Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:09

Борбор Азия

Борбор Азия лидерлеринин жыйыны. Астана. 9-август, 2024-жыл.
Борбор Азия лидерлеринин жыйыны. Астана. 9-август, 2024-жыл.

Орусия Украинага кол салгандан бери Борбор Азиянын геосаясий мааниси артып, Батыштын чөлкөмгө кызыгуусу күчөгөнү байкалууда. Бирок 2023-жылга салыштырмалуу С5+1 форматындагы жолугушуулар азайып, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган сапарлар көбүрөөк болду.

Батышты транзит, соода, энергетика кызыктырат

Эксперттер Украинадагы согуш аяктамайынча, Орусияга улам бир санкциялар салынып жаткан учурда Борбор Азия көңүл чордонунда кала берерин боолгошот. Эмесе Батышты кайсы тармактардагы кызматташтык кызыктырат, кайсы багыттагы алака-катышка артыкчылык берилет?

Франциско Олмос
Франциско Олмос

“Европа транзитке альтернативаны - башка мүмкүнчүлүктөрдү издей берет. Мисалы, ал жакынкы мезгилде Орусияны кыйгап, Борбор Азия, Кавказды аралап өткөн Ортоңку коридорду колдонууга умтулуп калды. Узак мөөнөттө болсо энергетика көңүл чордонунда кала бермекчи. “Казакмунай” компаниясы континентти аз көлөмдө болсо да,чийки зат менен камсыздаганын көрүүдөбүз. Бирок Европага газ ташуу мүмкүнчүлүгү канчалык болору анык эмес. Үчүнчүдөн, европалыктарды регионго инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү да кызыктырбай койбойт. Европанын компаниялары түрдүү инфраструктуралык долбоорлорго катышканын көрүүдөбүз. Алсак, Франция ядролук станцияларына казак уранын алууну көздөйт. Ал жактагы ири компания Казакстанда АЭС курууга кызыгып жатат. Төртүнчү тармак катары геосаясатты атайт элем. Европа өлкөлөрү башка өнөктөштөрдү табууга, тышкы саясатын бекемдөөгө аракеттенүүдө. Салттуу түрдө алар бул аймактагы өлкөлөрдү Москванын таасир чөйрөсүндө деп билчү. Орусия эми кайсы бир деңгээлде Европага атаандаш болбой калды. Бирок ал өлкөгө каршы туруу аракеттери чектелген. Батыш бул аймак менен болгон салттуу кызматташтык чөйрөсү кеңейтилип жатат десек болчудай”, - деп эсептейт лондондук саясат изилдөөчү Франциско Олмос.

Айткандай эле, ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Парижге жасаган мамлекеттик сапары маалында жарандык атомдук энергетика тармагындагы кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду.

Франция Казакстан жана Өзбекстандан уранды көбүрөөк алууну максат кылат. Бул өлкөдөгү “Орано” компаниясы Казакстанда АЭС кура турган эл аралык консорциумдагы ири өнөктөш болуп калышы ыктымал.

Президент Садыр Жапаров Италиянын өкмөт башчысы Жоржа Мелони менен. Рим. Октябрь, 2024-жыл.
Президент Садыр Жапаров Италиянын өкмөт башчысы Жоржа Мелони менен. Рим. Октябрь, 2024-жыл.

Октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий сапар менен Италияга барып келген.

Римдеги жолугушууларда Жапаров Кыргызстандын бийлигинин башкы милдеттеринин бири - эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана чет элдик инвестицияларды тартуу экенин, Италия өлкө үчүн келечектүү өнөктөштөрдүн бири болуп саналарын белгилеген.

Анын алдында өзбек мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев Берлинде эки тараптуу алакаларды талкуулап, бир катар келишимдерге кол койгон.

Ал эми “Ортоңку коридор” же Транс-Каспий маршрутун салуу долбоору 2000-жылдардын аягында пайда болгон. Ага ылайык, жолду Европадан Кытайга Түркия, Кавказ тоолору, Каспий деңизи жана Казакстан аркылуу өткөрүү каралган.

Орусия Украинага басып киргенден бери ал жолдун мааниси артты.

Ноябрдын башында Түрк мамлекеттер уюмунун Бишкектеги саммитинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев аталган коридорду колдонууга чакырган.

Ашхабад көптөн бери мунай менен жаратылыш газын экспорттоо каналдарын издеп жүрөт. Муну эске алганда. түркмөн бийлиги башынан эле бул коридорду жактап келет. Каспий аркылуу соода байланышы күчөйт деген үмүттө Түркмөнбашы шаарындагы портун жылына 17 миллион тонна жүк кабыл алгыдай кылып өнүктүрүүгө каражат сарптаган.

Давиде Канкарини
Давиде Канкарини

Италиялык саясат талдоочу Давиде Канкарини Батыш өлкөлөрү Борбор Азияга өз өнүмдөрүн сатып турат деп эсептейт:

“Биринчи кезекте экономиканы алсак, Батыш өлкөлөрү Борбор Азияны өз өнүмдөрүн сатуу үчүн рынок катары кабыл алат. Мисалы, Италия Казакстанга толгон-токой жабдууларды, технологияларды сатат. Демек, идеалдуу рынок десек болчудай. Ал тараптан болсо энергияны – мунай, жаратылыш газын сатып алып, импортту көбөйтүүнү максат кылат. Башкача айтканда, Борбор Азиянын эсебинен санкциялар салынгандан кийин мурда Орусиядан алынып келген энергиянын ордун толтурууну көздөшөт. 2022-жылдын февралынан тарта Европанын Польша, Италия, Германия өңдүү өлкөлөрүнүн Кыргызстан, Өзбекстан же Казакстанга экспорту өстү. Товардын ири бөлүгү Орусияга жеткирилип жатканы башка маселе. Бирок Борбор Азиянын маанилүү географиялык жана экономикалык аймакка айланганы калетсиз. Менимче, АКШ бул аймакка анча кызыкпайт. Эми Трамп бийликке келгенден кийин өзгөрүүлөр болобу же жокпу, көрөбүз. Бирок болбойт деп ойлойм. Ал эми Еврошаркетти саясий кызыкчылыкка караганда экономика көбүрөөк кызыктырат. Себеби аймактын өлкөлөрү Орусиянын таасир чөйрөсүнө кирерин, ошол эле маалда Кытайдын да таасири күчтүү экенин билишет. Албетте, саясий байланыштарды тереңдетүүнү каалашат, бирок экономикалык алака-катышка артыкчылык беришет деп эсептейм”.

Санкциялар, тең салмактуу саясат жүргүзүү аракети

Эксперт белгилегендей, Европадан чөлкөмгө экспорт мурдагыга караганда эселеп өсүп жатат. Муну менен бирге улам бир борбор азиялык компаниянын Батыштын санкциялар тизмесине илингени кабарланып келет.

31-октябрда АКШ Service Fly Bishkek деп аталган кыргызстандык дагы бир компанияга санкция салды. Компания өнүккөн өлкөлөрдөн учак тетиктери менен жабдыктарын сатып алып, чектөөчү чараларга карабай Орусияга жеткирип турган.

Анын алдыңкы күнү Орусияга Кытай аркылуу станок ташыды делген казакстандык Kazstanex компаниясы Кошмо Штаттардын санкциясына кабылган.

Казакстандын жана Кыргызстандын бийликтери санкциялык режимди сактап жатканын, Москвага аларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн билдирип келет.

Франциско Олмос Европа өлкөлөрү өздөрү да товарлары кайда ташылып жатканына көзөмөлдү күчөтүү зарыл деп эсептейт:

“Санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатышат деп Борбор Азиядагы же башка жерлердеги компанияларды айыптоо бир аз эки жүздүүлүк болуп калат. Себеби ошол кош максаттагы товарлар Европада өндүрүлөт. Демек, ал товарлардын Орусияга кетпешин камсыздоо милдети, жоопкерчилиги европалык компаниялар менен европалык өкмөттөргө да тиешелүү. Муну менен бирге борборазиялык өлкөлөр Орусия жана Беларуска кошулуп калбашы үчүн санкцияларга баш ийип, тең салмактуу саясат жүргүзүү аракетин көрбөгөндөй. Азырынча конкреттүү бир менчик компанияларга санкциялар салынып келет. Бул жагынан алганда абал көзөмөлдө тургандай көрүнөт. Бирок согуш башталгандан бери Европанын Борбор Азияга экспорту өскөндөн өсүүдө. Жөнөкөй логика салсак эле, товарлар Орусияга кеткенин болжолдосо болот”.

Ал эми Давиде Канкарини аймактагы өлкөлөр тышкы саясатын жүргүзүүдө жалпысынан балансты сактоого аракеттенүүдө деген оюн айтат:

“Чөлкөмдүн алдыңкы өлкөлөрү – Казакстан менен Өзбекстан Орусия, Кытай жана Евробиримдик менен саясат жүргүзүү жагынан тең салмактуулукту сактоого аракеттенип келет. Бул эмнени билдирет? Токаев жана Мирзиёев Москванын өз өлкөлөрүнө тийгизген таасирин кабыл алгандай. Бирок айрым учурларда ошол таасирге баш ийбегенин да байкасак болот. Анын бир мисалы, Орусия жакында Казакстанды БРИКС тобуна кошулууну сунуш кылганы маалымдалып, бирок расмий Астана учурда андай ниети жок экенин билдирди. Ушундай эле мисалды Өзбекстанга байланыштуу келтирсе болот. Ташкент Евразия экономикалык биримдигине кирбей турганын айткан. Мындай жагдайды алардын Москва менен мамилесиндеги маселе катары сыпаттаса болот. Ошол эле маалда акыркы эле жаңылыктарды алсак, өзбек президенти Мирзиёев орус мамлекет башчысына телефон чалып, киши колдуу болуп өлгөн генерал Кирилловдун өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты. Мындан улам эки өлкөнүн жакындыгын баамдаса болот. Кыскасы, аймактагы өлкөлөр балансты сактоого аракеттенүүдө”.

22-24-октябрь күндөрү Казан шаарында өткөн БРИКСтин саммити учурунда кеңейтилген жыйынга Борбор Азиянын беш лидери тең катышкан. Алар уюм менен кызматташуусун улантарын билдирип, бирок ага кошулуу ниетин айткан жок.

БРИКС саммити. Казан. 24-октябрь, 2024-жыл.
БРИКС саммити. Казан. 24-октябрь, 2024-жыл.

Өзбекстандын, Кыргызстандын президенттери БРИКСтин программаларына, долбоорлоруна жана иш-чараларына мындан ары да катышарын эле айтып тим болду.

Ага чейин Астана Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка, Египет, Эфиопия жана Бириккен Араб Эмирлиги мүчө болгон уюмга кирүүнү азырынча көздөбөгөнүн айткан.

Жыйында сөз сүйлөгөн президент Касы-Жомарт Токаев кайрадан БУУнун борбордук ролуна басым жасаган.

"Талибан" менен эсептешүүгө туура келет"

Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Илхамов чөлкөмдүн эл аралык саясаттагы бедели бир нече жыл мурдагыга караганда артып жатат, бирок дүйнөдөгү алдыңкы оюнчулар – Европа, АКШ үчүн анча чоң кызыгуу жаратпайт деген пикирин ортого салат:

Алишер Илхамов
Алишер Илхамов

“Азырынча бул чөлкөмгө алар түздөн-түз кызыкпай турат. Ошол эле маалда Борбор Азиянын географиялык абалынан улам Орусия жана Кытай өңдүү ири державалардын таасиринде калганы кызыктырбай койбойт. Андан тышкары Ооганстанды да айта кетүү зарыл. Бул өлкө маанилүү оюнчу болбогону менен, андагы стабилдүүлүк аймакка таасирин тийгизбей койбойт. Азыр бул өлкөдө саясий жактан туруктуулук орногон. Албетте, адам укуктары, өзгөчө аялдардын укуктары тебеленип, начарлап жатат. Бирок экономикалык өңүттөн алганда түштүккө карай логистикалык маршруттарды салууда жаңы перспективалар жаралды. Муну менен катар жаңы тобокелдиктер келип чыгышы да мүмкүн. Ооганстандын түндүгүндө Коштөбө каналы салынып бүткөндөн кийин Амударыянын суусун алса, бери дегенде эки өлкө – Өзбекстан менен Түркмөнстандагы абалга залкасын тийгизиши мүмкүн. Анын артынан каатчылык жаралып, миграциялык процесстерге түрткү бериши ыктымал. Кыскасы, Ооганстандагы режимдин алмашканы дурус мүмкүнчүлүктөр менен катар айрым көйгөйлөргө да алып келиши ыктымал".

Ооганстан демекчи, Борбор Азия “Талибан” кыймылы менен мамиле түзүүгө, экономикалык алакаларды жөнгө салууга аракеттенгени жашыруун эмес.

Декабрдын башында президент Жапаров түркиялык TRT AVAZ телеканалына интервью бергенде, Кыргызстан “Талибанды” тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарганын, Ооганстандагы кырдаал аймак үчүн маанилүү экенин белгилеген. Президент “Талибан” дүйнөдөн обочолонуп калганын, мындай көрүнүш Ооганстандагы маселени чечпей турганын айткан.

Жапаров Европа өлкөлөрүн жана АКШны Ооганстандын азыркы бийлигин таанууга чакырган.

Быйыл жайында Казакстан "Талибанды" террорчул уюмдар тизмесинен чыгарган. 3-июнда президент Касым-Жомарт Токаев буга Ооганстандын талибдер көзөмөлдөп турган өкмөтү менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү ниети себеп болгонун билдирген.

Данияр Амангелдиев жана Ооганстандын "Талибан" өкмөтүнүн министри Амир Хан Муттаки. Кабул. 24-январь, 2024-жыл.
Данияр Амангелдиев жана Ооганстандын "Талибан" өкмөтүнүн министри Амир Хан Муттаки. Кабул. 24-январь, 2024-жыл.

Токаевдин пикиринде, азыркы тапта Ооганстанды аймак аралык байланыштарга активдүү тартуу стратегиялык маселелердин бири болууда.

Тажик бийлиги соңку жылдары Ооганстан менен чектеш тилкедеги беш базарды кайрадан ачып, иштете баштады.

Августта Өзбекстан менен чек арада "Термез" эл аралык соода борбору ачылган. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен ага “эркин экономикалык аймак” деген макам берилген.

Эки тараптын макулдашуусунда ооган жарандары борбордо визасыз 15 күн кала алат, соода кылып, мекенине кайтат деп каралган.

Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ташкент Борбор Азияда биринчи болуп “Талибандын” элчисин кабыл алды.

Давиде Канкарини “Талибан” Ооганстанды башкарып жатканы факт экенин, алар менен эсептешүүгө туура келерин белгилейт:

“Алар (талибдер) бийлик тизгинин оңой менен колунан чыгарбайт. Ырас, ар кандай нерселер болуп кетиши ыктымал. Бирок жакынкы жана кийинки жылдарда, тилекке каршы, талибдер Ооганстанды көзөмөлдөй берет. Демек, борбор азиялык өлкөлөр “Талибан” менен иштешип, жакшы мамиле түзүү зарыл экенине көзү жетип турат. Анткени “Талибан” режими кооптуу, терроризмди болбосо да туруксуздукту жайылткан күчкө айланышы мүмкүн. Аймакка талибдер өкмөтү менен эсептешүүгө туура келет. Тажикстан башында катаал позицияны ээлеген, Ооганстандын оппозициясына башпаанек берген. Бирок акыркы кадамдардан Дүйшөмбү дагы “Талибан” менен демейкидей, тынч мамиле кура алаарын баамдаса болот. Муну Кытай, Индия, Орусия тууралуу да айта алабыз. Дүйнөнүн ошол тарабындагы өлкөлөр талибдер менен жакшы алака-катыш түзүүгө артыкчылык берет”.

Ички интеграция

Алишер Илхамов дагы бир маанилүү жагдайга көңүл бурат. Анын айтымында, чөлкөмдөгү өлкөлөр ортосундагы интеграциялык процесстер, чек ара маселелери негизинен чечилген, бирок бул аракеттер кубаттуу биримдик түзүү үчүн жетишсиз:

“Андай биримдик түзүү үчүн ар бир өлкөнүн артында бекем улуттук суверенитет турушу керек. Учурда биздин өлкөлөрдүн Орусияга көз каранды болгону улуттук суверенитетибизге кедергисин тийгизет. Биз эмгек миграциясын, башка маселелерди алганда, көп жагынан көз карандыбыз. Мындай чектелген суверенитет интеграция маселесинде олуттуу кадам таштоого жолтоо болууда. Москва буга бут тосо берет жана Жамааттык коопсуздук келишим уюму, Евразия экономикалык биримдиги аркылуу өз оюн таңуулоону улантат. Мен интеграция жолунда мына ушундай тоскоолдуктарды көрүп жатам. Бекем биримдик түзүү үчүн бирдиктүү тарифтер, бирдиктүү экономикалык рынок болууга тийиш. Бирок аймактын өлкөлөрү лагерлерге бөлүнгөн. Мисалы, Өзбекстан ЕАЭБге кирбейт, калгандары ал уюмдун алкагында милдеттенмелерди алган".

2024-жыл аяктап баратканда, кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек арасы толугу менен чечилгенин билдирди.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жыл жаңырары менен, январь айында Жогорку Кеңешке тиешелүү документтер жөнөтүлөрүн билдирип, макулдашуунун чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берүүнү убада кылды.

Кыргыз бийлиги азырынча делимитация маселелеринин чоо-жайын ачыкка чыгара элек. Деген менен 2024-жыл кыргыз-тажик чек арасынын тагдыры чечилген жыл болуп калды.

Чек аранын чечилиши айрыкча Баткендеги Көк-Таш айыл элинин көксөгөн тилеги болчу. Бул айылды 20 жылдан ашык башкарган Разия Өсөрөва эки тараптуу кагылыш, чыр-чатак чек аранын так жанында жашагандардын көкөйүнө көк таштай тийгенин, өзү бир канча жолу өлүмдөн калган учурлар болгонун айтып берди:

Разия Өсөрова.
Разия Өсөрова.

"2014-жылы Головнойдо (суу бөлүштүрүүчү жай - ред.) атышкан болсок, ошондон тартып тынбай урушуп, атышып, таш ыргытышып келгенбиз. Чек ара өтө кыйын болуп, элди кыйнап жиберди. Эвакуация болуп, Көк-Таштын эли качып, эл арасында "булар жардам алыш үчүн качат" деген сөздөр чыгып, бизди мыскылдаган күндөр дагы болду. Мага үч жолу автомат такаган окуя болду, үч өлүмдөн калдым. Таш менен урганда бутум сынды, балдак менен жүрдүм. Сүйрөп кетишип, тээп салышты... Баарына чыдадым. Мен башкаларды айтпайм, чек аранын чечилгени ушул Көк-Таш элинин бактысы болду. Көкташыктар кача берип, кача берип жадап, тажап дагы бүттүк. Өкмөт алабы же береби, эң башкысы, чек ара чечилсин. Бул маселе чечилсе, элдин жыргалчылыгы, жашоосунун оңолгону. Качанкыга чейин эле биз атышып отура беребиз? Чек ара чечилди дегенди укканда "эх, бизге дагы күн тиет экен го" деп ушундай сүйүндүм".

Баткен районунда Көк-Таштан сырткары Ак-Сай, Көк-Терек, Төрт-Көчө, Таш-Тумшук, Мазеиттин жери, Арык-Асты, Головной сыяктуу чек аранын оор тилкелери бар. Жаңжалдар негизинен ушул аймактарда катталып келген.

Бир жыл бою эки тараптын өкмөттүк делегациялары, анын башчылары маал-маалы менен жабык жолугушууларды өткөрүп жатты жана бийлик өкүлдөрү жакында чек ара маселеси биротоло чечилет деп убада берип келди.

Декабрь айынын башында кыргыз өкмөтү чек араны тактоо толугу менен аяктаганын билдирген. Делимитация жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 4-декабрда Баткенде жолукканы, бардык маселелерге байланыштуу орток пикир табылганы маалымдалган.

Жогорку Кеңеште Ташиев учурда юридикалык документтер даярдалып жатканын, ал парламенте жаңы жылда, январь айында жөнөтүлөрүн кабарлаган. Ошондо сүйлөшүү, такталган ар бир тилке тууралуу кеңири түшүндүрмө берүүнү убада кылган.

"Кудай кааласа, чек ара бүттү. Биз чек араны толук такташып, макулдашууну бүтүрдүк. Сыпаттамасы аяктады. Эми картографиянын баарын сызып даярдап жатабыз, Кудай буюрса, январдын ортолорундабы, аягындабы, силерге алып келип калабыз. Бардыгы ачык-айкын болот. Ар бир тилке, айыл, жер, көпүрө боюнча отчет берүүгө даярмын. Кудай буюрса, чек ара эки тараптуу, достук келишимде чечилди. Чек ара чечилгенде, “сен уттуң, мен уттум” деген сөз болбошу керек”, - деген Ташиев.

Мындан көп өтпөй президент Садыр Жапаров дагы чек ара тууралуу үн каткан. "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде эки тарапка тең пайдалуу шартта чечилгенин билдирген. Учурда жабык турган чек ара бекеттери документтердин баары аяктаганда ачыларын айткан.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Албетте, эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилди. Эки өлкөнүн ортосунда чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот. Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат. Кудай буюрса, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин аяктап кол коюп келишсе, тышкы иштер министрлери кол коюшат. Андан кийин парламенттерден ратификациядан өтсө, эки президент кол коёбуз. Ошону менен бүтөт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында чек ара талаш маселеси болбойт. Башка коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин тактап бүткөнбүз. Чек ара бекеттери эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин бүтөөрү менен ачылат. Жергиликтүү элдин талабы да бизге ушундай болчу - делимитация иштери бүткөндө ачкыла деген. Үч жылдан бери чек ара посттору жабык турат. Мындан эки тарап тең экономикалык зыянга учурады. Соода-сатык токтоп калды. Эми чек ара постторун ачып, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты эң жогорку денгээлге чейин чыгарышыбыз керек. Мындан ары эки элдин ортосунда эч кандай талаш-тартыш маселелери болбош керек. Эки эл ынтымактуу жашасак, ошол өрөөнгө инвесторлор, туристтер агылып келет. Эки элдин жашоо турмушу оңолот. Чек ара маселеси бүтпөгөн жерге эч бир инвестор келбейт экен, кызыкпайт да экен", - деген Жапаров.

Расмий Дүйшөмбү коңшу өлкө менен чек араны тактоо иштери аяктаганы тууралуу кандайдыр бир комментарий бере элек. Тажик маалымат каражаттары негизинен бул кабарды кыргыз тарапка эле шилтеме кылып жазышты.

Буга чейин чек ара тактоодо эки тарап кайсыл юридикалык документ менен иштөө керек деген маселеде мунаса таба албай, иш алдыга жылбай келген. Расмий Бишкек сүйлөшүүлөрдө 1955-1959-жылдардагы документти негиз кылса, тажик тарап 1924-1927-жылдардагы документтерди сунуш кылып жүргөн.

Былтыр октябрда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу №44 протоколго кол коюлган жана тараптар ушл документ бул маселеде маанилүү болот деп макулдашкан. Ал документтин мазмуну тууралуу ачык маалымат берилген эмес.

Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси, чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов "Азаттыкка" курган маегинде эми мындан аркы иштер бир канча этап менен жүрөрүн айтып берген:

Саламат Алманов.
Саламат Алманов.

"Азыр жалпы эле делегация чогуу иштеп жатса керек. Себеби, акыркы учурда ошондой форматка өттү да. Эреже боюнча делегация өкмөткө баяндама жасайт. Өкмөт эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынганын, биз утулбаганыбызды аныктап, чечим чыгарса, маселе Жогорку Кеңешке жиберилет. Алгач тиешелүү комитеттер карайт. Мен иштеп жүргөндө чечим алты процедурадан өтүш керек болчу. Азыр деле ошол процедуралар сакталышы керек. Парламент комитеттери жактырса, андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат. Ал жерде талкуу жүрүп, кабыл алынса, мыйзам кабыл алынып, президентке жөнөтүлөт. Президент “Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара сызыгынын өтүүсү боюнча келишимди” камтылган мыйзамга кол коёт. Ошондо гана келишим ратификацияланды деп саналат жана чек ара маселеси толук чечилди деп эсептелет".

Саламат Аламанов ошол эле маалда элге, коомчулукка чек аранын чечилген жагдайлары түшүндүрүлүшү керектигине токтолду. Чек араны тактоо иштерин саясатташып кеткен учурларды, анын кесепети тийгенин белгиледи.

"Кыргыз-кытай чек арасынан кийинки пайда болгон көрүнүштү мен “Үзөңгү-Кууш синдрому” деп атап коём. Кайсы чек араны тактабасак, бир талуу жерди кармап алып, ошонун тегерегинде “оюндарды” жасашат. Үзөңгү-Кууштун, Каркыранын, кийин Кемпир-Абаддын тегерегинде “оюндарды” жасашты. Менин оюмча, азыр Ворухтун тегерегинде “оюн” жасалышы мүмкүн. Ошону үчүн биринчи кезекте жергиликтүү элге барып, чек ара кантип, кандай шартта такталганын жакшылап түшүндүрүш керек. “Бул жагы мындай болду, тиги жагы тигиндей болду”, “алар бул жерди, биз бул жерди пайдаланабыз” деген сыяктуу нерселерди ачык айтыш керек. Негизи чек араны чечкенде эң татаал болгон тилкелер эки тарапка тең бирдей ыңгайлуу, пайдалуу болгондой чечилет. Чек ара сызыгын тактоодо эч качан бир эле тарапка пайда келтирчүдөй келишим болбойт. Элге мына ушуну жеткириш керек. Өзүбүздүн утуштарды да, экинчи тараптын пайдасын да айтыш керек. Мен өз тажрыйбамдан көргөм, ачык айтып, ак сүйлөсөң, эл түшүнөт. Айылдарга барып, чоң жолугушууларды уюштуруп жүрдүк да. Картаңды көрсөтүш керек, жагдайды, реалдуулуктарды, баарын айтыш керек. Элге болгонун болгондой айтсаң, кабыл алат. Албетте, эл ичинде бирден-экиден киши каршы чыгып, бузукулук кылган учурлары болот. Бирок кайра эле эл жакшылары, аксакалдар чыгып, аларды ордуна коюп коюшчу".


Баткен районунун мурдагы акими, эксперт Хаиталы Айкыновдун пикиринде, эзелтелен тарых-таржымалы бир элдердин алака-катышы чыңдалышы керек.

Хаиталы Айкынов.
Хаиталы Айкынов.

"Кыргыз-тажик чек арасынын чечилгени - бул чынында тарыхый окуя. Муну эч ким тана албайт. Эки-үч жылдан бери эки мамлекеттин байланышы үзүлүп калган. Аркы тарапта жашаган биздин улутташтарыбыз, айрыкча чек арада жашаган эл кандай болсо дагы чечилсин деп келишкен. Биз чек ара чечилди деген кабарды өтө кубануу менен кабыл алдык. Расмий кабарларда эки тараптын кызыкчылыгы тең каралды деп айтылып жатат. Ал туура эле. Себеби, башкача болушу мүмкүн эмес эле. Айрыкча эл жашаган жерлерде жолдун аркы бети тажик тарапка, берки бети бизге таандык болгон, короолор шахмат түрүндө жайгашып калган жерлер дагы бар. Ошондуктан бир тараптын кызыкчылыгына чечилди же бир тарап утту дегенге болбойт. Биз кааласак дагы, каалабасак дагы, чек аралаш жашаган элдердин экономикалык байланышы болгон. Соода сатыгыбыз, базарыбыз бар. Ошонун баары эми кайра ордуна келсе, эл үчүн эле жакшы болот. Эки эл эзелтен бери кошуна жашайт, дини бир, суу ресурстарын чогуу пайдаланат, нан алышып нан беришип, туз алышып туз беришип жүргөн. Эми мындан ары чек ара ушул жерден деп казык кагылса, эки эл тең аны тааныса, алака-катышыбыз мурдагыдай эле болуп кетет деп үмүттөнөм. Мен ошону тилейм".

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырымга байланыштуу орток пикир бар экенин ырастаган.

Буга чейин тажик тарап Ворух анклавын айланып өтүүчү Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушуна каршы болуп келген. Коңшу өлкө Ворухка коридор сурап жүргөнү белгилүү.

Чек аранын айынан эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирип, анда эки тараптан тең ондогон адамдардын өмүрү кыйылган. Буга байланыштуу Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG