Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Орус өкмөтү Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн мигранттарды өз өлкөсүнө өткөрбөөнү сунуштады


Украинадагы согушка катышууга азгырган көрнөк, Москва, 2022-жыл
Украинадагы согушка катышууга азгырган көрнөк, Москва, 2022-жыл

Орусияда өкмөттүк комиссия Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн чет элдиктерди кылмыш жообуна тартуу үчүн өз өлкөсүнө өткөрүп бербөө тууралуу Кылмыш-процессуалдык кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды.

Бул тууралуу Орусиянын ТАСС, "Ведомости" жана RTVI медиалары өз булактарына таянып кабарлады.

Өзгөртүүлөр орус армиясы жана башка аскердик түзүмдөр менен келишимдин негизинде кызмат өтөгөн жана өтөп жаткан, алардын курамында согуштук аракеттерге катышкан чет элдиктер менен апатриддерге да тиешелүү.

Орусиянын Юристтер ассоциациясынын төрагасы Игорь Черепанов ТАСС агенттигине мындай чараны аскердик сыр менен маанилүү маалыматты сактоо максаты катары түшүндүргөн.

Өкмөттүн демилгеси менен өзгөртүүлөр "Орусия Федерациясына кирүү жана чыгуу жөнүндө", "Орусиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы тууралуу" мыйзамдарга киргизилип жатат.

Мындай чет элдиктердин Орусияда убактылуу жүрүү мөөнөтү кыскартылбайт, убактылуу жашоого уруксат берүүдөн баш тартылбайт жана уруксаты жокко чыгарылбайт, алардын өлкөгө киришине тыюу салынбайт.

Орус армиясына азгырылып, Украинагы каршы согушка катышкан чет элдиктер өз өлкөсүндө кылмыш жообуна тартылат. Мындай учурлар Кыргызстанда да бар.

Украинанын "Хочу жить"долбоору буга чейин Орусиянын армиясына тартылган Өзбекстандын 1110 (анын кеминде 109у согушта каза тапкан), Казакстандын 661, Тажикстандын 931, Кыргызстандын 360 (долбоордун маалыматында алардын 38и каза болгон) жаранынын аты-жөнүн жарыялаган. Украинадагы согушка азгырылып барып, ал жактан сөөгү келген кыргызстандыктардын саны улам көбөйүп жатат.

“Азаттык” буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары.


Шерине

XS
SM
MD
LG