Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Германия 2026-жылы Украинага 13,4 млрд доллар бөлөрү кабарланды


Берлин
Берлин

Германия Украинага каржылык жардамды көбөйтүүнү пландап, 2026-жылы 11,5 млрд евро (13,4 млрд доллар) бөлүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Рейтер агенттиги 10-ноябрда Германиянын бюджеттик документтерине таянып билдирди.

Буга чейин кийинки жылдын бюджетинде Украинаны колдоо үчүн 8,5 млрд евро каралары айтылып жаткан.

Берлин бюджет жана Украинадагы жардам тууралуу расмий маалымат жарыялай элек.

Германия Украинага аскердик жардам берген Европадагы чоң мамлекеттердин бири.

Орусия Украинага толук масштабдуу бастырып кирген 2022-жылдын февралынан бери немис өкмөтү Киевге 40 млрд евролук көмөк көрсөткөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG