Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:43

"Украина бүт Европаны коргоп жатат". Зеленскийдин Прагадагы сапары


Чех Республикасынын президенти Петр Павел жана Украинанын лидери Владимир Зеленский, Прага, 4-май, 2025-жыл.
Чех Республикасынын президенти Петр Павел жана Украинанын лидери Владимир Зеленский, Прага, 4-май, 2025-жыл.

4-5-майда украин президенти Владимир Зеленский Прагада сапарда болду. Дүйшөмбүдө ал чех өкмөт башчысы, парламенттин кош палатасынын спикерлери жана коргонуу тармагындагы ишканалардын жетекчилери менен кездешти. Чехиянын бийлиги Орусия Украинага басып киргенден бери Киевге жардам көрсөтүп келатат.

CT 24 телеканалынын маалыматына ылайык, премьер Петр Фиала Зеленский менен жолугушкандан кийин чехтер украиналык пилотторду машыктырууну улантарын, Украина бүтүндөй Европанын коопсуздугун коргоп жатканын билдирди:

Агрессорго каршы туруу канчалык маанилүү экенин өз тажрыйбабыздан билебиз. Чегинүүгө баруу жакшы жол эмес. Украинанын аракеттерин жана эрдик менен коргонгонун түшүнөбүз”.

Фиала Украина менен кызматташуу чех экономикасына жана өнөр жайына да чоң пайдасын тийгизерин кошумчалады.

Чех өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, кездешүүдө Киевге жардам берүүнү улантуу, курал-жарак менен камсыздоо демилгеси, согушту токтотуу жана Украинаны кайра куруу иштерине чех фирмаларын тартуу маселелери талкууланды.

Ага чейин парламенттин Өкүлдөр палатасынын төрайымы Маркета Пекарова-Адамова менен жолугушканда Зеленский Праганын көрсөткөн жардамын "терроризмге каршы биргелешкен күрөш" катары кабыл аларын билдирди.

“Биз Чехиядан алган жардамды жогору баалайбыз. Аны терроризмге каршы биргелешкен күрөш деп билебиз”.

Украин лидери курал-жарак менен камсыздоо программасын баса белгиледи. Анын алкагында жыл соңуна чейин Киев дагы 1,8 миллион даана чоң калибрдагы ок-дары алмакчы. Мындан тышкары Чехия гуманитардык жаатта да жардам берип келатат.

Кездешүүдөн кийин Пекарова-Адамова украин аскерлери орус армиясын Европага өткөрбөй туруштук берип жатканы үчүн рахматын айтты.

Вице-спикер, оппозициядагы ANO партиясынын өкүлү Карел Хавличек сүйлөшүүлөрдүн чордонунда ок-дары менен камсыз кылуу демилгеси эмес Украинада тынчтык орнотуу жараяны болгонун билдирди.

Олена Зеленская "Украина үчүн саламаттыкты сактоо демилгеси" деген форумду ачты. Прага, 5-май, 2025-жыл.
Олена Зеленская "Украина үчүн саламаттыкты сактоо демилгеси" деген форумду ачты. Прага, 5-май, 2025-жыл.

Ал эми украин мамлекет башчысынын жубайы Олена Зеленская 5-майда Прагада өткөн "Украина үчүн саламаттыкты сактоо демилгеси" деген жыйынга катышты.

Жекшембиде Зеленскийлерди чех президенти Петр Павел жубайы менен кабыл алган.

Президенттер чогуу өткөргөн басма сөз жыйынында украин лидери эгер Путинге басым сезилерлик күчтүү болбосо орус президенти ок атууну токтотуу үчүн чындап эч нерсе жасабай турганын эскертти.

Ал "чыныгы дипломатияны ишке ашыруу" үчүн макулдашуу бери дегенде 30 күнгө созулушу зарылдыгына токтолду.

“Мисалы алар акыркы күндөрдө жарым-жартылай жарашуу ниетин билдирип келишти. Бирок ошол күндөрү чабуулдардын саны, соңку айларды алганда эң көп болду. Генерал Сырский кечээ 200дөн көп чабуул коюлганын билдирди. Ошон үчүн мен аларга ишенбейм, провокациялар болушу ыктымал. Бардыгы Орусиядан көз каранды. Аларга ишенген бирөө болсо, анда текшерип көрсүн”.

Украин жана чех президенттери. Прага, 4-май 2025-жыл
Украин жана чех президенттери. Прага, 4-май 2025-жыл

Президент Павел азырынча Орусия согушту токтотуу үчүн кандайдыр бир чара көрүп жатканынын белгиси жоктугун айтты. "Согушту токтотуу үчүн карта кимдин колунда десек, аны президент Путин бир чечими менен ишке ашырса болот", - деди журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Өткөн аптада Путин Экинчи дүйнөлүк согуштун жеңишинин 80 жылдыгынын урматына 8-10-майда үч күнгө ок атышууну токтотууну сунуш кылган. Зеленский Кремлдин мындай сунушун четке кагып, март айында АКШнын ок атууну бери дегенде 30 күнгө токтотуу демилгесин ишке ашырууга чакырган.

2022-жылы Орусия Украинага ар тараптан басып киргенден тарта чех өкмөтү Киевге колдоо көрсөтүп, Прага украин армиясына чоң калибрдагы курал-жарак жеткирүүдө эл аралык демилгени жетектеген.

Зеленский чех лидери менен жолуккандан кийин телеграм-каналына эки өлкө F-16 истребителдеринин учкучтарын жана авиациялык техниктерин даярдоо максатында окуу борборун түзөрүн жарыялады.

2022-жылы Орусия Украинага ар тараптан басып киргенден тарта чех өкмөтү Киевге колдоо көрсөтүп, Прага украин армиясына чоң калибрдагы курал-жарак жеткирүүдө эл аралык демилгени жетектеген.

Зеленский буга чейин чех баш калаасына мындан эки жыл мурун, 2023-жылдын июль айында келген.

Быйыл 5-мартта президент Павел Украинага, анын ичинде Одессага барып кеткен. Ошол маалда порт орус аскерлеринин кезектеги чабуулуна кабылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG