Украина, Улуу Британия, Франция жана Германия АКШнын Украинадагы согушту токтотуу планына жооп катары өзүнүн сунушун даярдоодо. Бул тууралуу өз булактарына таянуу менен Reuters билдирди.
21-ноябрда украин лидери Владимир Зеленский өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлери менен сүйлөштү. Алар НАТОго же Европага тиешелүү бардык келишимдер ич ара макулдашууну, өнөктөштөрдүн колдоосун талап кыларын белгилешти. Reuters жазгандай, АКШ тынчтык планын даярдоо учурунда Европа өлкөлөрү менен эч кандай талкуу жүргүзгөн эмес, Европа азыр Украинаны чечкиндүү колдоп жатат.
"Украинадагы согуштун токтошун биз баарыбыз каалайбыз, бирок, ал кандай бүтөрү маанилүү. Орусия өзү бастырып кирген бул мамлекеттен кандайдыр бир жеңилдиктердин болушун талап кылууга акысы жана мыйзамдуу укугу да жок",-деди Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Кая Каллас.
АКШнын согушту токтотуу планы азырынча ачык жарыялана элек, бирок бир катар булактар жазгандай, анда Орусиянын тоңдурулган активдеринен 100 млрд долларды Украинаны калыбына келтирүү боюнча АКШ жетектей турган иштерге жумшоо максаты жазылган. Бул схемага ылайык, Вашингтон анын 50% алат. Politico басылмасынын булактарынын айтымында, АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф сунуштаган мындай ыкма Европа Биримдигинин активдерди Киевге репарациялык кредит катары колдонуу планына тоскоол болушу мүмкүн.
Европалык дипломаттардын бири бул идеяны чуу жаратат деп баалап, европалыктар бул активдерди украиналыктардын пайдасына колдонуу жолдорун издеп жаткан чакта Трамп андан пайда көргүсү келгенин, ошондуктан аны бардык тараптар четке кагышы керектигин айтты.
Украинада согуш башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусиянын Борбордук банкынын 200 миллиард евролук активдерин тоңдурган. Бул каражаттын 190 миллиарды Белгиядагы Euroclear компаниясында жайгашкан. Украина пайыздык үстөктөн түшкөн каражаттарды алып турат.
Европа Биримдигинин өлкөлөрү тоңдурулган активдерден Украинага 140 миллиард евро өлчөмүндө репарациялык насыя берүүнү колдоодо. Еврокомиссиясынын планы боюнча, Украина кредитти согуш бүткөндө жана Орусия келтирилген чыгымдарды төлөп берүүгө макул болгон күндө гана жабууга тийиш экени айтылып келет. Ошондо гана Еврокомиссия бул активдердин акчасын кайтарып, Орусия аны пайдалана алат. (KS)
Шерине