Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Борбор Азия

шейшемби 26 Ноябрь 2024

Отабек Умаров
Отабек Умаров

Коңшу Өзбекстандын Коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, президенттин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров Түштүк Кореяга чыгып кеткени тууралуу маалымат тарады. "Азаттыктын" өзбек кызматы ишенимдүү булактарына таянып, Умаров кызматтан алынганын 25-ноябрда жазды.

Өзбекстанда коопсуздук кызматынын жетекчиси баштаган бир катар аткаминерлер иштен алынып, ордуна башкалар дайындалды. Мындай чечимге президенттик администрациянын мурдагы башчысы Комил Алламжановго кол салуу түрткү бергени тууралуу кабар тарады.

Генерал кызматынан кол жууду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовду 23-ноябрда өкмөттүн жыйынында кызматтан алды. Мындай чечимге эмне себеп болгону расмий кабарлана элек.

Азизовдун ордуна Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болуп Баходир Курбанов дайындалды. Ал 2019-жылдын февралынан бери коргоо министринин орун басары болуп иштеп келген. Бул кызматка ал жаңы чакырылыштагы депутаттардын макулдугу жана президенттин буйругу менен бейшембиде дайындалган.

Aл эми Азизов башка кызматка дайындала элек. Бул тууралуу Мирзиёевдин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

"Генерал-лейтенант Азизов Өзбекстандын президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын карамагына гана которулду", - деп жазды Асадов Телеграм-каналына.

"Азаттыктын" өзбек кызматы - "Озодлик" радиосунун өкмөттөгү ишенимдүү булагы мурдагы башкы чекист "кадрдык резервге" өткөнүн кабарлады.

Бир күн мурда Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин, өкмөттүн, Коопсуздук кызматынын бир катар жетекчилери да кызматынан алынганды.

"Tазалоо жараяны"

"Озодликтин" булактары муну президенттин тун кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёеванын санаалашы Комил Алламжановго кол салуудан кийин башталган "тазалоо жараяны" деп сыпатташууда.

Ал эми Мирзиёевдин буйругу менен кызматтан алынган кеминде беш аткаминер Алламжоновго кол салуунун "изин жашырууга" аракет кылганы жана бул аракетти иликтөөгө "тоскоолдук кылган" деп шектелип жатканы айтылууда.

Быйыл 26-октябрга караган түнү Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз эки адам Комил Алламжановдун Range Rover унаасына ок чыгарышкан. "Озодлик" өз булактарына шилтеме кылып жазгандай, машинеде Алламжанов жана анын айдоочусу болгон. Экөө тең жабыркаган эмес.

Кийинчерээк бул окуяга катышы бар деген себеп менен бир нече киши кармалганы кабарланган. "Озодликтин" журналисттеринин иликтөөсүндө, кармалгандардын бири Шохрух Ахмедовду түрк бийлиги буга чейин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун оппонентине кол салууну уюштурууга тиешеси бар деп айыптаганын аныкташкан.

Кадыров 10-ноябрда бул окуяларга комментарий берип жатып, Алламжоновдун өмүрүнө кол салууга бир да чеченстандыктын тиешеси жок экенин билдирген.

"Батышчыл жана айрым оппозициячыл маалымат каражаттары тергөөнүн жыйынтыгын күтпөстөн, окуяда "чечендердин изи бар" деген божомолду апыртып тарата башташты. Мен бул чагымчыл билдирүүлөргө жооп бергим келбейт. Анын үстүнө Өзбекстанда урматтуу президент Шавкат Миромонович Мирзиёевдин даанышман саясаты менен бардык тармактарда, анын ичинде маалымат, укук коргоо тармагында иштер жакшы жолго коюлган. Эгер мен чындап эле бир нерсени пландасам, ал ишти аягына чыгарып, 100% жыйынтыкка жетмекмин" - деп жазды Кадыров.

Президенттин тун кызы жана жардамчысы Саида Мирзиёеванын жакын өнөктөшү деп саналган 40 жаштагы Комил Алламжонов быйыл 30-сентябрда Президенттик администрациядагы Маалыматтык саясат департаментин жетектөөдөн кетип, ишкердигин улантууну көздөп жатканын айткан. Бирок кызматтан кетүү себебин ачыктаган эмес.

Kол салуу аракетине шектүү беш киши камакта

25-ноябрда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Алламжоновго кол салуу аракетине жети киши шек саналып жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ыкчам издөө иштеринин натыйжасында алардын бешөө кармалды, калган экөөнө издөө жарыяланды.

Тергөө иштери жеринде жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн автоунаалары текшерилип, алардын жашаган жери тинтүүгө алынып, тийиштүү далил буюмдар алынганы маалымдалды.

Шектүүлөрдүн бири Казакстанда жашынып жүргөнү аныкталган.

Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланып, Түштүк Кореядан кармалган Жавлон Юнусов аттуу шектүү Өзбекстанга экстрадицияланды.

Эске сала кетсек, 15-ноябрда Түштүк Кореяда Комил Алламжоновго кол салуу аракетине шектүү деп Юнусов кармалганын "Азаттыктын" өзбек кызматы Түштүк Кореядагы жана Өзбекстандагы жеке булактарынын маалыматына таянып жазган.

Өзбекстандын укук тартибин коргоо органдарындагы булак анын колго түшүрүлүшүн тергөөдөгү "бурулуш учур" деп атаган.

Интерпол Өзбекстан 36 жаштагы Юнусовду "адам өлтүрүүгө аракет кылган" деп айыптап жатканын маалымдап, аны издөө жана кармоо тууралуу өтүнүчтү өзбек тараптын атынан бардык өлкөлөргө жөнөткөн. Интерполдун "кызыл эскертмеси" камакка алууга ордер болуп эсептелбейт, бирок кармалган кишини экстрадиция болгончо же тийиштүү соттук териштирүү өткөнчө кармап турууга уруксат берет.

Ал тапта "Озодлик" өз булактарына таянуу менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, президенттин карачечекей күйөө баласы Отабек Умаров 23-ноябрда шашылыш түрдө Түштүк Кореяга учуп кеткенин жана анын сапары дал ошол Юнусовдун экстрадицияланышына байланыштуу болушу мүмкүн экенин жазды.

Өкмөттөгү булактын айтымында, Жавлон Юнусовдун Өзбекстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилиши менен Умаров Алламжоновго кол салуу аракетинен кийин анын дарегине айтылган шектенүүлөрдү жоюуга аракет кылуда.

Отабек Умаров - Мирзиёевдин кенже кызы Шахнозанын күйөөсү.

Өзбекстандык саясий серепчи, Central Asia Due Diligence талдоо борборунун директору Алишер Илхамов президенттин күйөө баласы чет өлкөгө качып кетиши мүмкүнбү, буга Кремлдин кандай байланышы бар деген суроого жообун Фейсбук баракчасына жазды.

"Умаров шашылыш түрдө Түштүк Кореяга кетти. Качтыбы? Өнөктөшү Наталья Фен, анын Ферганадагы кеңсесине кол салгандар унаасын таштап, качып кеткенден кийин кармалды. Бирок ал балким Отабекке Түштүк Кореядан башпаанек алууга жардам бергенге үлгүргөндүр. Бул окуянын артында эмне турат? Сыягы Отабектин бийликке болгон дымагы эле эмес, Москванын Кадыров аркылуу таасири, Кадыровдун Отабек аркылуу таасири бардай. Балким жакында Москвага жөнөтүлгөн маданият ишмерлеринин "десанттык күчтөрүн" да ушул жагдайда караш керек. Алардын максаты Кремлдин Өзбекстандагы түйүндөрүн нейтралдаштыруу операциясына карата реакциясын жумшартуу. Бул жерде көз караш мындай: Биз өлкөбүздө сиздин тармакты жоюп жатабыз, бирок сиз менен мамилебиздин бузулушун каалабайбыз" деп жазат Илхамов.

Буга чейин "Азаттыктын" өзбек редакциясынын өкмөттөгү булагы Комил Алламжонов менен Өзбекстан президентинин күйөө баласы Отабек Умаровдун ортосунда тирешүү жүрүп жатканын кыйыткан.

Ташкентте атылган ок. Мирзиееванын өнөктөшүнө кимдин өчү бар?
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:19 0:00

"Азаттыкка" анын мотиви белгисиз, бирок окуядан кабардар дагы бир булактын айтымында, Отабек Умаров мурдараак Ташкентте президенттин күйөө баласына тиешеси бар делген кеңсенин ашкереленгенине ачууланганын бышыктаган. Анын айтымында, Умаров мында "Алламжоновдун карааны бар" деп божомолдогон.

"Азаттыктын" ишенимдүү булактары бул маалыматтардан кийин "кудуреттүү кеңседе" иликтөө иштери жүргүзгөнүн, ал эми Умаров менен байланышы бар кишилер Дубайга качып кеткенин белгилешет.

Жалал-Абадда эки сот, Ноокатта алты милиция кызматкери кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:17 0:00

Жыл башында кармалган 11 журналисттердин төртөөнүн иши Бишкек шаардык сотунда карала баштады. Орусия Украинада энергетикалык объектилерди, турак-жайларды жана автомашиналарды аткылады. Ноокат районунда милициянын алты кызматкери пара алууга шектелип кармалды, дагы бир кызматкер изделүүдө. Киев Орусиянын ичкери аймагында орун алган Калугадагы мунай кампасына сокку урганын тастыктады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG