Комил Алламжонов кол салуу болгон түнү унаасы менен темир жол өтмөгүнө токтогондо ок атылганын айтып берди. Ок аткан кишинин куралы ошол учурда иштебей калгандыктан ал аман калган.
Президенттин администрация башчысынын орун басары жана басма сөз катчысы болуп иштеген мурдагы аткаминер эмне болуп жатканын дароо түшүнгөн эмес.
"Жамгыр жаап жаткан, караңгы болчу, мен эч нерсе көргөн жокмун. Темир жолдун боюндагы электр линиясындагы зымдан от чыгып кеттиби деп ойлогом. Машинеме төрт ок тийиптир. Мен дароо айдоочуга "Газды бас!" деп айттым", - дейт Алламжонов.
Бул окуя саясий зордук-зомбулук тууралуу көп айтылбаган Өзбекстанды нес кылды. Адам өлтүрүү аракети Түштүк Кореяны, Чеченстанды жана, алтургай, өлкөнүн эң жогорку деңгээлдеги аткаминерлерин камтыган масштабдуу иликтөөгө түрткү болду.
Буга байланыштуу ондогон жогорку кызматтагы аткаминер иштен алынды.
Серепчилер бул окуяны Өзбекстандагы башкаруучу элитанын ичиндеги өз ара тирештин күчөшү деп баалап жатышат.
Берлиндеги Карнеги борборунун илимий кызматкери Темур Умаров өз комментарийинде мындай окуя Өзбекстанда буга чейин болуп көрбөгөнүн белгилеп, элитадагы ички чыр-чатактар адатта тымызын чечилерин айтты.
Гезит 2016-жылы кызматка киришкен президент Шавкат Мирзиёев деле авторитардык башкарууну улантып жатканын, бирок, ошондой болсо да, өзүн мурдагы президент, маркум Ислам Каримовго караганда 35 миллион калкы бар мамлекеттин заманбап, реформачыл лидери катары көрсөтүү аракетин улантууда.
Советтер Союзу кулап, эгемендик алгандан кийин ондогон жылдар бою Өзбекстан адам укуктары одоно бузулган өлкө катары, Ислам Каримовдун клептократиялык башкаруусу жана кызы Гүлнара Каримованын чириген бай жашоосу менен байланыштырылып келген.
Бирок 2016-жылы Каримов көз жумгандан кийин анын мураскери Шавкат Мирзиёев реформа жүргүзүп, өлкөнүн имижин өзгөртүүгө аракет кыла баштаган. Мирзиёев бир катар саясий туткундарды бошотуп, экономиканы модернизациялоону, маалымат каражаттарынын эркиндигин бекемдөөнү, балдар эмгегин колдонууну жоюуну убада кылган. Бул кадамдар эл аралык коомчулуктун кызыгуусун жаратып, Батыштагы айрым басылмалар жана расмий өкүлдөр "Өзбек жазы келдиби?" деген суроолорду бере баштаган.
Убагында Мирзиёев өзү басма сөз катчысы кызматына алып келген Комил Алламжонов президенттин реформатор катары имижин калыптандырууда жана Өзбекстанды ачык жана инвестицияга ыңгайлуу өлкө катары таанытууда негизги ролду ойногон.
Бирок, британиялык басылма белгилегендей, жарыяланган реформалардын көбү ишке ашпай, трансформация жараяны солгундап кетти. Өзбекстандын экономикасы, серепчилердин баамында, борборлоштурулган жана жеке бийликке көз каранды бойдон калууда, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги кайрадан төмөндөй баштады.
Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. Кандуу калабада кеминде 21 адам каза болгон. 2023-жылкы конституциялык реформа күтүлгөндөн айырмаланып, президенттик бийликти бөлүштүрүүнүн ордуна ого бетер бекемдеген.
Алламжонов президенттин улуу кызы, 40 жаштагы Саида Мирзиёеванын жакын санаалашы катары таасирдүү фигура бойдон калган. Бул тандем өлкөдө басым күч алганына карабастан реформаларды жана сөз эркиндигин жигердүү колдоп келген.
Алламжоновго кол салуу аракети Өзбекстандагы чыңалган кырдаалдын символуна айланып, президент Мирзиёевдин реформачыл багытынын туруктуулугуна шек жаратты.
Байкоочулар улуу кызынын кадыры өскөн сайын анын бир тууган сиңдиси, президенттин кичүү кызы Шахнозанын күйөөсү Отабек Умаров менен атаандаштыгы күчөгөнүн белгилешет. Бирок Мирзиёевдин үй-бүлөсү ички биримдик бар экенин көрсөтүүгө аракет кылып келген.
Миллиарддаган долларлык көмүскө бизнестин ээси, таймаштын аралаш мушташ түрүн колдогон спортчу жана популярдуу кийим бренди менен таанылган Отабек Умаровду Карнеги борборунун кызматкери Темур Умаров (Отабек Умаров менен тууган эмес - ред.) "Ташкенттин алтын жаштарынын өкүлү" деп сыпаттайт. Белгилей кетсек, Отабек Умаров Мирзиёевдин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары катары олуттуу таасирге ээ болгон.
Быйылкы жылдын 12-февралында Өзбекстандын Аскер соту Комил Алламжоновго кол салуу аракети үчүн 10 кишини узак мөөнөттөргө абакка кести. Бирок соттолгондордун ичинен бешөөнүн гана аты-жөнү ачык айтылды. Алардын арасында башкаруучу үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон эмес жана Умаровдун да кол салууга катыштыгы бар деп айтууга негиз жок. Бирок соттолгондордун арасында күч органдарынын үч кызматкери бар. Бул аталган иштин жогорку деңгээлде экенинен кабар берет.
"Кол салуу мени нес кылды. Эч ким мындай нерсени жасай алат деп ойлогон эмесмин", - дейт Алламжонов.
Ал Financial Times басылмасы менен Ташкенттен телефон аркылуу байланышып, окуя болгон түндү айтып берген, бирок сот жараяны жүрүп жаткандыктан, кошумча комментарий берүүдөн баш тарткан.
Кол салуу болгон түнү шектүүлөрдүн экөө мотоцикл менен Ташкенттен Фергана шаарын көздөй качып, кийин Кыргызстандын чек арасынан өтөрдө укук тартибин коргоо органдарынын колуна түшкөн.
Шектүүлөр кармалганга чейин өздөрүн видеого тартып, аны социалдык тармактарда жарыялашкан. Алардын бири "Биз муну акча үчүн гана жасадык"- деп, Алламжонов кол салуу болгондой окуяны өзү пиар үчүн уюштурганын кыйыткан. Шектүү деп эки киши камакка алынган.
Чиелешкен окуяны териштирип жаткан тергөө Чеченстанга чейин жеткен. "Азаттыктын" өзбек редакциясы "Озодлик" радиосунун журналисттери Алламжоновго кол салган деп айыпталгандардын бирин түрк бийлиги 2021-жылы Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровдун оппонентине кол салууну уюштурууга тиешеси бар деп айыптаганын аныкташкан. Укук тартибин коргоо органдарынын билдирүүсүндө, эки чечен тектүү орус жараны Өзбекстанга Алламжоновго кол салуу үчүн курал алып барганы айтылат. Ташкент аларды камакка алууга эл аралык ордер берген, бирок Кадыров чечендердин бул окуяга тиешеси жок экенин айтып, аларды өткөрүп берүүдөн баш тарткан.
"Жалпыга маалымдоо каражаттары мени киши өлтүрүүгө аралашкан деп айтып жатышат. Бирок мен жасасам аягына чыкмакмын", — деп жазган Кадыров Телеграм каналына. Ал ошондой эле өзүн Өзбекстандагы таасирдүү үй-бүлөнүн досу экенин айтып, окуяны "президенттин айланасын алсыратуу" аракети деп сыпаттаган.
"Мен Комил Алламжонов менен Дмитрий Лиге жабыркагандай роль ойнобоону сунуштайм. Эмнени пландап жатсаңар, убагында токтотконуңар оң, антпесе бардык интригалар, жалган жалаалар жана божомолдор үчүн жооп берүүгө туура келет. Эми мен салтка ылайык жооп берип жатам", - деп жазган Кадыров.
Комил Алламжоновго кол салуу аракети деген окуядан бир ай өткөндөн кийин бир канча жогорку даражалуу бийлик өкүлү кызматынан кол жууган же төмөндөтүлгөн. Отабек Умаров да таасирдүү кызматынан кетип, Өзбекстандын Олимпиада комитетинде иштей баштаган.
Шектүүлөрдүн батирлерин тинтүү учурунда жаңы далилдер табылганы айтылып, өзбекстандык ишкер Жавлон Юнусов Түштүк Кореяда камакка алынган. Ал Өзбекстанга экстрадицияланып, соттук иши жабык карала башталган.
12-февралда Өзбекстандын Аскердик сотунун өкүмү менен Шухрат Расулов, Исмоил Жахонгиров жана Шохрух Ахмедов 23 жылдан, Жавлон Юнусов 18,5 жана Дониёр Ташхожаев 7 жылга эркинен ажыратылган.
Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов кызы Гүлнара Каримованы мамлекеттик иштерге аралаштырбай, дипломатиялык кызматтарга отургузуп, ага аткаруу бийлигинин эшигин аттаткан эмес.
"Ал элитадагы тең салмактуулукка таасир этүүгө аракет кылганда Каримов өзү кызын үй камагына алдырган", - деп белгиледи эксперт Темур Умаров. Бир кездеги таасирдүү Гүлнара Каримова учурда жазасын Ташкент облусунун Зангиата районундагы №21 аялдар колониясында өтөп жатат. Деген менен былтыркы жыл соңунда ал колониядан жатак абакка которулганы айтылган.
Коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев Алламжоновдун иши боюнча ачык комментарий бере элек.
"Бирок ал Гүлнаранын окуясынан көп нерсени үйрөндү болушу керек. Менин оюмча, ал үй-бүлөсүндө жана президенттик кызматында мындай Шекспирдин трагедиясы сыяктуу жоруктардан алыс болууну каалайт", - дейт Борбор Азиядагы адам укуктарына көз салган эксперт Стив Свердлоу.
"Азаттык Азия" жана "Озодлик" даярдаган макаланын оригиналын бул жерден окуй аласыз.
Шерине