“Эч кандай тамак киргиздирбейт. Алар берген тамакты жегенге мүмкүн эмес”. Мындай пикирин убактылуу кармоочу жайга киргизилген тажикстандык мигранттардын бири билдирди.
Ал декабрдын аягында Екатеринбургдагы рейд учурунда кармалган. Дал ошол күнү мигранттын Орусиядагы каттоосу бүтүп, аны узартууга үлгүрбөй калган.
“Бизди бир суткадай полиция бөлүмүндө кармашты. 26-декабрда соттон кийин Кольцоводогу борборго алып келишти. Ал жерде орун жок экен. Ошондон улам убактылуу кармоочу жайга (ИВС) алып келишти. Биз бул жерде 15 күндөн бери отурабыз. Эки аптадан бери ысык тамак иче элекпиз. 29унан бери бардык тамак-ашка тыюу салынды. Ал тургай “роллтон” менен “доширакты” да жей албайбыз. Бир гана нан жеп жатабыз”,- деди ал.
“Азаттыктын” тажик кызматы менен сүйлөшкөн мигранттар түрмөдөгүдөй шартта кармалып, кызматкерлер аларга кылмышкерге жасагандай мамиле кылып жатканын баса белгилешет.
"Мен аларга жейм, ичем дедим. Мага тез бышкан кесмени же деп айтышты. Бирок мындай тамакка чыдай албайт экенсиң. Айрымдарыбыздын үй-бүлөлөрү, жубайлары бул жакта жашайт. Алар самса, плов жасап алып келип жатышты Бирок кызматкерлер бизге алып кирүүдөн баш тартышты. Кызматкерлер бизге бул мигранттарды кармоочу жай эмес, түрмө экенин айтышты. Бирок “биз кылмышкер эмеспиз” дедик”, - деп билдирди дагы бир мигрант.
Орусиянын мыйзамдарына ылайык, миграциялык эрежени бузган чет элдиктер депортацияга чейин атайын борборлордо кармалышы керек. Бирок андай миграциялык борборлордо орун жоктугунан бул мигранттар полициянын убактылуу кармоочу жайларына жөнөтүлүп, кылмышкердей мамилеге туш болорун айтып жатышат. Алардын билдиргенине караганда, кармоочу жайлардын шарты катаал, сырттан тамак-аш киргизилбей, кадимки түрмөдөгүдөй эрежелер сакталат.
Жогорудагы тажик мигранттары Тажикстандын Екатеринбургдагы консулдугуна жардам сурап кайрылган. Консулдук алардын маселесин карап чыгууга убада кылды.
Ал эми Тажикстандын консулдугунун алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү Якубжон Умаров Орусиядагы мекендештеринин азыркы абалы тууралуу буларды билдирди:
"Кеңири масштабдуу рейддер жүргүзүлгөн учурларда кармалган мигранттар кармоочу жайга убактылуу гана жайгаштырылышы керек. Атайын борборлордо орун бошогондо аларды ошол жакка которушат. Бул убактылуу гана чара. Мигранттардын маселеси чечилбей жатканына майрамдарга туш келгени да себеп. Бүгүн мен чет өлкөлүктөр кармалуучу миграциялык борборго кайрылдым. Ал жерде депортация боло тургандардын тизмеси даяр болгонун, жакын арада орун бошорун айтышты. ИВСтерге чынында тамак-аш киргизилбейт. Буга ууланууну алдын алуу аракети себеп.”
Адатта Орусиянын расмий органдары мигранттар туш болгон мындай окуяларга комментарий бербейт. Убактылуу кармоочу жайларда отурган мигранттар орус бийлиги аларды депортациялоо боюнча чечимди тез арада кабыл алса дешет.
Мындай жабык жайларда Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары да бар экенин “Азаттыктын” тажик кызматы менен маектешкен мигранттар айтып беришти. Көпчүлүгүнүн тилеги тез арада мекенге кайтып баруу.
Өткөн жылы Орусиядан "миграциялык эрежелерди бузду" деп 80 миңден ашуун келгин чыгарылган, алардын 23 миңи Москва шаарындагы жана Москва облусундагы соттордун чечими менен депортацияланган. ТАСС агенттиги Соттук приставдардын федералдык кызматындагы (ФССП) булактарга шилтеме берип жазгандай, 2023-жылы өлкөдөн 44 миңден ашуун чет элдик жана жарандыгы жок киши чыгарылган. Андан мурунку жылы соттор ошондой 26,6 миң чечим чыгарган.
Былтыр мартта Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерт залындагы теракттан кийин Орусияда эмгек мигранттарына каршы саясат катаалдады. Орус бийлиги кол салууга тажик жарандарын айыптаган.
Эмгек мигранттарын кармоо, аскердик каттоого коюу, башка кысым-басым учурлары көбөйгөн.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарымында Орусияда 334 миңге жакын кыргызстандык мигрант жүргөнү аныкталган.
Шерине