Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Астана "Өлбөс полкту" өткөрбөйт, Бишкек уруксат берди


Бишкекте өткөн "Өлбөс полк" жүрүшү.
Бишкекте өткөн "Өлбөс полк" жүрүшү.

Кыргызстанда быйыл "Өлбөс полк" жүрүшү бардык шаарларда өткөнү жатат. Коңшу Казакстанда Алматыдан башка калааларда бул жүрүштү өткөрүүгө тыюу салынды.

Астананын чечими

Казакстанда "Өлбөс полктун" уюштуруучуларына согушка баргандардын сүрөтү менен көчөдө басуу мыйзамсыз митинг катары саналарын, катышуучулар кармалып, айып төлөп, керек болсо камала турганы эскертилди.

Башында Алматыда жүрүш өткөрүүнү каалагандарга уруксат берилген эмес (2022-жылдан бери ал "Баатырларга таазим" деген аталышта өтүп келген-ред.).

Мындан кийин өздөрүн "Жеңиштин мураскерлери" деп атагандар президент Токаевге видео кайрылуу жолдошуп, советтик символикада эч кандай козголоңчул маанай жок экенин айтышкан.

"Ар бирибиз бул жерге жүрөктүн каалоосу менен келдик жана биз президентибиз баш болгон бийлик өкүлдөрүнө Жеңиштин 80 жылдыгына карата патриоттук сезимибизди билдирүүгө уруксат беришин суранабыз", - дейт кайрылуу жасагандардын бири.

Жыйынтыгында 1-майда Алматы акимиаты жүрүш өткөрүүгө уруксат бергени маалым болду.

Өткөн жылдары "Өлбөс полк" Казакстандын Алматы, борбор Астана баштаган шаарларында уюштурулган. Акимчиликтердин билдиришинче, быйыл өлкөнүн көпчүлүк шаарларында жүрүш болбойт.

Орус тилдүүлөр басымдуу Павлодар жана Костанайда альтернатива катары акциянын онлайн форматы сунушталды. Ардагерлердин сүрөттөрүн LED-экрандарда жана интернетте жайгаштырса болот.

Казакстандык айрым жарандар акцияга мамиле 2022-жылы февраль айында Орусия Украинада толук масштабдуу басып киргенден кийин өзгөргөнүн айтышат.

Казакстандагы "Өлбөс полк" жүрүшү.
Казакстандагы "Өлбөс полк" жүрүшү.

"Украинага каршы Орусия Федерациясы баштаган согуш сөзсүз таасир этет жана пропагандалык көз караштарды кээде колдонсо болорун көрсөтүп турат, - деп түшүндүрдү алматылык жарандык активист Альнур Ильяшев. - Биздин бабалардын эрдигин эске салуу аны кайсы бир окуяны кайталоо же реванштын концепти үчүн колдонулушу мүмкүн".

Мындан тышкары Казакстандын орус тилдүүлөр басымдуу Петропавлов шаарында өзүн ыктыярчылар деп атаган адамдар жергиликтүү элди "Өлбөс полкко" катышууга чакырып жатканы кабарланды. Аларга акчалай сыйлыктарды, айрыкча орусиялык рублди жана коопсуздукту убада кылышкан. Ыктыярчылар иш-чара расмий макулдашылганын айтышууда.

Бул билдирүү Казакстанда нааразылык жаратты.

"Жарнамалык баннерге көңүл бургула: "Орустар фашизмдин өркөчүн сындырышкан. Алардын эрдиги жана күжүрмөндүгү эсибизде түбөлүк калат", - деп жазган Pravo.kz. - Бирок анда советтик жоокердин эрдиги, Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан көп улуттардын салымы тууралуу сөз жок. Фашизмдин өркөчүн жалаң "орустар" сындырганы гана жазылган".

"Өлбөс полк" Кыргызстанда өтөт

Кыргызстанда быйыл Жеңиш күнүнүн урматына "Өлбөс полк" жүрүшү бир канча шаарда өтө турганы белгилүү болду. 2014-жылдан бери уюштурулган бул жүрүштү өткөрүүгө былтыр гана уруксат берилген эмес.

"Өлбөс полк" жүрүшүнө буга чейин Кыргызстандын мурдагы президенттери, өкмөт башчылар, саясатчылар катышып келген. Быйыл да ага айрым кызмат адамдары бара турганы айтылууда.

Мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков "Өлбөс полк" акциясына катышкан учур. 2019-жыл.
Мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков "Өлбөс полк" акциясына катышкан учур. 2019-жыл.

Фейсбук колдонуучусу Райзат Мамбетмусаева быйылкы жүрүшкө катышам дегендердин бири. Ал муну майданда жан таслим болгон ата-бабаларга урмат деп түшүндүрдү.

"Тынчтыкты колдоп, согушту жектеп чыгам. Бабаларды эскерүү ар бирибиздин милдетибиз деп ойлойм. Ошол согушту көргөн муун таптакыр башка максат, идея менен курман болгон. Чынында алар фашисттик системага, баскынчыларга каршы согушкан. Согуш болбосун, баскынчылык токтосун деген көз караш. Эмне үчүн ал азыркы баскынчыларды колдоого барабар болушу керек? Улуу Ата мекендик согушка орустар эле барган эмес да".

Экинчи дүйнөлүк согушта каза тапкан жакындарынын ( же согушка катышкан адамдардын) портретин көтөрүп көчөгө чыгуу Орусияда патриоттук маанайды бекемдөө үчүн ойлоп табылып, кийин постсоветтик бардык аймакка жайылган.

Акыркы жылдары "Өлбөс полкту" Кремлге байланыштырган маанай пайда болуп, жүрүш көптөгөн өлкөлөрдө Москванын Украинадагы аракеттерин колдоо катары кабыл алына баштады.

Бирок президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев бул пикирге кошулбайт. Ал фашизмге Кыргызстан да каршы турганын эске салып, "Өлбөс полк" акциясын саясатташтырбоого чакырды.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

"Фашизмди Советтер союзу анын ичинде Кыргызстан да жеңген. Батышта азыр "Америка 1944-жылы кирип келбесе, нан бербесе жеңмек" эмеспиз деп, СССРдин ролун басаңдаткысы келген аракеттер жүрүүдө. Кызыл армия бошоткон жерлердеги эстеликтерди бузуп жатышат. "Өлбөс полк" өтүп турушу керек. Албетте, анын форматын, мазмунун ойлонсо болот. Бирок биз ар дайым Советтер союзу жеңүүчү болгонун айтып турушубуз керек. Жеңүүчүлөрдүн катарында Украина да бар болчу. Азыркы орус-украин согушунун Экинчи дүйнөлүк согушка эч тиешеси жок".

Былтыр Кыргызстандын Ички иштер министрлиги дүйнөдөгү соңку окуялардан улам коомдук коопсуздукту сактоо, ыктымал коркунучтарды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында "Өлбөс полкту" өткөрүүгө уруксат берген эмес.

Жарандык активист Айбек Теңизбай мындай ою менен бөлүштү:

Айбек Теңизбай
Айбек Теңизбай

"Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон ата-апаларды эскерүү катары кабыл алып, ошого жараша иш-чараларды өткөрсөк туура болот деп ойлойм. Бирок Орусияда жүрүштү өткөрүү менен согушту даңазалоо, ага көндүрүү аракеттери байкалууда. Ошол жагын эске алсак, жүрүштү чегинен ашырбай өткөрүү туура. Азыр Орусия менен Украинанын согушу жүрүп жатат. Мындай учурда эскерүүнү башкача формада деле уюштурсак болмок. Согуш эч качан жакшылык алып келбейт, демек аны даңазалоо да туура эмес. Колдон келсе, Орусияны туурабай, анын идеологиясы менен иштелип чыккан иш-чараны өткөрбөй, өз жолубуз менен кеткенибиз оң".

Өткөн жумада Кыргызстанда төрт адам “жалданмачылыкка” айыпталып кармалып, бирөө үй камагына чыкты. Ага чейин Москвадагы кыргызстандык мигранттарды орус күч түзүмүнүн адамдары мончодон кармап, ур-токмокко алган.

Журналист Төлөгөн Сулайманов кыргыз бийлигинин "Өлбөс полкту" өткөрүүгө уруксат бергенин Москва менен алаканы жакшыртуу аракети катары баалады.

"Тышкы дипломатияда ар бир кадам эсептелинет. Оштогу "Орус үйүнүн" кызматкеринин кармалышы, ага чейин Москвадагы кыргыз мигранттарына байланыштуу окуяларды эске алганда, айрым учурда биздин бийлик Орусиянын көңүлүн алууга аргасыз болууда. Совет доору биздин тарыхыбыз. Бул согушта 15 республиканын адамдары катышкан. Бирок азыр айрым өлкөлөр 9-майды эскерүү күнү катары эле белгилешет. Ал эми бизде өтө турган "Өлбөс полкко" саясаттагы ишарат, дипломатиялык алаканы жакшыртуу аракети карасак болот".

"Советтик ыкмадан арыла албай атабыз"

Адабиятчы Венера Акматова "Өлбөс полк" жүрүшүнүн пропагандалык өңүтү бар дегенге кошулат. Ал согуш темасына Кыргызстан башка өңүттөн карап, өз алдынча изилдөөгө убакыт жетти деп эсептейт.

Венера Акматова
Венера Акматова

"Ыйыктардын сүрөтүн көтөрүп алып көчөдө басуу христианчылыкта бар. Бул жагынан алганда биздин дүйнө таанымыбызга көп туура келе бербейт. Экинчи жагынан бул пропагандага айланып кетти. Орус телеканалдарында согуш тууралуу кинолор, анан Соловьев, Киселевдун берүүлөрү кетип жатат. Бизде ошолорду керелден кечке көргөндөр бар. Бишкекте Георгий тасмасын мектептерге чейин таратып жатышат. Балдар үчүн атайын аскер формасын тигип саткандар пайда болду. Окуучулар аларды кийип, согуш ырларын жатташат экен. Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнө бир кылымга жакындап калды. Биз аны "оң каарман, терс каарман" деп бөлүп, "адам мамлекетке кызмат кылып өлүшү керек" деп окуткан, чагылдырган советтик ыкмадан кете албай жатабыз. Жоокерлер идеология куралы эмес, ириде каалоосу, сезимдери, баалуулуктары бар адам болгон да. Аны эске алмайынча, адам укугун да түшүнө албайбыз".

Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 80 жыл болот. Бул датаны белгилөө үчүн 9-майда президент Садыр Жапаров баштаган бир катар мамлекеттик жетекчилер Москвага - Кызыл аянтка барары айтылган.

Расмий маалыматка таянсак, 1941-1945-жылдары кан майданга Кыргызстандан 360 миңдей адам аттанган. Алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, өлкөдө ушу тапта согуштун 32 ардагери калды.

Шерине

XS
SM
MD
LG