Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Борбор Азия

ишемби 11 Январь 2025

Календарь
2025-ж., Январь
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
30 31 1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31 1 2

Укук коргоочулар жана жарандык активисттер 2024-жылы Өзбекстанда каракалпакстандыктардын укугу тебеленип, оппозиция өкүлдөрүнө куугунтук күчөгөнүн айтышты. Ташкент өлкө ичинде интернетти чектеп, ал эми чет өлкөлөрдөн каракалпак улутундагы активдүү жарандарын экстрадициялоо аракетин көрүүдө.

Өлкөдө саясий туткундар көбөйүп, алар түрмөдө кыйноого кабылганын айткан укук коргоочулардын билдирүүлөрүн расмий Ташкент четке кагып келет.

Москвадан экстрадицияланган активист

Түркияда мыйзамсыз жүргөн каракалпак активисти Жеткербай Абдираманов акыркы эки жылда Европага кетип калуунун амалын издеген. Ал алгач Молдова аркылуу Румынияга өтүүгө аракет кылган. Бирок Молдова бийлиги активистти чек арадан өткөрбөй, артка кайтарган.

Кийин Абдираманов Дубай аркылуу Москвага, анан Москвадан Орусиянын түндүгүндөгү Мурманск шаарына барып, андан ары Норвегияга өтүүнү пландаган. Бирок былтыр 16-декабрда аны Москвадагы аэропорттун полициясы кармап кеткен. Ошондо гана Өзбекстанда ага кылмыш иши козголгонун, эл аралык издөөдө жүргөнүн билген.

Жеткербай Абдираманов
Жеткербай Абдираманов

Жеткербай аэропортто убактылуу кармоочу жайда турганда аны менен Каракалпакстан Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү байланышка чыгышкан. Жеткербай жазып алган аудиону "Азаттыкка" Норвегияда жашаган каракалпак активисти, "Алга, Каракалпакстан" оппозициялык кыймылынын лидери Аман Сагидуллаев жөнөткөн.

Анда өзүн компетенттүү органдын кызматкери Тимур Баймуратов деп тааныштырган киши Абдирамановго Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси ("Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн кулатуу же бийликти басып алуу") боюнча иш козголгонун жана өлкөгө кайтып келүүсү керектигин айтып жатканы даана угулуп турат. Жеткербай Орусиядан саясий башпаанек сурай турганын билдиргени менен, ички иштер органынын өкүлү аны Өзбекстандын атайын кызматы келип алып кетерин эскерткен.

Кийинчерээк Москва прокуратурасы Өзбекстанда активист Абдирамановго каршы аталган беренеден тышкары Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси ("Коомдук коопсуздукка жана тартипке коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу") менен да иш козголгонун ырастаган.

Польшада жашаган каракалпакстандык активист Кошкарбай Төремуратов Жеткербай камакка алынганда жардам сурап телефон чалганын айтты. Эл аралык укук коргоо уюмдарына кабар берип, Жеткербайга адвокат таап, кийин анын ишине котормочу болгон. Москва прокуратурасы өзбек бийлигинен кошумча далил талап кылып, бирок андай маалымат ала албаган соң каракалпакстандык активистти убактылуу кармоочу жайдан бошоткон. Абдирамановго 25-декабрга чейин Орусиянын аймагынан чыгып кетүүгө буйрук берилген.

Аман Сагидуллаевдин айтымында, Абдираманов такси жалдап, Мурманскиге 23-декабрда жеткен. Бирок ал мейманканага кирген күнү Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы кармап, Москвага алып барган. "Алга, Каракалпакстан" кыймылынын лидеринин айтымында, 27-декабрда Өзбекстандын атайын кызматы Москвага барып, Абдирамановду чыгарып кеткен.

Жеткербай Абдираманов Нукустагы калаба башталган учурда Казакстанда иштеп жүргөн. Мекениндеги кандуу окуяны уккандан кийин ал Алматыдагы өзү тааныган каракалпактардан жумурияттын эгемендигин жокко чыгарган мыйзам долбооруна каршы кол топтой баштаган. Көп өтпөй Казакстандын Миграция комитети аны күч менен Кыргызстанга депортациялаган.

Каракалпак активисттеринин айтымында, ал социалдык тармактарда саясий позициясын көп билдирчү эмес. Бирок Кыргызстанда өзүн коопсуз сезбеген соң Түркияга учуп кеткен. Түркияда туруктуу жумуш таба албай, расмий каттоо мөөнөтүн өткөрүп жиберген. Ошондон кийин Европа өлкөлөрүнө барып, саясий башпаанек алууну көздөп жүргөн.

Нукустагы окуялар

2022-жылы 1-июлда Өзбекстандын Конституциясынын жаңы долбоору талкууланып жаткан учурда Шымбай жана Мойнак шаарларында нааразылык акциялары башталган. Көп өтпөй протесттик маанай Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автономдук республикасынын борбору Нукус шаарына жеткен. Конституциянын жаңы долбоорунда референдум өткөрүү, Каракалпакстандын Өзбекстандан бөлүнүп чыгуусуна укук берүүчү беренени алып салуу сунушталган.

1-июлда ички иштер органдары жергиликтүү оппозиция лидери Даулетмурат Тажимуратовду кармаган. Ал тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат алганын айткан. Көчөдө чогулган эл көбөйүп, митингчилер Тажимуратовду бошотууну талап кыла баштаган.

Кийин митингге Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын аскерлери келип, чогулган элге ок атылган. Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, 21 адам каза болгон. Укук коргоочулар жабыркагандардын саны алда канча көп экенин айтып келишет.

2022-жылы 2-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Нукус шаарына иш сапары менен барган. Ал Конституциядагы Каракалпакстандын статусуна тиешелүү беренелер өзгөрүүсүз каларына убада берген.

Өзбекстанда 2023-жылы 30-апрелде Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөн. Ошол өзгөртүүлөрдөн кийин президент Мирзиёев бул кызматка дагы эки мөөнөткө шайланууга укук алган. Каракалпакстандын статусуна толуктоолор референдумга коюлган эмес.

Казакстандагы кысым

Чет өлкөдө жүрүп, өзбек бийлигинин кысымына кабылган жалгыз Жеткербай эмес. 2024-жылы Казакстанда Өзбекстандын өтүнүчү менен үч каракалпак активисти кармалган. Ташкент аларга да саясий көз карашын билдиргени үчүн кылмыш ишин козгоп, эл аралык издөө жарыялаган.

Акылбек Муратов
Акылбек Муратов

Кармалгандардын бири - Казакстандагы каракалпак диаспорасынын жетекчиси Акылбек Муратов (Акылбек Муратбай). Активистти Алматы полициясы былтыр 15-февралда өзбек бийлигинин өтүнүчү менен кармаган. Акылбектин туугандары аны үйүнө издеп келгендердин арасында Өзбекстандын мекемесинин кызматкери да бар экенин айтышкан. Алматы полициясы Муратов Ташкенттин өтүнүчү менен гана кармалганын, Казакстанда ага каршы иш козголбогонун билдирген.

Акылбек Муратов Өзбекстанда Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандыкка, жарандарга зомбулук көрсөтүүгө ачык чакырык жасоо" жана "Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу" беренелери боюнча шектелип жатканы кабарланган. Активист бул айыптоолорду четке каккан.

Муратовдун адвокатынын айтымында, өзбек бийлиги активисттин 2022-жылы июлда Нукуста болгон окуялардын 500 күндүгүн эскерүү акциясына катышканын "жапырт башаламандыкка, жарандарга зомбулук көрсөтүүгө ачык чакырык жасоо" деп тапкан. 2023-жылы 13-ноябрда каракалпак активисттери 16 жылга соттолгон каракалпакстандык укук коргоочу Даулетмурат Тажимуратовдун (Нукус окуясы боюнча 16 жылга эркинен ажыратылган – ред.) урматына элди жарыкты 16 мүнөткө өчүрүүгө чакырышкан.

Диаспора лидери Муратов экстрадициялоо коркунучуна кабылганда казак бийлигинен саясий башпаанек сураган. Ага "саясий башпаанек издеген адамдын күбөлүгү" берилген. Бул аны экстрадициялоодон убактылуу коргойт. Бирок былтыр сентябрда казак бийлиги ага саясий башпаанек берүүдөн баш тартканын жарыялаган. Муратовдун жактоочусу аппеляциялык арыз менен кайрылган. Ишти кароо дагы эле уланууда. Учурда ал Алматыдагы убактылуу кармоочу жайда отурат.

"Азаттык" Акылбек Муратов боюнча Өзбекстандын Казакстандагы элчилигине, өлкөнүн Башкы прокуратурасына жана Ички иштер министрлигине кат жолдогон. Бирок ушуга чейин жооп келе элек.

"Алга, Каракалпакстан" оппозициялык кыймылынын лидери Аман Сагидуллаев Акылбек Өзбекстанда адам укуктары маселесин утур-утур көтөрүп жүргөнү үчүн куугунтукталып жатат деп эсептейт. Өзбек бийлиги кысымга алып жатканын ал камалганга чейин эле айтып жүрчү.

2023-жылы "Азаттыкка" курган маегинде Муратов: "Үч киши Ташкенттен келгенин ачык эле айтты. Алар "сенин каракалпактарга байланыштуу иштериң тууралуу сүйлөшкөнү келдик. Бала-чакаң, жумушуң бар, балдарың чоңоюп келатат, алар бир нерсе болуп кетиши мүмкүн" деп коркутушту", - деп айтып берген.

Ошондой эле былтыр мартта Астанада каракалпакстандык активист Расул Жуманиязов, апрелде Алматыда Ринат Утамбетов камакка алынган.

Аман Сагидуллаевдин айтымында, Расул Жуманиязов "Алга Каракалпакстан" кыймылынын өкүлү, ал Телеграм-каналында Нукустагы окуя боюнча талкууга катышканы үчүн куугунтукталууда.

Расул Жуманиязов
Расул Жуманиязов

"Мемориал" укук коргоо борбору Ринат Утамбетов Нукус окуясында Ташкенттин аракетин сындаган видеотасманы жарыялаганы үчүн издөөгө алынганын жана ага Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси ("Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн кулатуу же бийликти басып алуу") боюнча иш козголгонун жазды.

Үч активистке тең Казакстандын адам укуктары боюнча бюросу юридикалык жардамын көрсөтүүдө.

2022-жылы Казакстанда интернеттеги саясий активдүүлүгү үчүн беш каракалпакстандык жаран камалган. Алар бир жыл убактылуу кармоочу жайда отуруп, Казакстандан саясий башпаанек ала алышкан жок. Бирок казак бийлиги активисттерди Өзбекстанга өткөрүп берген эмес. Алардын бири Кошкарбай Төрөмуратов учурда Польшада жашайт. Калган төрт активист АКШ элчилигинен саясий башпаанек алып, былтыр октябрда үй-бүлөсү менен көчүп кеткен.

Кошкарбай Төрөмуратов
Кошкарбай Төрөмуратов

Дагы бир каракалпак активисти 2023-жылы Ташкентти сындап, саясий куугунтукка кабылган. Өзбекстандын бийлиги ошол жылдын аягында Казакстандын Актау шаарында көп жыл бою жашаган каракалпак улутундагы казак жараны Ниетбай Уразбаевди сыртынан соттоп, эл аралык издөө салган. Көп өтпөй Ниетбай Уразбаев казак жарандыгын алуу үчүн арыз бергенде, Астана "өзбек жарандыгынан чыгуу боюнча арыз берген эмес" деген жүйө аны менен жарандыктан ажыраткан.

Ниетбай муну саясий себепке негизделген чечим деп атаган. Экстрадициялоо коркунучуна кабылгандан кийин ал Актаудагы үйүнөн качып, былтыр январда Алматыда жүрөгү кармап каза болгон.

Нукус окуясынын кесепеттери

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси 2022-жылы жазында көтөрүлүп, 1-2-июлда Каракалпакстанда нааразылык чыккан. Өзбекстандын курамындагы бул автономдук жумурияттын эгемендиги тууралуу беренелерди Баш мыйзамдан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн митингдер күч менен басылган.

Нукустагы нааразылык акциясы. 2-июль, 2022-жыл.
Нукустагы нааразылык акциясы. 2-июль, 2022-жыл.

Ал жылы Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган.

Ошондон кийин президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүлбөй турганын айткан. Бирок бийлик коом менен диалог жүргүзүүнүн ордуна нааразылык акцияларына катышкан активисттерди соттоп, баш көтөргөндөрдү куугунтуктоосун улантты.

Нукус окуясынан кийин Каракалпакстанда 64 жаран соттолгон. Алардын арасында өкүмү сырттан жарыяланган Ниетбай Оразбаев, Аман Сагидуллаев, Тлеубике Юлдашева бар. Учурда соттолгондордун 30у Өзбекстандын абактарында жазасын өтөп жатат.

"Адам укуктары боюнча Түркмөнстандагы Хельсинки фонду" уюмунун маалыматы боюнча, калгандарына жашаган аймактан жана түнкүсүн үйдөн чыгууга, интернетти колдонууга чектөө коюлган. Мындан тышкары дагы 100 каракалпак жаранына иш козголгон. Бирок тергөө сотко жетпей токтогон.

Укук коргоочулар жана активисттер 2024-жылы каракалпакстандыктардын укугу одоно бузулганын айтууда. Былтыр январь айында "Азаттыкка" кайрылган каракалпак жаштары социалдык тармактарда Тажимуратовду колдогону үчүн кысымга алынганын айтышкан. Алар жергиликтүү милиция "жаш активисттерди камайбыз" деп коркутуп, айып пул салып, айрымдарын 15 суткага камакка алганын белгилешкен.

"Мени терезеси жок караңгы бөлмөгө алып кирип, төрт киши коркутту. Экөө милициянын формасын кийип жүргөн. "Сени өлтүрсөк, эч ким билбей калат" дешти", - дейт атын атагысы келбеген каракалпакстандык жигит.

Каракалпак активисти Тлеубике Юлдашева. Казакстан. Архив
Каракалпак активисти Тлеубике Юлдашева. Казакстан. Архив

Баш кеңсеси Австрияда жайгашкан "Евразия үчүн эркиндик" бейөкмөт уюмунун төрайымы, юрист Лейла Назгүл Сейитбек соңку бир жылдан бери Өзбекстанда сөз эркиндигинин абалы ич жылытарлык эмес экенин айтты.

"Бийлик онлайн платформаларды активдүү көзөмөлдөп, Каракалпакстанга байланышкан маселелер боюнча сын көз караштарды басууда. Социалдык тармактардагы талкуулардын басылышы оппозициянын оозун жабуу жана коомдук талкууларды чектөө боюнча жасалып жаткан аракеттерди көрсөтөт", - деди юрист.

Акыркы жылдары Өзбекстанда жарандар интернеттеги аракеттери үчүн кысымга алынып, жоопко тартылган окуялар көбөйдү. Мындай пикирин Шотландиядагы Сент-Эндрюс университетинде Борбор Азиядагы интернетте социалдык мобилизацияны жана жарандык коомдун өнүгүшүн изилдеген Эрнест Жанаев айтты. Ал "Freedom on the Net 2023" отчетун даярдоого катышкан.

Эл аралык укук коргоо уюмунун быйылкы отчетунда 2022-жылы жайында болгон Нукус окуясы жана анын кесепеттери да камтылган. Институттун эксперттери Өзбекстанда "интернет эркиндигинин" начарлашына бийликтин Нукус окуясына жасаган мамилеси себеп болгонун жазды.

Адвокат Сейитбектин айтымында, өзбек бийлиги адам укуктарына байланышкан маселелерди чечүүгө даяр экенин коомчулук алдында моюнга алган учурлар болгон.

"Бул билдирүүлөр дайыма эле конкреттүү иш-аракеттерге айланбаса да, кырдаалды жакшыртуу зарылдыгын моюнга алуусун жана өкмөттүн эл аралык аброюна тынчсыздануусун көрсөтөт", - деди ал.

"Адам укуктары боюнча Түркмөнстандагы Хельсинки фонду" уюму акыркы бир жылда Өзбекстанда саясий туткундар көбөйгөнүн белгилеп, Нукус окуясынан кийин соттолгон каракалпактардын тизмесин жарыялай баштаганын билдирди. Аларга Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси ("Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн кулатуу же бийликти басып алуу") жана 244-беренеси ("Коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу") боюнча айып тагылган. Укук коргоочулар ар кандай чечмелесе боло турган бул эки берене саясий максатты көздөй турганын белгилешкен. Себеби аларды колдонуу чөйрөсү кеңири жана көбүнчө саясий көз караштарды чектөөгө багытталган.

Тизмени даярдоого Болгариядан, Норвегиядан жана Орусиядан укук коргоочулар катышкан. Казакстандан укук коргоочулар Евгений Жовтис менен Галым Агелеуов бар. Алар тизмени эл аралык тажрыйбага, соттолгон жарандардын позициясына жана сот иштерине таянып даярдашкан.

Расмий Ташкент өлкөдө саясий туткундар бар экенин моюндабайт. Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү былтыр октябрь айында Польшанын борбор шаары Варшавада өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) конференциясына катышып, бирок "жыйында ачык-айкындык жок" деген жүйө менен Каракалпакстандагы абал маселеси боюнча кошумча иш-чарага катышпай, чыгып кетишкен.

Нукус окуясынан кийин эл аралык жыйындарда Каракалпакстандагы адам укуктарынын маселеси байма-бай көтөрүлө баштады. Былтыр Варшавада өткөн ошол эле жолугушууда "Евразия үчүн эркиндик" бейөкмөт уюмунун өкүлү Михаил Лаубш Каракалпакстанга барып, кандуу калабада каза болгондордун жакындары менен сүйлөшкөнүн билдирген. Ал "каза тапкандардын өлүмү боюнча тергөөнүн жыйынтыгы чыга электигин, жакындарына кенемте төлөнбөгөнүн, маркумдардын сөөгү белгисиз жерге коюлганын" кабарлады.

Өзбек бийлиги Нукус окуясын иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзгөн. Аны Өзбекстандын адам укуктары боюнча комиссары (акыйкатчы) Феруза Эшматова жетектейт. Каракалпактардын арасында "Кандуу саратан" деген ат менен белгилүү болгон бул окуядан бери эки жылдан ашык убакыт өтсө да комиссия бүгүнкү күнгө чейин корутундусун жарыялай элек.

Абактагы азап

"Өзбекстанда бийликти басып алуу жана конституциялык түзүлүштү кулатуу максатында кутум уюштуруу" жана "жапырт башаламандык уюштуруу" деген айыптардын негизинде 16 жылга эркинен ажыратылган Даулетмурат Тажимуратов былтыр августта жазасын өтөп жаткан Навои шаарындагы №11 абактын кызматкерлери кысымга алып жатканын айтып, сотко кайрылган.

Ишти караган Ташкенттин Нурафшан райондук сотунун судьясы жараянды Тажимуратовдун өзүн катыштырбай өткөрүүгө аракет кылган. Иш сентябрь айында аяктап, сот жергиликтүү оппозиция лидери Тажимуратовдун абакта кыйноого кабылганы тууралуу арызын канааттандырган эмес.

Даулетмурат Тажимуратов.
Даулетмурат Тажимуратов.

Адвокат Сергей Майоров былтыр 31-мартта Навои шаарындагы абакка Тажимуратов менен жолугушуүга барган. Анын айтымында, каракалпак активисти ден соолугу начарлап, тамак сиңирүү системасы начарлап кеткени белгилүү болгон.

Майоровго активист менен жолугушууга кагаз, калем менен гана кирүүгө уруксат берилген. Кийинчерээк абак жетекчилиги адвокаттан Тажимуратов кантип кыйноого алынганы тууралуу жазган катын калтырууну талап кылган. Ал "жок, бул жазуу меники, аны тартып алууга укугуңар жок" дегенине карабай, абак кызматкерлери адвокатка катты сыртынан окутушкан.

Дагы бир активист былтыр Өзбекстандын түрмөсүндө азап тартканын айтып чыккан.

Каракалпакстандын эгемендиги үчүн күрөшүп, Навои абагында жазасын өтөп жаткан Жумасапар Дадебаев атайын изоляцияланган камерага которулгандан бери ден соолугу начарлап кеткенин айткан. Бул тууралуу абакка аны көргөнү барган атасы Эгенмурат Дадебаев кабарлаган.

Уулу атасына кымындай терезеден "Мен абакта адам чыдагыс шартта камалып отурам. Акыйкатчыдан менин абалымды оңдоого жардам берүүсүн суранам" деп гана айтууга үлгүргөн.

Жумасапар Дадебаев.
Жумасапар Дадебаев.

Теги түркмөн Жумасапар Дадебаев Каракалпакстандын Хожалы районунда туулган. 2008-2016-жылдары ал Москвада жашап, иштеген. Орусиялык "Мемориал" укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, Дадебаев 2016-жылы Каракалпакстанга кайтып барганда, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кысымына кабылган. Ага Орусиядагы жана Түркиядагы өзбек активисттеринин катарына кошулуп, алар тууралуу жашыруун маалымат чогултуп, жөнөтүп туруу сунушталган. Бирок Дадебаев макул болбой койгон. Ошондо ал үч күн кыйноого алынган.

Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримов каза болгондон кийин Жумасапар Дадебаев алгач Орусияга, андан соң Түркияга кетип, ал жактан саясий ишмердик менен алектене баштаган. Ал каракалпак элинин Өзбекстандан бөлүнүп чыгууга конституциялык укугу бар экенин айтып, Каракалпакстандагы түркмөндөрдүн "Достук" партиясын негиздеген.

2019-жылы өзбек бийлиги Дадебаевге эл аралык издөө жарыялаган. 2022-жылы январда түрк өкмөтү аны камакка алып, адвокаты менен сүйлөшүүгө уруксат бербей, Өзбекстанга депортациялаган. Ошол жылы Ташкент активистти "Өзбекстандын президентин мазактоо", "бийликке жалаа жабуу", "терроризмге үндөө жана геноцидге чакыруу" деген негизде айыптап, 12 жылга эркинен ажыраткан.

"Азаттык" Өзбекстандын Ички иштер министрлигине Жумасапар Дадебаевдин абактагы абалына байланыштуу кат жолдогон. Азырынча жооп келе элек. Буга чейин да редакция Даулетмурат Тажимуратовдун абалы боюнча Өзбекстандын өкмөтүнө расмий кат жолдогон, ага да жооп келген эмес.

Аман Сагидуллаев
Аман Сагидуллаев

"Алга Каракалпакстан" оппозициялык кыймылынын лидери Аман Сагидуллаев Каракалпакстандагы кысымдын аз гана бөлүгү массалык маалымат каражаттарына айтылып жатканын билдирди.

"200дөн ашык каракалпак активисти үй камагында. Алар ай сайын милиция бөлүмүнө барып, каттоого турушу керек. Аларды дайыма коркутуп-үркүтүшөт. "Кийинки жолу сени камап салабыз" дешет экен. Интернетке кире алышпайт. Эгерде [ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери] жарандардын социалдык түйүндөрдөгү активдүүлүгүн байкап калышса, алар түрмөгө камайбыз деген маселени көтөрүп чыгышат", - деди Сагидуллаев.

Укук коргоочулар Нукус окуясынан кийин кармалган активист Саадатдин Реимовдун абактагы абалы начар экенин айтып, коңгуроо кагып жатышат. Өзбек бийлиги Реимовго биринчи жолу 2022-жылы "уруксатсыз митингге катышуу аракети" деген негизде административдик жаза берген. Ошол жылы август айында ага Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси боюнча иш козголгон. Кийинчерээк сот активистти төрт жылга эркинен ажыраткан.

Аман Сагидуллаев абакта жаткан Саадатдин Реимовдун жүрөгү кармап, жарым-жартылай шал болуп калганын, бир нече жолу операция жасалганына карабай аны шарттуу түрдө бошотууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтууда.

Каракалпакстан тарыхы

Каракалпактар - түрк тилдүү эл. Алар Алтын Ордо хандыгынын курамына кирген. 18-20-кылымда каракалпактар Хива хандыгына баш ийген. Коммунисттер баштаган көтөрүлүштөн кийин хандык кулап, РСФСРдин курамында Хорезм Элдик Советтик Республикасы түзүлгөн. 1924-жылы Совет бийлиги Каракалпак автономдук облусун түзгөн. Облус Казак АССРине караган. 1932-жылы борбору Нукус шаары болгон Каракалпак АССРи катталган. 1936-жылы автономдук республика Өзбек ССРинин катарына кошулган. Советтер Союзу тарагандан кийин Каракалпак АССР Жогорку Кеңешинин жыйынында "Каракалпакстан Республикасынын 20 жылга Өзбекстан Республикасынын курамына кошулушу" тууралуу мамлекет аралык келишимге кол коюлган. Келишимде Эгемен Каракалпакстан Республикасы каалаган убакта референдум аркылуу Өзбекстандын курамынан чыга алары жазылган. Учурда Каракалпакстан Өзбекстандагы эң чоң аймак (өлкө аймагынын 40%). Каракалпакстандын жеринин басымдуу бөлүгү чөл.

Макаланын автору "Азаттыктын" казак редакциясынын журналисти Жолдас Орисбай.

Мухтар Магауин
Казакстандын эл жазуучусу Мухтар Мукан уулу Магауин (02.2.1940 – 09.1.2025)

Акыркы жылдары АКШда байырлап жаткан казак эл жазуучусу Мухтар Магауин бейшембиде дүйнөдөн кайтты. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты ишембиде (11-январда) өткөрүлмөкчү. Тынчтыкбек Чоротегин маркум айдыңды эскерет.

Казак элинин көрүнүктүү жазуучусу, илимпозу жана публицисти эле

Шум ажал Мухтар агайыбызды 85 жашка чыгаарына үч аптадай калганда алып кетти. Боордош казак элинин дагы бир мээнеткеч аксакалы түбөлүк дүйнөгө, казактар айткандай, меңгүлүккө сапар алганын соңку кабарлардан окуп, терең кайгырып турабыз.

Мухтар Мукан уулу Магауин (казакча Мұхтар Мұқанұлы Мағауин; 02.2.1940 – 09.1.2025) агабыз орто кылымдардагы жана жаңы доордогу казак фольклордук мурасынын дыңын казган саамалыкчыл окумуштуу, казак тарыхынын ар кыл барактарын адабиятчынын көзү менен изилдеген жана романдарында чагылдырган таланттуу жазуучу, ошондой эле, заманбап Казакстандын саясий турмушу жаатында эч тайманбастан өз пикирин ачык айта алган чыгаан публицист жана коомдук ишмер катары таанымал эле.

Ал – филология илимдеринин доктору даражасына ээ болгон, Казак ССР Мамлекеттик сыйлыгын (1984) алган жана эгемен Казакстандын эл жазуучусу (1996) наамына жана башка сыйлыктарга татыган.

Мухтар Магауин. 31.8.2008.
Казакстандын эл жазуучусу Мухтар Магауин. 31.8.2008.

Кыска өмүр таржымакалы

Мухтар ага 1940-жылы 2-февралда Казакстандын Семей облусуна караштуу Чубар-Тоо (Шұбартау) ооданында Баршатас айылында туулган. (Бул оодан 1963-жылы Аягөз ооданына кошулган).

Теги – казактын абак керей уруусунун жастабан уругунан болот.

Ал 1962-жылы Алматы шаарындагы Казак мамлекеттик университетинин (азыркы Фараби атындагы Казак улуттук университети) филология факультетинин казак бөлүмүн, 1965-жылы андагы аспирантураны аяктаган.

Эмгек жолун 1965-жылы баштаган жаш айдың “Казак адабияты” («Қазақ әдебиеті») гезитинин сын бөлүмүн жетектеп турган.

1967–1971-жылдары М.Магауин “Жазушы” басмасында башкы редактордун орун басары, Казак ССР Илимдер академиясынын Мухтар Ауэзов атындагы Адабият жана көркөм өнөр институтунда улук илимий кызматкер болуп иштеп турду.

Ал Маскөөдөгү Максим Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунда казак фольклорунун жана казак адабиятынын тарыхы боюнча дарстар да окуган.

1976-жылдан тартып ал Абай атындагы Казак педагогика институтынын казак адабияты кафедрасынын доценти блуп иштеген.

1983–1984-жылдары ал эркин чыгармачылык менен алектенген.

1984–1986-жылдары ал “Жазушы” басмасында башкы редактор болгон.

1987-жылы ал кайрадан эркин чыгармачылыкка өткөн.

1988-жылдан тартып ал “Жулдыз” адабий журналынын башкы редактору кызматын бир канча убакыт аркалагандыгы да маалым.

М.Магауин Чехияда.
Мухтар Магауин Чехияда.

М.Магауин XXI кылымдын нөлүнчү жылдарында (2007-жылдан деп да айтылат) Казакстандан Чехияга көчүп келип, ал кезде “Азаттыктын” Казак кызматын жтектеп турган уулу Эдиге Магауин (Едіге Мағауин) менен туруп калды.

Жаңы кылымдын онунчу эылдарынын ичинде ал Түркияда да бир аз байырлап, кийинчерээк АКШга көчүп кетти.

Уулу Эдиге Магауин “Фейсбук” аркылуу маалымдагандай, Мухтар агайыбыз "АКШнын Мэриленд штатындагы үйүндө, бала-чакасынын курчоосунда, 2025-жылдын 9-январында жергиликтүү убакыт боюнча 19:55те (Казакстан убактысы боюнча 10-январда таңкы саат 05:55те)" дүйнө салды.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 11-январда Мэриленд жергесинде өткөрүлөөрү маалымдалды.

Мухтар Магауин. Мэриленд. 03.2.2018.
Мухтар Магауин иш бөлмөсүндө. Мэриленд, АКШ. 03.02.2018.

Чыгармачыл ишмердиги. “Беш кылым ырдайт”

Мухтар Магауин чыгармаларын 1959-жылдан тартып жарыялай баштаган.

Жалпы казак улуту Мухтар аганы оболу адабият таануучу, фолклор таануучу илимпоз катары кеңири тааныды.

Асыресе Мухтар Магауин калемдеши Мардан Байдилдаев менен бирдикте түзгөн “Беш кылым ырдайт” (“Бес ғасыр жырлайды”) деп аталган антологиялык жыйнак өз заманы үчүн дың бузган эмгек болуп калган.

Алгач бул антология үч томдук жыйнак катары “Жазушы” басмасынан 1984-жылы чыккан.

Биринчи томго Асан Кайгыдан (Асан қайғы; XV кылым) Махамбет Өтемис уулуна (1804–1846) чейинки атактуу төкмө акындардын жана ойчулдардын мурастарынан үзүндүлөр киргизилген.

Албетте, мындагы Асан Кайгы — XIV–XV кылымдарда Алтын Ордого караштуу бир катар элдерде (кыргыз, казак, каракалпак, ногой) орток ойчул, акылман, сынчы, гуманист-философ акын эле.

Жыйнактын экинчи томуна Кобылан Бөрибай уулунан (1760–1840) Акан Сери Корамса уулуна (1843–1913) чейинки акындардын, үчүнчү томуна Абай Кунанбай уулунан (1845–1904) тартып Султанмахмут Торайгыр уулуна (1893–1920) чейинки даңазалуу төкмө жана жазгыч акындардын көөнөргүс чыгармаларынан өрнөктөр киргизилген.

Жарыялангандардын арасында теги кыргыз, бирок казак акыны болуп калган Жөжө Каржообай уулу (Шөже Қаржаубайұлы; 1808–1895) калтырган мурастын өрнөктөрүнө да орун берилген.

Айтмакчы, Чокон Валиханов 1864-жылы 5-мартта Омбу шаарындагы өз батиринде акын Жөжөнүн айтуусундагы “Козу Көрпөч – Баян сулуу” (“Қозы Көрпеш — Баян сұлу”) дастанынын мыкты вариантын жазып алып, Жөжөнүн акындык чеберчилигине өтө жогору баа берген.

“Беш кылым ырдайт” (“Бес ғасыр жырлайды”) жыйнагы алиги “Жазушы” басмасынан 1989-жылы эки томдук болуп кайра жарыяланган.

Мухтар Магауин бир катар повесттерин жарыялаган соң, калеми такшалган маалда, 1971-жылы "Көк мунар" (Көкмұнар) аттуу туңгуч романын жарыкка чыгарган.

Советтик Казакстанда жаңыдан таанылып келе жаткан окумуштуу жана жазуучунун орто кылымдардагы жана жаңы доордогу казак поэзиясынын көөнөргүс мурасы тууралуу иликтөөлөрү чет өлкөлөргө да дайын болгон.

Маселен, 1973-жылы белгилүү совет таануучу Эдуард Олворс (Edward Allworth) мырзанын редактордугу астында чыккан "Советтик Борбордук Азиядагы улут маселеси" аттуу жыйнакта Мухтар Магауин өзгөчө сөзгө алынган.

Арийне, совет таануучунун китебинин калыс баасы советтик цензорлор тарабынан Магауинге "улутчул" жардыгын тагууга, аны тымызын “кара тизмеге” алууга кошумча шылтоо болгон.

Бул көмүскө кара тизме Казакстанда эгемендик заманында гана ачыкталган.

Чыңгыз хан тууралуу төрт томдук

2002-жылы Алматыдагы “Каганат” (“Қағанат”) басмасынан М.Магауиндин он үч томдук чыгармалар жыйнагы жарык көргөн.

2020-жылы АКШнын Мэриленд штатындагы Magauin Publishing басмасы жазуучунун толук чыгармалар жыйнагын жыйырма беш томдук кылып жарыялаган.

2024-жылы Казакстанда “Касым” (“Қасым”) басма үйү М.Магауиндин жыйырма алты томдук толук чыгармалар жыйнагын жарыкка чыгарды.

Анын көптөгөн чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган жана жарыяланган.

Мухтар Магауин агабыздын өмүрдүк эмгектеринин бири – “Чыңгыз хан” (“Шыңғыс хан”) романы. Ал 2011–2016-жылдары Алматы шаарында 4 китеп болуп жарык көргөн.

Бул чыгарманы жаратуу маалында Мухтар агабыз бизден өтүнүп, Кыргызстандан дагы бир катар илимий эмгектерди алдырганы эсте.

Албетте, тарыхый булактардын маалыматтары мол камтылган бул эмгек маркум агайыбыздын казак эли үчүн таберик чыгармасы болуп калды. Анда Ички жана Борбордук Азиядагы көчмөндөр циввилизациясына калыс баа берүү чакырыгы камтылган.

“Биздин “Чыңгыз хан” – тарыхый көркөм чыгарма эмес, илимий иликтөө да эмес. Ар тараптуу, даректүү баян” (“Біздің «Шыңғыс хан» – тарихи көркем шығарма емес, ғылыми зерттеу де емес. Толымды, деректі хикая”), – деп М.Магауин өзү айрыкча эскерте кеткен.

Ошол эле учурда чыгаан казак жазуучусунун Чыңгыз хандын теги жаатындагы аны түрктөштүрүү далаалатына биз азыр дагы макул эмеспиз.

М.Магауин агай: “Чындыгында, Чыңгыз хандын тарыхы биринчи кезекте түрк элдеринин тарыхы болгон. Анын ичинде ал эзелки казак тарыхынын нагыз доорлорунун бирине жатат” (“Шын мәнісінде Шыңғыс хан тарихы – ең алдымен түрік халықтарының тарихы болатын. Оның ішінде ежелгі қазақ тарихының ең толымды кезеңдерінің бірі”), – деген сыпаттамасын берген.

М.Магауиндин "Чыңгыз хан" төрт томдугу
Мухтар Магауиндин "Чыңгыз хан" төрт томдугу

Албетте, Чыңгыз хандын сулалесинин (династиясынын) өкүлдөрүнүн Алтын Ордодо кыпчакташып кеткен урпактарынын кийинчерээк казак, татар, ногой сыяктуу тектеш калктарга жуурулушкандыгын эч ким танбайт.

Бирок казак улутунун келип чыгышы үчүн Чыңгыз хандын чапкынына чейинки бир канча эртерээк кылымдардагы кыпчактардын жана башка түрк элдеринин этностук компонент катары башкы ролун четке кага албайбыз.

Кыпчак талаадагы дал ошол этностор XIII–XIV кылымдарда монгол тилдүү баскынчыларды өздөрүнө жуурулуштуруп алышкан.

Бул кайчы пикирди айтуу менен бирге, маркум Мухтар агабызды өзгөчө урматтаарымды баса белгилегим келет.

Элеси түбөлүк эсте калат

Мээнеткеч Мухтар Магауин агабыз жаш муундарды жана башка замандаштарды тарыхка, маданий мураска карата өз алдынча ой жүгүртүүгө жана өз алдынча бүтүм чыгарууга чакырган.

Анын көркөм чыгармалары да, даректүү маалыматтары да XX кылымдын акыркы үчилтиги – XXI кылымдын алгачкы чейрегиндеги казак адабияты жана фольклор таануусу үчүн көөнөргүс из калтырган жаратмандык ишмердиктин мөмөсү болуп саналат.

Ал ар кандай себептерден улам чет өлкөлөрдө жашап калса да, ар бир айдың жүрөгүнүн ар бир кагышын Атажуртка арноого жарамдуу боло алаарын өз тагдыры менен тастыктады.

Мухтар агай өз өлкөсүндөгү бийликтер тарабынан кетирилген кээ бир калпыстыктар үчүн бийлик ээлерин ачык сындоодон эч качан тайсалдаган эмес. Маселен, ал 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн (Жаңаөзен) окуясындагы бийлик саясатын катуу сындаган жазуучулардын бири болгон. Мындайча айтканда, ал көшөкөр “дүжүр чалдын” кебетесине түшкөн эмес эле.

Чынында да азыркы Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев мырзанын маркум Мухтар Магауиндин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жазуучунун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтканын окуп, абдан ыраазы болдум.

Демек, маркумдун Атажуртунда карапайым калайыктан тартып жогорку бийлик сересиндегилерге чейин анын кадырын жана чыгармачыл мурасынын наркын дурус баалашат экен.

Мухтар Магауин жубайы Бакытжамал менен. 06.8.2011.
Мухтар Магауин жубайы Бакытжамал менен түркмөн жазуучусу Худайберды Халлынын үйүндө мейманда. Йенеч кыштагы, Чехия. 06.8.2011.

Мухтар агай менен Прага шаарында уулу Эдигенин үйүндө, биздикинде жана башка жайларда көп ирет чер жаза баарлашкан элек.

Мухтар агайыбыздын байбичеси, өзгөчө мээримдүү Бакытжамал (Бақытжамал) эжекебиз да казактын салтын-наркын мыкты билген жаншерик катары өз күйөөсүнө опол тоодой жөлөк болуп келди. Жубайлар төрт уул, эки кыздуу, небере-чөбөрөлүү болушту. Мухтар агайыбыз менен Бакытжамал эжекебиз Чехиядан көчкөнгө чейин Прагадагы түрк тектүү айдыңдардын аксакалы, алардын төрүнүн көркү болушту.

Маркум Мухтар агайыбыздын жалпы үй-бүлөсүнө, жакындарына, мүлдө казак адабиятчы жана айдың журтуна терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Мухтар Магауин агайыбыз эми эстутумда калчу жаңы, түбөлүк өмүрүн баштады.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG