"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Пакистан Ооганстандын шаарларына сокку урду. Исламабад кошуна өлкөнүн талибдер бийлиги менен "ачык согушка" өткөнүн жарыялады. Эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаал бир нече айдан бери чыңалып, улам бир тилкесинде кармаш жүрүп жаткан. БУУ соңку окуяларга тынчсыздануусун билдирип, сүйлөшүүгө чакырды.
Бейшембиге караган түнү украин аймагы кайрадан аткылоого туш болду. Жергиликтүү бийликтер ондогон киши жабыркаганын билдирди. Киев соңку жумаларда жарандык жайларга соккуларды күчөткөнү үчүн Москваны айыптап келатат.
АКШнын президенти Дональд Трамп 24-февралдын кечинде (Кыргызстанда 25-февраль) Конгресске кайрылуу жасады. Өз рекордун жаңыртып, дээрлик бир саат 50 мүнөт сүйлөгөн Трамп ички көйгөйлөргө токтолду жана Иран, Украина, глобалдык коопсуздук маселелерине токтолду.
Дем алышта Мүнхен коопсуздук конференциясы жыйынтыкталды. 62-жолу уюштурулган форум дүйнөнүн ар кайсы жеринде чыңалуу күчөп турган учурда өттү. Миңден көп киши катышкан жыйында трансатлантикалык мамилелер, анын контекстинде Украинадагы согушту жөнгө салуу, коопсуздук маселелери талкууланды.
АКШ менен Иран ортосунда аскердик тирештин алдын алуу үчүн дипломатиялык аракеттер уланууда. Ошол эле маалда Перс булуңуна америкалык согуш кемелери менен аскерлер топтолуп жатат.
Харьковдо орус армиясынын аткылоосунан үч наристе атасы менен кошо набыт болду. Кош бойлуу аялы ооруканага жеткирилди. Энергетиктер он миңдеген калкка электр жарыгы жана жылуулук берүү үчүн күнү-түнү иштеп жатат. Киевдин мэри Виталий Кличко миңден ашуун көп кабат үй жылуулуксуз калганын билдирди.
Израил Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги оккупацияланган жерлерге конуштарды кеңейтүү чечимин жактырды. БУУ жана региондогу бир катар өлкөлөр бул кадам Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды эки мамлекет принцибине таянып жөнгө салуу преспективасына балта чабарын эскертишти.
6-февралда Омандын башкалаасы Мускат шаарында АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү башталды. Делегацияларды Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Уиткофф менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи баштап барышты. Жолугушууга сүйлөшүүгө арачы түшүп келаткан Омандын жогорку өкүлдөрү да катышууда.
Абу-Дабиде Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр болду. АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио жолугушуунун экинчи айлампасы «жемиштүү» болгонун айтты. Президент Владимир Зеленский согуш 55 миң украиналык жоокердин өмүрүн алганын билдирди.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу деген эмне?Аскердик кошуун эмне үчүн таасирдүү? Январда Еврошаркет аларды “террордук уюм” деп атады. АКШ, Канада жана Австралия буга чейин эле “кара тизмеге” киргизген. Ал эми Тегеран жооп иретинде европалык армияларды “террористтер” деп жар салды.
Алгач эл аралык темалардан сөз кылсак. Тегеран менен Вашингтон ортосундагы чыңалуу күчөп турган маалда Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи биринчи жолу үн катып, АКШ чабуул койсо, аймактык согуш тутанат деп эскертти.
Орусия Украинанын энергетикалык жайларына сокку урууну токтотсо, Киев орусиялык инфраструктураны бутага албайт. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Анын алдында АКШ лидери Дональд Трамп Кремлди Киевди жана башка украин шаарларын бир апта аткылабай турууга чакырганын айткан.
Базар күнү АКШнын Миннеаполис шаарында Алекс Претти аттуу жаранды атып салган Федералдык чек ара кызматынын агентин жоопко тартууну талап кылган акция өттү. Ал окуяны демократтар башкарган Миннесота штатынын бийлиги жана Кошмо Штаттардын Ички коопсуздук министрлиги ар башка чечмелеп жатышат.
Иранда 10 күндөй мурун интернет өчүрүлгөндөн бери өлкө глобалдык желеге кошула элек. 21-январда Ирандын мамлекеттик телеканалы каза болгондордун санын атады. Бирок укук коргоочулар коопсуздук күчтөрүнүн колунан набыт болгондор андан эселеп ашарын айтышууда.
20-январга караган түнү Украинанын энергетикалык инфтрастуктурасы кайрадан аткыланды. Минус 15 градус суукта миңдеген үй жылуулуксуз калды. Өзгөчө оор кырдаал баш калаа Киевде түзүлдү. Украин бийлиги Орусиянын энергетикалык жайларды бутага алганын согуш кылмышы деп эсептейт.
АКШнын президенти Дональд Трамп Даниянын автономдуу аймагы – Гренландияны алуу аракетин улантууда. Копенгаген жана Нууктагы бийлик аралдын сатылбасын, анын тагдырын АКШ чечпей турганын билдирип, "Орусия же Кытай тараптан коркунуч туулуп жатат" деген сөздөрдү четке кагууда.
АКШ өз эркиндигин коргоп чыккан Иран элине колдоосун кайталады. Тегерандын өкүлү америкалык тараптын сынын четке какты. Ал арада укук коргоочу уюмдар такталган маалыматтарга шилтеме менен толкундоолор маалында коопсуздук күчтөрүнүн колунан 3 миңдей киши каза тапканын маалымдады.
Иранда өкмөткө каршы акциялар уланууда. Экономикалык каатчылыкка каршы чыккан демонстранттар саясий ураандарды да чакырып жатышат. Бийлик “сырттан уюштурулган кутумга” катышкандар жазаланарын эскертүүдө.
Кошмо Штаттар Венесуэланын бийликтен кулатылган жетекчиси Николас Мадурого наркотрафик, кокаин ташуу маршруттарын башкаруу, аткесчи топторго баш паанек берүү жана башка кылмыштар үчүн айып такты.
Дүйшөмбүдө Нью-Йоркто Венесуэланын президенти Николас Мадуро менен жубайынын соту болот. Федералдык судья аларга бир нече берене, анын ичинде “наркотерроризм” жана “кокаин импорттоо максаты менен кутум” уюштуруу үчүн айып тагылып жатканын билдирген. Бир катар өлкөлөр АКШнын операциясын сындашууда.
Дагы жүктөңүз