Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Борбор Азия

Эгемендүүлүк монументинин алдына чогулгандар. Алматы. 16 декабрь, 2024 жыл.
Эгемендүүлүк монументинин алдына чогулгандар. Алматы. 16 декабрь, 2024 жыл.

16-декабрда Казакстанда Эгемендик күнү белгиленди. Ал күнү полиция күчөтүлгөн тартипте иштеди. Казакстандын бир катар аймактарында активисттер ар кандай беренелер менен кармалып, 5-20 суткага камакка алынды. Дүйшөмбүдө интернеттин ылдамдыгына байланыштуу нааразылыктар да айтылды.

16-декабрда эртең менен Алматыдагы Эгемендүүлүк монументинин алдына салтка айланган гүлчамбар коюлду. Ага шаар мэри Ерболат Досаев баштаган бийлик өкүлдөрү, Желтоксон окуясынын катышуучулары, активисттер жана шаар тургундары катышты.

Алматынын Республика аянтындагы иш-чарага гүлчамбар коюу үчүн барган Желтоксон окуясынын айрым катышуучулары Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кандуу калабага катышкан жаштар тууралуу сөздөрү жазылган баракчаларды кармап турушту.

Алар Казакстан эгемендүүлүккө жетишкени менен 38 жыл мурдагы кандуу окуядан дале сабак алынбай жатканын белгилешти.

Расмий салтанаттан кийин Эгемендүүлүк монументине барган шаардыктар маркумдардын элесине таазим этип, куран окушту.

"Желтоксон, Жаңы-Өзөн, Каңтар"

Дүйшөмбү күнү эртең менен "Ойгон, Казакстан!" (Оян, Qазаqстан!) кыймылы Алматыдагы коомдук жерлерде 1986-жылы 16-декабрда болгон кандуу окуяны, Январь окуяларын эскерген баракчаларды чаптап жатканы тартылган видеолорду жарыялады. Бирок ал видео качан тартылганы белгисиз.

Кыймылдын сайтындагы видеодо кара кийимчен киши "Желтоксон 1986, Жаңы-Өзөн 2011, Қаңтар 2022" деп жазылган плакатты кармап турат.

Расмий Астана Эгемендик күнүндө болгон кайгылуу окуяларды сөз кылгандан качат. Президент Токаевдин 16-декабрдагы куттуктоосунда Желтоксон, Жаңы-Өзөн же Каңтар окуялары тууралуу бир да кеп козгободу:

"Бул майрам мамлекеттүүлүгүбүздүн кайра жаралуусунун символу жана элибиздин эркиндикке болгон кыялынын ишке ашкан күнү. Бул күнү баарыбыз ата-бабаларыбыздын осуяттарына бекем болуп, улуттун келечеги үчүн жоопкерчиликти алуу канчалык маанилүү экенин терең түшүнүп турабыз. Эгемендүүлүк биздин жалпы жана баа жеткис байлыгыбыз, ал биздин бардык жетишкендиктерибиздин негизин түзөт. Эгемендүүлүк баарынан жогору. Аны көздүн карегиндей сактоо ар бир жарандын милдети", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

38 жыл мурун дал ушул күнү Алматынын борбордук аянтына миңдеген казак жаштары чогулуп, ошол кездеги советтик Казакстандын башчысы Динмухаммед Кунаевдин ордуна Геннадий Колбиндин дайындалышына каршылык билдирип чыккан. Совет бийлиги жаштардын тынч митингин басуу үчүн күч колдонгон.

2011-жылы 16-декабрда Мангыстоо облусунун Жаңы-Өзөн шаарындагы мунайчылардын бир нече айлык иш таштоосу кан төгүү менен коштолгон. Тынч митингдин катышуучуларына каршы ок атылганда расмий маалымат боюнча, 17 киши курман болгон.

Ал эми 2022-жылы январда кошуна өлкөдө газдын кымбатташына каршы митингдер бийликтин кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияларга айланып, тоз-тополоң менен коштолгон. Анда расмий эсеп боюнча 238 киши набыт болгон.

Эксперттер бул кандуу окуялар боюнча чындык толук ачыкка чыга элек деген пикирде.

Активисттерди камоо

16-декабрдын алдында укук коргоочулар активисттерди куугунтуктоо күчөгөнүн билдиришкен. Соңку маалыматтарга караганда, кеминде беш активист Астана, Акмоло, Мангыстоо жана Петропавлов облустарында 5-20 суткага камакка алынган. Аларга "Майда бейбаштык", "Бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө", "Тынч чогулуш өткөрүүнүн тартибин бузуу" беренелери менен айып тагылган.

Активисттер алардын кармалышын "саясий куугунтук" деп сыпаттап, айыптарды четке кагышкан.

Алар:

  • Нурбол Өнерхан - Петропавлов шаары;
  • Сандугаш Кантарбаева - Астана шаары;
  • Марат Мусабаев - Астана шаары;
  • Улболсын Турдиева - Мангыстоо шаары;
  • Амангелди Жахин -Акмоло облусу;

Жергиликтүү бийлик кармоолор боюнча комментарий бере элек. Расмий Астана жалпысынан өлкөдө саясий куугунтук болуп жатканын четке кагып келет.

16-декабрдын алдында казакстандык колдонуучулар интернет начар иштеп жатканын кабарлай башташкан. "Бузук" (Buzyq) Телеграм каналы Билайн компаниясына кайрылганда, мекеме интернеттин начарлашын "айрым чектөөлөрдүн киргизилиши" менен түшүндүргөн.

"Казакстандын аймагында кандайдыр бир чектөөлөр бар", - деген компаниянын өкүлү, "Чектөөнү ким киргизип жатат?" деген суроого жооп берген эмес.

Расмий Астана интернет колдонуучулардын арыздарына байланыштуу комментарий берген жок.

Тажикстандын Канибадам районунда дагы бир үрөй учурган киши өлтүрүү катталды. "Азаттыктын" тажик кызматы маалымдагандай, дүйшөмбүгө караган түнү Хисорак айылында төрт кишинин сөөгү табылган. Каза болгондордун экөө жубайлар, экөө эне-бала экени кабарланды.

16-декабрга караган түнү Канибадам районуна караштуу Хисорак (мурдагы Кургонча) айылында эки үй-бүлөдөн төрт кишинин сөөгү табылды.

"Азаттык" радиосунун тажик редакциясы - "Озодинин" ишенимдүү булагы, каза болгондордун экөө жубайлар, калган экөө эне-бала экенин билдирди.

"Маркум 35 жаштагы Гайбулла Мажидов жана анын жубайы 28 жаштагы Зарнигордун үч баласы жетим калды, аларга тийген эмес", - деп кошумчалады "Озодинин" булагы.

Ушул эле түнү 70 жаштагы Оиша Шокирова менен анын 44 жаштагы уулу Жавлон Шокиров да киши колдуу болгону маалымдалды. Бирок расмий органдар кандуу окуя тууралуу расмий комментарий бере элек.

Бир жума мурун ошол эле райондо жубайлар менен төрт баласынын сөөктөрү табылган. 37 жаштагы Наимжон Нематов менен анын аялы 33 жаштагы Нафиса болчу. Эң улуу кызы 13, кичүүсү эки жашка чыккан.

"Азия Плюс" агенттиги күбөлөргө таянып, Наимжон Нематовдун башында шишик бар экенин жазган. Үй-бүлө миграцияда жүргөндө тапкан каражатынын эсебинен күн көрүп келгени, Нематовдун орус жарандыгы бар экени айтылган.

Aйыпталган киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Ал эми 12-декабрда "Озоди" радиосу Тажикстандын Жогорку соту буга чейин "Санжидзор кыштагындагы эки үй-бүлө мүчөлөрүн өлтүргөн" деп шектелип кармалган, айылдагы мектепте кароолчу болуп иштеген Марат Сатторовду өмүр бою эркинен ажыратканын кабарлады. Өкүм ноябрда Согд облустук сотунда чыккан.

Тажикстандын Жогорку соту бул чечим боюнча азырынча комментарий бере албастыгын, анткени өкүм күчүнө кире электигин билдирди.

Сотко катышкан айыл тургуну "Озоди" радиосуна анонимдүү берген маегинде отурумга каза болгон үй-бүлөнүн туугандары да келгенин айтты.

"Соттук отурумда 42 жаштагы Сатторов бирде киши өлтүргөнүн мойнуна алса, бирде аны танды. Сатторовго алты акишинин өлтүрүлүшүнөн тышкары дагы бир нече айып тагылды. Соттун өкүмүнө эч кандай дооматыбыз жок, бирок күмөн бар. Марат Сатторов камалгандан кийин Канибадамда дагы бир нече киши өлтүрүлдү. Чынын айтсам, бул киши негизги күнөөлүү экенинен күмөн санайбыз", - деди байланышка чыккан булак.

"Озоди" радиосунун Марат Сатторовдун жактоочусу жана жакындары менен сүйлөшүү аракетинен азырынча майнап чыккан жок. Санжидзор айылынын бир нече тургундарынын айтымында, Сатторов июль айында камакка алынган.

Согд облусуна караштуу Канибадам шаары Кыргызстандын чек арасына 50-60 чакырымдай жакын жайгашкан. Бул чөлкөмдө этникалык кыргыздар көп жашайт.

Кандуу окуя Канибадам шаарынын аймагындагы Санжидзор кыштагында 29-майга караган түнү катталган. Анда тажик улутундагы бир, этникалык кыргыздардын бир үй-бүлөсү киши колдуу болгон.

Kиши колдуу болгон кыргыз үй-бүлө жашаган там. Санжидзор кыштагы.
Kиши колдуу болгон кыргыз үй-бүлө жашаган там. Санжидзор кыштагы.

Кыргыз үй-бүлөдөн киши колдуу болгондор 54 жаштагы аял, 47 жаштагы иниси жана анын 46 жаштагы жубайы экени, каргашалуу түнү жубайлардын үч баласы да ошол жерде болгону, алар аман калганы кабарланган.

Айылдаштарынын айтымында, бул үй-бүлөнүн жакын туугандарынын баары Кыргызстанда жашайт. 54 жаштагы Зулхо Иброхимова Санжидзор кыштагындагы орто мектепте директордун орун басары болуп иштегени белгилүү болгон. Бул мектепте этникалык кыргыздардын балдары билим алат.

31-июлда Канибадам районунун акими Абдусалом Тухтасунзода ишти Башкы прокуратура иликтеп жатканын, шектүү катары бир киши кармалганын кабарлаган эле.

Канибадамдагы кыргыз мектеп.
Канибадамдагы кыргыз мектеп.

Канибадамда киши колдуу болгон кыргыз үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлүмү Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында да көтөрүлүп, депутат Камила Талиева каза болгондордун жакындары ага байланышып жатканын белгилеп, окуяны дыкат териштирүүнү сунуштаган.

Көп өтпөй 7-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каза болгон үй-бүлөнүн жашы жете элек үч баласын Кыргызстанда жашаган туугандарына өткөрүп берүү аракети көрүлүп жатканын маалымдаган.

Дагы бир айыпталуучуга өкүм чыкты

12-декабрда Согд облустук соту киши өлтүрүүгө айыпталган дагы бир адамды, канибадамдык Шарифжон Ашуровду 20 жылга эркинен ажыратты. Сот аны иниси Музаффар Урмонов менен анын жубайы Иноят Урмонованы өлтүрүүгө күнөөлүү деп тапкан.

Дилдора Гиёсова
Дилдора Гиёсова

Шарифжон Ашуровдун кызы Дилдора Гиёсова "Озоди" радиосуна курган маегинде, атасынын бул иште күнөөсү жок экенин айтты:

"Муну атам кылган эмес. Чынында эмне болгонун көргөндөр бар. Акыр- аягы чындык чыгат. Атам 68 жашта. Алар аны мажбурлап көрсөтмө алышкан".

Кылмышка шектүүлөр көрсөтмөлөрүн берип жатканда кысымга, ур-токмокко кабылганын айткан жакындары кайра тергөө жана адилеттүү сот өкүмү чыгышын кылып жатканын айтышууда.

Каргашалуу окуя быйыл 17-апрелге караган түнү Канибадам шаарына караштуу Сайхун айылында катталган. Анда 70 жаштагы Музаффар Урмонов менен Иноят Урмонова киши колдуу болгону кабарланган. Укук коргоо органдары туугандарынын айрымдарын бир нече жолу суракка алып, бирөөсүн камакка алганы билдирген.

Канибадам шаарында бир жылда бери дегенде беш үй-бүлө киши колдуу болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, көп учурда аларды муунтуп өлтүрүшкөн. Каза болгондордун жакындары окуядан кийин алардын үйүнөн акча жана алтын жоголгонун айтышкан.

Жергиликтүү бийлик бул окуялардын айрымдары үй-бүлөлүк чыр-чатактарга байланыштуу болгонун, калган фактылар боюнча тергөө иштери уланып жатканын белгилейт.

Ошондой эле Канибадамдын тургундары түнкүсүн көчөлөрдө беткапчан белгисиз адамдар жүргөнүн социалдык түйүндөргө жазган, түрдүү тайпаларда видеолор да тараган. Райондук жетекчилик маалымат каражаттарын жалган маалымат таратууга айыптаган жана ал кылмыштардын бири-бирине байланышы жоктугун айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG