35 жаштагы казак жараны Ауэз Капсаланов мындан үч жыл мурда Январь окуялары маалында Алматынын борбордук аянтында атып өлтүрүлгөн. Ал 2022-жылдын башындагы кандуу окуяларда набыт болгон 238 кишинин бири. Ал кезде Казакстанда газдын кымбатташына каршы митингдер бийликтин кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияларга айланып, тоз-тополоң менен коштолгон.
Борбор Азия
дүйшөмбү 6 Январь 2025
5-январда Баткен облусунун Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Арка-2 айылында белгисиз зат жарылып, эки адам жараат алды. Каргаша 32 жаштагы келин кызы менен короосунда эски темир-тезекти жыйнап жатканда болгон. Украин армиясы Орусиянын Курск облусунда жаңы чабуулун баштады. Москва Украинанын Курахово шаарын толук өз карамагына алганын жарыялады. Киев аны ырастай элек. Тажикстандык Сайфиддин Тажибаев Сириянын жаңы армиясында жогорку кызматка дайындалганы кабарланды. Дүйшөмбү ага "чет элде согушка жана террордук актыларга аралашкан" деген шек менен издөө жарыялаган.