Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:04

Борбор Азия

Очокко бышкан тамак
Очокко бышкан тамак

Көгүлтүр отунга бай коңшу Өзбекстанда электр энергиясынын тартыштыгынан улам жергиликтүү калк үйүн көмүр же отун менен жылытуу амалын издеп жатат. Адистер аба булганып, экологияга зыяны тийип жатканын айтышууда. Бирок өзбек өкмөтү мындан да көбүрөөк көмүр өндүрүүнү пландоодо.

2021-жылы Өзбекстандын Энергетика министрлиги өлкө ички керектөөдөн үч эсе көп жаратылыш газын өндүрө турганын билдирген.

Бирок көгүлтүр отко бай Өзбекстанда соңку беш жылда газ өндүрүү азайып баратканы, элдин көбү көмүр, отун же тезек менен үйүн жылытып жатканы байкалууда. Өлкөдө электр станцияларынын көбү көмүр менен иштейт.

Серепчилер жана активисттер көмүрдүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине коңгуроо кагып, көмүрдөн чыккан түтүн климаттын өзгөрүшүнө салым кошуп жатканын белгилешүүдө. Ошондой эле алар миңдеген бак-дарактар отунга кыйылып жатканын айтышууда.

Өзбекстандыктар болсо өкмөттү көйгөйдү чечүүнүн башка жолдорун сунуштай албай жатат деп айыпташууда.

Бул көйгөй жыл сайын кыш айларында курчуйт. Анткени суукта газ тартыштыгынан улам электр энергиясына суроо-талап кескин жогорулайт.

"Ноябрдын аягынан бери аба ырайы суук. Газ айылдарды кой, шаарларда да жетишсиз. Мен жашаган шаардын борборунда кышында газдын [түтүктөгү] басымы төмөндөп кеткендиктен, меш ысыбайт. Айла жок адамдар көмүр, тезек – колунан келгендин баарын жагат. Жада калса мөмө бактарын да кыйып жатышат", - дейт өлкө чыгышындагы Фергана шаарында жашаган активист Абдусалом Эргашев.

Көмүр саткан базар.
Көмүр саткан базар.

Уруксатсыз бак-дарактарды кыюу күчөгөндүктөн, Ташкент бул үчүн жазаны катаалдаштырды. Быйыл февралда күчүнө кирген мыйзамга ылайык, уруксатсыз дарак кыюуга күнөөлүү деп табылган жарандар 17 миллион сомго (1300 доллар) чейин айып төлөөгө милдеттүү. Мамлекеттик кызматкерлерге, жеке ишканаларга жана башка уюмдарга салынган айыптар мындан да жогору.

Аталган мыйзамды бузгандар кыйылган ар бир дарак үчүн 100 көчөт отургузушу керек.

Өзбекстандыктардын көбү, айрыкча шаардын жака белинде жашагандар кыштын камын бир нече ай мурда көрө башташат. Отун жарып, тезек терип, көмүр сатып алышат. Айрым үй-бүлөлөр жаңгактын кабыгы жана мөмө-жемиштердин данектерин да жагышат.

Орто эсеп менен айылдагы бир үй-бүлө кышында отун, пахтанын сабагы жана тезектен тышкары 1,5 тонна көмүр керектейт.

Мордон чыккан кара түтүн экологияга гана зыян келтирип жаткан жок.

"Ферганада айдап бараткан машиненин айнектери жабык болсо да ичиндеги булганган абадан муунуп кала жаздадык. Бул Ферганада эле болуп жаткан жок. Өлкөнүн 90% абал ушундай. Бул экологияга жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирүүдө", - дейт популярдуу өзбек блогери Акмал Исамиддинов.

Тезек терген жигит
Тезек терген жигит

Көмүр көйгөйдү чечеби?

Өзбекстандагы кырдаал жакында чечилбеши мүмкүн.

Өлкөдө 1,8 триллион m3 жаратылыш газынын запасы бар. 36,4 миллионго жакын калкы бар өлкө көгүлтүр оттун запасы боюнча алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирет.

Бирок көп жылдардан бери иштетилип жаткан кендер акырындап түгөнүп, жаңы газ кендерин бургулоо барган сайын кыйындап баратат. Өзбек өкмөтү болсо газ өндүрүү үчүн дагы заманбап технологиялар керектигин белгилейт.

Расмий статистикага ылайык, Өзбекстан 2024-жылдын 10 айында 39 миллиард м3 жаратылыш газын өндүргөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,8% аз.

2018-жылы Өзбекстанда 61,6 миллиард м3 газ өндүрүлгөн. 2023-жылы өндүрүш 46,7 миллиард м3 чейин төмөндөгөн, бул беш жыл мурункудан 24% аз дегенди билдирет.

Өкмөт 2030-жылга чейин өндүрүштү акырындык менен 33% көбөйтүп, 62 миллиард м3 (2018-жылга караганда бир аз жогору) жеткирүүнү пландап жатат.

Деген менен Өзбекстандын өкмөтү элди көбүрөөк көмүр жагууга үндөп келет.

Көмүр ташыган унаа.
Көмүр ташыган унаа.

Өзбек басылмаларынын маалыматына ылайык, 2023-жылга чейин Ташкент миңдеген мамлекеттик мектептерди, бала бакчаларды жана медициналык мекемелерди жаратылыш газынан көмүргө өткөрүүгө буйрук берген.

Өкмөттүн маалыматына караганда, жаратылыш газын өндүрүү азайган сайын көмүр өндүрүү көбөйгөн. 2016-2023- жылдары өндүрүш көлөмү 4 миллион тоннадан 6,5 миллион тоннага чейин өскөн.

Өзбекстан 2025-жылга чейин көмүр өндүрүүнү 10 миллион тоннага жеткирүүнү пландоодо.

Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу эскертүүлөргө келсек, өзбек өкмөтү жашыл энергетика булактарына инвестиция салганын, электр автоунаалары үчүн субсидияларды киргизгенин жана абаны тазартууга 200 миллион бак отургузуу боюнча улуттук кампанияны баштаганын белгилеп келет.

Өзбекстанда былтыр кыш катуу болуп, жарык менен газ жетишсиз болгон. Кыш ызгаарында конуштарда, көп кабаттуу үйлөрдө газ жана электр энергиясы эки-үч күнгө чейин өчүп жатканы элдин нааразылыгын күчөткөн.

Анда президент Шавкат Мирзиёев ызгаарда калкты электр энергиясы менен камсыздоо боюнча өткөргөн жыйында Ташкенттин бардык жетекчилерин учурдагы кырдаалга даяр эместиги үчүн катуу сындап, калаа мэри Жахангир Артыкхожаевди кызматтан алынган.

Ал Өзбекстандагы эң бай бизнесмендердин бири, бирок байлыгы расмий түрдө айтылган эмес. Артыкхожаев 2018-2023-жылдары Ташкент шаарынын мэри болуп иштеген.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда жана Борбор Азия өлкөлөрүндө пенсия жыл сайын өсүп жатат. Бирок жашоочулар пенсия көбөйгөнү менен аны инфляция “жеп”, күнүмдүк тиричиликке да жетпей жатканын айтышууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстандан тышкары Борбор Азия өлкөлөрүндө минималдык пенсия 100 долларга да жетпейт:

Мындай пенсия эмнеге жетет? “Азаттыктын” “Фергана” бюросунун журналисттери Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандагы пенсионерлердин өздөрүнөн сурап көрүштү.

Өзбекстан

Өзбекстанда 1-сентябрдан тарта минималдык пенсия 15% көтөрүлдү. Пенсионер Эркиной Бобохева бул кабарды укканда сүйүнгөнүн айтат. Буга чейин ал 1,5 миллион сум алса, эми 2 миллион сум (155 доллар) ала баштады. Бирок баалар да кошо өсүп, жашоо деңгээли өзгөргөнүн сезген жок. Өзбекстанда быйыл расмий инфляция 10% түздү.

"Ай сайын 800-900 миң сум (60-70 доллар) дары-дармекке кетет. Дары кымбаттабаса бизге кыйла жеңил болот эле", – дейт Эркиной.

Ферганалык пенсионер Ходжиакбар Убайдуллоев да араң жан багып жатканын айтты:

"Мен 2 миллион сумдан көп алам (156 доллар). Бирок бул акча эч нерсеге жетпейт", – дейт ал.

Өзбекстанда 4 миллион пенсионер бар. Жогорку пенсия 3 миллион 888 миң сумду түзөт (300 доллар).

Казакстан

Борбор Азияда эң көп пенсия алгандар Казакстанда. Бирок ал жактагы пенсионерлердин жашоосу да жеңил эмес.

Алматылык пенсионер Жамал Темиргалиева 259 миң теңге (500 доллар) алат. Ал "советтик" пенсия алуучулардын катарында.

"Менин эмгек стажым 36 жыл. Пенсиям 1998-жылдын 1-январына чейин иштеген жылдар боюнча эсептелген. Кошумча өзүм топтогон пенсиялык каражатым бар. Бирок ошентсе дагы күнүмдүк оокаттан ашпайт. Тамак-аш, коммуналдык кызматтардан тышкары ай сайын дарыланууга кетет. Жакында стоматологго бардым. Бир тиштин кариесин тазалаганга 24 миң теңге (46 доллар) төлөдүм. Өткөн айда тиземди дарылаткам. Ай сайын ушундай чыгымдар болуп турат", – дейт ал.

Атын атагысы келбеген дагы бир пенсионер 37 жыл иштеп, 180 миң теңге (378 доллар) пенсия алганын айтат.

Казакстандын пенсиялык системасы тилектештик жана милдеттүү топтомо компонентинен турат. Тилектештик пенсияны мамлекет төлөйт, аны 1998-жылга чейин иштеген жарандар гана алат. Башкалары өздөрү топтогон пенсияны гана алышат.

Казакстанда эркектер 63 жашында, аялдар 61 жашында пенсияга чыгат. Өлкөдө 2 миллион 413 миң пенсионер бар. Быйыл эң чоң пенсия 945 миң 752 теңге (1830 доллар) экени жарыяланган.

Кыргызстан

Кыргызстанда да аралаш система иштейт. 2010-жылы Казакстан жана Орусиянын үлгүсү менен топтомо компоненти киргизилген. Жөнөкөй айтканда, ар бир иштеп жаткан жаран Социалдык фондго маянасынын 10% төлөйт. Анын 8% учурдагы пенсионерлерди каржылоого, 2% жарандын өзүнүн топтомо эсебине которулат. Топтомо эсебиндеги акча кийин өзүнүн пенсиясына кошулуп берилет.

Ал эми пенсионерлерге каражат үч бөлүк менен берилет. Базалык бөлүк (3170 сом) жарандын стажына карабастан милдеттүү түрдө берилет. Камсыздандыруу бөлүгү, тескерисинче, стажына жана төлөмдөрүнүн суммасына жараша чегерилет. Топтомо бөлүгү – жаран өзүнө өзү чогулткан каражат, ал бар болсо, пенсиясына кошулат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 787 500 пенсионер катталган. Былтыр максималдуу пенсия 100 миң сомдон (1150 доллар) ашканы айтылган. Бирок мындай каражатты канча адам алып жатканы белгисиз.

Социалдык фонд 2025-жылы пенсияларды дагы 7% көтөрүүнү пландоодо. Бирок депутат Эмил Токтошев бул акча кымбатчылык күч алган учурда жетишсиз болорун айтып, кеминде 10% көтөрүү зарылдыгын айтты:

ЖК депутаты Эмил Токтошев.
ЖК депутаты Эмил Токтошев.

"Бюджет өстү, профицит деп атасыздар. Үч жылдан бери иштеп атасыз, пенсионерлердин таламын сизден башка ким талашат? Жети пайыз деп отурасыз. Кеминде 10 пайыз көтөрүңүз. Сунуш кылыңыз. 10 миң сом пенсия алган адамга 700 сом кошулат экен. Жыл сайын бюджетке акча кошулуп атат, ошого жараша пенсионерлердин саны дагы өсүп атат. Алардын колуна арзыбаган акча тийип жатканы менен ишиңер жок", - деди Токтошев.

Тажикстан

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөнкү пенсия Тажикстанда. 2024-жылдын 1-июлунан тартып коңшу өлкөдө пенсия 30 пайызга жогорулаган. Эмгек стажына жараша мамлекет 180 сомониден (17 доллар) 1500 сомониге (138 доллар) чейин төлөйт. Тажикстандык пенсионерлер мындай каражат жашоого жетпей турганын айтышууда.

Тажикстанда максималдык пенсиянын өлчөмү белгисиз. Бир нече жыл мурун айрым пенсионерлер 10 миң сомониден көп алганы коомчулукта нааразылык жараткандан кийин максималдык пенсия боюнча маалымат жарыяланбай калган.

Хоженттик пенсионер Мавжуда Рахмонова чыгымдары пенсиясынан бир топ ашканын айтты.

"Баалар өтө кымбат. Азыр эт алганы келдим. Базарда бир килограммы 105-110 сомони (10 доллар) турат. Мен 40 сомониге (4 доллар) гана эт алдым. Аны 3-4 жумага жеткирүүгө аракет кылам", – дейт ал.

Кыргызстандын Ош шаарында 1 килограмм эт 600 сомдой (7 доллар) турат. Алматыдагы Жашыл базарда 4-4,5 миң теңге (7,5-8 доллар), ал эми Өзбекстандын Фергана шаарында орточо баасы 85 миң сум (6,6 доллар).

Пенсионерлердин абалын өзгөртүүгө эмне керек?

Борбор Азия өлкөлөрүндө пенсиялар жыл сайын көтөрүлүп жатканына карабастан, пенсионерлер дагы деле аялуу катмар бойдон калууда. Колго тийген пенсия күнүмдүк тиричиликке эптеп жетет. Эксперттердин пикиринде, аймактагы өлкөлөр пенсия системасын түп-тамырынан өзгөртүүгө муктаж.

Бирок кыргызстандык эксперт Жамиля Тогузбаева экономика өсмөйүнчө пенсиялык системаны өзгөртүү натыйжа бербейт деген пикирде. Анын айтымында, жарандар талап кылынган төлөмдөрдү убагында төлөп турса дагы, элдин кирешеси төмөн болсо, татыктуу пенсия чогулта албайт.

Жамиля Тогузбаева.
Жамиля Тогузбаева.

"Пенсияны экономикадан бөлүп кароо мүмкүн эмес. Экономикалык абал канчалык бекем болсо, пенсиялык камсыздоо ошончолук жакшырат. Калктын кирешеси төмөн жана жумушсуздук жогору өлкөдө пенсия чоң болбойт. Пенсиялык системаны өзгөртүү менен гана пенсияны көтөрүү мүмкүн эмес", – дейт Тогузбаева.

Кыргызстан менен Өзбекстандын Конституцияларында пенсия тиричилик минимумунан төмөн болбошу керектиги жазылган. Тажикстандын Конституциясында мындай талап жок, бирок өзүнчө токтомдордо социалдык кепилдиктерди тиричилик минимумуна жакындатуу боюнча жоболор бар.

Өзбекстанда 2024-жылдын май айынан баштап тиричилик минимуму 648 миң сум (50 доллар) деп аныкталган. Казакстанда бул көрсөткүч 43 407 теңге (83 доллар), Кыргызстанда – 8144 сом (94 доллар), ал эми Тажикстанда 325 сомони (30 доллар).

Борбор Азиядагы пенсионерлер балдары жана туугандары каралашып, каржылык колдоо көрсөткөнүн айтат. Бирок жалгыздыкта жана жакырчылыкта күн көрүп жаткандары да аз эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG