Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Мурдагы депутат Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүргөнү кабарланды


Атазовдун баракчасында түз эфирде көрсөтүлгөн видеодон алынган сүрөт. 22-ноябрь, 2025-жыл.
Атазовдун баракчасында түз эфирде көрсөтүлгөн видеодон алынган сүрөт. 22-ноябрь, 2025-жыл.

22-ноябрда эртең менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовдун Бишкектеги үйүндө тинтүү жүрүп жатканы кабарланды. Бул тууралуу Атазов өзү соцтармактарга видео жарыялап, кийин ал видео өчүрүлдү.

Атазовдун үйүндө тинтүү жүргөнүн анын санаалашы Руслан Бекназаров “Азаттыкка” ырастады. Ал тинтүүнү ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатканын, алар мурдагы депутатка атайын ордер көрсөткөнүн билдирди.

Ички иштер министрлиги маалыматты ырастап, тинтүү иштери аяктаганын, кошумча маалымат берилерин билдирди.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына Свердлов округунан шайланып келген Атазов мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен жакын мамиледе болгон. Матраимов камалгандан кийин Атазовдун мандаты алынган.

Атазов быйылкы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкер катары катоодон баш тарткан. Буга укук коргоо органдарынын ал уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адам катары 2024-жылдан бери каттоодо турган деген маалыматы себеп болгон.(KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG