Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

Борбор Азиянын лидерлери Кремлден жазганабы?


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев (солдо) Орусия президенти Владимир Путинди Ташкент аэропортунда тосуп алууда. 2024-жылдын 25-майы.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев (солдо) Орусия президенти Владимир Путинди Ташкент аэропортунда тосуп алууда. 2024-жылдын 25-майы.

Украин президенти Борбор Азия лидерлери Кремлден корккондуктан ага ыктап жатканын айтты. Айрым талдоочулар Украинага согуш ачкандан кийин Москванын Борбор Азиядагы таасири азайганын айтса, кээ бири Кремлдин алдындагы коркунуч дале бар экенин, андай маанай чынында эле күчөп баратканын белгилеп жатат.

«Мен кимдир бирөөгө доомат артпайм», — деди Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-майда Харьковдо журналисттерге.

Зеленский Борбор Азия лидерлеринин эл аралык позициясы «Кремлден корккону үчүн» Москвага ыктап жаткан болушу ыктымал деп айтканда аларды сындагысы келген эмес чыгаар.

Бирок Украина президенти алардан кандайдыр бир, анын ичинде Орусиянын Киевге каршы агрессиясын токтотуу жана БУУнун уставына ылайык тынчтык келишимин түзүү талабы менен быйыл июнь айында Швейцарияда өтө турган саммитке катышууга ачык чакыруусуна реакциясын күткөндүр. Бирок Зеленскийдин чакыруусуна лидерлер унчуга элек.

Мындай унчукпай коюу Зеленскийдики туура экенин далилдеп жаткан жокпу?

«Негизинен буга прагматизм себеп. Бирок, албетте, мындай прагматизмде кайсы бир деңгээлде коркунуч да бар, себеби эгер Орусиянын ачуусуна тийсе кесепети болорун [Борбор Азия өлкөлөрү] түшүнүп турушат», — дейт Орусияны жана Евразияны изилдөө боюнча Берлин Карнеги борборунун илимий кызматкери Темур Умаров.

Анын пикиринде, жалпы көрүнүш Зеленский боолгогондон да татаал жана карама-каршы.

Украинада согуш башталгандан бери Борбор Азиядагы дипломатияда өнүгүү жана ар түрдүүлүк болуп көрбөгөндөй активдешүүдө. Кээде аймактын айрым лидерлери жана жогорку кызматтагы адамдары Москванын багытына дал келбеген нерселерди айтып, иштерди жасап жаткандай.

«Бирок алар Орусия менен байланыш маанилүү экенин, Орусиянын алардын режимдеринин коопсуздугундагы ролу бар экенин да түшүнүп турушат. Буга согуш башталгандан тартып Орусиянын жана Борбор Азиянын жогорку кызматтагы аткаминерлеринин байланышы көбөйгөнү жана президент Владимир Путиндин бул аймакка сапарлары, соңку ирет Өзбекстанга барганы мисал», — дейт Умаров.

ОРУСИЯНЫН ӨЗБЕКСТАНГА ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ТААСИРИНИН КӨБӨЙҮШҮ

Путиндин Өзбекстанга барганы чынында эки өлкө үчүн маанилүү болду.

Мирзиёевдин басма сөз катчысы Шерзод Азадов мамлекеттик сапар расмий түрдө 26-27-майга пландалганын айткан, бирок эки президент «түнкү үчкө чейин сүйлөшүп», эртеси күнү да уланткандыктан сапардын мөөнөтү 28-майга чейин узарды.

Сапардагы негизги окуя атом энергетикасы боюнча орусиялык ири ишкана «Росатомдун» Өзбекстанда чакан кубаттуулуктагы АЭС курары тууралуу көптөн бери күтүлүп келген тастыктоосу болду. Мурда эле пландалган, бирок бир аз кыскартылган бул долбоорду Мирзиёев «өтө маанилүү» деп атады.

Кубаттуулугу 350 мегаватт станцияны куруу тууралуу келишим АКШ Конгрессинде «Росатомго» — Киевдин АКШ жана Батыштагы башка өлкөлөр сыяктуу союздаштарынын санкциясына кабыла элек орусиялык анча көп эмес сандагы ири мамлекеттик компаниялардын бирине каршы санкция жарыялоо боюнча мыйзам долбоору илгерилеп жатканына карабастан кабыл алынды.

Бирок бул Орусиянын аймактагы калкы эң көп, орусиялык газдын импорт көлөмүн көбөйтүп да жаткан өлкөгө болгон энергетикалык таасиринин улам бекемдеп баратканын тастыктоодо. Путин «Газпром» Өзбекстанга жөнөтүп жаткан мунайды төрт эсе көбөйтөрүн, келерки жылы 11 миллиард куб метрге жеткирерин убада кылды.

Борбор Азия боюнча адистешкен журналист Питер Леонарддын пикиринде, мунун баары «Өзбекстан түшкөн аң канчалык терең экенин» көрсөтүүдө. Анын Путиндин сапары тууралуу макаласы «Өзбекстандын энергетикалык муктаждыктары аны Орусиянын орбитасына байлоодо» деп таамай аталды.

«Бирок анын [Мирзиёевдин] тандай турган чамасы деле ченелүү экени ачуу чындык», — деп жазды Леонард өзүнүн Havli маалымат бюллетенине.

Леонард Мирзиёев Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон өткөн айда аталган аймакты кыдырганда Борбор Азия жетекчилери арасынан аны менен жолукпаган жалгыз президент болгонун да белгилеген.

Дал Кэмерон аймакка бир апталык сапарга аттанып, бул сапарды орусиялык кремлчил ЖМКлар какшыктап чагылдырып жаткан кезде өзбек президенти кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыгып кеткен.

Ал эми Венгриянын башкы дипломаты Петер Сийярто барганда аны менен 7-майда Ташкентте жолугушкан.

Анан, албетте, Мирзиёев Борбор Азиянын төрт президенти жана беларус лидери Александр Лукашенко сыяктуу эле Москвага барып, 9-майда Экинчи дүйнөлүк согушта нацисттик Германиянын үстүнөн жеңиштин урматына Путин жана Орусия уюштурган кезектеги аскердик парадга барган.

КАЗАКСТАН ДАГЫБЫ?

Борбор Азиядагы «Кремль коркунучу» тууралуу дебатта Өзбекстандын 2022-жылы Олий Мажлисте Украина боюнча пикирин айткан ошол кездеги тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун комментарийинин табышмактуу кесепеттеринен кийин бул өлкөнү кызыктуу мисал деп караса болот.

Парламентте Украинанын «көз каранды эместигин, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн» колдогон кескин билдирүү жасаган Камилов алгач "ден соолугуна байланыштуу" деп кызматтан кетип, бирок андан кийин деле ролу төмөн эмес Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына которулган.

Өзбекстандын мурдагы тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов. 2019-жыл.
Өзбекстандын мурдагы тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов. 2019-жыл.

Орусия Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын аймагында түзүп алган аймактарды де-факто таануунун кандай гана ыкмасы болбосун, баарын четке кагуу жана зомбулукту токтотууга үндөө Борбор Азиянын расмий адамы жасаган, Өзбекстанга таптакыр мүнөздүү эмес эң күчтүү билдирүү болгон.

Байкоочулар аны иштен алуу Москваны тынчытуу аракети болгонбу же Өзбекстан бир чети Батышка белги берип, экинчи жагынан режимдин кадыр-барктуу, бирок улгайып бараткан өкүлүнүн пенсияга кетишине жардам бердиби деген суроо коюшкан.

«Борбор Азия мамлекеттери, балким, Орусиядан коркушат, бирок алар санкциялар идеясынан [Батыштын экономикалык] да кооптонушат. Азыркы күнгө чейин стратегиясы санкцияга кабылбоо үчүн «колдон келгендин баарын жасоо» болуп келди, — деп белгиледи Умаров.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин согуш боюнча билдирүүлөрү андан ашты, бирок 2022-жылдагы кол салууну түздөн-түз сындаган эмес.

Зеленскийдин Харьковдо бомбаланган жерде отуруп комментарий бергени, Борбор Азия лидерлерине «бир аз тең салмак» жетишпей жатканын айтканы казак дипломаттары үчүн айрыкча жагымсыз, анткени расмий Астана бир нече жолу өзүн согушту токтотуу үчүн сүйлөшүүлөргө демилгечи катары сунуш кылган.

Бирок Казакстан да Орусиянын энергетикалык кубатынын алдында алсыздай көрүнөт.

Орусиядан өз мунайын тышка экспорттоодо төрттөн үч бөлүгүнөн ашыгы үчүн транзиттик өлкөсү (КТК — Украинага кол салуу болгондон тартып бир нече жолу токтоп калган багыт) катары көз каранды болгону аз келгенсип, Казакстандын өзүндө энергия тартыштыгы бар.

Орусия президенти Владимир Путин жана Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев. 2022-жыл.
Орусия президенти Владимир Путин жана Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев. 2022-жыл.

Өзбекстан сыяктуу эле Казакстан да атомдук электр станциясын куруу мүмкүнчүлүгүн караштырып келет, аны куруу ниетин «Росатом» ачык айтууда, ал эми бийлик өкүлдөрү долбоорду ар башка өлкөнүн компанияларынан турган консорциум ишке ашырса ылайык болорун билдирип жатышат.

Совет доорундагы өзөктүк сыноолордун кесепетинен улам талаш жаратып келаткан өзөктүк энергетика маселеси, президент Токаев убада кылгандай, бүткүл элдик референдумга чыгарылат жана чечим ошондон кийин гана кабыл алынат.

Ал тапта казакстандык аткаминерлер Орусияга Казакстан аркылуу Кытайга газ алып өтүүгө уруксат берүү жана ошол эле учурда улам өсүп бараткан ички керектөөнү канааттандыруу үчүн газдын кайсы бир бөлүгүн өлкөдө алып калуу идеясын талкуулап жатышат.

Энергетика министринин орун басары Алибек Жамауовдун айтымында, Казакстандын түндүк-чыгыш аймагына эле жылына 10 миллиард куб метрдей жаратылыш газы талап кылынат.

КЫТАЙ ТУУРАЛУУ ОЙЛОР

Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаевдин баамында, Орусияда чөлкөмдөгү мамлекеттерге таасир эте турган жолдору бар:

«Өзбекстан менен Казакстан энергия ресурстарынын жетишсиздиги жагынан болсо, Кыргызстан менен Тажикстан Орусиядагы эмгек мигранттарынын акча которууларынан, ал эми Түркмөнстан Орусиянын сатып алууларынан көз каранды. Орусиянын колунда алардын баарына таасир этүүчү ар кандай мүмкүнчүлүктөр бар».

Сатпаев белгилегендей, жалпы авторитардык саясий иденттүүлүк маселеси да бар.

«Алар өздөрүн Зеленскийге караганда Путинге көбүрөөк окшошпуз деп гана эсептебестен, Си Цзинпинге окшоштурса керек. Андыктан, Зеленский көп жагынан туура айтууда», — дейт ал.

Сатпаев Кремлден коркуу тууралуу сөз болгондо көпчүлүк учурда көз жаздымда калып жаткан дагы бир факторду – Кытайдын аймактагы эбегейсиз ролуна көңүл бурат.

Айрым серепчилер 2008-жылы Борбор Азия өлкөлөрү Орусия колдогон, Грузиядан көз каранды эместигин жарыялаган эки аймакты – Абхазияны жана Түштүк Осетияны тааныбай койгонуна таң калганын айтышкан.

Бирок мында алардын позициясы Орусиянын жикчил аймактарды көп тараптуу уюмдарда, анын ичинде Борбор Азиянын беш мамлекетинин төртөө мүчө болгон Шанхай кызматташтык уюмунда мыйзамдаштыруу боюнча дипломатиялык аракеттерине бөгөт койгон Кытайдын позициясына төп келген.

Ушундай эле мамиле Москва Украинанын чыгышындагы өзүнүкү деп жарыялап алган аймактарды жапырт тааныбаганында байкалган.

Ошондой болсо да Кытай Киевдин аны согушка аралаштыруу аракетин азыркыга чейин салкын кабыл алып келди, себеби Бээжин менен Москванын мамилесинде жакындоо бар.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин Зеленскийдин Швейцарияда 15-16-июнда өтө турган саммитке Кытайдын да катышуу сунушуна жооп иретинде Бээжин "орусиялык да, украиналык да тарап бирдей тааный турган эл аралык тынчтык конференциясы" болсо колдой турганын белгиледи.

Албетте, бул сүйлөшүүлөргө Орусия барбай турганын эске алсак, Кытай катышпаган соң Борбор Азия лидерлеринен да кимдир-бирөөнүн баруу ыктымалдыгы азыраак экени анык.

«Орусия Украинага кол салгандан кийин Кытайдын Москва менен жакындашуусу Борбор Азия өлкөлөрү Батышка каршы кеңири фронттун бир бөлүгү болуп калышына басымды бир топ күчөтүүдө. Украина болсо азыр Батыш менен тыгыз байланышта», - деди Сатпаев «Азаттыкка».

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG