«Кувасайцемент» заводунун ээси да алмашканы кабарланууда. Шадманов беш ай мурда Дубайда кармалып, быйыл жыл башында Ташкентке экстрадицияланган. Ал президент Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаровдун жакын кишиси катары эсептелип келген. Шадманов камалгандан кийин анын активдерин башкаларга өткөрүү иши жүрүп жатканын айткандар бар.
«Кварц» мамлекетке кайтарылды
Борбор Азиядагы эң чоң айнек заводу болгон «Кварц» мамлекеттин карамагына быйыл 14-февралда өткөн. Анын алдында заводдун ээси Улугбек Шадманов БАЭден кармалып, Өзбекстанга өткөрүлгөн.
"Цемент падышасы" атка конгон ишкер аталган айнек заводуна Кипрде катталган жана Борбор Азиядагы эң ири United Cement Group (UCG) компаниясы аркылуу ээлик кылган. Анын акциялары 100% Шадмановго таандык болгон.
Өзбекстандын Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттигинен компаниянын кожоюну алмашканын ырасташып, мунун себебин келишимдеги милдеттердин аткарылбашы менен байланыштырды.
Расмий маалыматка караганда, UCG компаниясы алгач «Кувасайцементке» ээлик кылып, андан кийин ал аркылуу «Кварц» заводун сатып алган.
Заводдогу мамлекеттин үлүшү (акциялардын 89,78%) «Кувасайцементке» 265 млрд сумга (ошол кездеги курс боюнча 23,38 млн долларга) 2023-жылдын февралында сатылган.
Аталган агенттиктин билдирүүсүндө, завод үч жылдык бөлүп төлөө шарты менен сатылган, "өз убагында төлөм болбогондуктан келишим бузулду".
«Акциялардын 89,78% алуу-сауу келишиминин шарттары аткарылбагандыктан мамлекетке өттү жана ал келишимдик-укуктук мамиленин алкагында ишке ашты. Бул жагдай менчиктештирүүнүн жыйынтыгын кайра кароо же улутташтыруу эмес», – деп билдирди мекеме.
Өзбекстандык экономист Отабек Бакиров заводдун ушундай келишим менен менчиктештирүүгө өтүшүндө күмөндүү жагдайларга токтолду. Анын айтымында, аны сатып алган ишкерде 265 млрд сум төлөөгө дарамети жок экени башында эле белгилүү болчу:
«Кувасайцемент» карызын толук берген күндө деле эки жыл мурдагы отчетторго ылайык анда бул келишим үчүн акча жетпейт болчу. Алар кантип ушундай жөнөкөй финансылык отчетту эске албай койсун? Менчиктештирүү келишиминде төлөөгө жөндөмдүүлүк башкы критерий эмес беле? Макул, жеңүүчүнү аныктоодо башкы критерий төлөөгө жөндөмдүүлүк эмес, кадимки эле убадалар болду дейли, анда бул Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги иликтей турган олуттуу жемкорлук болуп калат», – деп жазды ал.
"Озодликтин" иликтөөлөрү буга чейин мындай каржы схемаларынын артында көп учурда кайсы бир бейформал структура турарын көрсөткөн. Ишкерлер жана аткаминерлер арасында ал "Офис" деген ат менен белгилүү. Аны "мамлекеттин ичиндеги мамлекет" же "параллель өкмөт" деп да аташат.
"Озодликтин булактары" бул борборду президенттин кенже күйөө баласы Отабек Умаров түзгөнүн, Улугбек Шабданов ал түзүмдө маанилүү роль ойной турганын айтып беришкен.
«Кувасайцемент»
Биздеги маалыматтарга караганда, Шадманов акыркы үч жарым айдан бери Улуттук коопсуздук кызматынын Ташкенттеги тергөө абагында отурат.
Ал арада ага караштуу активдердин дагы бири – «Кувасайцемент» заводунун ээси алмашканы кабарланды. Бул ишкана Өзбекстанда эле эмес, Борбор Азиядагы эң чоң цемент өндүрүүчү болун саналат. Жылына 5,4 млн тонна цемент чыгара алат.
Ачык маалыматтар жарыяланган myorg.uz сайтында "Кувасайцемент" акционердик коомунун 43,7% акциялары Onevizion Inc., дагы 9,6% Afc. Af Limited компанияларына таандык экени жазылган. Акциялардын калган үлүшүнүн ээлери белгиленген эмес. Порталдагы маалыматтар акыркы ирет 9-апрелде жаңыланган.
Оrginfo.uz сайтында болсо «Кувасайцементтин» мурдагы негиздөөчүлөрү көрсөтүлгөн. Маалыматтар анда акыркы жолу 2024-жылдын 9-январында жаңыланганын көрдүк.
«Кувасайцементтин» мурдагы негиздөөчүлөрү:
· «Raybird Limited» – 30%
· «Rayblock limited» – 30%
· «Rayeross limited» – 29%
· «Ansher finance llр+Ansver investm» – 1%
· Жеке тараптар – 10%
Ачык маалыматтарга таянсак аталган ишкананын жаңы ээси катары көрсөтүлгөн Onevizion Inc. компаниясы 2022-жылдын 4-апрелинде «Onevizion CA» жоопкерчилиги чектелген коомун түзгөн. Ал компьютердик программалоого адистешкен жана чет элдик ишкана катары каттоодон өткөн.
IT Market онлайн-платформасы бул ишкананы АКШда катталган OneVizion Inc. компаниясы менен байланыштырды. Андагы маалыматтарга караганда, бул компания Американын Жоржия штатында жайгашып, курулуш, эксплуатация жана Түндүк Америкадагы уюлдук түйүндөрдү башкаруу менен алектенет.
"Озодлик" аталган компанияга «Кувасайцемент» акционердик коому менен байланышын сурап кайрылды, азырынча жооп ала элек.
Цемент заводдун дагы бир негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн Afc. Af Limited компаниясы Sarbon-Neftegaz, Urganch Yog’-Moy, Uzkabel сыяктуу бир нече акционердик коомдун негиздөөчүсү катары жазылган. Ачык булактарда андан башка маалымат таппадык. Ал эми ишкананын сайтында азыркыга чейин UCG компаниясы Кувасайдагы цемент жана кварц заводуна ээлик кылары жазылып турат.
Президенттин туугандары жана Кувасайдагы заводдор
Соңку он жылда Ферганадагы эки ири заводдор - "Кварц" жана "Кувасайцементтин" кожоюндары бир нече жолу алмашкан.
Кезинде мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара бул заводдорду арзан баа менен "сатып алып", чет элдик инвесторлорго сатып жибергени кабарланган. Мындай айыптоону 2019-жылы Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жарыялаган.
«Гүлнара Каримова башка адамдар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, «Кувасайцемент» жана «Бекабадцемент» ишканаларынын мамлекеттик акцияларын арзандатылган баада сатып алганы аныкталган. Андан соң Каримова акциялардын пакеттерин чет элдик ишкерлерге сатып, алардын кийинки мыйзамсыз иштерине колдоо көрсөтүп, мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген», — деп айтылат билдирүүдө.
Бул айыптоолордун чоо-жайы эмне болгону белгисиз. Каримованын соту жабык өткөн.
Учурдагы президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин "Кварц" жана "Кувасайцемент" анын үй-бүлөсүнө жакын адамдарга өткөнүн маалымат булактары жазып чыккан.
Камактагы ишкер Улугбек Шадмановдун ысымы "Озодликтин" Өзбекстандагы үлкөн ишкерлерге жана мамлекеттик чиновниктерге кысым көрсөткөн жана президенттин күйөө баласы Умаров менен байланышы бар "Офис" деген бейформал "таасирдүү" түзүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу иликтөөсүнөн кийин ачыкка чыккан.
Өзбек бийлиги жогоруда айтылгандарга комментарий бере элек. "Озодликтин" колунда Отабек Умаров же Улугбек Шадмановдун бул түзүм менен түз байланышын тастыктаган расмий документ жок экенин эске сала кетели.
Бирок TheDiplomat басылмасынын башкы редактору Кэтрин Путц муну өзбек саясатындагы уникалдуу ички механизм катары баалаган:
"Офис" тууралуу уккандар аны таасири күчтүү мамлекеттик уюм деп ойлойт, бирок иш жүзүндө ал өкмөттүн ичинде иш алып барган, бирок ага баш ийбеген аппарат. Алар мамлекеттик аппарат менен атайын кызматтардын мүмкүнчүлүгүн өз кызыкчылыгы үчүн колдонот. Менин булактарымдын бири Шадманов Умаровдун эң ишенимдүү кишилеринин бири болгонун жана ишканаларды басып алуу, адамдарга кысым көрсөтүү менен алектенгенин айтып берген. Өзбек саясатын ичинен билген көп киши муну кадыресе көрүнүш катары кабыл алат. Анткени ал жакта саясат ушундай иштейт. Баары көшөгө артында болот. Азыр мындай көрүнүш кайсы бир деңгээлде ачылып жатканын көрүп атабыз», – деди Кэтрин Путц.
Камактагы «Цемент падышасы»
Шадманов Өзбекстандын жараны, БАЭге үй-бүлөсү менен бир нече жыл мурда "алтын виза" аркылуу көчүп кеткен. Ал Дубайда былтыр декабрда кармалып, быйыл 8-январда экстрадиция болду.
Анын кандай кылмыштарга айыпталып жатканы тууралуу расмий маалымат жок. Өзбек Башкы прокуратурасы комментарий бере элек.
Улугбек Шадмановдун сотсуз эле Ташкентке өткөрүлгөнүн кабарлаган булактардын айтымында, ага экономикалык кылмыштарга байланышкан айыптар тагылган.
"Таасирдүү" кеңсени ачкан күйөө бала
40 жаштагы Отабек Умаров президент Мирзиёевдин кенже кызы Шахнозанын күйөөсү. Буга чейин аны менен президенттин улуу кызы Саиданын ортосунда таасир талаш тууралуу маалыматтар тараган.
Миллиарддаган долларлык көмүскө бизнестин ээси, таймаштын аралаш мушташ түрүн колдогон спортчу жана популярдуу кийим бренди менен таанылган Отабек Умаровду Карнеги борборунун кызматкери Темур Умаров (Отабек Умаров менен тууган эмес - ред.) : "Ташкенттин алтын жаштарынын өкүлү" деп сыпаттайт. Белгилей кетсек, Отабек Умаров Мирзиёевдин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары катары олуттуу таасирге ээ болгон.
Былтыр Саида Мирзиеёванын оң колу саналган Комил Алламжановго кол салуу окуясынан кийин Умаровдун бир нече жакын санаалашы кармалганы да кабарланган. Отабек Умаровдун өзү Өзбекстандан чыгып кеткени тууралуу да маалыматтар айтылып, расмий ырасталган эмес.