Дүйшөмбүнүн кечинде АКШ Конгрессинин Сенаты федералдык өкмөттү каржылоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды.
Эми аны Конгресстин Өкүлдөр палатасы колдосо, 12-ноябрдан тартып 41 күнгө созулган шатдаун токтоп, мамлекеттик мекемелерди каржылоо калыбына келтирилет.
Долбоорду 60 сенатор колдоду, анын сегизи демократтар. Алар мындай кадамга Республикачылар партиясы менен бюджетке байланыштуу келишимге жеткенден кийин барышкан.
10-ноябрда АКШнын президенти Дональд Трамп өкмөттү каржылоо жакынкы күндөрү калыбына келет деген үмүтүн CNN телеканалындагы маегинде билдирди.
Бул шатдаун АКШ тарыхындагы эң узун деп бааланып, өкмөттүн иши жарым-жартылай 40 күндөн ашык убакытка токтоп калды. Мурдагы эң узун шатдаун 2019-жылы Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө болуп, 35 күнгө созулган.
Кошмо Штаттарда каржы жылы 30-сентябрда жыйынтыкталып, 1-октябрдан тартып жаңысы башталат.
Шерине