Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Борбор Азия

Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде Чеченстандын баш калаасы Грозныйга бараткан учак кулады. Кырсыктан борттогу 67 кишинин 38и каза болду, 29у аман калып, ооруканага жеткирилген.

Казакстанда вице-премьер-министр Канат Бозымбаевдин маалыматына караганда, ооруканага жеткирилген 11 киши реанимацияда жатат. Алардын сегизи эсине келе элек. Ооруканадагылардын 13ү Азербайжандын, тогузу Орусиянын жараны.

Каза тапкандардын тек-жайы аныкталууда. Айрым сөөктөрдү таанууга мүмкүн болбой жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин Актауда кулаган учакта үч кыргыз жараны болгонун тактаган. Маалыматка караганда, азыр үчөө тең Мангыстау облустук ооруканасында жатат. Алар 2004, 1998, 1988-жылы туулган жарандар.

Биринин абалы оор, калган эки жарандын өмүрүнө коркунуч жок экени, баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы кабарланды.

Казакстандын расмий органдары берген маалыматка караганда, ооруканага түшкөн 29 кишинин арасында эки бала бар.

Учак бортунда экипаждын беш мүчөсүн кошкондо жалпы 67 киши болгону акыркы маалыматта айтылды.

"Кырсыктын себептерин айтууга азырынча эрте"

Азербайжандын борбору Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан учак 25-декабрда түш ченде Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде кулап түштү.

Маалыматка караганда, Embraer E190AR деген лайнер Грозныйга тумандын айынан коно албай, Махачкала аэропортуна жөнөтүлгөн. Ал жактан Актау шаарына жиберилген. Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы Каспий деңизинин үстүнөн учуп өтүп баратканда авариялык кырдаал тууралуу маалымат берген.

Мындан улам учак кулаган жерге дароо куткаруучулар, медиктер жана башка тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү дароо жетип барышкан. Бирок учак жерге тиери менен экиге бөлүнүп калганын ал жакта тартылган сүрөт-видеолордон көрүүгө болот.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, учактын алдыңкы бөлүгүн өрт каптаган. Форт-Шевченко айлынын тургуну Элмиранын айтымында, ал Актауга автобус менен бараткан кезде учак кулаган. Автобус токтоп, жүргүнчүлөрү учактан аман калгандарга жардам беришкен:

"Биз учактын арткы бөлүгүнөн аман калгандарды чыгарууга жардам бердик. Алар баары тең кан болгон. Ыйлап, жардам сурап жатышты. Мен эки өспүрүм кызды чыгарууга жардам бердим. Алардын көз карашын азыркыга чейин унута албайм. Алардын бири: “Апам учакта калды, куткаргылачы”, - деп жалбарды. Балдар өзүлөрү эле басып баратышты. Биз аларды автобуска отургуздук. Анткени алар жеңил кийим менен үшүп калат эле. Медиктер келип алып кетишти”,- деп айтып берди Элмира “Азаттыктын” казак кызматына.

Буга чейин учактын кулашынын ар кандай версиялары айтылып жаткан. Айрымдар кырсыкка куштар себеп болгонун жазышса, башкалары тетиктердин биринин иштен чыкканын айтып жатышты.

Ал эми азербайжандык Телеграм-каналдар Актауда кулаган учактын арткы бөлүгүнүн видеосун жарыялап, куйрук жагында тешиктер көп экенин жазып жатышат. Алардын азырынча эмне себептен пайда болгону белгисиз.

Азербайжан прокуратурасынын өкүлү Кянын Зейналов азырынча учактын кулашынын себептерин аныктоого эрте экенин билдирди.

"Учурда Казакстандын прокуратурасы менен тыгыз кызматташтыкта иликтөө иштери уланууда. Ар кандай версиялар каралып, тийиштүү экспертизанын баары жүргүзүлүп жатат. Учурда иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу айтуу абдан эрте", - деди ал.

Жакындары тууралуу маалымат издегендер

Бакудагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортто кырсыктаган учактын жүргүнчүлөрүнүн туугандары чогулуп, аман калгандардын арасынан өз жакынын издеп жатышат. Чеченстандын борбору Грозныйдын аэропортунда дагы ушундай эле көрүнүш.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 25-декабрда Санкт-Петербургда башталган КМШнын саммитине катышпай, Бакуга кайтты. Жыйынды ачып жатып Орусиянын президенти Владимир Путин кырсыкта курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.

"Учак кулады. Набыт болгондор көп. Жараат алгандар көп. Биз жаңы эле сүйлөшкөндөй, баарыбыздын атыбыздан жабыркагандардын жана набыт болгондордун жакындарына көңүл айтам. Жараат алгандар тез сакайып кетишине тилектешпиз", - деди Путин.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиевге учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу катын жөнөттү.

“Көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген азербайжандык жүргүнчү учагынын трагедиялуу кыйрашы тууралуу бүгүнкү суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана ушул трагедиянын кесепетинен жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун аза-кайгысын тең бөлүшөм”, - деп айтылат Садыр Жапаровдун телеграммасында.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен авиакырсыкты иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлдү, аны Канат Бозумбаев жетектейт. Комиссиянын курамына Мангыстау облусунун акими, бир катар министрликтин өкүлдөрү кошулду. Окуя болгон жерге бир катар чиновниктер жөнөп кетти.

Токаев Актауга дарыгерлерди жиберүүнү тапшырды. Саламаттык сактоо министрлиги бул шаарга медиктер барарын маалымдады.

Кырсыкка кабылган учак эксплуатацияга 11 жыл мурда берилген. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, лайнер AZAL компаниясына караштуу болчу. Бул Embraer учактарынын катышуусундагы төртүнчү авиакырсык. Буга чейин адам өмүрүн алган окуялар Кытайда жана Намибияда катталган.

"Азербайжан аба жолдору" компаниясы кайгылуу окуянын себептери аныкталгыча Баку-Грозный каттамдарын токтото турарын билдирди.

Жарылуу болгон Рязань проспектиси, Москва.
Жарылуу болгон Рязань проспектиси, Москва.

Өзбекстандык 29 жаштагы Ахмаджон Курбанов Орусиянын аскер күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу бөлүмүнүн начальниги Игорь Кириллов менен анын жардамчысы Илья Поликарповду өлтүрүүгө шек саналууда.

Кылмыш 17-декабрда Москвада болгон. Генерал жана анын жардамчысы аралыктан башкарылуучу жабдык менен жасалган жардыруудан каза тапкан.

Орусияда өзбекстандык жарандын айыпталышы Борбор Азиядан барган мигранттардын абалын ого бетер оорлотту.

Москвада ашпоз болуп иштеген Өзбекстандын жаранын орусиялык атайын кызмат жарылуудан бир күн өткөндөн кийин кармаган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) маалыматы боюнча шектүү украин күчтөрүнүн 100 миң доллар төлөйбүз деген азгырыгына алданган.

ФСБ сурак учурунда шектүүнүн украин атайын кызматынын азгырыгы менен ушул ишке барганын айткан кадрды да көрсөттү.

19-декабрда Москванын шаардык соту өзбекстандык Ахмаджон Алижон уулу Курбановду эки айга камакка алды. Соттун токтомунан Курбанов 1995-жылы туулганы, эки баланын атасы экени жөнүндө маалыматты окууга болот.

"Озодликтин" маалыматында айтылгандай, 29 жаштагы ташкенттик Ахмаджон Курбанов учурда Өзбекстандын күч органдарынын көзөмөлүндө турат.

Туугандарынын айтымында, Ахмаджон 2021-жылы Түркияга акча табуу үчүн кеткен. Акыркы жолу жарылууга эки күн калганда апасына чалып, Москвада ашпоз болуп иштеп жатканын айткан.

Курбанов жашаган аймактын жарандарга жооптуу өкүлү шектүүнүн атасы Алижон Курбанов бир канча жыл мурда каза тапканын, ал дагы ашпоз болгонун айткан.

"Өзбек ашпоздун мындай жөндөмү болушу мүмкүн эмес"

Курбановдордун үй-бүлөсү Ахмаджон Өзбекстандан кетип жатканда бойдок болгонун айтышкан. Үй-бүлө Ахмаджон Түркиядан Орусияга кандайча барып калганын да билбейт. Коомчулук өзбек ашпоз мындай чуулгандуу кылмышты жасаганына ишенбей турат.

Мурдагы өзбек дипломаты жана көз карандысыз журналист Алишер Таксанов:

Алишер Таксанов.
Алишер Таксанов.

"Шектүү видеого кылмыш тууралуу айтканда андан эмне талап кылынып жатканын түшүнгөн эмес, автоматтык түрдө "... мени украин атайын кызматынан азгырышты... 100 миң доллар убада кылышты... мен кнопканы бастым..." деп жатат. Чыныгы адис кимдер тапшырма бергенин айтмак, операцияны так жүргүзүп, жардыруучу затты кантип жеткирүүнү билмек. Ал эми бул шордуу жардыруучу затты эгерим көрбөгөндөй", - дейт Швейцарияда жашаган мурдагы өзбек дипломаты Алишер Таксанов.

Таксановдун айтымында, мындай операция жогорку чеберчиликти талап кылат, ага керектүү ресурстар бардык эле карапайым адамдарга жеткиликтүү эмес. Эксперттин пикиринде, бутага байкоо салуу, жарылуу күчүн так эсептөө жана радиобайланыш менен башкарылган аппаратты колдоно билүү дасыккан адистердин гана колунан келет.

"Жардыруучу заттын күчү бутаны (генерал менен жардамчысын) гана жок кылууга эсептелген, жарылуудан жабыр тартуучу радиус азайтылган. Бул тажрыйбаны жана жабдык түзүлүшүн түшүнүүнү, аны модификация кылууну талап кылат", - дейт эксперт.

Бутанын күнүмдүн графигин тыкыр изилдөө, ылайык келген маскировканы (электросамокат) табуу, жарылуунун күчүн эске алуу өңдүү жагдайлардан улам эксперттер мигранттын мындай ишке барганынан күмөн санашууда.

"Бул инженердик даярдыгы бар, тактикалык пландоону жана жоготуунун санын азайтканды билген профессионалдын ишинен кабар берип турат. Жөндөмү жок, аталган операцияны ишке ашырууга ресурсу да жок өзбек ашпоз алаксытуу үчүн эле пайдаланылган болушу мүмкүн", - дейт Такенов.

Саясий контекст

Ахмадхон Курбановдун камалышы жана ага каршы айыптоолор мигранттар арасында дүрбөлөңдү күчөттү. "Эзгулик" укук коргоо уюмунун өкүлү Абдурахмон Ташанов күнөөсүздүк презумпциясы бузулганына, анын ичинен Тергөө комитетинин шектүүнүн видеосун жайылтканына тынчсыздануусун билдирди.

Таксановдун пикиринде, Курбановдун диверсия жасоочу катары тандалышы - бул Орусиядагы "ксенофобиялык тенденцияны башкаруу".

"Мигранттар үчүн жаңы коркунуч туулду, айрыкча алар Украинага каршы согушка катышуу менен орус жарандыгын алуудан баш тартса ушундай болот", - дейт ал.

Кырдаал мигранттарга шарттар катаалдашкан учурда курчуп жатат, полиция Борбор Азиядан барган журналисттерди көбүрөөк кармоодо.

"Кайда караба, полициянын автозактары турат, - дейт Москвада жашаган Өзбекстандын жараны Зульфия. - Мен бүгүн базардын жанынан өтүп баратып, бир канча автозакты көрдүм. Өзбек, кыргыз, тажиктердин баарын кармап жатышты". Ал кечээ таанышын кызы менен чогуу депортация кылышканын кошумчалады. Зульфия мекенине күч менен кайтарылган таанышынын ысымын ачык атоодон чочулады.

Эксперти, социолог Алишер Илхамов
Эксперти, социолог Алишер Илхамов

Өзбекстандык аналитик жана Лондондогу Central Asia Due Diligence изилдөөчү борборунун жетекчиси Алишер Илхамов кырдаал "мигранттарды Украинадагы согушка баруу үчүн келишимге кол коюуга мажбурлоого колдонулушу мүмкүн" деп эсептейт.

Орусиялык аналитик Дмитрий Орешкин "Настоящее время" телеканалына берген интервьюсунда чукул айыптоолор өлкө ичиндеги кырдаалды гана курчутушу мүмкүн экенин айтты:

"Бул жарандардын канчасы чындап күнөөлүү экени белгисиз. Анткени атайын кызматтардын өз кызыкчылыгы бар, жетекчиликке иши тууралуу ж.б. отчет бериши керек. Мындайды биринчи жолу көргөн жокпуз. Чын эле ошол адам күнөөлүү экенин айтуу азыр абдан оор", - дейт саясат таануучу.

Орешкин Орусияда коомчулукка мигранттарга байланыштуу нааразылык активдешип, элге сиңип жатканын белгиледи.

"Өлкөдө психологиялык абал жакшырган жок, мындай учурда элге ким күнөөлүү экенин көргөзүү керек. Алыс кетүүнүн кереги жок, мигранттар бардык жерде кыжырды кайнатат, кайсы өлкө болбосун келгиндерди ар кандай мамиледен улам жактырышпайт. Орусияда бул маанай от алууда, анткени согуш жана анын идеологиясы жек көрүүнү, жаалданууну, күнөөлүүнү табууну күчөтүүдө. Бул бир канча жолу текшерүүдөн өткөн тактика, бардык көйгөйдү оодарып салуу үчүн тышкы душманды табуу керек", - дейт эксперт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG