2025-жылдын 10 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бишкекте жер тамдардын баасы 30%, ал эми батирлердин баасы 20% кымбаттады. Ош шаарында жер тамдардын баасы 26%, батирлердики Бишкектегидей эле 20% өстү.
Бул тууралуу Жер агенттигинин санариптик трансформация башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айдар Сукенбаев 11-ноябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн брифингде айтты. Ал башка аймактарда кыймылсыз мүлктү сатуу же сатып алуу көп болбогондуктан баасы бир убакта көтөрүлүп же дароо түшүп кетерин, ушундан улам эки чоң шаарга мониторинг жүргүзүлөрүн кошумчалады.
“Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын тогуз айына карата инфляция 7,8% түздү. Бирок кыймылсыз мүлктүн баасы инфляциянын көрсөткүчүнөн бир топ жогору”, - деди ал.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Кыргызстандагы кыймылсыз мүлктүн баасына мониторинг жүргүзүп, ай сайын баа индексин жарыялап турат.
Ага ылайык, турак жайдын чарчы метринин баасы 2021-жылдын сентябрынан 2025-жылдын сентябрына чейинки төрт жыл аралыгында эки эседен ашуун кымбаттаган. Өсүш жыл сайын орточо 25% болуп келе жатат. Өзгөчө жер тамдардын баасы ылдамыраак өсүп жатканы байкалат. (BTo)
Шерине