Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

Темирлан Султанбеков "массалык башаламандыкка чакырган" деп ИИМге жеткирилгени маалымдалды


Темирлан Султанбеков, СДП лидери
Темирлан Султанбеков, СДП лидери

"Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы С.Т. аттуу жаран Ички иштер министрлигине (ИИМ) жеткирилгенин 22-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди жана үч киши бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видеону таратты.

Ал видеодон "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду көрүүгө болот жана анын аты-жөнү, жаш курагы ИИМдин жарыялаган маалыматы менен дал келет.

"Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине 1998-жылы туулган С.Т. массалык башаламандык аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (Массалык башаламандыктар) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Келип түшкөн маалыматтын негизинде зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар уюштурулду. Жаран С.Т.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Шектүү мыйзамда каралган андан аркы аракеттерди көрүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө уланууда", - деп айтылды ИИМдин маалыматында.

Бишкек шаардык соту өткөн айда Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди күнөөлүү деп таап, пробация менен абактан бошоткон райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Бийликке оппозициячыл маанайдагы Султанбеков баштаган “Социал-демократтар” партиясынын үч мүчөсү 2024-жылы ноябрь айында жергиликтүү кеңештерди шайлоонун алдында кармалып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча айып тагылган.

Кармалгандар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым деп баалап келет. Султанбеков камакта кезде "Социнтерн" уюму, Европарламенттин айрым мүчөлөрү бул иш боюнча тынсыздануусун билдирген. Европарламенттин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин делегациясы Бишкекке келгенде аларды президент Садыр Жапаров кабыл алып, Кыргызстандагы эркиндикке жана демократияга баа берүүдө өлкө бир жактуу жана субъективдүү мамилеге туш болуп жатканын белгилеген.

Султанбеков быйыл апрелде пробациялык көзөмөл менен абактан бошотулган. (KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG