Самарада облус губернаторунун 29-декабрда чыгарган токтому буга чейинки тыюулардын тизмесин дагы кеңейтти. “Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эмгек рыногун коргоо максатын көздөйт” деген мындай чечимдер Орусиянын башка дагы бир катар аймактарында кабыл алынып келет.
Тыюу салынган ишмердик тизмеси узарды
Самарадагы бул жолку тыюунун тизмеси патент менен иштеген экономикалык ишмердиктин 115 түрүнөн турат. Мигранттардын иштешине тыюу салынган тармактарга азык-түлүк, техника өндүрүшүнө, дүң жана чекене соодага, транспорттук ташууларга, коомдук тамактанууга, билим берүүгө, кадр тандоого, информатика жана илим жаатына таандык жумуштар кирди. Ишканаларга токтомдун талаптарын аткарууга үч ай мөөнөт берилди.
Орусиянын мыйзамдарына ылайык, патент менен иштөөгө визасыз алакада болгон Азербайжан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Украинанын жарандары укуктуу. Бирок Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Орусияда патентсиз эле, эмгек келишими менен иштей алышат.
Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар киргизилип жаткан чектөөлөрдөн кийин аларга карата кескин өзгөрүү боло электигин, бул кыргыз жарандарынын Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдары менен иштегенине байланыштуу болушу мүмкүндүгүн айтышат.
Орусияда эмгектенип жүргөн Нуржигит (аты өзгөртүлдү) кыргызстандыктардын Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн барган мигранттардан бир топ артыкчылыктары бар экенин айтат. Бирок аны колдоно албай, көп учурда билбестиктин айынан мыйзам бузуп, улам катаалдап бараткан миграциялык мыйзамдардын торуна илинип калгандар көп болуп жатканын белгилейт.
“Азыр бизде, кыргыздарда, ЕАЭБдин курамына кирген өлкөлөрдө, орустар катары эле укугубуз бар. Болгону паспортубуз эле кыргыз, болбосо бардык эле жерге ишке алып жатат. Мына, дүйнөлүк белгилүү “Макдональдс” деген ишкана бар. Ошол жерде кыргыздарды эле алат, өзбек, тажикти албайт. Аларда уруксат документи – патент, же чет элдик жарандын жумушка уруксат кагазы бар. Аларга эмгек келишими, уруксат кагазы менен патент чектелүү бир убакытка – бир же эки жылга берилет. Келишим ошол эле убакытка түзүлөт. Ал бүткөндөн кийин же “кирди-чыкты” кылат, же узартат. А бизде, мен канча жерде көрдүм, эмгек келишими мөөнөтсүз, Орусия жаранындай эле. Эгерде расмий иштей турган болсоң, ар дайым “кирди-чыкты” кылыштын кереги жок. Анткени сенин колуңда иштеп жаткан эмгек келишими бар, сен иштеп жатасың”.
Самарада 2024-жылдын августунда да базарларда, коомдук тамактануучу жайларда иштөөгө жана имараттарды ижарага берүүгө тыюу салынган болчу. Андан мурдараак февраль айында таксиде, коомдук транспортто, билим берүүдө жана кадр тандоо агенттиктеринде патент менен иштөөгө тыюу киргизилген.
Буга чейин, 2024-жылдын октябрь айында Омск облусунда да патент менен иштеген мигранттардын бир катар тармактарда иштешине тыюу салган токтом чыккан. Облус башчысы Виталий Хоценко 2025-жылдын 1-мартынан тартып мигранттар билим берүү, саламаттык сактоо, соода, дары-дармек жана азык-түлүк өндүрүшү, аңчылык жана социалдык кызмат көрсөтүү тармактарында иштей албашын билдирген.
Кыргыз жарандарына тиешеси канчалык?
2024-жылдын этегине карай Орусиянын Приморск, Хабаровск крайлары менен Иркутск облусунда да экономикалык ишмердиктин ондогон түрү боюнча мигранттарга тыюу киргизилген. Алардын тизмесинде жүргүнчү ташуу, экскурсовод болуп иштөө, билим берүү мекемелеринде эмгектенүү, бала багуу жана коомдук тартипти камсыздоо тармактары да бар.
Ал жылы Калининград, Липецк, Новосибирск, Курск, Воронеж сыяктуу дагы бир катар облустар чет элдиктердин иштешине чектөө киргизишкен.
Кыргызстандын Омск облусундагы ардактуу консулу Нурсултан Исабек уулу Орусияда эмгек мигранттарына киргизилип жаткан чектөөлөрдүн кыргызстандыктарга тиешеси болбой турганын айтат.
“Бул тыюу көбүнчө патент же башка бир шарт менен иштегендерге тийиштүү. Мен дагы ушул маселелер боюнча бул жактын бийлигинен сурагамын. Алар “маселе жок, биз Кыргызстан менен дос мамиледебиз, эч кандай чектөөлөрдүн тиешеси болбойт” деп айтышкан. Биздин жарандарга тиешеси жок эле. Мага бул тармакта эч кандай кайрылуулар болгон эмес. Билим берүү боюнча, тескерисинче, бизге акысыз квоталар бөлүнүп атат. Быйыл дагы мага окуу жайлардын ректорлору чыгып “кыргыз жарандары келип, квота менен иштесе болот” деп, адистиктердин тизмесин жөнөтүштү. Кыргыздар жакшы тармактарда иштейт. Мындай, көчө тазалап жүргөнүн аз көрөсүң, андай жумуштарды кылбай калган. Көбүнчө бизнес менен алектенишет. Ар тармакта, базарларда, кафе-ресторандарда иштешет. Мурун эгерде өздөрү катардагы жумушчу болсо, азыр, тескерисинче, бизнес ачып, жумушчуларды кабыл алып, Орусиянын жарандарына дагы жумуш берип калган”, - дейт Нурсултан Исабек уулу.
Нурсултан Исабек уулунун айтымында, 2019-2020-жылдары Омск аймагында жалпысынан 15 000 кыргыз мигранты эмгектенчү. Ал азыркы учурда алардын саны 2 000-3 000 тегерегинде калганын, калгандары мекенине кайтып же башка өлкөлөргө ооп кеткенин айтат.
Айткандай эле, кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, 2023-2024-жылдары Орусиядан жүз миңдеген кыргыз мигранты кайтып келди. Алардын көп бөлүгү жумуш издеп Европа, АКШ, Түштүк Корея, араб өлкөлөрүнө орун которушкан.
"Көмүскө эмгек рыногун күчөтөт"
Мигранттар менен иштеген укук коргоочу Валентина Чупик аларга карата киргизилип жаткан катаал чектөөлөр Орусиядагы көмүскө эмгек рыногун күчөтөт деп эсептейт:
“2019-жылдагы Орусияга келген 19 млн мигрантка, анын ичинде 11,5 млн эмгек мигрантына салыштырмалуу 2024-жылы 6,5 млн мигрант кирген. Анын 3,3 млн гана эмгек мигранты. Январдан тартып дагы чектөөлөр кирсе, мигранттардын саны дагы үч эсе кыскарат деп ойлойм. Мындай шартта мигранттар мыйзамсыз жол менен иштөнү көздөп калышат”.
“Крокус Сити Холл” коцерттик залындагы былтыркы теракттан кийин Орусияда чет элдиктерге жана эмгек мигранттарына карата мамиле кескин катаалдаган. Буга, орус бийлигинин ырасташынча, калайманды теги тажикстандыктар уюштурган деген шек түрткү болгон. Мигранттардын көптөгөн тармактарда иштешине бөгөт коюлуп, алардын Орусияда жүрүүсүн жана жумушка орношушун кыйындаткан мыйзамдык чаралар да кабыл алынып келет.
Ал эми айрым байкоочулардын пикиринде, мигранттарга каршы басым-кысым Украинадагы согуш башталгандан кийин күчөгөн. Муну менен орус бийлиги аларды согушка барууга мажбурлап жатканы да кабарланып келет.
“Азаттык” радиосунун кабарчылары Би-Би-Синин орус кызматы жана “Медиазона” басылмасы түзгөн тизмеден жана ачык булактардан карап, Кыргызстанда туулуп өскөн 50дөн ашык адам Украинада орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүрүп набыт болгонун аныктаган.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданып катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Муну менен катар, Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин реестрин түзүшкөн. Реестрге кирген мигрант унаа айдап иштөө, банктык кызматтарды колдонуу, менчигин каттоо, никесин каттоо жана балдарын бала бакча менен мектепке киргизүү укугунан ажырайт.
2024-жылы Орусиядан 80 миңден ашуун мигрантты “миграциялык эрежелерди бузганы үчүн” чыгарышкан. Маалыматты ТАСС агенттиги Федералдык соттук приставдар кызматына таянып жазган. Бул сан 2023-жылдагы 44 миңге караганда дээрлик эки эсе көп.
Орусияга мигранттар агымы былтыр соңку 10 жылда алгачкы жолу эң төмөнкү көрсөткүчкө түшүп, экономисттердин өлкөдө жумуш күчүнүн жетишсиздиги башталат жана тейлөө акысы кымбаттайт деген кооптонуусун жаратууда.
Кыргызстандын жалпысынан 72 миңге жакын жараны Орусияда миграция мыйзамдарын, эрежелерин бузган деп шектелип жатканын жакында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров билдирди. Аларга укуктук колдоо көрсөтүү керек экенин айткан министр өлкөгө алып келүү жана ишке орноштуруу үчүн шарт түзүү зарыл экенин да кошумчалады.
Сабировдун айтымында, алар Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат базасында эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзгөндүгү, бармак изин каттоодон жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгү, миграциялык каттоого тургандыгы жөнүндө маалыматы жок адамдар.
Быйыл 1-январдан тартып чет өлкөлүк жарандардын Орусияда жүрүү убактысы 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылды. Бул убактылуу/туруктуу жашоого уруксаты, эмгек же жарандык-укуктук келишими сыяктуу документи жок жүргөн чет өлкөлүк жарандарга колдонулат.
5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим тууралуу мыйзам күчүнө кирет. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулары үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) аталган мыйзам Орусиядагы кыргыз жарандарына да тиешелүү экенин эскертип, бул өлкөдө жүргөн мекендештерди тиешелүү органдарга тез арада кайрылууга жана өз укуктук абалын мыйзамдаштырууга чакырган.
Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда Кыргызстандын 334 миңдей жараны миграцияда жүрөт.
Шерине