Бүтүндөй чөлкөмдү чыңалтып келген кыргыз-тажик чек арасы боюнча мунаса табылганын айрым серепчилер чоң окуя катары сыпатташууда. Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси, чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов мунун мааниси тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аякташканын жарыялады. Чек араны тактоо жумуштары токсонунчу жылдары башталып, ушул күнгө чейин созулуп келди. Тактоо иштеринин кечеңдешинен улам эки өлкөнүн ортосунда куралдуу жаңжалдар да катталды.
- Саламат мырза, мына Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрү эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташканын жарыялады. Эгемендикти тең алган эки мамлекет чек арасын тактоодо талаш-тартыштарды, ортодо аскердик кагылыштарды да баштан кечирип, 33 жылдан кийин орток пикир таап отурат. Чек араларды тактоонун башатында турган киши катары сиз бул окуяны кандай баалап жатасыз? Мунун мааниси кандай?
- Мен бул окуяны абдан кубануу менен кабыл алып жатам. Себеби, чек араны чечүү жалпысынан эле оор, ал эми Тажикстан менен чечүүдө андан бетер оор жагдайлар түзүлүп калган. Бул 1924-жылдан бери келаткан маселе, мына быйыл 100 жыл болуптур. Эки тарап эки башка республиканын ичинде автономиялуу облус болуп турган маалда чек араларды тактоо иштери башталган.
Ошондон бери Советтер Союзунун учурунда кайра-кайра ушул маселелерге кайрылып, паритеттик комиссиялар түзүлүп, ошол комиссиялар кандайдыр бир чечимдерге келип, анан алар жогору жактагы бийликтерге тапшырып, алар болсо макул болбой, кайра артка жөнөтүп отурду. Ошентип атып 1989-жылы жакшы бир мунасага келип, бирок анда да аягына чыкпай калган.
Ошондуктан соңку жыйынтыкты ийгилик катары баалаш керек. Эки тарап тең өз кызыкчылыктарын басып, акыры чечиле турган маселеге чекит койду. Эми илгертен чек аралаш, мамилелеш болгон эки элдин ортосундагы байланыштарга эң жакшы шарт түзүлдү деп бааласак болот. Эми экономикалык, маданий алакалар жандана баштайт деп үмүт кылсак болот.
- Расмий маалыматтарда азыркы жыйынтыктар орусча “описание” же, кыргызча “сыпаттама” деп аталып, ошол иш аяктады деп айтылып жатат. Адис катары түшүндүрүп кете аласызбы, эми мындан ары кандай процедуралар болот? Делимитациялоо жана демаркациялоонун процесси жалпы кандай жүрөт?
- Бүгүнкү күнгө чейинки аткарылган иштер бул жумушчу топтордун жумуштары болуп эсептелет. Анда адистер иштешип, мурдагы жетишилген документтердин жана азыркы макулдашуулардын негизинде чек ара сызыгын карап чыгып, картага түшүрөт. Бул ошол делимитация деп аталган процесс. Жумушчу топ анан жалпы делегацияга баяндайт.
Менин оюмча азыр жалпы эле делегация чогуу иштеп жаткан болуш керек. Себеби, акыркы учурда ошондой форматка өттү да. Эреже боюнча делегация өкмөткө баяндама жасайт. Өкмөт эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынганын, биз утулбаганыбызды аныктап, чечим чыгарса, маселе Жогорку Кеңешке жиберилет. Алгач тиешелүү комитеттер карайт.
Мен иштеп жүргөндө чечим алты процедурадан өтүш керек болчу. Азыр деле ошол процедуралар сакталышы керек.
Парламенттин комитеттери жактырса, андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат. Ал жерде талкуу жүрүп, кабыл алынса, мыйзам кабыл алынып президентке жөнөтүлөт. Президент “Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара сызыгынын өтүүсү боюнча келишимди” камтылган мыйзамга кол коёт. Ошондо гана келишим ратификацияланды деп саналат жана чек ара маселеси толук чечилди деп эсептелет.
- Негизи кайсы гана өлкө менен болбосун чек арадагы тактоо иштеринен соң баары бир коомчулукта ар түрдүү пикирлер болот эмеспи. Үзөңгү-Кууш, Каркыра же башка тилкелер боюнча жагдайлар буга мисал. Сиздин оюңузча Тажикстан менен тактоодогу жагдайларды коомчулукка түшүндүрүүдө эмнелерди эске алыш керек? Элге муну кантип жеткириш керек?
- Ооба, ошондой маселе бар. Кыргыз-кытай чек арасынан кийинки пайда болгон көрүнүштү мен “Үзөңгү-Кууш синдрому” деп атап коём. Кайсы чек араны тактабасак, бир талуу жерди кармап алып, ошонун тегерегинде “оюндарды” жасашат. Үзөңгү-Кууштун, Каркыранын, кийин Кемпир-Абаддын тегерегинде “оюндарды” жасашты. Менин оюмча азыр Ворухтун тегерегинде “оюн” жасалышы мүмкүн.
Ошону үчүн биринчи кезекте жергиликтүү элге барып, чек ара кантип, кандай шартта такталганын жакшылап түшүндүрүш керек. “Бул жагы мындай болду, тиги жагы тигиндей болду”, “алар бул жерди, биз бул жерди пайдаланабыз” деген сыяктуу нерселерди ачык айтыш керек.
Негизи чек араны чечкенде эң татаал болгон тилкелер эки тарапка тең бирдей ыңгайлуу, пайдалуу болгондой болуп чечилет. Чек ара сызыгын тактоодо эч качан бир эле тарапка пайда келтирчүдөй келишим болбойт. Элге мына ушуну жеткириш керек. Өзүбүздүн утуштарды да, экинчи тараптын пайдасын да айтыш керек.
Мен өз тажрыйбамдан көргөм, ачык айтып, ак сүйлөсөң, эл түшүнөт. Айылдарга барып, чоң жолугушууларды уюштуруп жүрдүк да. Картаңды көрсөтүш керек, жагдайды, реалдуулуктарды, баарын айтыш керек. Элге болгонун болгондой айтсаң кабыл алат. Албетте, анын ичинде бирден-экиден киши каршы чыгып, бузукулук кылган учурлары болот. Бирок кайра эле эл жакшылары, аксакалдар чыгып, аларды ордуна коюп коюшчу.
Азыр да кандайдыр бул келишимдерге байланыштуу маселе көтөрүп, жыландын башын кылтыйтып, ар кайсы жакка бургандар чыгат. Ага даяр болуш керек жана терең даярданып, түшүндүрүу жумуштарын алып баруу кажет.
- Жогоруда белгилегенимдей, сиз кыргыз-кытай чек арасын, кыргыз-казак чек арасын тактоонун башатында тургансыз. Кийин Өзбекстан, Тажикстан менен чек араны тактоодо илимпоз-эксперт катары көмөктөшүп келдиңиз. Өзбекстан менен да тактоо иштери бүттү, эми Тажикстан менен чек араны тактоо сүйлөшүүлөрү аягына чыгып атат. Бул окуя Фергана өрөөнүндөгү коопсуздук, туруктуулук үчүн мааниси бар деп айтсак болобу?
- Ооба, сиз белгилегендей, мен кыргыз-кытай чек арасын, кыргыз-казак чек арасын тактоодо кыргыз делегациясын жетектегем. Кийин кыргыз-өзбек чек арасынын 1050 чакырымын тактаганга чейин, кыргыз-тажик чек арасын 5041 чакырымын тактаганга чейин иштедим. Мен мында 2010-жылдарга чейинки жагдайды айтып жатам, ошого чейин эки кошуна менен ошондой жетишкендиктерге жетип калганбыз.
Ошондон бери 14 жыл калган жерлерди тактоого кетти. Ортодо түрдүү жагдайлар болду. Кесиптик тажрыйбасы болбогон адамдар иштеп калган учурлар, популизм менен алектенип кетип, ишти бузуп алган учурлар болду. Мына ошого карабай жыйынтыкка келип жатканыбызды мен чоң ийгилик деп эсептейм. “Ийгилик” дегенде бул элдин жашоосуна керек экенин түшүнүш керек.
Акыркы жылдардагы окуялар, жаңжалдар чек арага таптакыр тиешеси жок адамдардын да айласын кетирбедиби. Популизм, саясий оюн жана башка маселелерден улам чек ара сызыгын тактоо, сүйлөшүүнүн жүрүшү бузулуп калган. “1 сантиметрди бербейбиз” дегенге чейин жетти. Бул сүйлөшүү эмес, бул тирешүү. Мен ошондо абдан кыжаалат болуп жүрдүм.
Баса, чек араны тактоо иштерине байланыштуу ортодо мага да канчаган асылуулар, сындар болду. Баарын көтөрүп жүрдүм. Соңунда чек араны тактоого көп убактымды арнаган киши катары акыркы жыйынтыкты мен абдан жогору баалайм.
Буюрса эми чек аралар чийилип, каттамдар жанданып, эл бири-бирине той-топурга катташат, алыш-бериш болот. Келишимдер толук кабыл алынса коңшу мамлекеттердин ортосунда ымаланы чыңдоого пайдубал түзүлөт.
Албетте, аны андан ары ашырып, жакшы мамиле куруп кетүү, ынтымакка жол салуу бул саясий лидерлерден көз каранды. Дегеним, кезинде коңшу өлкөнүн президенттеринин бири, маркум киши “чек ара чечилбесе, суу маселеси чечилбесе, согуш чыгат” деп айтканы эсибизде. Ошондой мартабалуу адамдын ошентип айтканы орунсуз болгон да.
Ошондуктан жогорку аткаминерлер тынчтык, бири-бири менен жылуу мамиле жөнүндө гана айтышы керек жана чек ара сызыгынын такталышын ошого пайдубал катары колдонушу абзел.