Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:05

Борбор Азия

жекшемби 19 Январь 2025

Календарь
2025-ж., Январь
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
30 31 1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31 1 2
Пэлжидийн Гэндэн
Монгол мамлекеттик ишмери Пэлжидийн Гэндэн . 1936-ж. чейинки сүрөт.

XX кылымдын 20–30-жылдарындагы Монгол Эл Республикасынын бараандуу тарыхый инсандарынын бири Пэлжидийн Гэндэн өз элинин Маскөө таңуулаган тоталитардык идеологияга моюн сунбаган бойдон сталиндик жазалоолордун маалында набыт кеткен азаматы эле. Тарыхчынын блогу.

Монгол Эл Республикасы көз карандысыз коммунисттик мамлекет катары эсептелген менен, СССРдеги тоталитардык мамлекетке көрүнбөгөн жиптер менен саясий-идеологиялык жана экономикалык жактан байланып, көз каранды өлкө болуп турган. Өзгөчө XX кылымдын 20–30-жылдарындагы Монголиянын саясий тарыхы бул кырдаалды ачык айгинелейт.

Бирок Улаан-Баатардагы бардык эле саясатчылар Иосиф Сталиндин Кремлдеги бийлигине мүңкүрөп баш ийип берген деп айтууга эч мүмкүн эмес.

Монголия жумурияттык түзүлүшкө 1924-жылы өткөн

XX кылымдын онунчу жылдарынан тартып эгемен Монголия бутпарас ламасы бийлик кылган диний башкаруудагы (теократиялык) мамлекет болгон.

Нгаваң Лобсаң Чокйи Нйима Тендзин Вангчук (08.9.1869, Лхаса, Тибет – 17.4.2024, Урга шаары, Монголия) деген бутпарас диниятчысы оболу 1874-жылы “Богдо-гэгэн Сегизинчи” деп жарыяланып, кийинки жылы Монголиянын Урга шаарына (азыркы Улаан-Баатар шаарына) келип, мындагы бутпарастык жамааттын башчысы болуп калган. Ал кезде Монголия аймагы Кытайдын цин-манжур сулалесинин таман астында болгон.

1911-жылы цин-манжур сулалеси ойрон болгон соң, монголдор Кытайдан көз карандысыз теократиялык Монгол мамлекетин жарыялашып, Богдо-гэгэн Сегизинчини “Богдо хан” (монголчо “Богд хаан” – “ыйык хан”) ысымы менен такка отургузушкан.

1918–1920-жылдары ал түштүк-чыгыштан Кытай өкмөтү, түндүктөн орусиялык актар жана кызылдар менен мышык-чычкан оюнун ойноого аргасыз болгон.

Кытай аскерлери тарабынан 1920-жылы күзүндө убактылуу камакка алынган Богдо ханды ак гвардиячы генерал, немис тектүү барон Роберт Николаус Максимилиан фон Унгерн-Штернбергдин (Robert Nikolaus Maximilian Freiherr von Ungern-Sternberg; кыскача Унгерн; 1886–1921) атчан аскерлери бошотуп алышкан. Богдо хандын бийлиги толук калыбына келтирилген.

Барон Роман фон Унгерн-Штернберг.
Барон Роман фон Унгерн-Штернберг (1886 –1921) болшевиктерге туткунга түшкөн кезинде.

Айтмакчы, барон Унгерн 1921-жылы августта болшевиктердин колуна түшкөн. Владимир Ленин жөнөткөн телеграммага ылайык, баронду Ново-Николаевка (азыркы Новосибирск) шаарында ошол жылы 15-сентябрда ачык соттоп, анан атып салышкан.

Анын “Борбордук Азия республикасын түзүү” планын “Жапониянын кызыкчылыгындагы куралдуу козголоң" катары мүнөздөшкөн.

Барондун өлүмү тууралуу уккан соң, Богдо-гэгэн лама кечилканаларында Унгернге багыштап эскерүү жөрөлгөлөрүн өткөрткөн.

Ал эми айтылуу колбашчы жана ыңкылапчы Дамдины Сүхбаатар (кыргыздар анын өз атын орусча “Сухэ-Батор” вариантында билишет; 02.02.1893,– 20.2.1923,) болсо 1921-жылдын февралынан тартып монгол өкүмдары Богдо хандын Башкы кол башчы (09.2.2021 – 20.2.1923) болгон.

Ал эми ошол 1921-жылдын 9-июлунан тартып Богдо хандын теокартиялык бийлиги чектелип калган кезде, Сүхбаатар чектелген теократиялык башкаруудагы Монголиянын Аскер министри (11.7.2021 – 20.2.1923) кызматын гана аркалаган.

Советтик адабиятта, адатта, мунун аки-чүкүсү айтылчу эмес жана Сүхбаатар (Сухэ-Батор) революциячыл мамлекетти башкарган киши катары жонунан үстүрт сыпаттала берчү.

Богдо хан (Богдо-гэгэн VIII) Сүхбаатар өлгөндөн дээрлик 14 айдан кийин – 1924-жылы 17-апрелде дүйнөдөн кайткан. Ошондон соң гана Монголия теократиялык жеке бийликтен биротоло арылган жана жумурияттык мамлекеттик түзүлүш жолуна өткөн.

Пэлжидийн Гэндэндин бийиктеген сереси

Советтик коммунисттик тоталитардык мамлекеттин идеологиялык моюнтуругуна каршы чыккан монгол азаматтары арбын эле. Алардын арасында саясий лидерлердин бири Пэлжидийн Гэндэн (Peljidiin Genden; туулган жылы: 1892 же 1895 – атылган күнү: 1937-жылдын 26-ноябры) деген мамлекеттик ишмер да бар эле.

Пэлжидийн Гэндэн мырза Монгол Эл Республикасынын парламентинин – Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын туңгуч төрагасы, б.а. жумурияттын туңгуч президенти (1924–1927) болгон. Бул жогорку кызматка ал 1924-жылы 29-ноябрда шайланган.

Дароо ушул жерден айта кетсек, айрымдар Гэндэнге чейин да Монголияда президент болгон, дешет. Бирок коммунист саясатчы Наваандоржийн Жадамбаа (1900–1939) мырза Монголиянын Кичи мамлекеттик хуралынын (парламентинин) төрагасы милдетин бир гана күн-түн (б.а. 1924-жылдын 28–29-ноябрында гана) аткарган.

(Учкай айта кетсек, бул ишмерди сталинчилер жөн жайына коюшкан эмес. 1931-жылы Жадамбаа Монгол Элдик-Ыңкылапчыл Партиясынын (МЭЫП; Монгол Ардын Хувьсгалт Нам) катарынан чыгарылган. 1937-жылы декабрда камакка алынып, 1938-жылы мамлекетке “каршы ишмердиги” үчүн 10 жылга абакка кесилген. Ал 1939-жылы (кайсы күн экени белгисиз) абакта өлгөн. 1968-жылы Монголия Жогорку Соту аны (өлгөндөн кийин) актаган. 1990-жылы анын МЭЫПтагы мүчөлүгү калыбына келтирилген).

Демек, Жадамбаа убактылуу гана президенттик милдетти аткарса, Гэндэн мырза Монголия жумуриятынын тарыхында бул кызматка туруктуу шайланган туңгуч мамлекеттик ишмер болгон).

Гэндэн 1892-жылы Монголиянын азыркы Өвөрхангай аймагына кирген мурдагы Сайн-Нойон-хан аймагындагы Уйзэн-ван хошуундав малчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

1922-жылы ал Монголиянын ыңкылапчыл жаштар уюмуна мүчө болуп калат. 1924-жылы ал Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын биринчи отурумуна делегат болуп катышат.

Ал кездеги өкмөт башчы Балингийн Цэрэндорж (Цэрэндорж-бэйсэ; 1868 — 13.02.1928) мырза Гэндэндин чыйрактыгын байкап калып, анын талапкерлигин Монгол Эл Республикасынын Кичи мамлекеттик хуралыгын Президиумунун төрагасы кызматына (иш жүзүндө мамлекет башчысы кызматына) сунуштаган.

Гэндэн бул кызматты 1927-жылдын 15-ноябрына чейин аркалаган. Ошол эле учурда ал Монгол кесиптик кошуундарынын Борбордук бюросун да жетектеген.

1928–1932-жылдары Гэндэн Монгол Элдик-Ыңкылапчыл Партиясынын (МЭЫП; Монгол Ардын Хувьсгалт Нам) Борбордук комитетинин катчыларынын бири болгон.

Ал Монголияда радикалдык саясий жана экономикалык реформаларды чечкиндүү жана тездеп жүзөгө ашыврууну жактаган. Анын ичинде колхоздоштуруу, жеке менчикти мамлекеттештирүү, эркин базар мамилелерине тыюуу салуу чаралары да болгон.

“Хөвсгөл көтөрүлүшү”

Албетте, бул сталинчил реформаларга каршы ири көтөрүлүштөр да чыккан. Маселен, “Хөвсгөл көтөрүлүшү” (монголчо “Хөвсгөлийн бослого”) деп аталган ири антикоммунисттик көтөрүлүштү айта кетүүгө болот.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы бул толкундоолор 1932-жылы апрел–ноябр айларында болгон. (Кыргызстанда да 1928–1933-жж. ушундай чыгуулар болгон эмеспи).

Азыркы саясий баадан алганда, “Хөвсгөл көтөрүлүшү” коммунисттик режимге каршы жарандык согуштун мүнөзүнө ээ болгон. Бутпарас динчилдер бул кыймылдын жигердүү жетекчилеринен болушкан.

Иосиф Сталин бул кыймылды басуу үчүн СССРден жазалоочу аскер жөнөтүү сунушуна каршы чыгып, ашынган солчулдарды Улаан-Баатардагы бийликтен четтетүү оң, деген.

Баары бир Монголияда жергиликтүү коммунисттик режимди колдоо үчүн 1929–1932-жылдары тымызын аракет кылган советтик чакан аскер тобу да болгон. Бул топ танктарды жана учактарды да колдонгон.

“Жапончул козголоңду ойрон кылуу” үчүн согушкан бул топту теги украин Тарас Васильевич Юшкевич (22.02.1896 – 03.12.1981) жетектеген. Юшкевич СССР тарабынан да, Монголия өкмөтү тарабынан да “Күжүрмөн Кызыл Туу” ордендери менен сыйланган.

Тарас Юшкевичтин кызы Анна Юшкевичтин айтымында, ал “кызыл” казак орустардын полкун башкарган. Юшкевич мырза 1927-жылы Фрунзе атындагы аскердик академияны аяктаган. 1933-жылы ал Монголиядан кайтып келип, Фрунзе атындагы академиянын оперфакультетин аяктаган.

Юшкевич 1936–38-жылдары Киев Өзгөчө Аскердик Аймагында (КОВО) кызмат кылган, бирок 1938-жылы ал камакка алынган. Үч ромб (генерал-полковник) аскер чинине жеткен бул киши сталиндик репрессияга учурап, алыскы Индигиркада кенде иштөөгө мажбур болгон. 1949-жылы кайрадан камакка алынган.

Тарас Юшкевич 1955-жылы гана акталган, бирок генералдык чини калыбына келтирилген эмес жана Киевдеги батири да кайра кайтарылып берилбеген.

Гэндэн – өкмөт башчы. “Лхүмбэ иши”.

1932–33-жылдардан тартып Монголияда элдин сталинчил ыкчам реформаларга каршы катмарларын жоошутуу үчүн “ашынган солчулдарды” жоошутуу, бийликтен четтетүү жана жазалоо иш-аракеттери алгач башталганда, Пэлжидийн Гэндэн дагы эле жогорку бийлик сересинде кала берди.

Цэнгэлтийн Жигжиджав (Tsengeltiin Jigjidjav; 1894 — 22.05.1933) мырза 1930-жылдын 27-апрелинен 1932-жылдын 2-июлуна чейин Монголиянын өкмөт башчысы кызматын аркалап турду. Бул күнү аны “солчул маанайдагы” саясатчы катары кызматтан алышкан.

Анын ордуна Пэлжидийн Гэндэн өкмөт башчы болуп калган.

Жигжиджав мырза кийин Соода, унаа жана байланыш министри кызматына дайындалган. 1933-жылы 22-майда аны үнүнөн атып өлтүрүшкөн жана андан соң маркумду “контрреволюциячы” катары каралоо жүрүмү башталган.

Пэлжидийн Гэндэн өзү деле 1933–1934-жылдардагы сталинчил жазалоолорду уюштурууга тийешеси бар мамлекеттик ишмер болгондугун четке кагууга болбойт.

Дал ошол жылдардагы жазалоо өнөктүгү “Лхүмбэ иши” деген аталыш менен маалым.

Жамбын Лхүмбэ (Jambyn Lkhümbe; 1902 – 30.6.1934) мырза Өвөрхангай аймагынан чыккан. Бул аймакта бурят жана башка чакан этностор да байырлашат.

Лхүмбэ мырза 1929–1930-жылдары Маскөөдө И.В.Сталин атындагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинде таалим алган. (Айтмакчы, бул университетттин Ташкендеги бөлүмүнүн негизинде 1923-жылы Борбордук Азия коммунисттик университети түзүлгөн).

Лхүмбэ мырза 1932-жылдын апрелинен тартып “Хөвсгөл көтөрүлүшү” аталган кыймылды аёосуз басууга киришкен монголдук аскер топторунун бирин жетектеген.

1932-жылы 30-июнда Лхүмбэ МЭЫП БКнын Биринчи катчысы болуп шайланган.

Арийне, кандуу басылган “Хөвсгөл көтөрүлүшүнүн” негизги козуткучтары – тымызын аракеттенген жапон тыңчылары жана жапончул саясатчылар болгон, деген шек менен 1933-жылдан тартып бир катар саясатчылар ак жеринен камала башташкан.

Советтик НКВДнын (чекисттердин) тергөөчү өкүлүнүн шыбыштоосу менен Лхүмбэ мырзанын өзүн камакка алуу тууралуу чечим кабыл алынган.

Бул чечимге макулдук бергендердин арасында өкмөт башчы Пэлжидийн Гэндэн да болгон.

Тарыхта “Лхүмбэ иши” деп аталып калган бул жазалоо өнөктүгү маалында тың чыккан бир катар бурят тектүү саясатчылар жана монгол саясатчылары абакка түшкөн, СССРге сүргүнгө айдалган же өлүм жазасына тартылган.

Лхүмбэ өзүнө коюлган айыптарды четке каккан. Аны Маскөөгө да убактылуу алып келип, абакта кыйнашкан. 1934-жылдын башында ал Улаан-Баатарга алынып келинип, 1934-жылы 30-июнда өлүм жазасына тартылган. 1962-жылы аны (өлгөндөн кийин) акташкан.

1933–1934-жылдары Монголияда баш-аягы 317 киши камакка алынып, кыйноого туш келген. Алардын 53ү өлүм жазасына, 136сы абакка кесилген, 126сы Орусиянын Колыма жергесине алааматтуу сүргүнгө айдалган. Жалпысынан 317 кишинин ичинен 251ден кем эмес бөлүгүн бурят тегиндегилер түзгөн. Демек, Монголиядагы буряттардын “каймагы” бул сталинчил жапатырмак террордун негизги курмандыгы болгон. (Бул буряттардын бир кыйласы 1917–1919-жылдары Орусиядагы жарандык согуш маалында Байкал аймагынан Монголияга баш калка издеп үркүп келишкен болчу).

(Караңыз: Tsedendambyn Batbayar; Sharad K. Soni. Modern Mongolia: A Concise History // Mongolian Journal of International Affairs. 2015. P. 7. –

URL: https://www.academia.edu/11475951/Modern_Mongolia_A_Concise_History).

Гэндэн жана бутпарастар

Албетте, монголдук сталинчи саясатчылардын бири болгонуна карабастан, өкмөт башчы Пэлжидийн Гэндэн айрым маселелер боюнча Монголиянын өз алдынча эгемен саясатын жүргүзүүнү да ылайык көргөн либералыраак ишмерлерден болчу.

Маселен, ал бутпарас (буддизм) дининин өкүлдөрүн куугунтуктоого каршы чыккан. Монголдор бутпарас дининин Тибетте жаралган ламачылык нугун тутушат. 1930-жылдардын ортосуна карата Монголияда 90 000 ламасы бар 800 бутрапас кечилканасы иштеп турган.

1932-жылдын июлунан тартып Монголиянын өкмөтүн башкарган Гэндэн мырза ыйык Будданы көрөгөч киши катары караган жана Будданы Ленин сыяктуу эле адамзаттын залкар инсандарынын бири деп санаган. Ошондуктан ал бутпарас диниятчыларына – ламаларга кысым көрсөтүүнү токтотууну жактаган.

Ал экономикада Ленин өмүрүнүн соңунда сунуштаган жаңы экономика саясаты (НЭП) сыяктуу кыйла либерал нукту тутууга умтулган.

Гэндэн өз өлкөсүнө жапон баскынчылыгынын коркунучунун шылтоосу менен советтик аскерлерди туруктуу киргизүүгө да каршы чыккан.

Гэндэн жана Сталин

Монгол өкмөт башчысы Пэлжидийн Гэндэн советтик диктатор Иосиф Сталин менен алгач 1934-жылы ноябрда Маскөөдө жолуккан.

1935-жылы декабрда Гэндэн Маскөөгө экинчи ирет келип, Иосиф Сталин менен жолуккан.

Сталин монгол өкмөт башчысынын экономикалык көмөк жаатындагы өтүнүчүн четке кагып, аны өз буйругуна же кеңешине тоотпой мамиле кылып жатканы үчүн жемелеген. Гэндэн, маселен, Монголиядагы Ички иштер комитетин Советтер Биримдигиндегидей ыкмада өз алдынча ички иштер министрлиги деңгээлине чыгаруу жана аскер санын көбөйтүү жөнүндөгү сталиндик сунушту кабыл албай койгон.

Монголдор – кымыз гүлүн жана сүттөн өндүрүлгөн аракты ичкен азиялык көчмөн элдердин бири эмеспи.

Монголиянын Маскөөдөгү элчилиги расмий кабыл алуу аземин уюштуруп, ага Сталин дагы келип катышкан. Азем маалында ичимдиктер да сунушталган.

Кече маалында Сталин Гэндэнге:

“Сыягы сен, Гэндэн, Монголиянын жаңы ханы болгуң келип жаткан окшойсуң го?” – дейт.

Кызып калган Гэндэн (кантсе да, эгемен өлкөнүн өкмөт башчысы эмеспи) Сталинге:

“Сен, грузиндин шайтан алгыр баласы, өзүңдү иш жүзүндө орустун жаңы падышасына айлантып салыпсың!” (“Ты, чертов грузин, сделался новым русским царем!”), деген имиш.

Ачуусуна алдырган Гэндэн Сталинди жаакка чаап, анын мүштөгүн сындырып, “керек болсо Монголия Жапония менен деле биримдик түзө алат”, деп айткан имиш.

Кийин Гэндэн мындайча актана сүйлөгөн экен:

“Сталин – кубаттуу киши. Менин деле Монголиянын атынан чыгууга ыйгарым укугум бар. Ошон үчүн менин өз оюмду айтууга акым бар... Мени мас болуп, Сталин менен анча-мынча жакалашып кеткеним үчүн сындап жатышат. Мунун монголдук-советтик мамилелерге эч кандай тиешеси жок да. Кишилер мас болгондо, ар кандай окуя болушу мүмкүн; алар акылга сыйгыс болуп калышат. Мени чала сабат дей аласыз. Туура, мен билимсизмин. Андай киши өзүнүн эмне кылып жатканын деле аңдабайт эмеспи”.

“Stalin is a powerful man. I also possess power to represent Mongolia. This is why I am entitled to say what I think ... I am being criticized for having gotten drunk and having had a squabble with Stalin. This has nothing to do [with] the Mongolian-Soviet relations. When people get drunk, anything can happen; they become unreasonable. You say that I am uneducated. It is true, I am uneducated. A person like that does not know what he is doing.”

(Караңыз: Baabar, B., History of Mongolia: from world power to Soviet satellite, 1999, University of Cambridge .ISBN 978-99929-0-038-3, OCLC 515691746. p. 348–349).

Албетте, көп узабай эле Сталин монгол коомундагы өзүнүн “куйруктары” аркылуу “чектен чыккан” Гэндэн мырзаны жазалоого жетишкен.

Сталинчилердин кезектеги курмандыгы

Саясатчы Лхүмбэ жазыксыз жерден жазаланып жаткан чакта, ага каршы чыккан Гэндэн өзү деле 1936-жылы коммунисттик жазалоочу жабдуунун ырайымсыз кылтагына илинген.

Бул иш-аракет бюрократтык ыкмалар менен башталды.

Оболу 1936-жылы 2-мартта бийликтеги жалгыз партиянын – МЭЫПтин Борбордук Комитетинин пленуму чакырылып, анын чечимине ылайык Гэндэн өкмөт башчы кызматынан алынган.

Оболу Гэндэн үй абагында кармалган.

Андан соң аны “саламаттыгын чыңдап алуусу” үчүн СССРдин Кара деңиз боюндагы курорт жайга жөнөтүү чечими кабыл алынган.

Гэндэн советтик Орусиянын Краснодар аймагындагы Сочи шаарында “Кавказская Ривьера” конок үйүндө жайгашып жаткан жеринен 1937-жылы 17-июлда советтик чекисттер тарабынан камакка алынган.

Ошол жылы 26-ноябрда Пэлжидийн Гэндэн мырза СССР Жогорку сотунун Аскердик коллегиясы (ВКВС СССР) тарабынан “жапондордун кызыкчылыгында тыңчылык кылган” жана “Монголияда мамлекеттик кутум даярдаган” деген ойдон чыгарылган доолор боюнча өлүм жазасына өкүм кылынган.

1937-жылы 26-ноябрда бул адилетсиз өкүм жүзөгө ашырылган. Маркумдун сөөгү Маскөөдөгү Донское көрүстөнүндө жерге берилген.

СССР Жогорку сотунун Аскердик коллегиясы 1956-жылы 15-декабрда Гэндэнди кайра актоо тууралуу чечим кабыл алган.

Монгол мамлекеттик ишмери Пэлжидийн Гэндэн . 1936-ж. чейинки сүрөт.
Сталиндик жазалоолордун айыпсыз курмандыгы болгон даңазалуу монгол мамлекеттик ишмери Пэлжидийн Гэндэн (1892–1937). 1936-ж. чейинки сүрөт.

Эстутум

Жалпыласак, Пэлжидийн Гэндэн тууралуу акыйкат сөз посткоммунисттик Монголияда ээн-эркин айтылып келет.

Аны советтик Кремлдин Монголиядагы таасирин күчөтүүсүнө каршы турган, элдик салт-санааны жана диний ишенимдерди барктаган мамлекеттик ишмер катары баалашат.

Азыркы монгол адабиятында Гэндэндин көз карандысыз мүнөзү, ачык-айрымдыгы, каармандыгы (маселен, анын Маскөөдө калайык менен жолугушууларында Сталинге коркпостон каршы чыгып сүйлөй алгандыгы) жана кубаттуу мекенчил туруму акыры 1936-жылдын мартында анын кызматтан алынышына жана сталинчил жазалоо машинесинин “тазалоо” жүрүмүнүн курмандыгына айланышына алып келгендиги калыс баяндалат.

Гэндэн XX кылымдагы монгол тарыхында бараандуу инсан катары өзгөчө сыя менен жазылып калды.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Викрам Рузахунов. Коллаж
Викрам Рузахунов. Коллаж

Казакстандын Алматы облусунун Карасай райондук соту 2022-жылдын январь окуялары маалында Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандарына "кыйноо көрсөткөн" деп айыпталган алты полиция кызматкерин күнөлүү деп таап, үч жылдан эркинен ажыратты.

Каңтар окуяларында жалпысынан он кыргызстандык жаран кармалган, алардын баары бошотулган. Эки кыргыз жараны каза болгон.

17-январда Казакстанда сот 2022-жылдын январь окуялары маалында Кошмамбет айылындагы убактылуу кармоочу жайда болгон кыйноо фактылары боюнча өкүм чыгарды. Ал жерде жүзгө чукул өзбек, кыргыз, казак жарандары, анын ичинде кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыйноого кабылганы маалым болгон.

Сот полиция кызматкерлери Бауыржан Сопоков, Арман Шойбеков, Берик Адилбеков, Олжас Айдарханов, Серик Турпанов жана Нурсултан Хамитовду кармалгандарга "кыйноо көрсөткөн" деп таап, ар бирин үч жылдан эркинен ажыратты.

Айыпталуучулар коюлган күнөөнү мойнуна алышкан жок.

Судья Динмухаммед Адайбаев Кошмамбеттеги кыйноолор боюнча мурдагы полиция кызматкерлерине чыгарылган өкүмдү окуп жатат. 17-январь, 2025-жыл.
Судья Динмухаммед Адайбаев Кошмамбеттеги кыйноолор боюнча мурдагы полиция кызматкерлерине чыгарылган өкүмдү окуп жатат. 17-январь, 2025-жыл.

Сот жараяны былтыр 16-сентябрда башталган. Полиция кызматкерлери "адамдын ар-намысына шек келтирген, ырайымсыз мамиле кылуу, кыйноо" жана "бийлигинен жана кызматтык милдетинен аша чабуу" беренелери менен айыпталган.

Прокуратуранын версиясына караганда, 2022-жылдын 7-январында чек ара кызматынын атайын бөлүгү башалмандыктын болжолдуу катышуучуларын колго түшүрүү максатында Алмата-Бишкек кан жолунда Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жүздөгөн жаранын кармаган. Кошмамбеттеги убактылуу кармоочу жайга 98 киши жеткирилген. Аларды камоо боюнча эч кандай документтер толтурулган эмес. Дал ошол жерден кармалгандар ырайымсыз кыйноого дуушар болушкан.

Адвокат: Иш сотко "чийки" келди

Жабырлануучу өзбекстандыктардын адвокаты Айна Шорманбаева соттун чечимин "өтө жумшак" деп баалап, доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын билдирди. "Бул иште 44 жабырлануучу бар, бирок 98 адам болушу керек эле" деген адвокат, тизме тергөө органдарына 2022-жылы эле берилгенин кошумчалады.

Айна Шорманбаева
Айна Шорманбаева

"Тергөөнүн өз убагында толук эмес, башкача айтканда, адилет соттук териштирүү укугунун бардык стандарттарын бузуу менен жүргүзүлүп жатканы кыжырдантпай койбойт. Тергөө ар тараптуу, объективдүү, өз убагында жана толук болушу керек эле. Бардык стандарттар бузулуп, иш сотко "чийки" келген деп эсептейбиз. Бардык жагдайлар такталган жок. Айыпталуучулардын бардыгынын аты-жөнү тактала элек. Ал эми [кыйноого кабылгандар] баары эле жабырлануучу катары таанылган эмес", - деди Шорманбаева.

Адвокат ошондой эле ал укугун коргогон 23 өзбекстандык жабырлануучунун жыйырмасына Казакстанга беш жылга кирүүгө тыюу салынгандыктан, тергөө жана сот жараяндарына келе албай калганын айтат.

"Бул далилдерди жана өзүн коргоо аракетин жок кылуунун бир ыкмасы болгон деп эсептейм. Тергөө учурунда Казакстандан депортацияланбаган үч жабырлануучу гана сотко келди" - дейт Шорманбаева.

Жабырлануучу тараптын жактоочулары буга чейин айыпты кайра карап чыгууну жана ишти Карасай райондук сотунан башка сотко өткөрүп берүүнү өтүнүшкөн. Адвокаттар окуя Карасай районунда болгондугу үчүн бул иште кызыкчылыктардын кагылышы болушу мүмкүн экенин, 44 эмес 98 киши жабырлануучу катары таанылышы керектигин айтышкан.

Судья Динмухаммед Адайбаев ишти башка сотко өткөрүүгө негиз жок экенин айтып, өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткан.

"Кандуу январь айыкпаган жара бойдон калууда"

2022-жылы январдагы башаламандык маалында коңшу өлкөнүн мамлекеттик телеканалдарынын биринде башы-көзү көгөрүп, таяктан шишиген кыргызстандык жигит "кагылышууларга катышуу үчүн акча алганын" айткан видео көрсөтүлгөн. Кийин ал таанымал музыкант Викрам Рузахунов экени, кыйноодон улам жалган айыпты мойнуна алууга аргасыз болгону ачыкка чыккан.

Рузахуновдун адвокаты Елена Жигаленок "Азаттыктын" казак кызматына телефондон берген комментарийинде соттун өкүмүнө нааразы экенин айтты.

Анын айтымында, сотко чейинки териштирүүдө жабырлануучунун саламаттыгына келтирилген залал эске алынып, 146-берененин 2 жана 3-пункттары боюнча айып тагылган.

Бирок Жигаленек Казакстандын Башкы прокуратурасы сотко чейинки тергөөгө бир күн калганда эч кандай түшүндүрмөсүз эле иштин классификациясын биринчи бөлүккө өзгөртүп, сотко жөнөтүлгөнүн белгилейт. Адвокат бул боюнча арызданганын, бирок ал канааттандырылбай калганын айтат.

"Алар муну кысым астында кайра өзгөртүшү мүмкүн. Анткени кыргыз музыканты кыйноо кабылып, эл аралык резонанс болгон. Кыязы алар жөн гана бардыгы тынчып, унчукпай калышы үчүн бирок ошол эле учурда көп жыл жоопко тартпагандай чечим чыгарды", - деп божомолдойт адвокат.

Жума күнү 50гө жакын полиция кызматкери сотко "кесиптештерин колдоо үчүн" келишти. Сот имаратынын жанында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, атайын күчтөр тартылды.

Соттун имаратына келген атайын күчтөр. Алматы облусу, 2025-жылдын 17-январы.
Соттун имаратына келген атайын күчтөр. Алматы облусу, 2025-жылдын 17-январы.

Викрам Рузахунов да сот имартынын алдында күчөтүлгөн коопсуздук чаралары- жабырлануучу тарапка "сес көрсөтүү" ыкмасы экенин, жарым-жартылай болсо да күнөөлүүлөр жазасын алганын Фейсбук баракчасына жазды.

"Тилекке каршы, бул жараян адилеттүүлүккө карай жасалган кичинекей гана кадам. Системанын тынымсыз басымына карабай, Казакстанда адам укуктары үчүн күрөш уланып жатканын дагы бир жолу көрсөттү. Кандуу январь айыкпаган жара бойдон калууда. Бирок бүгүнкү күндө жарым-жартылай болсо да, адамдын ар-намысын тебелеген кылмыштар үчүн күнөөлүүнү таап, жазалоо жаатында кадам ташталды. Эл аралык укук коргоочулар жабырлануучулардын иштерин мындан ары да көзөмөлгө алып, алардын укуктарын толук калыбына келтирүүгө аракет кылууну убада кылышты", - деп жазды Рузахунов.

Чолпонбектин үрөй учурган окуясы

Коңшу өлкөдөгү кандуу тополоңдо эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков да кыйноого кабылган.

Ал 2022-жылы 8-январда Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда кармалган. Коңшу өлкөнүн күч кызматкерлери андан талап-тоноочулук жана башаламандык боюнча айыптарды моюнуна алууну талап кылышкан.

Чолпонбек буттары сынып, сөөктөрү шымын тешип чыкканда гана уруп-сокконду токтотуп, "Тез жардам" чакырышканын айтып берген.

"Эки бутум тең шылкылдап калыптыр. Ооруканага алып барышканда ал жерден дарыгерлер сөөктөрдү туштап, гипске салышты. Мага "операция кыла турган болсок, өтө көп каражат керек болот, андан көрө Кыргызстанга барганда жакшылап операция жасатышың керек" дешти. Менин телефонумду биринчи кармалганда эле алып коюшкан, наркоздон кийин бир да телефон номерди, өзүмдүкүн да эстей албай койдум. Болгону Алматыдагы жашаган жеримди билем, палатадагы башка бейтаптарга келгендерге "ушул дарекке барып, менин бул жакта экенимди айтып койгулачы" деп сурандым. Эч ким макул болбоду. Он күндөй жатканымда врач мага "сени чыгарабыз, бара турган жериң барбы?" деди. Мен ага жашаган дарегимди айтып, менчик болсо да "Тез жардам" чакырып берүүсүн, акчасын өзүм төлөй турганымды айттым. "Тез жардам" унаасы мени катталып, жашап жаткан досумдун үйүнө алып келгенде гана алар мага байланыша албай, издеп жүрүшкөнүн билдим", - деген Чолпонбек.

Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал 20-январда Кыргызстандын Алматыдагы консулдугунун жардамы менен "Тез жардам" унаасында чек арага жеткирилген.

Чолпонбекти кыргыз-казак чек арасында Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунун атайын автоунаасы күтүп турган. Элчиликтин кызматкерлери коштоп, Алматыдан бери келген Чолпонбекти казакстандык чек арачылар кайра текшерип, Казакстанда жүрүү мөөнөтүн өткөрүп жибергени үчүн айыппул төлөтүшкөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Чолпонбек Сыдыковдун сабалышына байланыштуу 2022-жылы Казакстандын Бишкектеги консулун чакырып, бул жарандын саламаттыгына оор залал келтирген казак күч кызматкерлери тууралуу нота тапшырган.

Андан бери Чолпонбекке Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда бир канча жолу оор операция жасалган.

Каңтар окуяларында жалпысынан он кыргызстандык жаран кармалган, алардын баары бошотулган. Кандуу тополоңдо эки кыргыз жараны каза болгон.

Каңтар окуясынан кийин кармалгандар сабалганы тууралуу маалыматтар байма-бай чыккан. Кармалгандар полиция аларды ур-токмокко алганын, ысык үтүк басып, "кылмышты моюнга алдыруу үчүн" ток менин кыйнаганын айтышкан. Айрым жарандар "тишимди жулуп, тырмагыма ийне сайды" деп даттанышкан.

"Азаттыктын" казак кызматы ооруканада оор абалда жаткан жарандар да СИЗОго жеткирилип, ур-токмокко алынганы тууралуу иликтөөлөрдү жарыялаган. Расмий Астана адегенде ал кыйноолорду четке кагып, кийин жүздөгөн арыздан кийин ондогон киши кармалганын мойнуна алган. Азыр алардын көбүнө сот өкүмү чыккан.

Коңшу Казакстандагы кандуу январь окуяларында 238 адам каза болгон. Алардын алтоо убактылуу кармоочу жайларда кыйноого кабылып, көз жумган. Мындан үч жыл мурун Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Ризабек Ожаров алардын экөө Алматыдагы убактылуу кармоочу жайда, үч киши Чыгыш Казакстан облусунда, дагы бирөө Талдыкоргондо каза болгонун билдирген.

2022-жылы жазында президент Касым-Жомарт Токаев жаңы башкы прокурор Берик Асыловду жамаатына тааныштырып, ага "кыйноо сыяктуу орто кылымдагы көрүнүштү" жок кылуу милдетин койгон. Прокурорго Январь окуясын тыкыр иликтеп, жарандардын укугун коргоону тапшырган.

Көп өтпөй Алматы облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы Серик Күдебаев "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, нааразылык акцияларында кармалган адамдарга кыйноо көрсөткөн" деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG