Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:07

Борбор Азия

Салим Абдувалиев
Салим Абдувалиев

Өзбекстанда жогорку даражалуу аткаминерлердин арасында жапырт камоолор уланууда. Соңкулардан болуп Ташкент шаардык полициясынын жетекчи орун басары Дониёр Ташхожаев жана Президенттин коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Шухрат Расулов кармалды.

Президент Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаровдун "оң колу" делген Расулов Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси Комил Алламжоновду өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелүүдө.

Ал эми полковник Ташхожаев ишкер Жавлон Юнусовдун кылмыштарын жашырууга айыпталып жатат.

Күйөө баланын көңүлүн тапкан Ташхожаев

Маалыматка караганда, полковник Ташхожаев ишкер Жавлон Юнусовдун кылмыштарын жашырууга айыпталып жатат. Юнусов опузалоо жана коркутуп-үркүтүү аркылуу белгилүү ташкенттик ишкерлердин мүлктөрүн тартып алып турганы кабарланууда. Ал эми Ташхожаев анын бул кылмыштарын жашырып турган.

Дониёр Ташхожаев
Дониёр Ташхожаев

Өз кезегинде Юнусов президенттин администрациясынын мурдагы кызматкери Комил Алламжоновдун өмүрүнө кол салууга катышы бар деп айыпталып жатканы да маалым болгон.

Ташхожаев 3-декабрда камалганын "Озодлик" радиосунун булактары ырастаган. Ал буга чейин Ташкент облусунун ички иштер башкы башкармалыгында иштеген, кийин Фергана облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеп, ички иштер министринин орун басары жана баш калаанын ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Былтыр августта Ташхожаев Ташкент шаардык полициясынын жетекчисинин орун басарлыгына кайтып келген.

Равшан Мухиддинов (солдо акыркы) Отабек Умаров менен Париждеги Олимпиадада. Октябрь, 2024-жыл
Равшан Мухиддинов (солдо акыркы) Отабек Умаров менен Париждеги Олимпиадада. Октябрь, 2024-жыл

"Ташхожаев Отабек Умаровдун (президент Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы) көңүлүн тапканы үчүн ар кандай жогору кызматтарга дайындалып келген. Ал бир гана Ички иштер министрлигин тескебестен, Ташкенттеги "таасирдүү кеңсенин" мыйзамсыз ишмердигин жаап-жашырып турган. Кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн кеңири операцияны жетектеген. Умаровдун көрсөтмөсү менен таасирдүү кримавторитет Салим Абдувалиевди (Салимбай байбача) түрмөгө отургузган. Муну менен алар "кылмыш дүйнөсүнүн көзөмөлүн" "Равшан Золотойго" өткөрүп берүүнү көздөшкөн", - деди "Озодликтин" булагы.

"Равшан Золотой" же Равшан Мухиддинов
"Равшан Золотой" же Равшан Мухиддинов

"Равшан Золотой" деген лакап ат менен белгилүү Равшан Мухиддинов өзбек кримавторитети Гафур Рахимовдун жээни. Ислам Каримовдун тушунда Мухиддинов Өзбекстанда оор кылмыштарды жасаган деген айып менен 12 жыл эл аралык издөөдө жүргөн. Расмий Ташкенттин өтүнүчү менен Стамбул жана Дубайдагы абактарда жазасын өтөгөн. Бирок Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин Равшан Мухиддинов издөөдө жүргөндөрдүн тизмесинен чыгарылып, Өзбекстанга кайтып келген. Ал соңку кездери ири спорттук иш-чараларда Отабек Умаровду коштоп жүргөн делет.

Саясат, бизнес же криминал? “Салимбай байбачанын” Кыргызстандагы кызыкчылыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:22 0:00

Күйөө баланын "оң колу"

Өзбекстанда Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси Комил Алламжоновго кол салуу аракети боюнча 26-ноябрда дагы бир жогорку даражалуу бийлик өкүлү, президенттин коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Шухрат Расулов кармалды.

"Озодлик" радиосу өз булактарына таянып жазганына караганда, Расулов Отабек Умаровдун "кудуреттүү кеңсесиндеги оң колу" деп саналып, Алламжоновду өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, "Жигули" жана "Колобок" деген лакап ысымдары менен таанымал 40 жаштагы Шухрат Расулов 2019-жылы Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору жана Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Ихтиёр Абдуллаев, ошондой эле эки башкы прокурор Рашид Кадыров менен Отабек Муродовдун ишин тергеп, соттоодо чоң роль ойногон.

Анда Абдуллаев кызмат абалынан кыянат пайдалануу менен кылмыштуу биримдикти уюштурууга, пара алууга, Өзбекстандын кызыкчылыгына каршы соодалашууга, кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн ири суммада бажы мыйзамдарын бузууга жана башка кылмыш иштери боюнча айыптуу деп табылып, 18 жылга абакка кеcилген.

Өзбек маалымат каражаттарынын бири да Расуловдун камалганы тууралуу жазган жок. Башкы прокуратура Ташхожаев менен Расуловдун камалышы тууралуу азырынча үн ката элек.

Журналисттер Коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин бири Ганчар Узаковду 2018-жылы президент Мирзиёев "Эрдик" ордени менен сыйлаганын жазышты.

"Подполковник Ганчар Узаковдун "Аброр" деген лакап аты болгон. Узаков Өзбекстанда блогерлер менен журналисттердин "оозун жаап" келген. Анын өзүнчө дагы "химиялык бизнеси" бар болчу, ал Ооганстанга жер семирткич сатчу. Узаковдун дагы бир кесиптеши, "Саид" лакап аты менен таанымал Шерзод Нажмиддинов жана анын командасы блогерлерди жана журналисттерди коркутуп-үркүтүп жүрчү. "Саидди" бардык жергиликтүү блогерлер жана журналисттер жакшы таанышат", - деди "Озодликтин" укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булагы.

Журналисттердин колуна Өзбекстандын атайын кызматынын кызматкерлери жергиликтүү журналисттерди кантип коркутуп, шантаж кылып, катуу кысым көрсөткөнү тууралуу маалымат камтылган "иш-аракеттердин планы" делген документтин көчүрмөсү тийген.

Президенттин тун кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёеванын жакын өнөктөшү деп саналган 40 жаштагы Комил Алламжонов быйыл 30-сентябрда Президенттик администрациядагы Маалыматтык саясат департаментин жетектөөдөн кетип, ишкердигин улантууну көздөп жатканын айткан.
Президенттин тун кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёеванын жакын өнөктөшү деп саналган 40 жаштагы Комил Алламжонов быйыл 30-сентябрда Президенттик администрациядагы Маалыматтык саясат департаментин жетектөөдөн кетип, ишкердигин улантууну көздөп жатканын айткан.

Ал тапта Алламжоновго кол салуу аракети боюнча Өзбекстандын Коопсуздук кызматынын бери дегенде ондогон мүчөлөрү иштен алынганы айтылууда. Бирок алардын кимиси тергөөгө тиешеси бар экени азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, буга чейин "Азаттыктын" өзбек редакциясынын өкмөттөгү булагы Комил Алламжонов менен Отабек Умаровдун ортосунда "тиреш" жүрүп жатканын кыйыткан.

"Азаттыкка" бул "тирештин" себеби белгисиз, бирок окуядан кабардар башка бир булактын айтымында, Отабек Умаров мурдараак Ташкентте президенттин күйөө баласына тиешеси бар делген кеңсенин ашкереленгенине ачууланганын бышыктаган. Анын айтымында, Умаров мында "Алламжоновдун колу бар" деп божомолдогон.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары бул маалыматтардан кийин "таасирдүү кеңседе" иликтөө иштери жүргүзүлгөнүн, ал эми Умаров менен байланышы бар кишилер Дубайга качып кеткенин белгилешет.

Сеулдагы депутат Айсулуу: Эл тынч чогулуп, президентти ачык сындайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:18 0:00

Түштүк Кореяда cаясий кризис курчуду. Сеулдагы парламенттин алдында президенттин бийликтен кетишин талап кылгандар чыгып жатат. 3-декабрдын кечинде Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл күтүүсүздөн өлкөсүндө аскердик абал жарыялаган, бирок парламент аны четке каккан. Соңку кырдаал тууралуу Сеул шаардык кеңешинин депутаты кыргызстандык Айсулуу Ашыралиева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG