Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Борбор Азия

шейшемби 10 Декабрь 2024

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусия Украинага бастырып кирген эки жыл ичинде кыргызстандык мигранттар ар кандай жагдайда согушка тартылган бир нече учур ачыкка чыккан. Согушка кеткен жакынынын дайыны чыкпай жатканын айтып кайрылгандар бар.

Алардын бири кыргыз жараны бир тууганынын жарадар болуп, согуш талаасында жаткан сүрөтүн Telegram каналдардын биринен көрүп тааныганын “Азаттыкка” айтып берди.

Интернеттен көрүп калдым

Өзүн Наргиза деп тааныштырган келиндин бир тууганы Милас ушул жылдын май айында Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинадагы согушка кеткен экен. Он жылдан бери Орусиянын Новосибирск облусунда курулушта иштеп жүргөн Милас болгону 26 жашта болгон. 3 баланын атасы, Кыргызстандын жараны.

"Агам 15-майда согушка кеткен, акыркы жолу мага 16-июнда телефон чалган. Агам өзү баскан-турганын бизге айта берчү эмес эле, бардык ишти өзү эле акырын чечип коет болчу. Ошондуктан ал кайсыл бөлүмдө, кайсыл аскер комиссариатынан кетти деген маалыматтар бизде жок болчу. Болгону аты-жөнү, тууган жылын эле билебиз. Агам мен үчүн ата ордуна ата болуп калган. Ошондуктан кайсыл жерде, кандай шартта болбосун туулган күнүм менен куттуктап, жок дегенде башка бирөөнүн телефонунан болсо дагы жазып койчу. Быйыл июлда туулган күнүмдө да куттуктоосун күттүм. Мен эс тарткандан бери биринчи жолу куттуктаган жок. Анан эле тынчсызданып, издей баштадым. Интернеттен издедим, Коргоо министрлигинин 117 номуруна чалдым. Алар мага "агаңыз тирүү, ал катарда" деп жооп беришти. Бир аз көңүлүм тынчып калды. Бирок ошол эле күнү агамдын аты-жөнүн жазып, дайыны чыкпай жатканы тууралуу социалдык тармактарга жазып койдум. Ошол аймактагы аскердик комиссариатка чалсам, алар мага агам Украинанын Горловка шаарында жүргөнүн жана кайсыл бөлүктө экенин айтышты. Аны билгенден кийин В контакте социалдык тармагынан, Телеграмдан издей баштадым. Ошентип, ал бөлүктө кызмат өтөгөндөрдүн гана жакындарынан, командирлерден турган Телеграмдагы топко кошулуп калдым. Ага сен чын эле согушка кеткен адамдын тууганы экениңди далилдеп беришиң керек экен. Мени үч күн дегенде топко кошушту. Ал жерден дагы агам тирүү экенин айтышкан. Ошол жерде ыкчам номурду таап, чалсам, агамды 5-июндан тартып дайынсыз жоголгондордун тизмесине киргизишиптир. Ал эми Коргоо министрлиги мага 10-июнда агаң тирүү, катарда деп айткан. Көрсө, министрликте эч кандай маалымат жок экен, жөн эле айта беришиптир. Орусия дайынсыз жоголгондорду табууга же өлгөндөрдү ачыктоого кызыкдар эмес экен".


Наргиза агасынын, өзүнүн сүрөттөрүн жарыялоону каалаган жок. Ал Телеграм каналдардын биринен согушта жараат алып, каза болгон агасын сүрөттөн тааныган:

"20-июль болчу, ушул дата эсимде абдан бекем сакталып калды. Телеграмдагы каналдардын биринен агамдын өлгөн сүрөтүн көрүп калдым. Анан командирлерге жөнөтүп, бул менин бир тууганым, сүрөттүн сапаты начар болсо дагы аны тааныдым, мага агамдын сөөгүн таап бергиле дедим. Агаң жаткан жерге бара албайбыз, бир өлгөн адам үчүн башкалардын башын тобокелге сала албайбыз деп койду. Эки айлык жашоом эки жылга айланды, жалгыз агам, ата ордуна ата эле".

Бир тууганын издеп аты-жөнүн, сүрөтүн интернетке жарыялагандан кийин акча төлөсө агасын тапканга жардам берерин же тааный турганын айтып Наргизага телефон чалгандар көбөйгөн. Арасында агасынын туткунда экенин айткандар дагы болгон.

"Башында бир аз тажрыйбам жок, агамдын аты-жөнүн жазып издей баштаганда, мага шылуундар чала баштады. Туткунда деп да айтышты. Бирок ушунун алдында мага В контакте түйүнүнөн бир аял аскер бөлүктүн жеке группасы бар экенин айтып жазган болчу. Ал абайлабаса акча сурап таап берем дегендер дагы болорун эскерткен. Чынында ошондой болду. Аларга макул болбосоң, акыры коркута баштайт экен".

"Сөөгү талаада эки айдай жатып калды"

Наргизанын айтып бергенине караганда, агасынын дайыны табылып, өлгөнү аныкталгандан кийин сөөктү алып келүү маселеси жаралган.

"Дайынын таптык, агам тирүү эмес экенин билдик. Эгер командирдин номурлары бар болсо, тажабай жаза беришиңиз керек. "Тап" деп суранып, талап кылып, жалдыраш керек. Катуу айтып урушсаң, сени бөгөттөп, такыр сүйлөшпөй койот. Ошондуктан тажатып дагы жибербей, бирок тынч дагы койбой түртмөлөй бериш керек. Антпесеңиз аларга баары бир, сиздин тууганыңызды алар издебейт, өлдү деп эле коюшат. Бир күн мен, бир күн жеңем жазат. Ошентип атып, акыры сөөгүн алып келип беришти. Июлдун башында өлсө, 11-сентябрь дегенде алып келип жерге бердик. Ушул эки айда бир күн дагы калтырбай жаздык. "Силердин тууганыңардан башка ишибиз жокпу" деп урушат. Тирүү болсо тирүү, өлүү болсо сөөгүн табышыбыз керек, биздин динде көмүш керек, куран окуш керек деп айтып атып таптырдык. Документ, буюм-тайымдарын бүт алып келип беришти. Арадан үч ай өтсө деле "балким, башка бирөөнү көрдүкпү" деп азыр деле үмүттөнө берем. Азыр жакындарын издеп жаткандарга "үмүт үзбөй аягына чейин издей бериңиздер" деп айтат элем".

Орус-украин согушу башталгандан бери эки тарап тең жоготуулар, дайынсыздар тууралуу эки түрдүү маалымат берип, өзүнчө тизме түзүп келет. Наргиза мындай тизмелердин биринен дагы агасынын аты-жөнүн таба алган эмес.

"Андай тизмелерге ишенбеш керек экен. Коргоо министрлигинин тизмеси аябай кечигип чыгат, чыгарса дагы толук чыгарбайт. Мисалы, 10 миң киши өлсө, ошонун эки миңин эле чыгарат. Анткени мындай санды уккандар эч качан согушка барбайт. Ошондуктан болушунча азайтып көрсөтүшөт. Мисалы, менин агам барган бригададан эле 100дөн ашуун киши өлдү. Алардан жетөөнү гана табышты. Калгандарын дагы эле таба элек. Мындан сырткары, Украина өзүнчө тизме түзүп алат. Алар тескерисинче, көбөйтүп койот. Мага окшоп жакындарын издеп жаткандарга эскертип кетким келет. Эгер абдан сезимтал болсоңуз, алдын ала даярданып алышыңыз керек. Ал жерде абдан коркунучтуу сүрөттөр бар. Эгер эмоционалдык жактан алсыз болсоңуз, анда көрбөңүз".

Согушта каза болгону айтылган Милас Ош облусунда туулуп-өскөн. Акыркы он жыл Орусияда иштеп, жакында эле убактылуу жашоого уруксат алган экен. Ата-энеси алар бала кезинде эле ажырашып кеткен. Кыргызстанда Миласты күткөн туугандары болбогондуктан, сөөгү Новосибирск шаарында жерге берилген. Маркумдун сөөгү цинк табытта келип, жакындары аны ачкан эмес.

"Бул жакта согуш тууралуу башкача маалымат айтылат. Агам согушка бара турганын билдик, бирок ал жак чынында эле коркунучтуу болору түшүбүзгө кирбеди. Анткени "Мекениңди коргоп баатыр бол" деп эле бардык жерге илип, үйлөрүнө аман-эсен кайткан сүрөттөрдү жарыялап коюшса көбү ишенет экен да. Ошол плакаттардын ордуна өлгөндөрдүн тизмесин илгенде, орустар өздөрү деле көтөрүлүш жасамак. Бизге кооз сүрөттөрдү көрсөтүшөт".

Абактан согушка кеткендер

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев былтыр 7-декабрдагы маалымат жыйынында 2022-жылы Орусиянын абактарында жаткандарды Украинадагы согушка тарткан учурлар болгонун ырастаган. Ал "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, министрликтин кызматкерлери Орусиядагы миңден ашуун түрмөлөрдү кыдырып, ал жакта кармалып турган мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн белгилеген. Ошондой эле согушка массалык түрдө тарткан учурлар жок экенин белгилеген.

Анткен менен Наргизага окшоп жакындарынан айрылган, дайынын таппай издөө салган учурлар улам көбөйүп бараткандай. Наргиза өзү кошулган Телеграмдагы топто жакынын издеген дагы бир кыргызстандык кыз тууралуу айтып берди.

"Согушка барган борбор азиялыктар базага кирген эмес"

Жалал-Абаддын Ноокен районунун 56 жаштагы тургуну, кыргыз жараны Украинадагы согушка келишимге кол коюп быйыл февралда кеткен экен. Анын Азат аттуу тууганы (аты өзгөртүлдү) агасы Кыргызстанда алган насыясын төлөө үчүн согушка барууга макул болгонун айтууда. Бир айдан кийин дайыны чыкпай, жакындары убакытты узартпай издөөгө киришкен. Агасы келишимге кол коюп согушка кеткенине карабай, Коргоо министрлигинин базасынан анын аты-жөнү чыккан эмес.

"Агамды согушка жөнөткөн аскер комиссариатына тынбай бара бердик. Акыры алар башка бир дарек беришти. Алар жактан тактасак, агамдын аты-жөнү базадан чыккан жок. Негизи Орусиянын жараны болбогондорду, көбүнчө өзбек, кыргыз, тажик, борбор азиялыктарды базага деле киргизбейт экен. Биз иш ачтырып, агамдын атын базага киргиздик. Ошенткенче эле ортодон 2-3 ай өтүп кетти. Базага киргизгенден кийин гана 10-15 күндөн кийин өлдү деген кабар келди. Биз улам бара бердик. Эки балам таксиде иштейт, ары-бери өткөн сайын эле кире беришти. Январда кеткен эле агам. Бизге айткан эмес. Өзү деле Орусияга келип-кетип иштеп жүрчү эле. Орусияга барганына эки эле ай болгон. Яблочкова 5 деген даректен келишим түзүп, ошол жактан кетиптир. Келишим түзгөн күндүн эртеси эле алып кетишкен. Агам ооганчы эле".

Маркум Авдеевка шаарынын жака белиндеги кармашта дрон сыныгы каракуш мээсине тийип, кансырап каза болгону кара кагазда жазылган. Бир тууганы цинк табытты ачпагыла дегенге карабай мусулманча майрам суу алып, кепиндеп жерге берген.

"Командирине башында эле мен сөөктү көрүшүм керек, табытты ачам деп улам айтып аттым. Силердин эрежеңерди билбейм деп айткам. Келгенде сөөктү жууп, өзүбүздүн салтка ылайык жерге бердик. Башынан жараат алганы болбосо, башка дене-мүчөсү таптаза экен. Бирок талаада көп жатып калган да, тырмактарына, кулак, киндигине ылай толуп калган. Ал согушка кетип жатканын бир досуна айтып, кокус өлүп калсам ушул дарекке баргыла деп кеткен экен. Анан биз насыя төлөй турган убакта чалып эле байланыша албай калдык. Ошол учурдан тартып издей баштаганбыз. Менин баламдын атына ишеним кат жазып калтырганын айтыптыр. Бирок өлгөндө берилчү акчаны деле бере элек. Эми адвокат жалдап документтерди тапшырдык".

Азыркы кезде канча киши согушка кеткен жакынын издеп жатканы тууралуу так статистика жок. Биз жакындары макул болуп сүйлөп берген эки гана учур тууралуу сөз кылдык.

Буга чейин "Азаттык" Орусияда маңзат ташууга айыпталып абакка кесилип, кийин Украинадагы согушка кеткенден соң дайынсыз болуп жаткан Шерали Насимовдун тагдырын баяндаган. Ал абактан 2022-жылы согушка кеткен. Ошол жылдары соттолгондорду "Вагнер" жеке аскердик компаниясы алып кеткени менен, алардын тизмесинде Насимов жок болуп чыккан. Коргоо министрлиги бул маалыматты тактап жатканын билдирген.

Лунд университетинин (Швеция) окумуштуулары аялдардын эмчек рагын аныктоо үчүн жасалма интеллектти колдонууну сунушташкан.
Лунд университетинин (Швеция) окумуштуулары аялдардын эмчек рагын аныктоо үчүн жасалма интеллектти колдонууну сунушташкан.

Өзбекстанда эмдиги жылдан тарта аялдардын жатын моюнчасынын жана эмчек рагын аныктап, айыктырууну түп тамырынан өзгөртүүгө багытталган атайын программа ишке кирет. Өлкөдө бул илдеттерден көз жумган кыз-келиндердин саны арбын. Аны дарылоо да көп каражатты талап кылат.

Ташкенттик Диана рак илдетине чалдыкканын быйыл жазында билген. Ал аталган жаңы программа пландагыдай илгерилесе, миңдеген бейтаптардын жашоосуна чоң таасир этиши мүмкүн экендигин айтат.

"Ушунчалык убара болом деп ойлогон эмесмин"

30 жаштагы Диана 3-майда Ташкент шаардык онкологиялык ооруканасына барган. "Мен өзүм сезген шишикти көрсөттүм. Анда ушунчалык убара болом деп ойлогон да эмесмин", - деп эскерет Диана.

Өзбек келинди кошумча анализ берүүгө жөнөтүшөт. Ал ооруканага түшкөн биринчи күнү эле 6 миллион сум (500 доллар тегерегинде) төлөгөн.

Диана уулдары менен
Диана уулдары менен

"Мен анализдердин тез чыга турган жыйынтыгына, процедуралардын баарына акча төлөдүм. Алсак, иммуногистохимия деген анализге үч миллион сум (250 долларга жакын) бердим. Бекер эч нерсе жок", - дейт ал.

"Эмчек рагы" деген диагноз коюлганда, Диана кайда дарылануу керек деп санаага баткан. Ал кандай болгон күндө да, алдыда оор процедуралардан өтүп, ири чыгымдарга дуушар болорун сезген.

"Туугандарым Түркияда же Израилде дарылан деп кеңеш беришти. Бирок мен балдарым үчүн бул жакта эле калууну чечтим. Алар али кичинекей. Мен аларды таштап кетким келген жок. Эч болбосо калган өмүрүмдүн бир бөлүгүн балдарым, апам жана үй-бүлөмдүн жанында өткөрөйүн деп чечтим", - дейт Диана.

Ал Ташкенттеги жеке клиника менен сүйлөшүп, жергиликтүү дарыгерлерге көрүнө баштаган.

Диананы менчик ооруканага көрүнүүгө дагы бир жагдай түрткү болгон.

"Мени менен ачык сүйлөшкөнү абдан маанилүү болду. Алардын унчукпай, маалыматты жашырышын же эч нерсе түшүндүрбөй, бир жакка жөнөтүшүн каалаган жокмун. Тилекке каршы, шаардык онкология бөлүмүндө суук мамилеге жана кайдыгерликке туш болдум", - дейт Диана.

Дарылоого кеткен чыгымдар эселеп өсө баштаган. Диана метастаз бар-жогун аныктоого мүмкүндүк берген позитрондук эмиссиялык томографияга (ПЭТ) эле 7 миллион сум (болжол менен 550 доллар) төлөгөн.

Ошондой эле ал утур-утуру эмчек, жатын, боорун УЗИден текшертүүгө муктаж. Ар бири болжол менен 580 миң сум (45 долларга жакын) турат.

Диана жаздан бери 1400 доллардан 2800 долларга чейин акча төлөп, жети ирет химиотерапиядан өткөн. Натыйжада шишиктер кичирейген, бирок боору иштебей калган. Бул кайра өзүнчө дарылоону жана кошумча чыгымдарды талап кылган.

"Дарыланууга акча жетсин деп унаа, батирин сатышат"

Өзбекстанда Диана сыяктуу миңдеген аял бар. Расмий маалыматтар боюнча, 2022-жылы өлкөдө эмчек рагы менен ооруган 4164 жаңы учур жана жатын моюнчасынын рагынын 1851 жаңы учуру катталган. Бул илдеттер оорунун жана өлүмдүн көрсөткүчү боюнча биринчи жана экинчи орунда турат.

Оору менен алпурушкан бейтаптар үчүн медициналык кызматтардын жана дары-дармектердин кымбаттыгы да алда канча маанилүү.

Диана шаардык ооруканада процедуралардын баасы жеке клиникаларга караганда арзан болгондуктан, ал жакта дарыланган 32 жаштагы келиндин окуясын эске салат. Бирок ал бейтап каржылык жүктү көтөрө албай көз жумганын айтат.

"Ал дарыланууга акчаны кайдан табам деп абдан капаланчу. Бир химиотерапиядан экинчисине улам акча издеп, карыз алчу. Акыры мындайга чыдабай, жүрөгү токтоп калды", - дейт Диана.

Атын атагысы келбеген диагностик жана медицина илимдеринин кандидаты Р.К. да ракты дарылоого көп каражат кетерин жашырбайт.

"Айрыкча химия терапия. Эл каражат эптеп жетсин деп батир, унааларын сатышат. Бул өтө кыйын", - дейт Р.К.

Келерки жылдан тарта Өзбекстанда атайын программанын ишке ашырылышы пландалып, ал ишке кирсе аялдар рак оорусуна бекер текшерүүдөн өтүп, оору аныкталса, бекер дарыланышат.

Ноябрдын аягында президент Шавкат Мирзиёев 30 жаштан 50 жашка чейинки аялдарды жатын моюнчасынын рагына акысыз текшерүү боюнча документке кол койгон. Тесттин жыйынтыгы терс чыккан кыз-келиндер 10 жылдан кийин кайра текшерилет. Оң жыйынтык чыкса, документте белгиленгендей, бейтаптар кошумча текшерүүгө жиберилет.

Ошондой эле эгерде башка онкологиялык оорулар аныкталса, аялдар Республикалык адистештирилген эне мененбаланы коргоо илимий-практикалык медициналык борборуна жана анын аймактык филиалдарына амбулатордук дарылоого жөнөтүлөт.

Документте айтылгандай, аялдардын эмчегин эки жылда бир жолу текшерүүдөн өткөрүү үчүн 30 жаштан 65 жашка чейинкилер тандалат. 45 жашка чейинки келиндерди УЗИ, ал эми 45 жаштан ашкан аялдарды маммография менен текшерүү пландалууда.

Азиза Умарова
Азиза Умарова

Бул программанын демилгечилеринин бири, Өзбекстандын президентине караштуу Стратегиялык реформалар агенттигинин алдындагы бөлүмдүн башчысы Азиза Умарованын айтымында, аталган долбоор бир жылда иштелип чыккан. Aл жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында cоциалдык тармактардагы баракчасына: "Өзбекстан папиллома вирусун аныктоочу тестти жалпы мамлекеттик деңгээлде скриниң ыкмасы катары тандаган мурдагы Союздагы биринчи өлкө болду", - деп жазды.

Лондондо жашаган өзбекстандык саясат таануучу Алишер Илхамов да аталган чечимди кубаттап, бирок "кечигип калганын" белгиледи:

Алишер Илхамов
Алишер Илхамов

"Бирок жалпысынан бул документти аялдардын социалдык-экономикалык укуктарын жакшыртууга жасалган кадам катары кароо керек", - деп белгиледи серепчи. Анын айтымында, дары-дармектердин баасын коюу жараяны да абдан маанилүү, анткени алар биринчи кезекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кыз-келиндерине жеткиликтүү болушу керек".

Дарыгер Р.К. жаңы программаны "караңгыда чыккан күн" деп сыпаттайт. "Бул аялдарга керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө олуттуу кадам болушу мүмкүн" деди ал.

"Эң негизгиси, мындай дымактуу пландарды ишке ашыруу үчүн бюджетте акча жетиштүү болушу керек", - деп кошумчалайт ал.

"Мамлекет муну кантип чечет билбейм. Дары-дармек канчалык жеткиликтүү болот? Эгер бул ишке аша турган болсо, анда аялдардын рак оорусун дарылоо жагынан биздин өлкө алдыга озот", - дейт атын атагысы келбеген өзбекстандык догдур.

Ал эми каржылоо маселеси кандай чечилери документте толук айтылган эмес. Анда "скриниңдин жыйынтыгында онкологиялык оорулууларды аныктоого жана дарылоого байланышкан бардык чыгымдар мамлекеттик бюджеттен каржыланат" деп гана белгиленет.

Ошондой эле кошумча чыгымдарга муктаждык жаралса, Саламаттык сактоо министрлиги Экономика жана каржы министрлиги менен биргеликте Министрлер кабинетине "каржы булактарын тактоо" боюнча "негиздүү сунуштарды" бериши керектиги белгиленген. Муну менен катар эл аралык уюмдардын каражаттарын тартуу да сунушталууда.

Жаңы программа - жаңы үмүт

"Бул чоң колдоо. Аялдар мындан ары химия терапия же анализдерге акчаны кайдан табууну ойлонбой калышат. Бул алардын дарылануусуна жана калыбына келүүсүнө шык берет", - дейт Диана. Бирок өкмөт мамлекеттик органдарда жаңы программанын алкагында көрсөтүлө турган кызматтардын баасына эле эмес, сапатына да көңүл бурушу керектигин эскертет.

"Эгер ал чындап эле бекер болуп, эл жакшы тейленсе, анда баары өзгөрөт", - деп баса белгилейт өзбек келин.

Өзбек өкмөтүнүн жаңы программасын күтүп отурган Диана дарылануунун кийинки этабына өткөн. Октябрь айында бир энелик бези алынган, ал эми март айында экинчисин алуу пландалууда.

Операциядан кийин ага нур терапиясынын кереги жок экени аныкталган.

"Мен бактылуу адаммын", - дейт Диана.

Диана анын окуясы оор жагдайга кептелген башка аялдарга өрнөк болуп, жаңы мамлекеттик программа кагаз жүзүндө эле калбастан, илдет менен күрөшүүнү улантып жаткандар үчүн чыныгы колдоо болоруна ишенет.

Автор Умида Тилляева. Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG