Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:32

Борбор Азия

жума 13 Декабрь 2024

Талгардагы кылмыш: Шерзаттын өлүмүнөн кийин атасы камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:45 0:00

Быйыл күзүндө Казакстандын Талгар шаарында киши колдуу болгон Шерзат Полаттын жакындары административдик жоопкерчиликке тартылды. Маркумдун  атасы Каржаубай Нурымов коомдук тартипти бузган деген негизде 15 суткага камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголду.

Эки жакын тууганы да 15 суткага камалып, дагы бирөөнө айып пул салынды. Казак бийлиги кармалгандардын бирин өлкөдөн депортациялашы мүмкүн.

Учурда административдик жазасын өтөп жаткан Каржаубай Нурымовго полиция кылмыш ишин козгогону 12-декабрда белгилүү болду. Адвокат Саида Таукелеванын айтымында, кылмыш иши "Башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу" беренеси менен козголгон.

"[Иниси Нурганат Гайыппаевдин жаназасы болгон күнү] Каржаубай спецназдын (СОБР) унаасынын дөңгөлөгүн тешип салган. Ошого байланыштуу иш козголуп жатат. Баасын азыр эсептеп берсе, дөңгөлөктү алмаштырып берет. Иш тынч бүтөт деп ойлойм", - деп билдирди Таукелева 12-декабрда "Азаттыктын" казак кызматына.

Каржаубай Нурымовго "башканын мүлкүнө атайылап зыян келтирүү" фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун Алматы облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Ернар Сайгилдин ырастады. Ал учурда бул ишке байланыштуу атайын билдирүү даярдалып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Нурымовдордун үй-бүлөсүнүн дагы бир жактоочусу Аскар Каймаков Каржаубайдын камалышы тууралуу Фейсбукка пост жазган. Анда адвокат "Соттун Каржаубайды 15 суткага камакка алуу чечимин мыйзамсыз" деп, маркумдун жакындары Нурканат Гайыпбаевдин соңку жазышууларын жарыялоого уруксат бербегенин, жактоочу тарап Каржаубайды кармоо үчүн полицияга кайрылбаганын жазган.

Шаршембиде Каржаубай Нурымов жана эки тууганы административдик соттун чечими менен 15 суткага камакка алынды. Каржаубайдын эжеси Салтанат Нурымовага айып пул салынды.

Түн бир оокумда чыккан сот чечими

10-декабрда кечинде интернетте Каржаубай Нурымовдун жүк ташуучу унаасынын үстүнө чыгып алып, эл алдында укук коргоо органдарынын аракеттерине нааразылыгын билдирген видеосу тараган.

Анда Каржаубай эки ай мурун каза болгон 16 жаштагы уулу Шерзат Полат менен 9-декабрда белгисиз жагдайда каза болгон иниси Нурганат Гайпбаевдин өлүмү боюнча чындыкты билгиси келгенин белгилеп, уулу Шерзаттын өлүмүн акыйкат иликтөөнү талап кылган.

Дагы бир видеодо Каржаубайды "агам" деген бир аял, ал "өз жанын кыюуга аракет кылган" дейт. Көп өтпөй Нурымовду полиция кармап кеткен.

Нурганат Гайыпбаев менен Шерзат Полаттын мүрзөсү. Алматы облусу. 11-декабрь, 2024-жыл.
Нурганат Гайыпбаев менен Шерзат Полаттын мүрзөсү. Алматы облусу. 11-декабрь, 2024-жыл.

Шейшембиде полиция тараткан расмий маалыматта Каржаубай Нурымов полиция бөлүмүнө жеткирилип, аны менен психологдор иштеп жатканы айтылган. Кийинчерээк ага административдик кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Шаршемби күнү таңкы саат төрттөр чамасында административдик сот Нурымовдун ишин карап, чечим чыгарган.

"Каржаубай Нурымов коомдук жайда сөгүнгөн, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кемсинткен, ошондой эле коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын бузган, башкаларды сыйлабаганы жана унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук кылгандыгы үчүн 15 суткага административдик камакка алынды" деп жазылат соттун чечиминде. Нурымовдун адвокаттары соттун чечимине каршылыгын билдирип, апелляциялык доо арыз менен кайрылганы жатышат.

Нурымовдун тууганы Бакыт Реймова "элди мыйзамсыз митингге чакырган" жана "тынчтык митингин өткөрүү" мыйзамын бузганы үчүн 15 суткага камакка алынган. Ал жазасын өтөп бүткөн соң Казакстандан депортацияланат. Каржаубайдын Айгазы аттуу дагы бир тууганы да соттун чечими менен 15 суткага камалды.

Ал эми Салтанат Нурымовага "майда бейбаштык" беренеси менен 73 840 теңге айып пул түрүндө жаза чегерилген.

Каржаубай Нурымов камакка алынардан мурун маркум иниси Нурганат Гайыпбаевди жерге берген. Маркумду туугандары 10-декабрда Алматы облусунун Азат айылындагы үйүнөн акыркы сапарга узатышкан. Алгач уулунан, эми инисинен ажыраган Каржаубай Нурымов журналисттер менен эл алдында жолугушууну талап кылган.

Алдын ала соттук-медициналык экспертиза "Нурганат Гайыпбаев суицидден каза болгон" деген бүтүм чыгарган. Ал эми маркумдун үй-бүлөсү Нурганаттын өз жанын кыйганына ишенбейт.

"Суицид экени аныкталды"

Казакстандын Ички иштер министрлиги 16 жаштагы өспүрүм Шерзат Полаттын өлүмү боюнча иш жыл этегине чейин иликтенип бүтөрүн билдирди.

"Жыл аягына чейин бардык экспертизалардын жыйынтыгын чыгарып, бардык тергөө иш-чараларын бүтүрөбүз. Кылмыш иши боюнча 11 адам камакта. Аларга айыптар прокурор менен макулдашылгандан кийин коюлат. Андан кийин кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу үчүн тараптарга берилет", - деп билдирди ички иштер министринин орун басары Санжар Адилов "Орда" сайтына берген маегинде.

Мындан тышкары, ички иштер министринин орун басары маркум Нурганат Гайыпбаевдин өлүмү боюнча тергөөнүн жүрүшүнө да токтолду.

"Суицид фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы коомчулукка айтылды. Маркумдун денесинде зордук-зомбулуктун белгилери жок. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Мыйзамга ылайык, бул үчүн эки ай убакыт берилет, зарыл болсо мөөнөт узартылышы мүмкүн", - деди Санжар Адилов.

Нурганат Гайыпбаев менен Шерзат Полаттын сөөгү коюлган көрүстөндүн жанында куралчан полиция кызматкерлери турат. Алматы облусу. 11-декабрь, 2024-жыл.
Нурганат Гайыпбаев менен Шерзат Полаттын сөөгү коюлган көрүстөндүн жанында куралчан полиция кызматкерлери турат. Алматы облусу. 11-декабрь, 2024-жыл.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында "маркумдун денесинде зордук-зомбулуктун белгилери жок, моюнунда адам асынып өлгөндө калган тактар бар, ал эми кулактын жана моюндун артындагы, далыдагы жарага окшош тактар асынгандан улам пайда болушу мүмкүн" деп жазылат.

Буга чейин Каржаубай Нурымов соцтармактагы баракчасына Гайыпбаевдин денесиндеги көгала тактар тартылган сүрөтүн жарыялаган. Шейшембиде Алматы облусунун полициясы ушул эле сүрөттү өзүнүн Телеграм-каналына жарыялады, бирок сүрөт булаңгыр болгондуктан, издер так көрүнбөйт.

"Мүдүрүлгөнгө муштум тийди"

Өспүрүм уулунан айрылып, эс-учун жыялбай отурганда Нурымовдордун үй-бүлөсүнүн дагы бир мүчөсү көз жумганы коомдо кызуу талкууга жем таштады.

Социалдык түйүндөрдө түрдүү пикирлер айтылууда: айрымдары полицияны сындап, "мүдүрүлгөнгө муштум тийди" дешсе, укук коргоо органдарынын аракети туура экенин айткандар да жок эмес.

"Жаңы жана Адилеттүү Казакстан" учурда сыноодон өтүп жатат. Бул окуя бир үй-бүлөнүн гана эмес, бир элдин, мамлекеттин трагедиясы" деп жазды жазуучу Уларбек Далейулы.

Журналист Белла Орынбет Талгардагы окуя оор трагедияга айланганын баса белгилеп, ал үчүн бийликти айыптады. "Адилеттүүлүктү орното албаса, адамдардын коопсуздугун кепилдей албаса, мыйзамды, мекемелерди иштете албаса, мындай бийликтин эмне кереги бар?" — деп суроо салды казак журналист.

Акын Ырысбек Дабей "адилетсиздикти көрүп туруп, унчукпай койгон" коом да күнөөлүү экенин жазды.

"Адилетсиздикти, ээнбаштыкты өткөн замандан издегенден оңой эмне бар. "Сайдагы кийиктин туягына таш тийсе, адырдагы кийиктин мүйүзү зыркырайт" демекчи, биз ошолордой боло албадык" деп жазды казак акын Фейсбук баракчасына.

Журналист Асан Анарбайулы "Дүйнөдө адам укугун коргоо күнү өтүп жаткан маалда, Казакстанда каза болгон жарандын үй-бүлө мүчөлөрү четинен соттолду" деп белгиледи.

Социалдык желенин колдонуучулары президент Касым-Жомарт Токаев Талгардагы кырдаалга түздөн-түз көз салышы керек деген пикирде. Алар бул ишти Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алганынан күмөн санашууда.

Алардын бири Сергали Балажан: "Шерзат каза болгондо ички иштер министри менен башкы прокурор катуу көзөмөлгө алганын расмий түрдө билдирген. Kатуу көзөмөлгө алынганы ушул болсо ....билбейм" деп жазды.

Ал эми блогер Ильяс Миңжасаров "сотту күтөлү, ага чейин жыйынтык чыгарууга шашпайлы" деп элди сабырдуулукка чакырды. Ал окуяда полициянын иш - аракетин жакшы түшүнүү керектигин айтты.

"Полиция аны (Шерзаттын атасы Каржаубайды) агрессивдүү жүрүм-туруму үчүн кармады. Бул иштин тегерегинде ызы-чуу жетиштүү, ошондуктан полиция кырдаал курчуп кетпеши үчүн Каржаубай Нурымовду кармаган болуш керек. Анткени ал кылган иши үчүн толук жооп бере албай турган абалда" - деп жазды Миңжасаров.

"Мындай карасаң Нурганат да, Каржаубай да өз турмушун куруп, карапайым өмүр сүргөн адамдар экен. Үй-бүлөсү бар, үй-жайы бар, чоң байлардын арасында болбосо да өз кесибинин ээси экен. Мунун баары бир заматта талкаланды. Мамлекетти ушундай адамдар кармап турат. Ал эми мындай адамдардын жүрөгүн, ишенимин өрттөп жиберүү - жакшылыкка алып барбайт" деп жазды журналист Карагөз Сымадил.

  • Быйыл 4-октябрга караган түнү Алматы облусунун Талгар районунда чыр чыгып, 16 жаштагы Шерзат Полат бычакталып каза болгон. Бул окуядан бир жума өткөндөн кийин ал үй-бүлөнүн үйү өрттөлүп, полиция аймактагы коопсуздукту күчөткөн.
  • Буга чейин Ички иштер министри Ержан Саденов Шерзат Полаттын өлүмү боюнча иш "Киши өлтүрүү", "Бейбаштык", "Коркутуу", "Кылмышты жашыруу" жана "Кылмыш тууралуу кабар бербөө" беренелери боюнча тергелип жатканын билдирген. Полиция кылмышка он киши шектелип, дагы экөө күбө катары өтүп жатканын маалымдаган, бирок аты-жөнүн жарыялаган эмес.
  • Социалдык түйүндөрдө Талгардагы кылмышка "Хутор" тобунун мүчөлөрү аралашканы тууралуу маалымат тараган. Бирок полиция мындай топтун бар экенин четке каккан. Топтун лидери деп аталып жүргөн жергиликтүү тургун Хасан Касымбаев өзү тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматты четке кагып, элди ал тууралуу жалган маалымат таратпоону өтүнгөн билдирүү жасаган. Касымбаев үч жыл мурдагы кылмышка шектүү деп кармалып, 2-ноябрда камакка алынган.
  • Шерзат Полат каза болгондон кийин Алматы облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары, Талгар райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, аталган башкармалыктын экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси жана башка бир катар жетекчилер кызматтан алынган.

"Азаттыктын" казак редакциясынын макаласын бул жерден орус тилинде окуй аласыз.

“Бейбаштык” жана “чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом айып төлөгөн мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго чыккан сот өкүмү жарыяланды. Анда Матраимов кримтөбөл Камчы Көлбаевге таянып, 2022-жылы кайрадан бажыда коррупциялык схема түзүүгө аракет кылганы жазылат.

Сот чечимдери жайгаштырылган portal.sot.kg сайтында Бишкектин Биринчи май райондук соту 6-декабрда Райымбек Матраимовго чыгарган сот өкүмү 12-декабрда жарыяланды. Анда мурдагы Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов айыпталган кылмыш ишинин чоо-жайы жазылган. Орус тилиндеги сот өкүмүн кыскача баяндап берели.

Көлбаевге таянып, Матраимов таасирин күчөткөн

Сот документинде 2015-2017-жылдары бажынын жетекчилик кызматтарында иштеген Райымбек Матраимов жөнүндө 700 млн доллар акча каражатын өлкөдөн чыгарылышы, Х.А. аттуу белгилүү бизнесмен жана Түркияда өлтүрүлгөн А.С. атуу адам менен байланышы жөнүндө журналисттик иликтөөлөр 2020-жылы ага карата кылмыш ишинин козголушуна себеп болгону жазылат. Сот документинде кылмыш ишине ылайык Матраимов казынага 2 млрд сом төлөп берип, Бажы кызматындагы анын коррупциялык схемасы толук токтотулганы айтылат.

Сот чечиминин баяндоо бөлүгүндөгү Х.А. аттуу кишинин инициалы жана айтылган фактылар Матраимов жөнүндө журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Борбор Азиялык ишкер Хабибулла Абдукадырга туура келет. Ал эми А.С. аттуу кишинин инициалы журналисттерге Матраимовдун коррупциялык схемасын ачып берген, кийин Түркияда атып өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитиге дал келет. Кримтөбөл К.А. деген инициал 2023-жылы атайын операцияда жок кылынган Камчы Асанбектин (Көлбаев) ысымына дал келет.

Сот токтомунда жазылгандарга ылайык, кызматтен кеткенине карабай, Райымбек Матраимов ошол кездеги бийликтин “унчукпаган макулдугу” менен 2020-жылдын октябрына чейин Бажы кызматын көмүскө башкарып, товар ташуу эле эмес, кадр маселерин дагы чечкен. 2015-2020-жылдар аралыгында кримтөбөл Камчы Көлбаеав менен жакын мамилеси Райымбек Матраимовдун мамлекеттик түзүлүшкө таасирин болуп көрбөгөндөй күчөткөн.

Бажыны көзөмөлдөө аракети, чыкыйга такалган тапанча

Сот өкүмүнө ылайык, 2022-жылы күз айларында Райымбек Матраимов бажыдагы көмүскө коррупциялык схемаларын жандандырууга аракет кыла баштаган. Тактап айтканда, кылмыштуу каналдар аркылуу транзиттик жүктөрдү тоскоолдуксуз өткөрүү жана жүктөрдү каттоодо, тазалоодо мыйзамсыз киреше алууну көздөгөн.

Чечимде бул көмүскө каналды өзүнүн кудасы - Кытайдан Борбор Азияга товар ташыган ири компаниянын ээси, өзбекстандык ишкер Хабибулла Абдукадыр аркылуу ишке ашырууну көздөгөнү белгиленет.

Хабибулла Абдукадырга анын Кыргызстанда жүргөн Т.Р. аттуу тууганы аркылуу таасир эткиси келип, коркутуу үчүн кримтөбөл Көлбаевди аралаштырат. Матраимов 2022-жылы ноябрь айында Т.Р. аттуу жаранга телефон чалып, Кыргызстандагы транзиттик жүктөрдү кайрадан өзү көзөмөлдөй баштаганын, бул жөнүндө тууганы Хабибулла Абдукадырга кабарлоону айткан. Бир нече убакыттан кийин Т.Р. аттуу кишиге кайрадан чалып, Орто-Сай айылындагы “Браво” деп аталган VIP-шаарчасына келип калууну талап кылат. Ал баш тарткандан кийин Матраимов өзүнүн А.А. аттуу өкүл баласына Хабибулла Абдукадырдын тууганы Т.Р. аттуу кишини кандай жол менен болсо дагы алып келүүнү буйруган.

Матраимовдун өкүл баласы Хабибулла Абдукадырдын тууганы менен Бишкектеги “Карвен” турак-жай комплексинде жолугуп, аны телефон аркылуу Камчы Көлбаев менен сүйлөштүрөт. Көлбаевдин коркутуусунан кийин, Т.Р. аттуу киши Матраимовдун үйүнө келүүгө аргасыз болгону айтылат.

“Ал жерге келгенден кийин А.А. Т.Р.ны мончого алып барган, ал жерде Р. М., К. А. жана 2019-2021 жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген, Р.М.нын жакын досу З. К. күтүп турган. Мончонун бөлмөсүнө киргенде, Т.Р. аргасыз абалга кабылып, жогорудагы адамдардын көзүнчө Р.М. анын чыкыйына тергөө тарабынан тактала элек тапанчаны такап коркуткан. Кийин анын тапанчасын жанындагылар алып койгон. К.А. чатак курчуп кетпеши үчүн алынган куралды өзүнүн жансакчыларынын бирине берген”, - деп айтылат сот токтомунда.

Токтомдо айтылган 2019-2021-жылдары бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп Замирбек Карашев иштеп турган.

Сот чечиминде Матраимовдун бул агрессиялык аракеттери бажыдагы маселелерди дагы деле ал чечерин, криминал менен байланышы бар экенин көрсөтүү жана Т.Р. аркылуу анын тууганы Хабибулла Абдукадырга таасир этүү үчүн жасалганы белгиленген.

Көлбаев менен байланыш. Журналисттик иликтөөнүн сүрөтү
Көлбаев менен байланыш. Журналисттик иликтөөнүн сүрөтү

Матраимов “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин таасирин пайдаланып, Т.Р.ны коркутуп, Хабибулла Абдукадырдын ишмердиги үчүн мамлекетке 2 млрд сом төлөп берүүгө аргасыз болгонун, эми алар бажыдагы товарларды тариздөө аркылуу аталган акчаны кайтарып бериши керек экенин айткан.

Чек араны мыйзамсыз өтүп, Өзбекстан аркылуу качкан

Сот өкүмүндө чет өлкөгө чыгууга тыюу салынгандыктан Матраимовго “Манас” аэропорту аркылуу Стамбулга учуп кетүүгө уруксат берилбегендиги жазылат. Ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бажыда иштеп жүргөндөгү тажрыйбасына таянып, Сузак районундагы Б.А өткөрмө бекети ["Бек-Абад" бекетине туура келет - ред.] аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз өткөнү айтылат. Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына учуп кеткен.

Матраимовду манчыркаткан саясат
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:01 0:00

Райымбек Матраимов күнөөсүн толук мойнуна алды

Соттук териштирүүдө айыпталуучу Райымбек Матраимов күнөөсүн мойнуна алуу боюнча макулдашуу түзгөн. Мамлекеттик айыптоочу Матраимов толук күнөөсүн мойнуна алганын маалымдап, макулдашуудагы милдеттенмелерди аткарганын билдирген. Мындан улам соттук териштирүүсүз эле айып пул жаза чегерүүнү суранган. Матраимовдун жактоочусу дагы мамлекеттик айыптоочуну колдоп, макулдашууга ылайык жаза берүүнү суранган.

Матраимов "соттуулугу жоюлган" деп эсептелет

Ошентип, сот Матраимовду Кылмыш жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап, ага 100 миң сом айып пул салды. Сот өкүмүндө Матраимов мурдагы соттуулугу жоюлганы эске алынганы белгиленген. Ал эми өкүмдө мурда дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылганы боюнча мындай түшүндүрмө берилген:

“Кылмыш жаза кодексине ылайык, соттолгон адам абакка кесилбеген жаза алып, ал өкүм аткарылган учурда мурда соттолгон эмес деп эсептелет. М. Р. Ы. аттуу адамга чыгарылган өкүм аткарылгандыктан, анын соттуулугу жоюлган деп эсептелет. Ошондуктан сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 79-беренесине ылайык, Р. М. га минималдуу айыппул белгилөөнү туура деп эсептейт”.

Эске салсак, 2021-жылы атайын кызмат Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Райымбек Матраимовдун адвокаттары же анын жакындары Биринчи май райондук сотунун өкүмү боюнча комментарий бере элек.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго 6-декабрда сот өкүмү чыгарылганы 9-декабрда белгилүү болгон. Биринчи май райондук соту кыскача гана маалымат таратып, Матраимов Кылмыш жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп табылып, ага 100 миң сом айып пул салынганын билдирген. Ал айыбын мойнуна алып, тергөө менен кызматташып материалдык зыянды төлөгөндүктөн, абакка кесилген эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 14-ноябрда парламентте сүйлөп жатып, Матраимов бюджетке 200 млн доллар төлөп берип, абактан чыканын айткан. Бир нече жылдан бери чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталып келген, мурда да коррупция менен соттолгон Матраимовдун жеңил берене менен айып пул төлөп, жазадан кутулганы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты.

Коррупцияга каршы күрөш: Ташиевдин убадасы, Матраимовдун иши
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:38 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG