Борбор Азиядагы куралдануу тенденциясы
“Америка добушу” радиосу 25-июлдагы макаласында Борбор Азия өлкөлөрүндө аскердик чыгымдар өсүп жатканын, адистер муну Украинадагы согушка байланыштырышканын жазды. Автор 30 жылдан ашык убакыт бою Орусия региондогу мурдагы советтик жумурияттарды курал-жарак менен камсыздаганын, бирок акыркы мезгилде алардын рыногуна Түркия, Кытай жана АКШ чыкканын белгилейт. Стокгольмдогу Тынчтыкты изилдөө институнун маалыматына ылайык, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан былтыр аскердик чыгымдарга 1,8 млрд доллар сарптаган. Өзбекстан жана Түркмөнстан адатта аскердик тармакка кеткен каражаттын көлөмүн ички дүң өнүмүнүн статистикасында шардана кылбайт.
Макалада Кыргызстандын аскердик сарптоолору өзүнчө талданган. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин өткөн жылдагы жыйында айткандары келтирилет. Ал ошондо 2021-жылдан бери армияны модернизациялоого 1,5 млрд доллар кеткенин, басымдуу бөлүгү жогорку технологиядагы курал-жаракка жумшалганын билдирген. Андай жабдыктар арасында “Байрактар”, “Аксүнгүр”, “Акынжы” учкучсуз учактары бар.
Журналист кошуна Тажикстан менен чыңалган мамилелер кыргыз өкмөтүн куралдуу күчтөргө көбүрөөк көңүл бурууга түрткөнүн кошумчалайт.
“Кыргыз бийлиги жаңы курал аларга Тажикстанга караганда артыкчылык берет деп эсептесе, жаңылышат. 2022-жылы Иран ал өлкөдө дрон чыгарган завод ачкан, 2024-жылдын апрелинде тажик өкмөтү Түркия менен 1,5 млн долларга “Байрактар” дрондорун алуу тууралуу макулдашууга кол койду”, - деп эске салат америкалык медиа.
Калган өлкөлөрдүн аскердик чыгымдарына келсек, Казакстандын коргонуу тармагына кеткен каражаты былтыркы жылга салыштырмалуу 8,8% өскөнү айтылат. Өзбекстан бул чөйрөдөгү маалыматты ачыкка чыгарбаганы менен кээ бир кабарларга караганда, 2023-жылы коргонуу бюджетине 260 миллион доллар чегерген. Президент Шавкат Мирзиеев январдагы жыйында 2030-жылга карай өлкө жогорку технологиялар менен жабдылган заманбап армияга ээ болорун билдирген.
Макалада айтылгандай, Түркмөнстандын мамлекте башчысы Гурбангулы Бердимухаммедов өткөн айда коопсуздук кеңешинин жыйынында Коргоо министрлигине куралдуу күчтөрдүн даярдыгын жогорулатуу тапшырмасын берген.
Региондогу расмий адамдар Украинадагы согуш, Армения менен Азербайжандын жаңжалы, чек ара кризистери жана Ооганстандагы туруксуз абал армияны күчтөндүрүүгө түрткөнүн белгилешет.
Бирок “авторитардык лидерлер кымбат курал менен мактанганды жакшы көрүшөт” деп эсептеген журналист Питер Леонарддын айтымында, “муну Түркмөнстандын мисалында көрүүгө болорун”, “аскердик параддарда Кытай, Европа жана башка өлкөлөрдөн алынган курал-жарак менен техниканы тартуулоо тенденциясы Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнө да мүнөздүү” экенин кошумчалайт.
Макалада аскердик чыгымдарды көбөйтүүнүн жана жапырт курал-жарак сатып алуунун ыктымал кесепеттери да кеп болот.
Мурдагы СССРге адистешкен берлиндик талдоочу Свенья Петерсендин пикиринде, Кыргызстан менен Тажикстандын жарыша куралдануусу өзгөчө камтама жаратат.
Ошол эле маалда Питер Леонард “аскердик аракеттер чыңалууга эмес, чек араны демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн практикалык маанайда, жылуу мамиледе өтүсүүнө алып келгенин, өлкөлөр тарыхый документке кол коюуга жакындаганын” айтат.
Ошол эле маалда журналист куралдануу Борбор Азиядагы саясий стабилдүүлүктү бекемдерине ишенбейт. Леонард бул контекстте Казакстанда 2022-жылы болгон кандуу Январь окуяларын мисалга тартат.
"Олимпиадага катышканы жаткан орусиялык спортчулар согушту актаган постторду жактырган"
The Guardian 23-июлда Париж Олимпиадасына байланышкан темага кайрылды. Макаладагы маалыматка караганда, Гаага жана Киевде жайгашкан Global Rights Compliance деген адам укуктарын коргогон юридикалык фирма Эл аралык Олимпиада комитетин орусиялык жана беларус атлеттерин оюндарга катыштыруу чечимин кабыл алганда шалаакалык кетирген деп айыптады.
Фирма ошол спортчулардын айрымдары социалдык тармактарда Украинага кол салууну колдогон постторго лайк басышканын же согушту колдогон жарыштарга катышканын, армияга тиешеси бар спорттук клубдарга мүчө болгонун аныктаган.
Өткөн декабрда Эл аралык комитет Париж оюндарына катышууга уруксат берүү үчүн ал эки өлкөнүн атлеттерин текшерген. Алар бейтарап статуста жарышмакчы.
Global Rights Compliance компаниясынын иликтөөчү тобу Олимпиадага чакырууну кабыл алган Орусиянын 15 жана Беларустун 17 өкүлүн жакындан карап чыккан. Натыйжада кеминде 17 спортчу эрежелерди бузган деп айтууга негиз бар экенин билдирди.
Гезит жазгандай, арасында велосипедчи Алена Иванченко бар.
Иликтөөчүлөр ал 2022-жылдын мартында, Москва Украинага басып киргенден кийин Инстаграмда Сталиндин “Душман менен жарашуу аны жок кылгандан кийин гана мүмкүн болот!”, - деген сөздөрүнүн астында “жакты” деген белги басканын таап чыкты.
Башка бир жолу ал Путиндин Орусияны коргоо жана “бошотулган аймактарда коопсуздукту камсыздоо үчүн” жарым-жартылай мобилизация жарыялаганы тууралуу постту да жактырган.
20 жашагы теннисчи Диана Шнайдер болсо согуш башталган эки күндөн кийин Кремлдин пропагандачысы Маргарита Симоняндын эки постуна лайк баскан. Симонян Украинага согуш ачууну актаган текст жазган болчу.
The Guardian бул эки спортчудан комментарий сурап кат жолдошконун кошумчалады.
Париж Олимпиадасында күч сыноону пландаган белгилүү орусиялык спортчулардын бири, дүйнөлүк теннис рейтингинде 5-сапта турган Даниил Медведевдин ысымын фирма атаган жок. Ал эми согушту ачык сындаган орусиялык сейрек атлеттердин бири Дарья Касаткина мелдешке барган жок.
Global Rights Compliance фирмасынын консультанты Жереми Пиццинин айтымында, жогорудагы далилдерди табуу кыйын болбогонун эске алганда, "Эл аралык Олимпиада комитети шалаакылык кылган". Ал оюндардын уюштуруучуларын бейпилдик жана адам укуктары тууралуу сөздөрдү конкреттүү кадамдар менен бекемдебегени үчүн айыптады.
Эл аралык комитет спортчулардын андай аракеттерине өз өзүнчө баа бере албасын, эки өлкөнүн өкүлдөрүн катыштыруу тууралуу чечим 3 кишиден турган топ тарабынанкабыл алынганын билдирди. Ал эми уюштуруучулар атайын комиссия талапкерлерди Эл аралык Олимпиада комитетинин аткаруу кеңешинин чечимине жараша карап чыкканын айтып чектелди.
Европа жана Борбор Азияда рекорддук ысыктан жапа чеккен жумушчулардын саны өстү
Эл аралык эмгек уюмунун маалыматына ылайык, 2000-жылдан бери Европа жана Борбор Азияда рекорддук ысыктан жапа чеккен жумушчулардын саны дээрлик 5 эсеге өстү. The Financial Times 25-июлдагы макаласында өткөн дүйшөмбү глобалдык алкакта эң ысык күн болуп катталганын, абанын орточо табы 17,1 градуска жеткенин жазды.
23-июлда Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш мындай көрүнүштү казып алынуучу отунга болгон көз карандылыктын белгиси катары сыпаттады. Көмүр, газ менен мунайды колдонуу жердин ысышына алып келген негизги фактор.
Эл аралык эмгек уюму билдиргендей, Европа жана Борбор Азияда жумуш шарттары тездик менен өзгөрүп жатат. Дүйнөдө 2000-2020-жылдардын аралыгында абанын температурасы орто эсеп менен алганда 8,8 градуска көтөрүлсө, сөз болгон региондордо 17,3 градуска жогорулаган. Мунун айынан ысыкка байланыштуу иш жеринде жаракат алгандардын саны 16,4% көбөйгөн.
Бирок адаттан тыш ысыктан эң көп Африка, араб өлкөлөрү жана Азия-Тынч океандагы мамлекеттердеги ачык асман астында иштеген жумушчулар жабыркайт.
Уюм аптаптын ден соолукка тийгизген залакасын алдын алуу үчүн коопсуздук шарттарын жакшыртуу жана адамдардын саламаттыгын коргоо менен дүйнөлүк алкакта 361 млрд доллар үнөмдөсө болорун санап чыккан.
Мекеме билдиргендей, дүйнө жүзүндөгү жумушчу күчтүн 70 пайыздайы же 2,4 млрд киши экстремалдык ысыктан жапа чегип келатат. Уюм шилтеме кылган изилдөөгө ылайык, адамдын табы 38 градустан өйдө көтөрүлсө, дененин жана мээнин функцияларына таасир тийет. Ал эми 40 градустан ашса, адамдын ички органдары жабыркап, эс-учун жоготуп, өлүмгө да алып келиши ыктымал.