Орусиянын дрондору кайрадан Киевди бутага алды. АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугууга даярдык жүрүп жатканын айтты. Кыргызстанда Орусиянын, Армениянын, Грузиянын жана Абхазиянын номери менен жүргөн автоунаалар мыйзамдаштырылат. Жогорку Кеңештин кызматкерлери аралашкан чырга байланыштуу кылмыш иши козголду.
Борбор Азия
жума 10 Январь 2025
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов «мамлекеттик чыккынчылыкка» жана Январь окуялары маалында «бийликти басып алууга» айыпталып, былтыр 18 жылга кесилген. Расмий маалыматка ылайык, ага каршы дагы эки кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми мамлекеттик телеканал аны «кайсы бир чет мамлекеттин агенти» деп атады.