Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы аркылуу калк керектөөчү товарларды жана тиричилик техникаларын аткезчилик менен ташуу каналына бөгөт коюлганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Тажикстанга аткезчилик менен товарларды мыйзамсыз алып кирүү боюнча Тажикстандын, Кыргызсдын жана Кытайдын жарандары уюшкан топ түзгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгү “Уюшкан топ тарабынан (чек ара аркылуу) же кылмыштуу коомчулуктун курамында жасалган экономикалык аткезчилик” менен иш козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, болжол менен 29 миллион сомдук аткезчилик товарларын чек арадан өткөрүү боюнча 12 адам кармалды. Алардын ичинен Кыргызстандын 11 (И.А.И., T.A.K., T.У.M., A.K.K., O.Ш.К., С.A.К., У.у.М., Г.У.T., С.И.A., T.T.A. жана T.Д.Э.) жана Кытайдын (Л.Ц.Ф.) бир жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. (BTo)
Шерине