Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

ИИМ мыйзамсыз балык кармагандарга жазаны күчөтүүнү сунуштады


Көлдөн табылган балык уулоочу торлор.
Көлдөн табылган балык уулоочу торлор.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мыйзамсыз балык уулаган браконьерге жазаны күчөтүү сунушун берип, тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Ага ылайык, министрлик мыйзамсыз балык кармагандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салып же эки жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштады. Эгерде жаратылышка оор зыян келтирсе 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул салып, мүлкүн конфискациялоо менен эки жылдан беш жылга чейин абакка кесүү демилгеси көтөрүлдү.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2025-жылдын сегиз айында балыкты же суу жаныбарларын мыйзамсыз кармоо фактылары боюнча жалпы 66 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 52 иш соттук кароого жөнөтүлүп, 11 кылмыш иши кыскартылган. Бир иш убактылуу токтотулуп, эки иш азыр тергелип жатат.

2024-жылы Ысык-Көлдөн жалпы 60 миң 900 чарчы метр балык уулоочу тор табылган, ал эми 2025-жылдын алгачкы айларында 11 800 чарчы метр мыйзамсыз колдонулган тор алынган.

Министрлик мындай кылмыш иштери үчүн айып пул эле каралгандыктан айрым адамдар мыйзамсыз балык уулоону улантып жатканын билдирди. Ушундан улам жазаны күчөтүү сунушталганын кошумчалады.

Азыр иштеп жаткан Кылмыш-жаза кодекси боюнча олуттуу зыян келтирүү менен мыйзамсыз аңчылык кылып, балыктарды же суу жаныбарларын кармагандарга 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып салынат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ысык-Көлдөн 2025-жылдын башынан 9-ноябрга чейин 106 миң 700 метр тор чыгарылып, тазаланганын билдирген. Акыркы жылдары Ысык-Көлдү таштандыдан, мыйзамсыз балык кармоо үчүн салынган торлордон тазалоо иштери жүрүп жатат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG