Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:05

Казакстан репрессия курмандыктарын эскерүүгө уруксат берген жок


1931-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарына арналган Алматыдагы эстелик.
1931-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарына арналган Алматыдагы эстелик.

Казакстандын он чакты шаарында саясий репрессиялардын жана ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата акция өткөрүүгө уруксат берилген жок.

Жергиликтүү бийлик акцияга уруксат сурап кайрылган активисттерге түрдүү себептерди айтып, аянтча берүүдөн баш тарткан. 31-майда эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө оппозициялык маанайдагы активисттерге эле эмес, бийликке ыктаган кыймылдарга дагы уруксат берилген эмес.

Алты шаардагы акимчиликтин жообу

Казакстандын башкалаасы Астананын акимчилиги 31-майдагы жөө жүрүшкө уруксат берген жок. Шаар бийлиги активисттер Эльвира Бекзадинага жана Амангелди Жахинге тынч жыйын өткөрүүгө уруксат берген эмес. Башында эскерүү иш-чарасы өтө турган аянтча (Бекзадина кайрылуусунда Жазуучулар гүлбагынан Шакарим Кудайберди уулу көчөсүндөгү скверге чейинки жолду көрсөткөн) бош эмес экенин жүйө кылган. Экинчи жолку кайрылууга акимчиликтен “жазылган арыз туура эмес толтурулганын жана жөө жүрүш өткөрүү үчүн белгиленген багыттар талапка жооп бербесин” көрсөткөн.

Казакстандын башка шаарларындагы активисттер дагы ушул сыяктуу эле жоопторду алышканын айтып жатышат.

Алматы шаарынын акимчилиги активисттердин жөө жүрүш өткөрүү боюнча эки жолку кайрылуусуна тең уруксат бербеди. Анын себептерин дагы түшүндүргөн жок.

Павлодарда жөө жүрүшкө уруксат берилбеген себебин “оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы” менен түшүндүргөн.

Өскемен (Усть-Каменогорск) шаардык администрациясы “иш-чаранын уюштуруучусу өзү тууралуу жеке маалыматтарды берүүдөн баш тартканын” айткан.

Петропавл шаарынын бийлиги активисттер кайрылуусунда “тынч жыйын өткөрүүнүн регламентин кошпогонун” жүйө тартып, уруксат берген эмес. Ушундай эле жүйө менен Чымкенттин акимчилиги дагы иш-чараны өткөрүүгө тыюу салды.

Семейде Taza Qazaqstan деген акция өтүп жаткандыктан жөө жүрүш кылууга мүмкүн эместигин айтып, жооп беришкен. Актөбөдө дагы чарбалык иштерге шылташкан. Карагандада аянт бош эместигин айтышса, Уралда дагы жөө жүрүшкө уруксат берилген жок.

Акция уюштуруу демилгесин көтөрүп чыккандардын көбү бийликти сындап жүргөн активдүү жарандар, айрымдары түрдүү себеп менен кармалып, административдик жазага тартылгандар. Маселен, Эльвира Бекзадина 2024-жылы “коопсуздук кызматкеринин талабына баш ийген эмес” деп айыпталып, 250 доллар айып пул төлөгөн. Ал “Токаевдин беш жылдык президенттигиндеги беш жетишкендик” деген суроо менен Астананын көчөлөрүндө сурамжылоо өткөрүп жаткан учурда кармалганы айтылган.

Ушундай эле "бейбаштык, бийлик өкүлүнө баш ийбөө" деген айып менен активист Амангелди Жахин дагы бир жыл мурун 15 суткага камалган. Полиция маалыматында Жахин “Алга Казакстан” оппозициялык партиясынын документтерин тапшырганы үзөңгүлөштөрү менен чогуу келип, “имараттан чыгып кеткиле деген талаптарды аткарган эмес” деп кабарланган. "Алга, Казакстан" партиясынын демилге тобунун мүчөлөрү Юстиция министрлигине келип, каттоого туруу өтүнүчүн беришкен. Андан кийин мекеменин коомдук кабылдамасына барышкан. Полиция ошол учурда 102 номуруна "иштөөгө тоскоолдук жаратып жаткан адамдар тобу" тууралуу чакыруу келип түшкөнүн билдирген эле. Бул партияны 2022-жылдын май айынан бери каттабай жатышат. Активисттер муну саясий негизде десе, министрлик документтерден ката кеткенин айтып келет.

Казакстанда оппозициялык активисттерге тынч жыйын өткөрүүгө уруксат бербөө кадимки көрүнүшкө айланды. “Активисттер экстремист эмес” тобу билдиргендей, 2020-жылдын 30-июлунан 2025-жылдын 19-майына чейин өлкөнүн 22 шаарында жана калктуу конуштарында ар кандай деңгээлдеги 700дөн ашык тынч жыйын, жүрүш жана митинг өткөрүүгө уруксат берилген эмес. Жыл башынан бери эле 14 кайрылууга тескери жооп келген.

Алматы шаарында жашаган жарандык активист Алнур Ильяшевдин пикиринде, Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү өлкөнүн тоталитардык өтүмүшү болгону менен эксперттер азыркы казак бийлигинин дагы авторитаризмге жол берген учурларын белгилеп жүрүшөт.

“Казакстандын бийлиги азыркы саясий репрессиялар тууралуу фактыларды канчалык четке какпасын, ал баарына ачык эле көрүнүп турат. Канча саясий туткун бар! Тилекке каршы, алардын саны азайбай жатат. Бийлик менен эч кандай диалог жок”,- деди Ильяшев “Настоящее время" телеканалына курган маегинде.

Казакстандык укук коргоочулар түзгөн "саясий туткундардын" тизмесинде бүгүнкү күндө 30га жакын киши бар, алар белгилүү активисттер, журналисттер, оппозиционерлер.

Бийлик Казакстанда саясий куугунтук да, саясий туткундар да жок экенин айтып келет.

Репрессия темасы табуга айланабы?

31-майда эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө оппозициялык маанайдагы активисттерге эле эмес, бийликке ыктаган кыймылдарга дагы уруксат берилген эмес.

Казакстан калкынын ассамблеясынын (президенттин алдындагы конституциялык орган) курамына кирген этномаданий бирикмелердин биринин өкүлү “Азаттык Азияга” билдиргендей, аларга репрессия курмандыктарына арналган эстеликтерге гүл коюу дагы “сунушталбаганын” айтышкан. Совет доорунда ата-бабалары Казакстанга сүргүнгө айдалып келгендердин эскерүү иш-чаралары тууралуу кеп да болгон эмес.

“Баарыбызга репрессия темасына арналган эскерүү иш-чараларынан жана маалыматтарды жарыялоодон кармануу сунушталды. Бул чечимди Казакстан калкынын ассамблеясынын 30 жылдыгы менен түшүндүрүштү. Быйыл майрам, ошондуктан кайгырып-капаланууга болбойт дешти”, — деди бирикменин ысымын ачык айткысы келбеген өкүлү.

“Азаттык Азия” Казакстан калкынын ассамблеясына бул боюнча кайрылып, бирок жооп ала алган жок.

Этномаданий бирикмедеги булактын айтымында, казак бийлигинин эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө уруксат бербей жатышы Москванын басымына байланыштуу болушу мүмкүн. Акыркы жылдары Орусия репрессиялар тууралуу айрым оңтойсуз тарыхый маалыматтарды көз жаздымда калтырууну эп көрүүдө. Сталинди актоо жана анын саясатын туура деп көрсөтүү аракеттери 2022-жылы Орусия Украинага бастырып киргенден кийин күчөдү.

Расмий Астана акыркы жолу репрессия курмандыктарын эскерүү иш-чарасын дал ошол 2022-жылы өткөргөн. Анда президент Касым-Жомарт Токаев борбор калаадагы 1931-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар койгон.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1931-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар коюп жатат. 2022-жылдын 31-майы
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1931-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарына арналган эстеликке гүлчамбар коюп жатат. 2022-жылдын 31-майы

2023-2024-жылдары 31-майда президент Токаев Алматыга жумуш сапары менен келген. Окумуштуулар менен жолугушууларда репрессия темасын козгогон эмес. Ал өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларында репрессия тууралуу билдирүүлөрдү жазган. Өткөн жылы X платформасына “мамлекет жазыксыз жерден репрессия курмандыгы болгондор боюнча тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, тарыхтын кайгылуу барактарын калыс жана тыкыр изилдөөгө өзгөчө көңүл буруп жатканын” жазган.

Казакстанда Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү 1997-жылдын 31-майынан тарта белгилене баштаган.

Казакстанда совет бийлигинин күчтөп коллективдештирүү саясатынын кесепетинен улам болгон ачарчылык, репрессиялар эки миллионго жакын кишинин өмүрүн алган. 1921-1954-жылдардагы репрессиялардан Казакстанда 100 миңдей киши “эл душманы” катары жоопко тартылып, алардын 25 миңи атылганын тарыхчылар белгилеп жүрүшөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG