Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Такси лицензиясын жапырт текшерүү 1-февралда башталмай болду


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда такси лицензиясын текшере баштоо мөөнөтү келерки жылдын 1-февралына калтырылды. Бул тууралуу 21-ноябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирди.

Такси айдоочуларынан лицензия алууда узакка созулган кезек жаралып, белгиленген мөөнөткө үлгүрбөй жатканы тууралуу кайрылуулар келип түшкөнүн белгилеген мекеме ошону эске алып, башкармалыктын башчысы алар менен жеринде жолукканын маалымдады.

"Азенбек Козукеев лицензия алып жаткан такси кызматындагы айдоочулар менен жеринде жолугуп, узун кезекти жоюу, кызматкерлерге айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү тапшырмасын берди. Ал ишемби күндөрү да жумуш уланарын жана түшкү тыныгуу убактысы кыскарарын белгилеп, лицензияны текшерүү жана рейддик иш-чараларды өткөрүү менен айып салуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылгандыгын билдирди. Ошону менен бирге жетекчи такси кызматында иштөөгө арналган программалык тиркеме аркылуу иштеп жаткан айдоочулардын иши аталган мөөнөткө чейин үзгүлтүккө учурабасын белгиледи. Такси кызматына лицензия берүү өлкө аймагындагы ЖКККББнын бардык бөлүмдөрүндө улантылат", - деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы.

Кыргызстанда быйыл 22-августтан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген.

Жаңы талап боюнча, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштей алат, анын акысы жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сом деп белгиленген.

Лицензия үч жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, жыл сайын медициналык кароодон өткөн, машинесин жылына бир жолу техникалык кароодон өткөргөн, соттуулугу жок айдоочуларга берилет.

Лицензиясы жок айдоочуларга Телеграм каналдар аркылуу кардар топтоого тыюу салынат.

Тийиштүү уруксаты жок айдоочу ишкердик кылса 7,5 миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.

Оң рулдуу автоунааларга такси кызматын көрсөтүүгө тыюу салынат.

Лицензия берүү иши этап-этабы менен ишке ашары, ал эми мындай уруксат документи бар-жогун жапырт текшерүү 1-декабрда башталары айтылган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG