Эпидемиологдор сасык тумоонун пандемияга тез алдырган А түрү же Гонконг тумоосу (H3N2) каттала баштаганын, 16 кишиден вирустун ушул түрү расмий аныкталганын билдирүүдө.
"Дене табы 40 градустан ашып, шалдырап жатып калууда", - деген Алия Мухтарбекованын бир учурда эки баласы, жолдошу ооруп, бүгүн бейтапканага жаткырылды.
Дал ушундай белгилер менен жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандар соңку күндөрү кескин көбөйгөн.
"Эки күн бою кичүү баламдын дене табын такыр түшүрө албай койдук. Улуу балам кечээ кечинде ооруп баштады. Дене табы түшпөй, тамагы ооруп, башын көтөрө албай эле ушинтип жатып калып атышат", - дейт Бишкек шаарынын тургуну Алия.
Бейтаптардын арасында 10 күндөн бери дарыланып жаткандары бар. Тумоого чалдыккан Адина Дамир кызынын 10 айлык чүрпөсүнүн абалы оорлошуп кетип, кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган.
"Күндөн-күнгө абалы начарлай баштады. Дем ала албай, оозу көгөрүп, тырышып, калчылдап, атынан чакырсаң дагы карабай, эсин жоготуп жатып калды. Анан кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдык. Экинчи күнү кичине айыга баштады. Кечээ бизди кайра палатага которушту", - дейт Бишкек шаарынын тургуну Адина Дамир кызы.
Соңку күндөрү сасык тумоого чалдыккандардын саны кескин көбөйгөндүктөн бейтапкананын коридору да бейтаптарга толуп калган.
"Коридорлорго жаткырып атабыз. Бул бөлүм 35 кишиге ылайыкталган. Бирок ошого карабастан, жаңы бейтаптардын саны көбөйгөндүктөн, айла жоктон коридорго жаткырып атабыз. Бирок биринчи күнү коридордо жатып турса, кийинки күнү сакайган бейтаптар чыккандан кийин кийинкилерин палаталарга киргизгенге аракет кылып атабыз", - деди Жугуштуу оорулар бейтапканасынын дарыгери Айпери Карыбаева.
Жугуштуу оруулар бейтапканасынын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева 500 орундуу ооруканада 570 бейтап дарыланып жатканын, алардын 511и бир жашка толо элек ымыркайлардан тартып, 14-15 жашка чейинки балдар экенин билдирди:
"Бир суткада биздин ооруканага 300дөн ашуун, 350гө чейин бейтап кайрылып жатат. 570 бейтар бүгүнкү күндө биздин ооруканада дарыланып жатат. Анын ичинен 85 пайызы курч респиратордук вирустук инфекция менен кабыл алынгандар. Бул бронхит (бронхтордун сезгенүүсү), ларинготрахеит, оң тараптуу же сол тараптуу пневмония, же эки өпкөсүнөн тең пневмония болгондор".
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологу Султан Суранбаев 10-16-ноябрь аралыгында өлкө боюнча тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 7966 адамга жеткенин, арасында сасык тумоонун пандемияга тез алдырган А түрү катталып жатканын билдирди.
"Сасык тумоо үч түргө бөлүнөт. Б, С адамдан адамга гана жугуучу вирустар болуп эсептелинет. А вирусу бул айбандардан, канаттууларда катталуучу вирус болуп эсептелинет да. Мындайча айтканда А тумоосу мутацияланган тумоо деп коет, мутацияга айланып кетиши мүмкүн да. Түзүлүшүн өзгөртүп жиберет да, ошону менен коркунучка алып келиши мүмкүн. Бул пандемияны тез чакырганга шарт түзөт".
Адатта күз-кыш айларында сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар күчөйт. Бул учурда дарыгерлер чүчкүрүп, жөтөлгөндө оозду жаап, колдорду тез-тез жууп, бөлмөлөрдү желдетип, сыркоологон балдарды бала-бакча, мектепке жөнөтпөй, оорунун белгилери пайда болгондо өз убагында дарыгерлерге кайрылууну сунушташат.
Шерине