Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

Мексикалык Фатима Бош Фернандес "Аалам сулуусу" аталды


Фатима Бош Фернандес
Фатима Бош Фернандес

Мексикалык Фатима Бош Фернандес жума күнү Бангкокто өткөн "Аалам сулуусу" сынагында баш байгени жеңип, таажы кийди. Быйыл Боштун жеңиши өзгөчө мааниге ээ болду. Анткени 25 жаштагы Фатима сынак маалында алып баруучунун кемсинтүүсүнө туш болгон. Анын орой сөзүнө чыдабай Мексиканын сулуусу сахнадан басып кеткен. Ага тилектештик билдирип, сынактын бир нече катышуучусу, анын ичинде Даниянын сулуусу да кошо чыгып кетишкен.

"Аалам сулуусу" уюмунун президенти, мексикалык ишкер Рауль Роча Канту атайын билдирүү таратып, сынактын Таиланддагы улуттук директору Навад Ицарагрисилдин жүрүм-турумун “ачык агрессия” деп сындады. Кийин Навад кечирим сурады.

Кийинки сыйлуу орундарды 29 жаштагы Таиланддын өкүлү Правинер Сингх жана Венесуэланын сулуусу Адриана Абасали Нассер алды.

Таиланддын баш калаасы Бангкок шаарында өткөн сынакка быйыл Кыргызстандын атынан 19 жаштагы Мэри Кувакова катышты. Ал элдик добуш берүү боюнча алдыңкы беш орунга киргендердин арасында болгон.



Шерине

XS
SM
MD
LG