигранттар айтып беришти. Көпчүлүгүнүн тилеги - тез арада мекенге кайтып баруу.

Өткөн жылы Орусиядан "миграциялык эрежелерди бузду" деп 80 миңден ашуун келгин чыгарылган, алардын 23 миңи Москва шаарындагы жана Москва облусундагы соттордун чечими менен депортацияланган. ТАСС агенттиги Соттук приставдардын федералдык кызматындагы (ФССП) булактарга шилтеме берип жазгандай, 2023-жылы өлкөдөн 44 миңден ашуун чет элдик жана жарандыгы жок киши чыгарылган. Андан мурунку жылы соттор ошондой 26,6 миң чечим чыгарган.

Былтыр мартта Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерт залындагы теракттан кийин Орусияда эмгек мигранттарына каршы саясат катаалдады. Орус бийлиги кол салууга тажик жарандарын айыптаган.

Эмгек мигранттарын кармоо, аскердик каттоого коюу, башка кысым-басым учурлары көбөйгөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарымында Орусияда 334 миңге жакын кыргызстандык мигрант жүргөнү аныкталган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG